![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №55, 15.08.08-ж. |
Майып заман Дартты кайгы ырбатат, кайрат жеңилдетет Асипа МУСАЕВА, КРнын көз карандысыз "Майып аялдар" ассоциациясынын жетекчиси: "Майыптарды жакындары үйүнөн кууп чыгат" Колуна эки балдакты таянып эшигинин алдын гүлдөтүп, тынбай эмгектинип жүргөн бул майып эжени дайыма көрчүмүн. Бийик үйлөрдүн биринчи кабатында жашайт. Бир көргөндө эле интеллектиси жогору, билимдүү, маданияттуу аял экени дароо байкалат. Өзүн Асипа деп тааныштырган 62 жаштагы эже он жети жашында кырсыкка учурап, жамбашы сынып, ошондон бери эки балдак менен басат. Финансы техникумун окуп, көп жыл бухгалтерлик кызматта иштеп, университеттин кечки бөлүмүнөн жогорку билим алган экен. Союз тарап, кайра куруу башталган кезде 65 аялды иштетип, кооператив ачып, кийим тиккен кичи ишкана ачкан. Анын чыгарган продукцияларын коңшу республикадагылар сатып алышчу, бирок, 1996-жылы алардын өз акчалары чыгып, келип-кетиш кыйынчылык туудура баштаган кезде ишканасын токтотууга туура келген. - 1989-жылы Кыргызстан боюнча "Майыптар коому" түзүлгөн. Мурда социалдык коргоо комитетине барып, балдарга пенсия алчумун. Себеби, финансы техникумун аяктап жаңыдан иштей баштаган жылы ата-энем каза болуп, колумда беш бир тууганым калган. Ошондо эң кичүү сиңдим эки гана жашта болчу. Алар менен бирге беш жыл Фрунзеде батирде акча төлөп турдум. Андан кийин иштеген жеримен жаш специалист жана майыптыгым үчүн үй алдым. Жетим бөбөктөрүмдү багып, пенсия алып жүргөндөн улам ал жердегилер мени жакшы таанып калышкан. Бир күнү алар "Майыптар коомун" түзгөнү атабыз, жардам бер деп чакырып калышты. Документалдуу иштердин көпчүлүгүн билишпейт экен. Өмүр бою башкы бухгалтер болуп иштегендиктен, андай иштерди жакшы билчүмүн. Ошол кезге чейин майыптардын ушунчалык көп экенин билген эмесмин. Мен жалгыз майыпмын го деп ойлоп жүрчүмүн. Тизме түзүп, майыптардын үйлөрүн кыдырып, алардын өтө начар турмушта жашашарын көрүп жаман болдум. Алардын тизмелерин алып, "Майыптар коомуна" чогултуп бердим. Анда Союз тарап аткан мезгил болчу, бир топ майыптарга бекер эмерек, кээсине үй, машина, кредит беришти. 1996-жылы ишканам иштебей, "Майыптар коомуна" жумуш издеп бардым. Ал жерде соо адамдар иштечү. Менин эки дипломум, эмгек стажым бар десем, ал жерде башкы бухгалтер болуп иштеген сулуучумак аял мени көрсөтүп, "ушул сыяктуу майыптар иштей алмак беле" деп келесоого теңеп койду. Бизди келесоо деп ойлойсуңарбы, анда силерге көрсөтөм деп туруп, ошол кезде депутаттыкка шайланып аткан Мира Жангарачевага, башка депутаттарга чыгып, майыптардын жумушсуз жүргөнүн айттым. Алар мага жардам беришип, ошол "Майыптар коомун" текшерүүгө алышты. Майыптарга деп келген гуманитардык жардамдардын баарын ошол жерде иштегендер сатып, жеп, жок кылып коюшкан экен. Бишкек шаарындагы Биринчи Май районунун жетекчиси майыптарга түшкөн машиналардан бери алып, кийин Россияга качып кетти. Калган райондо иштеген "коомдун" кызматкерлерин иштен четтетишти. 