![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №54, 08.08.08-ж. |
Ааламда Миң түркүн адам Александр СОЛЖЕНИЦЫН Артында көөнөрбөс эмгек калтырган орус адабиятынын классиги 90 жаш курагында жарык дүйнө менен кош айтышты. Александр Исаевич Солженицын Россия үчүн бир доордун адамы, кеменгери, ойчулу эле. Улуу жазуучу өмүрүнүн акырына чейин жүрөгү менен берилген мекенинин келечеги тууралуу толгонуп, анын тагдырына арналган кол жазмаларынын үстүндө эмгектенди. Ал аркы дүйнөгө тынч кетти. Акыркы күнү да калем-кагазы колунан түшпөй, күн бою жазуу үстүндө отуруптур. Ильхам АЛИЕВ 15-октябрда өтө турган президенттик шайлоо алдында экинчи мөөнөткө өз талапкерлигин коюп жаткан Азербайжан өлкө башчысы шаар көчөлөрүндө илинген өзүнүн портреттерин алдыртууга буйрук берди. "Мен эл жүрөгүндө келбетим менен эмес, аткарган ишим, пайдалуу аракетим менен калышым керек" деп билдирди президент. Уго ЧАВЕС АКШга терс көзкарашы менен белгилүү болгон Венесуэла президенти элди акча каражатын Америка банктарына салуудан баш тартууга чакырды. "Карагылачы, бир айда жок дегенде эле бир АКШ банкы банкрот болуп жабылгандыгы тууралуу маалыматтар келип жатат. Адамзат дүйнөлүк финансылык кризисти башынан кечирип турат, андыктан дүйнөдө жаңы экономикалык система түзүлүүсү шарт" деди Уго Чавес. ВАЛЕРИЯ Ырчы 12-августтан баштап кул сатууга каршы күрөшүү боюнча БУУнун ыктыярдуу өкүлү болуп дайындалат. Аталган иш-чарага арналган расмий азем Женевада БУУнун имаратында өтөт. Леонардо Ди КАПРИО Актер - большевиктердин жол башчысы В.И.Лениндин образын жаратышы мүмкүн. Бул тууралуу Владимир Ульянов жөнүндө тартылуучу тасма сценарийинин автору Александр Бородянский билдирди. Сценаристтин баамында Ди Каприо Ленин менен абдан түспөлдөш. Атургай Бородянский Леонардонун Ульяновду гримсиз эле ойной аларынан шек санабайт. "Мен Леого карап, керек болсо сценарий мазмунун өзгөртүүгө да даярмын" дейт сценарист. Азыр бул боюнча актердун агенттери менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. ДҮЙНӨКҮН ЖАНДҮЙНӨ. Ростов-на-Дону шаарынын ооруканасында хирургдар жаңы төрөлгөн ымыркай баланын мойнуна жабыша өскөн 5 килограммдык шишикти алып салышты. Врачтардын айтымында, болочок эне оорукана учетуна өтө кеч 8 айлык боюнда бар кезинде келип турган. УЗИ жатында эгиз балдар, жана анын бирөөсүнүн мойнунда шишик бар деп көрсөткөн. "Ымыркайдын өзүнүн салмагы болгону эки килограмм. Мындай шишикти 22 жылдан бери иштеп жүрүп өмүрүмдө көргөн эмесмин", дейт операция жасаган хирург Валерий Кацупеев. Учурда наристенин абалы дурус. БАЙДҮЙНӨ. Голливуд жылдыздары Брэд Питт жана Анжелина Джолинин эгиздери Нокс Леон менен Вивьен Маршелина дүйнөдөгү эң баалуу наристелер деп табылып, алардын сүрөттөрү 15 миллион долларга бааланды. Бул каражатты үйбүлө кайрымдуулук иштерине жумшайт. Брэд Питт кызы Вивьен Анжелинадай сулуу, жадагалса мүнөзү да энесиникиндей экенин айтып, ал эми уулу Нокстун Россиянын премьер-министри Владимир Путинге окшоштугу бар экендигин билдирген. ТАҢДҮЙНӨ. Франциялык стюардесса, 32 жаштагы Матильда Эпрон "Kit Kat" шоколадын чыгаруучу "Nestle" компаниясы уюштурган конкурстан космоско учуу мүмкүнчүлүгүн утуп алды. Матильда алгач шоколадды жеп, кагазын ыргытып жиберет. Бирок