Коомдук-саясый гезит
№55, 15.08.08-ж.





  Сынакты утурлай…

Гүлзинат:
"Жеңиш менен келсем деп Кудайга жалынып атам"
"Беш жылдыз" эларалык сынагына катышууга Кыргызстандан Гүлзинат СУРАНЧИЕВА укук алды. Бул бийкеч сахнада дилетант эмес. Адегенде "Шантелл" аталган топтун курамында элге таанылган. Буга чейин эларалык сынактарга катышып келсе да, бул жолу сүрөөн-колдоо менен узап баратат. Сапар алдында Гүлзинат менен учкай ойлорун тыңдадык.

Аталган фестивалга тандоо боюнча кулактандыруу укканым
менен, жаштар катышсын деген ой менен аракет да көргөн эмесмин. Телевидениеден чалышып: "Силер неге катышпайсыңар? Жаштар-дын эле катарын-дасыңар да" дешти. Финал-дык турга туш келип калдым. Мен сымал эле финалга Мирбек Атабеков, дагы 2-3 ырчы келиптир. Мага күтүүсүз, жагымдуу окуя болду.

Буга чейин чет жердеги сынактарга төрт ирет катышып келгем. Өз кесибим боюнча пианистмин. Фортепиано жаатындагы сынактарга чыгып жүрдүм. Ал эми вокал боюнча экинчи ирет аттанып турганым. Дайым демөөрчү издеп, сахна образы, костюм, айтор, баарына өзүм чуркачу элем. Бул ирет 10-15 кишиден турган команда мени сынакка толук даярдап атат. Бул үчүн Мелис ЭШИМКАНОВго чоң ыракмат айткым келет.

Жетекчиден баары таркайт эмеспи. Биринчи улуттук каналда Мелис Асаналиевич жетектеп баштагандан бери бир топ өзгөрүш-жылыштар бар. Профессионал музыкант катары менин баамымда, мурдагы жылдары теледе профессионал ырчылардын үндөрү угулбай калган. Анткени, улуттук теле өзүнчө эле жылдыздар мектебине айланып, бир-эки продюсердин канатындагы же билими жок, же тамшанткан таланты жок беш-алты жаш бала эфирди эртеден кечке ээлеп калышкан. Улуу ырчылар да теледен чыкпай калганына күбөсүңөр.

Телевидение шоу жаатында монополисттик куралга айланып кеткени эч кимге деле жашыруун эмес. Анын айынан канча "разборкалар" болуп келгенин угуп-көрүп жүрсөңөр керек. Мурда продюсерлер, бөлүмдөрдүн жетекчилери гана чоң сүйлөп, ээлик кылып, анча-мынча кишини тааныбай, теңине албай калган телечилердин баары ордуна коюлуп калды. Улуттук теле - улуттун байлыгы. Ага ким татыктуу, ошолорго эшик тоспошубуз зарыл. Сынакка татыктуу талантты тандоо үчүн калыстар тобуна жалаң профессионал музыкант, өнөр ааламынын аттуу-баштуу адамдары чогултулганы эле өз өзөгүндө УТРКдагы революция деп атар элем.

Мелис Эшимканов жана Азамат Курманалиев ачкан шоу борбор сынактын бүт чыгымдарын өз мойнуна алган. Демөөрчү издетип чуркатпады. Репертуар, образ, костюмдан өйдө өздөрү көтөрүп, бүтүн команда даярдык көрүүдө. Бул шоу-бизнестеги жаңычыл көрүнүш. Биздин элде эч кимден калышпас талант да, үн да бар. Бирок, бизде мындай колдоо жок эле. Мойнума чоң жоопкерчилик илинди. Кыргыз туусун желбиретип, элиме жакшы бир ийгилик менен кайтсам экен деп бассам-турсам Кудайга жалынып атам.