1996-жыл "Аялдар жылы" деп белгиленгенде Кыргызстан боюнча майып аялдардын коомун түздүм. Ошондон баштап ушул күнгө чейин ушул коомдо майыптар менен иштеп келатам. - Кыргызстанда жалпысынан ушул сыяктуу канча коом бар? - Баары биригип үч жүздөн ашат экен. Бишкектин өзүндө жүзгө жакын. Бирок, баарынын эле аттары билинбейт. Жардам керек болгондо эле чыга калышат. Биз жакында эле биригип, көптөн бери иштебей келаткан "Республикалык коомду" түздүк. Азыр жаңы бир жигит иштетип атат. - Бишкектеги коомдо канча майып бар? - Бул жерде 728 майып катталуу. Мамлекет тарабынан бир тыйын да жардам жок. Биз өзүбүздү-өзүбүз каржылап келатабыз. Башка жактагы фонддорго грант жазып, ошол боюнча иштейбиз. Америкага барып, ал жакта майыптарга кандай карайт, кандай жеңилдиктер бар экенин билип, көп жактарын үйрөнүп келип, майыптар үчүн көп мыйзам киргиздирдик. Майыптардын муктаждыктарын, аларга кандай жеңилдиктер бар экенин улам өкмөткө чыгып, айтып, сурап атабыз. - Союз убагында да ушул сыяктуу майыптардын коому бар бекен? - Жок, Союз убагында мындай коом болбоптур. Биринчи жолу 1989-жылы түзүлдү. Сталиндин убагында көзү көрбөгөн жана кулагы укпагандарды эле майып деп эсептеп, ошолордун эле коому ачылыптыр. Булардын жакшы жери, алардын балабакчасы, мектеби бар, ал жерден чыгып эле иштей турганга өнөр жайлары бар. Ал эми буту-колу жок, мунжу майыптардын окуганга, иштегенге мүмкүнчүлүгү жок. Союз тарагандан бери майыптар кыйынчылыкка абдан дуушар болуп калды. Мурда өкмөт тарабынан жеңилдиктер бар болчу. Азыр өкмөт тарабынан жеңилдик албаган майыптарды жакындары үйүнөн кууп чыгып атат. Азыр алардын эч кимге кереги, пайдасы жок. Алган пенсиясы жарыбайт. Мисалы, өмүр бою иштеген менин пенсиям башкалардыкына салыштырмалуу жакшы. Ал эми иштебеген майыптар көп, алардыкы пенсия эмес, пособие. - Азыр майыптардын пособиеси орточо эсеп менен канча сомду түзөт? - 1-2-3-топтогу майып болуп бөлүнөт да, ошого жараша пособие алышат. Майыптардын эң көп пособиеси 1000 сомдун тегерегинде. Акыркы кездерде майыптардын арасында буту-колу кесилген жаштар абдан көп болуп кетти. Алар ар кандай жумушта иштеп атышпайбы. Мисалы, бирөө токко урунган, экинчиси курулушта кулаган, поезд тепсеп кеткендери, машинадан аварияга учурагандары, ооруп кестиргени бар. Жакшынакай жаш кыздар, жигиттер протез менен жүрүшөт. Протез деле оңой эмес. Бизде протезди жакшы чыгара алышпайт. Жыгач бут он алты килограммдай болот, аны көтөрүп жүрүш да кыйын. Анысы аз келгенсип ал өйкөйт, кан тамырына да зыян келет. Көйгөйү көп. Мындан мурунураак беш процент майыптыгы барлар жумушка алынсын деген мыйзамды чыгарттыргам. Карап көрсөм, көпчүлүк майыптар иштебейт экен. Алгандары болбогон пособие. Кээ бири ошол пособиесин да алалышпайт. Себеби пропискасы же паспорту жок. Өмүр бою паспорт албагандар да бар. Булар соолорго окшоп башка жакта иштеп кеталышпайт. Көпчүлүгү сабатсыз, окуган эмес. - Майыптар мектебин ачуу маселесин көтөрдүңүздөр беле? - Мурун буту-колу кесилген, баспаган майыптар үчүн