![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №54, 08.08.08-ж. |
Сай+сат Политбүйрө билдирет Нана берчи? Ж огорку Кеңештин "Ак жол" фракциясында Бакыт Төрөбеков деген депутат бар. Ал саясатка келгенге чейин Жалал-Абадда "Мариям" аттуу ун чыгаруучу компанияны гүлдөтүп, жолго койгон. Эми Бакыт мырза алып сатарлар бир мүшөк ундун баасын 1300-1400 сомго көтөрүп жибергенине ачууланып: "Жакында бир чирте (мүшөк) ундун наркын 900 сомго түшүрөм" деп катуу убада менен Казакстанга аттанды дешет. Таза буудай издеп. Чычкан жылында Чычкан талаш Ушу жуманын башында Кетмен-Төбөдөгү бир чоң чогулушта райондук активдердин бири: "Биз, токтогулдуктар, Чычканыбыз менен сыймыктанабыз. Ал эми таластыктар качан Чычканы менен мактанчу эле?!" деп ачууланып сала бергенде, Бишкектен келген коноктор эчнерсеге түшүнбөй, булардын чычкандар менен сыймыктанганына аң-таң болуп, күлөрүн же ыйларын билбей бир кыйлага эси ооп отурушту. Кайран шаардыктар ана-а-ан гана кеп Токтогул районунун атактуу Чычкан капчыгайы жөнүндө жүрүп атканын түшүнүштү. Ал эми тигил активдин жаны ачыганынын себеби, таластыктар кайсы бир картаны көтөрө чаап, аталган капчыгайды талаша баштаганынан улам экен. Турганбаевди "туурала-шабы"? Ишемби күнү ички иштер министрлигине бир жаш кыздан түшкөн арыз ал жердегилердин ээсин оодарды. Ал кыз: "Министрдин биринчи орун басары Мелис Турганбаев мени күч менен зордуктады" деп көз жашын көл кылыптыр. Бизге жеткен маалыматтарга караганда, ИИМ учурда бул арыздын үстүнөн иликтөө ишин жүргүзүп атат. Көпчүлүк М.Турганбаевди акыл-эстүү, позициясы бекен, өз ишин мыкты билген адис катары тааныйт. Бул, катардагы провакациялардын бири, же болбосо Турганбаевдин үстүнөн айланган кара булут кимдир бирөөлөргө керек болуп турат? Божомолдор - "боже-мой" "Президенттик администрациянын жетекчиси Медет Садыркулов кызматынан четтетилет экен" деп мындан бир ай мурун бир топ гезиттер "дуу-дуу" кеп кылып жазып чыгышкан. Ал эми билермандар: "Садыркулов мыкты уюштуруучу, анүстүнө Кыргызстандагы күчтүү политтехнологдордун бири. Андыктан, азыркы күндө ага болгон асылууларды токтотуш үчүн Чүй облусуна губернаторлукка жөнөтүп, 2010-жылкы президенттик шайлоонун астында кайра ордуна апкелишет" деп шыпшынышкан эле. Мындай "көз-ачык-тык", "төлгө ташынын төп келбей" калганына М.Садыркуловдун өз ордунда эле иштеп атканы далил. Билерман менен жазармандар жергиликтүү кеңештерге шайлоонун жакындап келатканын унутуп коюшкан окшойт. Тайырбектин убадасына тайышып... Токтогулдун Торкен айыл өкмөтүнө караштуу Көтөрмө айылынын бир тургуну: "Өткөн парламенттик шайлоодо бизде эки гана партия жарышка чыккан, Сарпашев партиясы менен Мадияров партиясы. Мен Сарпашевдин партиясында болчумун. Шайлоо учурунда азыркы "Турандын" лидери бизге асмандагы кушту алып берүүгө убада кылып, бирок, "эшеги суудан өткөндөн" кийин жердеги чычканды дагы илип бералган жок. Анысы аз келгенсип, өзү жалгыз 63 гектар сугат жерди ээлеп алып, бизге жер жетпей атат. Бул маселени чечип бербесеңер Бишкекке чейин барабыз, өлбөгөн жерде калабыз…" дейт. Кудай сакта-а, Көлдө эсалып жүргөн экс-депутат муну укса, тамагынан аш өтөр бекен, ыя? Осокенин "кызыл тил" Акаев заманынын идеологдорунун бири, экс-мамкатчы Осмонакун Ибраимов учурда эне тилибизди оңдон да, солдон да байытып аткандай. Өзгөчө, сөгүнмөй "жанры" жагынан. Ишенбесеңер, ал кишиге звандап эле: "Саламатсызбы, биз "Агымданбыз" десеңер, эң биринчи сөзү "энеңден" башталат. Конуш жайлуу болсун дегиче эле... "ЭрК" партиясынын лидери жакында Көк-Жар жаңы конушунан беш бөлмөлүү үй сатып алды. Аны бир сыйра оңдоп-түзөп, "баасы туура келсе пулдап жиберсемби…" деп шымаланып атыр. Буга чейин Турсунбай ажы баш-аягы 22 жолу конуш которгон экен. "Агым-пресс" |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|