![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №55, 15.08.08-ж. |
Соболсап Султан САДЫРАЛИЕВ: "Мен кайсы арыма көбөм?" Сүймөнчүк Султан Ырчы Султан САДЫРАЛИЕВдин турмушундагы алгачкы жана акыркы кезде болгон көрүнүштөрүнөн. Алгачкы… - … досуңдун аты ким, азыр да мамилең уланабы? - Казакстанда болчу. Ысымы - Нурлан. Бирок, ал менен мамилем уланбай калды, себеби, досум бул дүйнөдөн өтүп кеткен. - … мугалимиңди азыр көргөндө кайсы жоругуңду эстейт? - Ал да Казакстанда, ага таптакыр жолугалекмин. Ал эми Таластагы биринчи мугалим эжем менимче, менин мектептин коридорунда ырдагандарымды эстесе керек. Анткени, мугалимдердин сабак өткөндөрүнө тоскоол кылчумун. Сабакта, экзаменде: "Кийин мен жакшы ырчы болгонумда келип силерге ырдап берип турам" деп баа алып чыкчумун. - … арзуу канча жашыңда келген? - 10-класста. Ошол сүйүү - эң таза, эң ыйык. Себеби, жүрөк менен күйүп, таза ойго батып эле калгам. Азыр ал үйбүлөлүү, бакыт гана тилеп келем. Анткени, кичинебизде жакшы ойлор менен жүргөнбүз. - … кызга берген белегиң эмне эле? - Сникерс жаңы чыгып аткан кез. Майрам деле эмес эле, болгону короосуна барып, ышкырып чакырып алып, колуна шоколад карматкам. - … өмүрүңдөгү конфликт эмнеден улам чыкканы эсиңдеби? - Мен жашаган Алексеевкада болгон. Балакезде бейбаштык кылып, анын аркасы эмне болорун деле сезбейсиң да. Жаныбыздагы окуу жайдын балдарына барып тийишип, салык салып дегендей. Ал окуядан улам, милицияга иш түшүп, аксакалдар соту карап, бүт айылга дүңгүрөгөнбүз. Ошондо атам мага катуу таарынып, апам аябай ыйлаган. Ошогезде мен фестивалдарга катышып ырдап да калгам. Уялбайсыңбы дешкен ата-энем. Айтор, ошол окуядан мен чоң сабак алгам. - … күйөрманың менен байланыш кармайсыңбы? - Албетте, бирок, достук деңгээлде гана. Ал-жай сурашабыз, чыгармачылыгымды кеп кылышат. Андан жакын болгондо, күйөрмандарымдын көбү эле кыздар, анда сүйүүгө айланып кетпейби. - … созгон ырыңдан эки сап салсаң… - 4-класста окуп жүргөндө балдар сынагы өтчү. Анда өзүн тааныштыруу куплеттерин айтуу керек эле. Атам мага төмөнкүчө жазып берген: "Улутум кыргыз, уулумун Мыктыбектин, / Арбагы ыраазы болсун ата-тектин. / Казактын кызы шешем мактап өтөм, / Эки элге кызмат этүү ак ниетим". Ушул саптарды ырдачумун. Ар-алаш - Зодиак белгиң? - Суу пери. - Гороскопко ишенесиңби? - Анча ишене бербейм. Жакшылык да, жамандык да Аллахтан деп билем. Көзү ачык, дуба деген нерселерге да таптакыр ишенбейм. Гороскоптогу мүнөздөмөдөн аз-маз туш келип калган жерлери бар, бирок, маани бербейм. Бир ирет баары окуп атышканынан мен да талаша окусам, ушул жума чыныгы сүйүүгө жолугасың деп жазылыптыр. Андан бери бир жума эмес, бир ай өттү, эч кандай сүйүүгө кезиге элекмин. - Түш жоору-тасыңбы? - Түшкө ишенем. Анткени, бул Аллахтан берилген керемет нерсе деп эсептейм. Кээде чын чыгып калат. Мисалы, апам же атамды түш көрсөм, сөзсүз алардан бир кабар алам. Апам түш жооруйт, ошондон уламбы, кичинемден кандай түш кандай чечмеленерин болжол менен билем. - Апаң сени ким деп эркелетет? - Султаш же балапан дейт. Себеби, үйдө мен кенжесимин. Элге чоң уул көрүнгөнүм менен үйдө али кичинекеймин. Көп эркелетет, үйгө барсам, койнуна алып жатат. - Кыздарга тийишесиңби? - Аябай көп. Бул эркекке мүнөздүү нерсе, голубой болбогондон кийин тийише бер да. Жаман ой менен эмес, жакшы көрүп, жактырып, сулуулугуна көңүл буруп гана тийишип коем. "Жакшынакай экенсиң" деп комплимент