Коомдук-саясый гезит
№56, 22.08.08-ж.





  Ырсапар

Шахрезада Аскарова:
Мээм жетет, энергиям жетет.
Мүмкүнчүлүгүм гана жок
Өткөн кылымдын 80-жылдары гитарист Анарбек Сардарбеков менен Шахрезада Аскарова дуэт ырдап, далай ырлары ошол муундун жаштары арасында популярдуу хитке айланган. Акыркы жылдары бул дуэтти сахнадан да, теледен да күйөрмандары чанда көрүп калышты. Шахрезада Аскарованы азыркы жашоосу, тагдыры, турмушу, чыгармачылыгы тууралуу кепке тарттык.

- Акыркы беш жыл таптакыр сахнага аралашпай калдым десем болот. Бирок, анда-санда ретро-концерттерге, телевидениенин жаңы жылдык "ХХI кылымдын жылдыздары" деген отчеттук концертине конок катары катышып жүрөм. 1979-жылдан бери сахнада ырдап жүрдүм, эмдиги жылы чыгармачылыгыма отуз жыл болот. Беш жыл ырдабасам да, 25 жыл сахнадан түшпөй ырдап келдим. Беш жыл таптакыр иштебей, чыгармачылыгым токтоп калды дегенден алысмын. Азыр артисттердин баары тойдо ырдап калышпадыбы, мен да ошолордой эле той-тамашаларда ырдап атам.
- Сиздердин муундун артисттеринин сахнага чыгуусуна эмне тоскоолдуктар бар, же азыркы жаштардан орун тийбей атабы, же чарчаштыбы?
- Азыркы жаштардан орун тийбей атат деп айтканга болбойт. Ар кимдин өзүнүн орду бар. Жакында Каныкей Эралиева уюштурган, З.Шакирова, С.Суранчиева, А.Бөдөшов, А.Сапаралиев сыяктуу бир муундун артисттери концерт койдук. Элдин баары жакшы кабыл алышты, бизге суусап, сагынып калыптыр. Баягы СССРдин убагындай сый көрүп келдик. Баарын жасаса болот. Бирок, буга биринчиден каражат, экинчиден баягы көр оокаттан да бошошуң керек. Биз убагында өмүр бою өкмөт менен партияга иштеп, эч нерсе камдабай калыптырбыз. Азыр карасаң ошол кездеги ырчылардын заңгырата салган кабаттуу үйлөрү, минип жүргөн "Жип" машинасы деле жок. Жөнөкөй эле күнүмдүк орто турмуштагы жашоолору менен жашап келатышат. Андан сырткары балдар да чоңойду, алардын камын ойлош керек. Мамлекет өмүр бою өкмөт менен партияга иштеген биздин камыбызды ойлобосо, эми ушунча жашка чыккан мен өзүмдүн камымды ойлоп келатам. Ошон үчүн менин коомдук жумушка иштөө үчүн духум да калбай калды.
- Чыгармачыл чөйрөдө эмгегиңиз бааланып сырт жакка сынактарга барып, наам алдыңызбы?
- Биздин убакта азыркыдай сынактар көп болчу эмес. Кыргызстандан эң биринчилерден болуп "Азия Даусына" мени чакырышкан. Бирок, мен оорулуу кызым менен ооруканада жүрүп баралган эмесмин. Кызымдын оорусунан чыгармачылыгымдын баарын токтотком. Азыр ал 23кө чыкты. Кызымдын оорусу болбосо азыр да тарсылдап иштеп жүрмөкмүн.
- Гитара черткенди билесизби?
- Жок, бир кезде үйрөнсөмбү деп кызыгып, сабак да алып көрдүм. Бирок, убактым, жеке жашоо-турмушум, чыгармачылыгым бүт бойдон оорулуу кызыма арналып калыптыр. Азыр үйдө отуруп, көп анализ кылам, мээм жетет, энергиям жетет, билимим жетет, болгону мүмкүнчүлүгүм гана жок. Менин мурдагы ырдалган ырларымды кайра териштирип ордуна койсом, ошол чоң жетишкендигим болор эле. Беш жыл үйдө жатып башка артисттердин чыгармачылыгына көз салганды үйрөндүм. Өзүмдүн иштеген ишиме чоң анализ жасап жыйынтык чыгардым. Чыгармачылыгымдын чоң экенине ишендим.