Айнагүл САПАРБЕК кызы




  Сандан санга: сериал

Бейтаалай
Назгүл Калмамбетова
Замиранын кыжыры келип, Алмаз менен Алтынайдын кол телефонуна улам-улам чалып атты. Бирок, телефонду эч ким албады. Арадан бир топ убакыт өткөндө гана Алмаздын машинасы менен Алтынай Актанды көтөрүп келип калышты. Аларды чыдамсыздык менен күтүп, жаны кашая эшикке кирип-чыгып аткан Замира Алтынайды көрөөр замат беттен алып урушуп кирди. Өзүн күнөөлүү сезген Алтынай Замиранын кем
синткен сөздөрүн угуп, унчукпай үйгө кирди. Замиранын аңкылдаганына эч ким унчукпады. Ага эч кимдин теңелгиси келбей, унчукпай атканы Замиранын кыжырын ого бетер келтирди. Ашканага кирип тамак даярдап аткан Алтынайдын жанына келген Замира анын колундагы жаңы алтын шакекти көрүп, өңү бузула түштү.
- Алдагы шакекти кайдан алдың?!- деп кекете сурады.
- Мен…бул шакекти сатып алдым…- дегенге араң жарады Алтынай мукактанып. Колундагы шакекти Замирага көргөзбөй алып коеюн деп ойлоп атып унутуп койгонун эстеди.
- Каяктан сатып алдың?!
- Дүкөндөн эле…
- Качан?! Эмне, акчаң бар беле?..
- Бүгүн сатып алдым… - деп калтырап кетти Алтынай. Алардын сөзүн ары жактан уккан Алмаз басып келди.
- Алтынайга шакекти мен сатып бердим, эмне болду? - деди.
- Аа, түшүнүктүү… Кайсы катынды үйгө киргизип, үйлөнөт болду экен деп атса, мобу чор таман малайды катын кылып алайын деп аткан экенсиң да… Ха-ха-ха! - деп мыскылдуу күлдү Замира шылдыңдай Алмазды карап. Эринин чындап эле Алтынайга көңүлү түшүп, ага үйлөнөйүн деген ою бар экенине ишенген жок. Азыр Алмаз чычалап, актанып чыгат деп ойлоду.
- Ооба, анын эмнеси бар экен. Мен сени менен ушул туурасында сүйлөшөйүн деп аткам. Экөөбүздүн жашообуз баарыбир болбосун жакшы билесиң. Ошондуктан Алтынайга үйлөнөйүн деген оюм бар. Ал сендей болуп ойсоктоп, жаш жигиттерге көзүн артпайт, экинчиден Актанды жакшы карайт. Мага мээримдүү гана аял керек… - деп андан ары дагы сүйлөйүн деп аткан Алмаздын сөзүн Замира бузду:
- Мен эми баарын билдим. Эмне эле менден алыстап кетти десе, көрсө, бул жаш айылдык кызга көзүң түшүп, аны кантип аял кылып алаарыңды билбей, ажырашам деп шылтоолоп аткан экенсиң да. Ушул үйгө жанагы арам сийдик менен мобул шуркуя да кошо кирди. Үйбүлөмдү, жашоомду, бактымды бузду! Жетишет! Мен эми минтип кемсинип жашай албайм… - деп буркурап ызалана ыйлап кирди.
- Мен сага эчак эле айткам, экөөбүздүн жашообуз болбойт деп. Ага мен күнөөлүү эмесмин, ойноп кеткен өзүңсүң…
- Сен баарыбир Алтынайды мени сүйгөндөй сүйбөйсүң! Азыр мага жиниң келип, кантип өч алышты, өзүңдү кантип алдап, сооротушту билбей атасың. Ошондуктан, алыстан катын издебей, үйдө отурган малайыбызды катын кылып алып менин жүрөгүмдү оорутайын деген оюң бар. Бирок, мен сени мобу айылдык кыздан кызганып, чуу чыгарып, ызы-чуу салат деп ойлобо. Алтынай менин теңим эмес. Ал менин чыпалагыма да теңелбейт. Бул убактылуу гана көрүнүш. Сага эмне, катын жокпу, көчөгө чыксаң жаш, сүлкүлдөгөн сулуу кыздарды чекесинен чертип аласың. Сенде байлык, бийлик да бар. Азыр сулуу кыздарга байлыгыңды көрсөтүп койчу, артыңан ээрчип келип, өзү катын болуп берет. Ошондуктан, бул кыздын да мендей болуп убалына калба, - деп акылдуусуна сүйлөдү Замира көзүнүн жашын аарчып, бир чети Алтынайга жаны ачыган адамдай.
- Мен көчөдөгү байлык үчүн чуркап, сага окшоп катын болгон сулуу кыздардан ушунчалык чарчадым. Мага андай кыздардын кереги жок. Ошондуктан, Алтынайга үйлөнөм. Аны мен жакшы көрөм, сүйөм. Мындан кийин биздин жашообузга кийлигишпе. Кааласаң төрөгөнчө чогуу жаша, каалабасаң төркүнүңө кет. Сага ушуну айтайын деп аткам. Андан сырткары эми бул үйгө Алтынай кожойке. Аны тууган-уруктарым менен тааныштырам. Ортобузду бузам деп аракет кылба, баарыбир андан пайда таппайсың. Тескерисинче, сен канчалык бизге жамандык жасасаң, ошончолук менден ала турган нерселериңен кол жууйсуң. Мен сага материалдык жактан камсыз кылам деп айткам. Бала төрөлгөндөн кийин баарыбир анын канын текшертип, элдин көзүнчө шермендеңди чыгарып, үйдөн ит куугандай кууп чыгам. Менин мүнөзүм кандай экенин жакшы билесиң, айтканыман кайтпайм. Ошондуктан, өз абийириңди кетирбей, мени менен ажыраш.
- Мен баарыбир сени менен ажырашпайм. Мейли, балаңдын канын текшерт, ал баарыбир сеники. Өзүң эле эл алдында уят болосуң. Сени дагы жаш катын алыптыр деп эл сөз кылат. Ал катының сулуу, акылдуу, билимдүү болсо бир жөн, айылдык маданияты жок кара катынды алыптыр деп айтышат. Демек, силер буга чейин эле соо эмес болчусуңар. Менде сеникиндей арам ой жок, болбосо бул малайды эчак эле үйдөн кууп чыкмакмын. Бирок, акыркы кездерде жүрөгүм жанагы арам сийдик Актанды багып алганда кара жолтой болоорун сезгендей, мобу кара кыз да бизге жамандык алып келчүдөй сезе баштагам. Эмне, Алтынай сенин сураган сунушуңа дароо эле макул болдубу?















Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan