Коомдук-саясый гезит
№54, 08.08.08-ж.





  star_news

Омар орус шоусуна багыттайт
Адегенде ырчыны сахнага чыгарган, таптап келаткан продюсери Нурсулан СЫДЫГАЛИЕВге собол узатып, ойлорун тыңдадык.
- Каражат тартыш болуп, кетериңерде демөөрчүдөн демөөрчү издеп жүргөнүңөрдөн кабарыбыз бар. Баары жетиштүү эле болдубу?
- Баары оң чечилип, койгон максатыбызды ишке ашырып келдик. Өлкө президентине, Үй куруучулар партиясына ыраазычылык билдиребиз.
- Кайра кайтарыңарда бул жактагы продюсерлер билет алперишти деп уктук…
- Чындыгында, абдан кымбат шаар экен. Келатканда каражат тартыш болуп, мен өз кесиптештеримдин жардамына кайрылдым. Д.Эсенгулова, А.Молдок-матова, К.Култаев, А.Аппасовага чоң ыракмат. Ушул маалда мекендештер бул жакка жөнөшүп, ошол себептен сентябрга чейин билеттин баары сатылып кеткен экен. Бул жактагы авиакомпанияга кайрылып, бирөөлөрдүкүн жылдырып атып учуп келдик.
- Сынак маалында байланышканыбызда алардын шоу-бизнесинин деңгээлине таң берип аттыңар эле…
- Алардыкына салыштырмалуу бизде шоу-бизнес деле, шоу өзү деле жок экен. Украиналык Мика Ньютондун концертинин тасмасын көрдүк. Ырчы сахнага эки кишилик самолет менен учуп келген экен. Шоу деп ушундай деңгээлди айтсак болот.
- Кесиптеш катары ар кайсы өлкөлөрдөн келген продюсерлер менен пикир алышып, тажрыйба алмашып дегендей, кандайдыр бир алака түзүп келдиңерби?
- Албетте. Алар бизден алдаканча европалашкан. Сынактын жүрүшүндө эле канча шоу кандай бийик деңгээлде жасалып атты. Мага чоң сабак болду. Өзүмө көп нерселерди ачтым. Александр Ревзин "Новая волна" фестивалынын режиссер-постановщиги экен. Ал арбир катышуучунун ырынан мүнөзүнө дейре үйрөнүп чыгып, ошого жараша ыр, ошого жараша форма тандап атты. Кай бирөөнө жаңы образ жаратты. Мисалы, Беларустан келген Дядя Ваня өз ысымы менен эле келген, ага өзүңөр көргөн образды, псевдонимди ойлоп тапты. Биздин имиджге тийишкен жок, бирок, репертуарыбызды өзгөртүштү.
- Тарбиялануучуңузга орус шоу-бизнесинин бир топ өкүлдөрү көз салышты. Эгер ал тарапка сапар алып калса, жөн гана кое бересизби?
- Мен тескерисинче, андай болсо, кубанам. Ушул баланы бекеринен таптап жүрбөптүрмүн дейм. Мейли ал Кыргызстан эмес, Россиянын атынан "Евровидениеге" барсын, чын дилимден ийгилик тилейм.
- Мындан ары дагы башка таланттарды издеп, таптоону улантасызбы?
- Эрлан аттуу ырчы жигит бар. Ал жакында Крымда өтө турган "Чыгыш базары" фестивалына Нэна экөө барганы турат.
ОМАРга кезиккенибизде маектешүүгө да көңүлү чаппай тургандай туюлду. Эгер өзү шайы ооп, бир аз сыркоолоп турганын түшүндү-рбөгөндө, пенделикке салып, жылдыз дарты чала баштаган го деген ойдо калмактырбыз. Сөздү сынактан алган таасирлеринен баштадык.
- Таасир абдан эле чоң. Оюмду да жыйынтыктай элекмин. Келгенден бери эс алганга да чоло тие элек. Үйгө улам куттуктап келип атышат.
- Ата-энеңдин кубанычы койнуна батпай тургандыр…