- Балалык чакка кайрылып, ата-энеңиз тууралуу айтып өтсөңүз?
- Негизи балалыгым көп китеп окуу менен өттү. Гезит-журнал окуганды жакшы көрчүмүн. Кичинекей кездеги эң чоң байлыгым - менин маалыматка болгон муктаждыгым аң-сезимимдин өсүшүнө жардам берген. Атамдын көзү өтүп кеткен. Энем азыр 81де, өзүмдүн колумда, кызым менен аны да багып атам. Эки көзү көрбөй калган.
- Үйбүлөнү багуу үчүн акча булагыңыз кайдан түшөт?
- Тойлорго барып тамадалык милдетти аткарып, акча табам. Кичинемен орусча окугандыгымдын пайдасы эми тийди окшойт, азыркы тойлордун көпчүлүгү интернационалдуу болуп кетти. Орусча-кыргызча эки тилде алыпбаруучу керек болуп калганда мени чакырышат. Андан тышкары корпоративдик кечелер да көп болот. Кээ бир чыгармачыл адамдар тойдо ырдап, иштеп атат дегенден уялат экен. Азыр тойдо кыргыздын аттуу-баштуу эле мырзалары, айымдары тамадалык кылып акча таап жүрүшөт. Тапкан ташыган акчамдын баары эле оорулуу кызымдын дарысына кетет. Ал өзүнчө режимде, күчтүү дарылар менен багылат. Тамакты ылгап жейт. Доктурга тез-тез жатып турат.
- Чыгармачылыктан байлык топтой албаганыңызга кандай карайсыз?
- Азыркы жаштар жалаң чыгармачылыгынан эле үйдөн үй, машинеден машине алып атышат. Аларды көрүп таң калчумун, көрсө алардын көпчүлүгүнө демөөрчүлөрү жардам беришет экен. Бир-эки жолу концерт уюштурайын деп демөөрчү издеп көргөм. Бирок, бул суроо, жалдыроо экен, токтотуп койгом. Негизи мен буга деле көп чүнчүбөйт экенмин. Чоң байлыктын бары, жогу деле мен үчүн эч кандай мааниси жок экен. Менде эң негизгиси руханий байлык, наным, ашым, адамдардын жакшы мамилеси бар. Ошол мен үчүн чоң байлык.
- Мурунку жолдошуңуз Шеркул Дүйшөналиев менен мамилеңиз кандай? Балдарына келип, жардам берип, ал-абалын сурап турабы?
- Ачыгын эле айтайын, ал балдарыма таптакыр жардам берген жок. Сахнада анда-санда жолукканда гана учурашып койчубуз. Неберелүү болгондо да бир ооз сурап келип, баламды куттуктаганга жарабады. Ошондуктан Шеркулду биротоло жашоомон чийип салгам.
- Экинчи никесиндеги балдары менен сиздин балдарыңыз катышып турушабы?
- Жок, катышпайт. Бирок, менин уулум Рустамшах менен экинчи никедеги уулу Бекжан анда-санда өздөрүнчө катышып жүрүштү. Бекжанга ыракмат, мени менен учурашып коет. Бир жолу концертте гүл алып келип берген. Балдарда эмне күнөө…
- Уулуңуз Рустамшах Казакстанда ырдап жүрөт деп угабыз…
- Аны казактар чакырып кетишкен. Астанада келинчеги, эки баласы менен жашайт. Мага жардам берип турат. Ар бир жумада Астанадагы келин-уулум, эки неберем менен сүйлөшүп, үндөрүн угуп турабыз.