Жал кичи районунда мектеп-интернат бар экен. Ошол жерден билим алышып, окушкан. Бирок, азыр ал талкаланып, жабылып, жок болгонуна көп убакыт болду. Майыптардан окуйсуңарбы деп сурасак, баарынын эле көздөрү жайнап окугулары келишет, бирок, аларды эч ким мектепке албайт да. Колунан көөрү төгүлгөн, баардык нерсени жасай алган майыптар иштегенге мүмкүнчүлүктөрү жок отурушат. - Эгерде майыпты багуудан баш тарткан туугандар болуп калса кайда алып барышат? - Майыптар үчүн атайын интернаттар жок. Аларды психо-неврологиялык интернаттарга алып барышат. Андай интернаттар Токмокто, Ивановкада, Жайыл районунда жана башка жактарда да бар. Бир кезде Таласка майыптар интернатын салышкан. Мен ошондо эле Таласка кайсы майып барып жашайт деп каршы чыккам. Азыр ал жактагы интернат деле каралбай калыптыр. Бирок, мурунтан бери эле майыптардын үйү деп аталган Нижняя Сирофимовкада интернат бар. Ал жерде жаштар жок, көбүнчөсү карылар. Кээ бирөөлөр каяка барып жашарымды билбейм, кайда болсо деле барат элем, бирок, арасында жаштар болсо деп келишет. Туугандары баш тарткандар көп. Мага келип арызданышат. Быйыл Оштон бир майып киши келип Бишкекте жүрдү, ошол бойдон аны кайра таппай калдым. "Октябрь" кинотеатрынын жанында коляскада отуруп кайыр сурап, ошол жерде бирөөнүн кепесинде баш калкалап атам деген. Айтымында, туугандары баккандан баш тартыптыр, келинчеги да таштап кеткен окшойт. Ошол киши кайда болсо да кетет элем дейт. Документтери да жок. Бул жакка келген майыптардын көпчүлүгү жашаганга үй жок, нан таап жегенге иш жок, айла жоктон кайыр сурап көчөгө чыгышат да, ошого көнүп алышат экен. Мен аларга жолугуп, башка жолун таап, иште дейин десем макул болушпайт. Кайырчы болгондон кийин кайра андан чыгып кетиш кыйын экен. Ош жакка майыптар үйүн же интернат салынса жакшы болмок. Себеби, ошол жактан майыптар көп келишет, алардын айтымында, кароосуз калган майыптар Түштүктө көп. Бишкек шаарынын № 4 ооруканасына атайы майыптар үчүн реаблитациялык борбор ачканбыз. Бул жерге майыптар барып, бекер дарылана алышат. Дарыланабыз деп келишет да кайра акчалары жок кете албагандары бар. Азыр жаш балдар чыгып атат. Жалалабаддан бир бала Америкага, Японияга бир ай окууга барып келди. Өзү аябай татынакай жигит, убагында акча алмаштыруу жайда иштечү экен, кечинде жумуштан келатса бычак менен желкесине сайып, жүлүнү жабыркап, буттары баспай калыптыр. Буттары баспай калган кезде депрессия болуп, өлөм деген экен. Азыр үйлөнүп, келинчеги менен жашап атат. - Он жети жашыңыздан бери майып экенсиз, сиз да депрессияга кабылдыңыз беле? - Жок. Себеби, таяк менен болсо да туруп, басканыма сүйүнгөм. Анткени, үч жарым жыл баспай, ооруканада улам операция болуп жаттым. Ошол кезде эптеп эле басып кетсем экен деп ойлочумун. Бирок, мени менен интернатта окуган кыздардын бийик такалуу туфли кийип койкоңдоп жүргөнүн көрүп, ичимен ошолордой болгум келчү. Ошол эле учурда Кудайга тобо келтирчүмүн. Назгүл КАЛМАМБЕТОВА |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|