- Ооба, ата-энем, туугандарымдын баары аэропорттон тосуп алышты. Негизи эле ата-энеме ыракмат, алгачкы турдан тарта моралдык да, материалдык да жардам көрсөтүп турушту. Сыйлык колума тие элек. Тийип калса, Нурсулан байкеге, өзүмө символикалык өлчөмдө калтырам да, калганын ата-энеме берем деп турам.
- Кимдер менен достоштуң?
- Баары менен эле. Анткени, чогуу жашаган соң, баары менен эле мамиле түзүлөт экен. Репетиция эртең менен саат 9да башталып, түнкү экиде аяктап атты.
- Катышуучулар арасында атаандаштык байкалдыбы?
- Андайды таптакыр сезген жокмун. Бүткөндөн кийин эле бир тобунун ичи ачышып калганы болбосо, ар күнү бири-бирине көмөктөшүп, сүрөп турушту.
- Өзүң негизи кандай орунду көздөп бардың эле?
- Тигилерди көргөндө бир аз көңүл чөгө түштү. Себеби, көбүнүн жаштары улуу, тажрыйбасы чоң. Эки күн калганда, тилекке каршы, репертуарды да алмаштырып салып, 2-3-күнкү конкурста ырдаганыма өзүмдүн да ичим чыккан жок. Сөздөрүн да билбейт элем, жаттап чыктым. Биринчи сабын ырдасам, экинчиси эске түшөт. Ал эми биринчи күнкү ырды мен кафеден далай ырдап жүргөн элем.
- Алла Пугачева менен жекече сүйлөшүүгө шарт болдубу?
- Сыйлыгын тапшырганда мен толкунданганымдан ыракматымды айтпай калыптырмын. Гримдөөчү бөлмөсүнө атайын барып, ыраазычылыгымды билдирдим. Жардамдашарын билдирип, Кыргызстан менен чектелбе деди. Корпоративдик банкеттерине чакырарын айтты. Өз өлкөңдүн атынан чыгасың, Москвага кел, сен өсүшүң керек деп көптөрү айтып жатышты.
- Кыргыз сахнасынан кетип каласыңбы?
- Кетем деп айтпайм, эки жакты тең бирдей алып кетүүгө далалат кылам. Өзбекстан, Казакстан, Россияда ырларымды жайылтып, географияны кеңейтүүгө аракет жасайм.
- Россиялык продюсерлердин кимисине токтолуп атасың?
- Ойлоно деле элекмин. Анүстүнө баары симпатиясын билдирип атканы менен конкреттүү сунушту уккан жокмун. Көп ырчылар дует ырдайлы деп сунушташты.
- Жылдыз дартына чалдыкпайм деп убада бераласыңбы?
- Тфу-тфу, ушундай жаман нерселерден алыс эле болоюнчу. Билбейм, азыр мен эч нерсени сезелекмин. Балким, ал дартка чалдыгып калышым да мүмкүн. Бирок, болгон күчүм менен адамгерчилик жаатында кандай болсом, ошол калыбымда калууга тырышам.
- Өзүңчө кандай чечимдерге келдиң?
- Кайсы багыт мага жетишпегенин билдим. Эмнени үйрөнүшүм, кайсыга көнүгүшүм керектигин түшүндүм.
- Вокал боюнча кимден сабак алайын деп турасың?
- Сабак албайм. Себеби, көнүп калган үндү өзүм кое алам. Барыш керектир. Бирок, мага тигил жактагылар пианинодон сабак алып кой деп кеңеш беришти.
- Продюсериң менен кызматташууң уланабы?
- Конкурс алдында эле концерт коюлган соң, өз-өзүнчө иштейбиз деп макулдашканбыз. Бирок, кол үзбөйм, Кыргызстандагы продюсерим катары иштеше беребиз, тигил жакта бирөө болот. Чоң максат менен кадамды кенен таштайм.

Маек курган Айнагүл САПАРБЕК кызы















Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan