![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №54, 08.08.08-ж. |
Айлампа "ВЕРСУС" тобу АКШнын Чикаго шаарына Түрк тилдүү элдердин эларалык фестивалына аттанганы турат. Уюштуруу, каражат маселелерин - Гүлнара САТЫБАЛДИЕВА жетектеген "Көөнө сыр" фонду колго алган. Айтмакчы, ушул эле сынакта аталган топтун мүчөсү Айперинин улуттук костюмдар коллекциясы көрсөтүлөт да, соңунда толугу менен АКШдагы кыргыз диаспорасына тартууланат. Светлана НАЗАРЕНКО жакында Бишкекке келип, "Хаятт" мейманканасынан фотосессия жасап кетти. Ал эми стиль жагын Москваны багындырган ырчы айым борбордогу "Люкс" салонуна ишенген. Съездбек ИСКЕНАЛИЕВ жана Замир АРЫКБАЕВдин "Даткайым" аттуу ырына тартылган тарыхый өңүттөгү клип ушул жумада теле эфирлерине чыгып, эл сыноосуна түшөт. Бийчи ЖАРКЫНАЙ жана саксофонист РОЛАН баш кошкону турушат. Той 27-августка, "Атлас" кафесине белгиленген. Чыгармачыл жаштардын мамилеси эки жылдан бери уланып келет. Экөө Ролан мүчө болуп жүргөн "Дельмар" тобунун алгачкы концертинде таанышышкан. "ДОСТОР" тасмасын тартуу ушул жума башында аяктап, монтажга берилди. Бул боюнча аталган тасма режиссерлору - Р.Жабиров жана Н.Мендибаиров маалымдады. Шоу жылдыздар катышкан бул тасманы кино-сүйөрмандары октябрда кинотеатрлардан көрүп калышат. Баса, тасманын жумушчу аты өзгөрүшү ыктымал. "КЫЗБУРАК" тобу Кытайдагы Кыргызстан күндөрүнө катышмакчы. Аталган топ менен бирге Ош облустук филармониясынын оркестри кошо аттанат. Ушул тапта кыздар командасы улуттук стилдеги концерттик номурларын бышыктап, даярдык камында. Замира МОЛДОШЕВА УТРКнын "Алатоо" программасынын дикторлорунун стилин өз колуна алды. Жакында аталган берүү алпаруучулары жаңыра чыга келет. Ал эле эмес, белгилүү стилист Замира айым ушул күздө өтө турган түрк тилдүү элдердин эларалык фестивалында калыстар тобунун катарына кирген. "Агым-геймдин" жооптору 25-июлдагы №52 саныбызда сүрөттүү табышмактар берилген. Алардын жоопторун берүү менен, "Монголакаевдерге" жарыяланган кыска, нуска текст конкурсу аяктай элегин эскертип кетебиз. "Тапкан - тапалак": сүрөттөгү наристе - ырчы Каныкей Эралиева; сүрөттөгү классташтар - экс-депутат Ахматбек Келдибеков (отургандардын арасында оңдон экинчи). Темир НАЗАРОВ бүгүн кудалашкан кызына ак жоолук салат. Мунара - "кызбуракчы" Г.Калдарованын биртууган сиңдиси. Ырчынын тою Оштогу Акбууранын жээгине жакын жайгашкан "Улан ордо" кафесинде өтөт. Анан да той сценарийи боюнча, эки жаш "Өрүкзарга кетели" ырын дуэт ырдайт деген кеп бар. МАРЛЕН Күрөңкеев окуу жайына өз күчү менен өттү. "Жаным" деп сыздаган 15 жашар бозуландын кубанычы койнуна батпай, чоң сахнанын чордонунда болууну самап турган кези. Даярдаган Айнагүл САПАРБЕК кызы |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|