жарыяланган утуш оюнун эстеп, эки сааттан кийин кайтып келет да, таштанды челектен кагазды таап, андан керектүү код сандарын көрөт. Учурда стюардесса космоско учууга камылга көрүп жатат. КҮЙДҮЙНӨ. Омск шаарынын төрөт үйлөрүнүн биринде медсестра жаңы төрөлгөн ымыркай кыздын көзүнө көз дарысы экен деп канцеляриялык клей тамчылатып жиберген. Мындан дароо эле ымыркайдын көздөрү кызарып, шишип кеткен. Тергөө жүрүшүндө врачтардын бири ошол дарынын бөтөлкөсүнө клей куюп, аны башка дары-дармек менен муздаткычта сактаары белгилүү болгон. Ал эми дарыгерлер наристенин оң көзүнүн көрүү жөндөмү начарлап баратканын айтышууда. КРИМДҮЙНӨ. Вашингтон штатынын Том-Сок тоосунда аңчылык кылып жүргөн өспүрүм - турист катары жүргөн Памела Олмлайды аюу экен деп өлтүрө атып салган. Полициянын айтымында, кырсык үчүн мергенчи эмес, туристтик маршрут өтүүчү жерде аюуга аңчылык кылууга жол берген жергиликтүү бийлик жооп берет. КҮЧДҮЙНӨ. Швециянын эң күчтүү айымы болуп Ирен Андерсен табылды. ОЛИМПИАДА-2008 Олимпиаданын расмий логотиби -"Бийге түшкөн Пекин". Талисманы - ар бири олимпиада шакекчелеринин өңүн белгилеген Фуванын беш оюнчугу. Девизи - "Бир Аалам, бир Тилек". ????? Жылдын маанилүү окуясы болгон XXIX жайкы Олимпиада бүгүн Пекинде кечки саат 8ден 8 мүнөт өткөндө улуттук стадиондо ачылып, 24-августка чейин уланат. Ага 205 өлкөдөн келген 16 миң спортчу катышып, спорттун 28 түрү боюнча ат салышат. ????? Жайкы оюндар Кытайдын 7 шаарында: Пекин, Циндао, Сянган, Шанхай, Цинхуньдао, Тяньцзинь, Шэньянда өтөт. ????? Салтка айлангандай, Олимпиада-2008ди Греция спортчулары ачып, салтанаттуу аземге 70 миң адам катышат. Кадырлуу мейман катары 85 өлкөнүн президенттери, 10 мамлекеттин премьер-министрлери жана 10 монархтын келиши күтүлүп, олимпиада учурунда четэлдик күйөрмандардын саны жарым миллиондон ашары божомолдонууда. ????? Кытай Олимпиада-2008 жайкы оюндарын өткөрүү үчүн 2001-жылдан тарта даярдык көрө баштаган. Анда жалпы жонунан 300 миң жумушчу иштеп, камылга иштерине 44 миллиард доллар сарпталган. ????? Олимпиада катышуучулары үчүн уюштуруучулар Европа жана Чыгыш тамактарынын 180 түрүн даярдашкан. Спортчулардын тамак-ашын мыкты адистер жасашат. Бул үчүн Пекинде атайы 600 ресторандын ашпозчулары сынактан өтүшкөн. ????? Эксперттердин айтымында, спортчулар оюн жүрүшүндө 330 тонна жашылча-жемиш, 32 тонна деңиз азыктарын, 131 тонна эт, 21 тонна сыр жешип, 75 миң литрден ашуун сүт жана 3 миллион бөтөлкө сергитүүчү суусундуктарды ичишет. ????? Четэлдик конокторду жана Кытайдын ар аймагынан келген адамдарды мейманканалар менен бирге олимпиада шаарларынын тургундары да турак-жай менен камсыз кыла алышат. Бир жыл мурун уюштуруучу комитет меймандарды кабыл алууну каалаган үйбүлөлөрдү кароодон өткөрүп, атайы сертификат бере баштаган. Шарт боюнча үй ээси мейманды өзүнчө бир комната менен камсыз кылып, анда душ, телефон болушу керек. Мындай үйдө жашоо акысы күнүнө 400-600 юань же 55-85 АКШ долларын түзөт. ????? 2024-жылы боло турган жайкы Олимпиада оюндарын өткөрүү үчүн Австралиянын Брисбен шаары ат салышууда. Австралия буга чейин эки жолу: 1956-жылы Мельбурнда жана 2000-жылы Сиднейде Олимпиада оюндарын өткөргөн. |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|