![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №54, 08.08.08-ж. |
Сейил маек Аскар САЛЫМБЕКОВ: "Кыргыз көкбөрү тартканда - көзүнөн от жанат" Аскар мырза кыргыз ишкерлеринин алдыңкы сабын толуктап, атактуу "Дордой" ассоциациясын түптөгөн. Аны менен эле тим калбастан, саясатка да аралашып келет. Мындан сырткары, искусство, спорт тармагына көңүл буруп, жаштардан жардамын аябайт. Эл өкүлү менен баарлашалы деп үйүнө сапар алдык. Бүгүн башталган Жайкы олимпиаданы "живой" көрүү үчүн сапарга аттанганы даярданып атыптыр. Убакыты өтө аз болгондуктан, чакан кепке тарттык. Албетте, маегибиз Бээжин олимпиадасынын тегерегинде башталды. - - Адам баласынын жүрөгү согуп турганда үмүт эч качан үзүлбөйт эмеспи. Жер шаарындагы акыл эстүү тирүү жандар ошол үмүт оту менен жашайбыз. Географиялык жактан алганда, Кыргызстаныбыз чакан мамлекет. Баарыбыз жакшы билгендей, жайкы олимпиадалык оюндар төрт жылда бир болот. Андыктан, мындай дүйнөлүк деңгээлдеги мартабалуу мелдешке жакшы даярдык керек. Акыркы мезгилде дүйнөлүк спорт тармагы өнүгүп-өсүүнүн натыйжасында атаандаштык күчөп барат. Заман талабына ылайык спорт дүйнөсүндө жаңы технологиялар пайда болду. Жеңил жана оор атлетикадабы, сууда сүзүү, балбандар арасындагы мелдеш болобу - ошол жаңы технологияны колдонгон спортчулар алдыга озуп чыгышат. Мындай мүмкүнчүлүктөн улам Америка, Кытай, Россия, Япония, Европа өлкөлөрүнүн спортчулары ийгилик жаратып атышат. Албетте, ал үчүн, биринчи кезекте, мамлекеттин экономикалык абалы, өнүгүп-өсүшү бир жолго коюлушу керек. Өнүккөн мамлекет гана спорт, искусство тармагына көңүл буруп, таланттуу жаштарга көмөк көрсөтө алат. - Демек, Бээжинди "чапчу" берендерибизден үмүт аз турбайбы? Не дегенде, мамлекетибиз чакан, анысы аз келгенсип экономикабыз кейиштүү абалда турганы эчкимге жашыруун эмес. - Сиздин айтканыңыздын деле бир жагы туура… Ошентсе да, үмүтүбүздү актап, Кыргызстандын желегин желбиретчү жигиттерибиз бар. Маселен, бокс, оор атлетика, эркин күрөш боюнча жакшы көрсөткүчтөргө жетише алабыз деп ойлойм. Ал эми жаштар арасындагы эларалык мелдештерде жеңишке ээ болуп келебиз. Ошол эле маалда, чоңдор арасында чемпионаттарда ийгилигибиз ойдогудай эмес. Жайкы олимпиадада өлкөбүздүн намысын коргой турган улан-кыздарыбыздын кемчилигин айта кетсем. Жөнөкөй мисал, бийиктикке секирүү боюнча аялдар арасындагы жакшы көрсөткүч 210 см.ге чейин жетет экен, дүйнөлүк стандартта. А биздин Татьяна Ефименко аттуу кызыбыз 190 см.