айтып калам. - Модалуу жүргөндү жактырасыңбы? - Негизи жактырам, бирок, ал нерсе да мүнөзүңө жараша. Мисалы, мен убактылуу гана модалуу жүрсөм керек, кайра эле таз кейпиме түшөм. Себеби, мен айылда өскөм, жаратылышыман карапайым баламын. Кайда кандай мода менен жүрүүнү билсем да, жашоодо көп ошону колдоно бербейм. Башкысы, кийимим өзүмө жарашыктуу, таза жана бүтүн болсо болду. - Мойнуңа мончок, кулагыңа сөйкө, дене-боюңа татуировка тарттырып жүрө аласыңбы? - Жо-ок, мен андайды таптакыр кабылдай албайм. Денеге тарттырган сүрөт үчүн аркы дүйнөдө жооп берер күн бар. Анткени, сен бул дүйнөгө таптаза жаралгансың. Жок дегенде дене-боюңдагы тазалыкты сактоого аракет кылуу парз. Байлык, атак-даңк, особняк же "Мерседесиң" сага тигил дүйнөдө түркүк эмес да. Акыркы… - … жолу качан ыйладың эле? - Атам катуу ооруганда. Себеби, жагымсыз көп нерселерди угузду мага. Өзүмчө олтуруп, катуу ыйладым. Али кичинемин, небере да көрсөтө элекмин сага, кайда кеткиң келип турат дедим ичимден атама. Кудайга шүгүр, азыр денсоолугу жакшы. Ошондо бизди катуу коркутуп койгон. - … ирет жалган айтканың? - Кез-кезде мен жалганды айтып кое берем. Бирок, бирөөгө зыяны жок. Мисалы, эки достун мамилесин жакшыртуу үчүн жалган айтышым мүмкүн. - … жолу кандай убада берип, бирок, аткаралган жоксуң? - Көп. Адам болгондон кийин адамдын көңүлүн ооруткуң келбейт. Өз жагдайым туура келбей атса да, жок дей албай, убада берип, убагынан өткөрүп алып жаман көрүнүп алам. - … кездерде кайсы тамак сени тамшантып жүрөт? - "Бешбармак". Шаарда көп жебейсиң. Айылга баргандагы бешбармактан сугунганыңды эстеп, шаарда жүргөндө тамшанып аласың. - …. жолу окуган китебиң? - "Азулуу Арлан" деген казакча китептен чоң таасир алгам. Карышкыр туурасында. Түшүнгөн кишиге карышкыр эмес, бир адамдын тагдыры. Карышкыр бөлтүрүк, канчыктары менен аңчыдан качып келатат. Аларды сактап калыш үчүн карышкыр түз жол менен чуркайт, анткени, аңчылар түз качканын кубалайт. А жакындары чөпкө жашынып, токой аралап жүрүп олтурушат. Эгер карышкыр аман калса, жакындарына кошулат, ок тийсе, ажал табат. - … жолу күйөрман кыздардан кандай смс алдың? - Жаман дагы, жакшы дагы. Жакшысында: "Талантыңды баалайм", "Жаңы ырларыңды чыдамсыздык менен күтөм" же "Сен мыктысың" деген сөздөр болсо, бирөөндө: "Сен ырдабай эле койсоң болмок". Мындай көңүл ооруткан смстердин авторун мен бир кезде таарынтып койгон болом. Тийишип телефон чалышат, чалганда да сөздү бир кызык башташат. Дайым эле маанайың ачык болбойт, кээде жашооңо таарынып каласың. Катуу кагып же урушуп телефонду коюп салган учурлар болот. Бардык нерсе идеалдуу болбойт эмеспи. Эл жүз пайыз мени жакшы көрөт дей албайм, арасында мени жек көргөнү да бар. Пенде болгондон кийин, бирөөгө туура эмес мамиле жасап коерсуң. Мүнөзүм ушундай, жакпаган адамга жакпайсың деп салам. Жанында калп мамиле менен жандай албайм. Мейли ал ашкан бизнесмен болсун, мейли ал миң кыйын продюсер болсун. Улуубу-кичүүбү, сөгүп деле салышым мүмкүн. Ушул жагымдан көп аксайм, мени көп нерседен алыстатып коет. Дал ушул мүнөзүмдөн айрым адамдар "Султан көөп кетти" дешет. А мен кайсы арыма көбөм? - … ирет кимден көңүлүң калды? - Бир-эки адамдан. Айрымдарды жакын көрүп, бийик тутуп жашап келесиң. Жакын көрүп жүрсөң, ал адамдын сага болгон жакындыгын сезбегенде, көңүлүң калат экен. Даярдаган Айнагүл САПАРБЕК кызы |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|