ден ашыкка секире албай атат. Андыктан, анын чеке жылытар ийгиликке жетиши күмөн. Ошондой эле, сууда сүзгөн жигиттерибиздин абалы деле ушундай. Бир сөз менен айтканда, кыргызстандык спортчулардын көпчүлүгү "Эң башкысы жеңиш эмес, катышуу" деген принцип менен Кытайга сапар алышты. - Спортчуларыбыз жакшы ийгиликке жетиши үчүн шарт керек. Ал эми мамлекет казынасы чектелүү болгондуктан, ушул тармакка көп көңүл бурулбай келет. Мындай кырдаалдан чыгуунун кандайдыр бир жолу бардыр? - Албетте, жолун тапса болот. Маселен, күчтүү фирмалар, ишкерлер спортчулардын ичинен эң таланттууларын тандап алып, бардык чыгымдарын моюнга алышы керек. Аны турак-жайы, күчтүү тамак-ашы жана машыгууга ыңгайлуу жаңы технологиялар менен камсыз кылса жакшы болмок. Бизде бутуна туруп калган ишкерлер көп. Алар ушул демилгени колдосо, кыргыз спорт дүйнөсү өтө чоң бийиктиктерди багынтат эле. Бирок, ошол эле учурда, бул тармакта карапайым калк билбеген жашыруун сырлар көп. Бизге окшогон чакан мамлекеттер дүйнөлүк деңгээлдеги мелдештерде ийгиликке жетпей калышынын субъективдүү себептери да бар. Маселен, өнүккөн өлкөлөрдүн өкүлдөрү эларалык федерацияларга мүчө болуп, калыстарды дайындоого катышышат. Негизи калыстар деле айрым учурда калпыс чечим чыгарып коюшат. Чоң мамлекеттин балбаны менен кичинекей мамлекеттин балбаны күрөшүп атат дейли. Эгерде экөө тең чыкса, калыстар күчтүү өлкөнүн спортчусуна жеңишти ыйгарып коюушу мүмкүн. Мындай мисалдарды айта берсек арбын. - Учурда футбол менен көкбөрү тармагына демөөрчүлүк кылып келесиз. Балким, буга бала чагыңыздан спортко жакын болгонуңуз себепкер болгондур? - Спорт - жашоомдогу приоритеттүү багыттардын бири. Ар бир адам кандайдыр бирнерседен ырахат алат. Ошол эле казино, картага берилип, азарттан чыкпагандар бар. А мен ушуга окшогон кумар ачуучу оюндардан алысмын. Кичинекейимден топ тээп, көп күрөшчү элем. Учурда, сиз айткандай спорттун эки түрүнө демөөрчүлүк кылып келем. Биздин футбол команда акыркы жылдары ийгиликке жетишип атканына күбө болуп атасыздар. Ал эми "Көкбөрү" федерациясын жетектеп калганымдын дагы себеби бар. Кыргыздын кыргыздыгын далилдеген, духун көрсөткөн - көкбөрү оюну. Кыргыздын жигиттери көкбөрү тартып атканда көздөрүнөн от жанып, чыныгы намыстуулуктун, эрктүүлүктүн картинасы тартыла түшөт. Башка элдерден өзгөчөлүгүбүз - көкбөрүнү унуткарбай, атадан балага, кылымдан кылымга мурас кылып өткөрүп келатканыбыз деп ойлойм. Көкбөрүчүлөрүбүздү көргөндө өнүккөн мамлекеттердин жарандары эр оюндарына берилген калк экенибизди туят. Албетте, ошого жараша чыгымы көп. Мине турган атты багып, жигиттерге айлык төлөп бериш керек. Үйбүлөлөрүндө көйгөйлөр болсо, чечкенге жардам беребиз. Федерациянын жетекчиси катары, аларды багышым керек. Бул жерде эң башкысы - акча эмес, улут намысы, кыргыз намысы турат. - Спортту артка таштап, философия темасын козгосок. Жашоого философиялык көз караш менен карайсызбы, же?.. - Сиз айткан жашоонун өзү - философия. Ансыз адам баласынын жашоосу супсак болсо керек. Бүгүнкү кылган ишиң эртең туура эмес болуп калышы мүмкүн. Ал эми философияны окусаң, акылман, ойчул инсандардын басып өткөн жолунан сабак аласың. Оркойгон катачылыктарды кетиргенге жол бербөөгө чоң өбөлгө болот. Үйдөгү өздүк китепканамды караңыз. Басымдуу бөлүгүн ушул багыттагы китептер түзөт. Дагы тереңирээк айтсак, философия - дүйнөнүн негизи, фундаменти. Ага өтө терең мамиле кылуубуз абзел. Ал - тээ түпкүрдөн тартып, кең ааламга чейин кулачын жайган улуу илим. - А сиз ойчулдардын ичинен кимисин жогору баалайсыз? - Философиянын баарын окуш керек. Анын багыттары көп да. Убагында, материалист, идеалист деп окучу эмес белек… Тээ байыркы Сократ, Платон жана Аристотелди мисалга алалы. Алар аалам алкагын, жашоонун маңызын ачып бералышкан. Дүйнөнүн "мен" деген ойчулдарын санай берсек оголе көп, гезит бети да чак келбес. Ал эми өзүбүздүн Калыгул, Жеңижок, Токтогул сындуу улуу философторубуз бар. Башкасын жөн койолу, Калыгулдун айткандары бүгүнкү күндө ишке ашып атпайбы. Менимче, мындай инсандар бир кылымда бир жолу гана жаралса керек. - Кыргызга төбөсү көрүнүп калган ишкерлердин бирисиз. Дегеле, бизнес - бул сиз үчүн эмне? - Адам бир иш кылганда, ошондон ырахат алат, өзүнө өзү ыраазы болот. Жашоо мына ошонусу менен кызык. Анын сыңарындай, ишкерчилик - мен үчүн ырахат алуу. Карапайым калкка көмөк көрсөтүп, жумуш ордулары менен камсыз кылып атабыз. Натыйжада, көптөгөн адамдар үйбүлөсүн эч нерседен кем кылбай багышууда. Бул ар бир адам үчүн чоң жетишкендик. Мындан сырткары, мамлекеттин казынасына салык төлөп атабыз. Бул, кандайдыр бир деңгээлде өлкө экономикасына салымыбыз тийип атканынын белгиси. Биздин "Дордойдон" бутуна турган жигиттер көп… Мен ошого ичимен купуя сүйүнөм. Бизнестин аркасынан үйбүлөм, жек-жааттарым, туугандарым күн кечирип атат. - Көп жылдан бери саясатта жүрөсүз. Негедир, акыркы мезгилде үнүңүз чыкпай калды. Активдүү депутаттардын катарын толуктап, үнүңүздү качан бийик чыгарасыз? Же ушул ыргак менен кетейин деген ойдосузбу? - Менин саясатым - өзүмдүн коомдогу, искусстводогу, спорттогу жасап аткан иштеримдин натыйжасын көрүп, андан ары өркүндөтүү. Менде эң биринчи, экономиканы, өндүрүштү өргө сүрөсөк деген изги тилек бар. Кыргыз эли куру саясатка берилип кеттик. Алардын ичинде чоң саясатчылар дагы кездешет. Бул өзүнчө бир "илдет" да… Куру саясат менен эле алпуруша бергенден не пайда? Алгач өзүн бутунан тургандан кийин экономикага колуңдан келишинче салым кошушуң керек. Кыргызстаныбыз өнүккөндөн кийин гана саясат жүргүзсөң болот. Чакан мамлекетибиздеги "мен" деген саясатчы, хирург, актер, депутат, министр… айтор, кайсы тармактын адамы болбосун, баарыбыз биргеликте өндүрүштү оң жолго коюп алсак - чоң саясат. - Ал эми саясатчылардын арасында жылдызыңыз келишип, шилекей алышкан досторуңуз барбы? - Бардыгы менен жакшымын. Бирин өйдө, бирин ылдый көрбөйм. Баарына бирдей мамиле жасаганга аракет кылам. Кыскарта айтканда, мамилелерибиз ысык дагы, суук дагы эмес. Нурканбек КЕРИМБАЕВ |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|