- Жашоодо эң кыйналган учур качан болду эле, азыр ошол учурда эстегенде кандай абалда болосуз?
- Ар бир адамда эң сүйүнгөн, эң кыйналган күн да болот эмеспи. Менин эң кыйналган күндөрүм СССР кулап, кайра куруу башталган өткөөл убакта болгон. Ошондо элдин баары тапкан-ташыганын, чогулткан байлыгын колдонуп атышты. Менде капитал, эч кандай байлык жок. Бирок, менде эле эмес, ошол кезде элде да жок болчу. Ошондо келечек мен үчүн туңгуюк болуп калган. Кантип улгайган энемди, эки жаш баламды багам, келечегибиз кандай болот деп далай санаага баткам. Ал кезди эстегенде азыр да жүрөгүм кадимкидей зырп этип кетет. Көмөчказанга нан бышырып, уулума берип, ал көчөгө чыгып сатып келип, акча таап жаныбызды бактык. Өткөөл маалда мени достор, туугандар көтөрүп кетишти. Кызым ооруганда да жүрөгүм зыркыраган, бирок ал бир эле кызымдын көйгөйү болчу. Азыр Кудайдан тилегеним, ошол маалга жеткирбесе экен деп, ушуга шүгүр, тобо кылам.
- Кайгырган учурда эмнеге тобо келтиресиз?
- Аябай кайгырганда балдарым, энем жанымда деп аларга каниет кылып, тобо келтирем. Элимдин мени сурап, алардын көз карашы мага жакшы экенин сезем. Ошол нерсе мага көп дем берет. Себеби мен өзүмдү жер караткан жокмун. Ошого мактана алам. Бирөөнүкүн уурдаган жокмун, алдаган жокмун, алдым-жуттум, арамдык болгон жок, бирөөгө жаман сөз айткан жокмун. Андай адамдарда сары-санаа, кайгы деле болбойт экен.
- Эмне үчүн экинчи жолу нике жаңырткан жоксуз? Колуңузду сурагандар болду беле?
- Турмуштан ажырашып кеткенден кийин колуңду сурагандар көп болот экен. Үйгө чейин келип энемен сурагандар да болду. Бирок, мен чыгармачылыгымды жана өзүмдүн жеке турмушумду чийип туруп, кызыма арнап койдум. Азыр мен ага өкүнбөйм, үйдө жаткан энем мен үчүн өкүнүп калат. Анүстүнө улгайган энем колумда болуп, кызым оорукчан болуп калды. Турмушка чыксам мен аларды кантип багам дедим.
- Карылыгыңызды кандай элестетесиз?
- Көп кыйынчылыктарды өткөрсөм да оптимисттик нотада жашап келатам. Дале болсо кыялдар, ойлор бар. Эки неберем бар. Балам болсо өз үйүнүн түтүнүн булатып кетти. Бул да болсо мага чоң жардам. Дагы Кудай берген өмүрдү жашап, неберелеримдин жакшылыгын көрүп, бактылуу карылыкты көрсөмбү деген оюм бар.
- Эркексиз аял бактылуу боло алабы, дегеле аялдын бактысы эмнеде?
- Эркек деген бул ким? Ал аялга күйөө, балага ата. Менин ажырашканыма 22 жыл болуптур. Өйдө-ылдый болду, жакшыны да, жаманды да көрдүм. Эркек деген жакшы күйөө болуп берсе аял кишиге дем, күч берип, аска-зоо, тирек болот. Жашоомдо мени бактылуу кыла турган эркекти жолуктурган жокмун. Өмүр бою өзүмө-өзүм дубал, канат болуп түйшүгүмдү жалгыз көтөрүп келатам. Бир топ эле кыйын, оор болот экен. Бирок, эркексиз жашоо бактысыз деп корутунду чыгарууга болбойт. Себеби, балдардын, неберелердин күлкүсүн, жакшылыгын көргөндө жамандыктар, кыйынчылыктар, жаныңдагы жолдошуңдун жоктугу унутулуп калат экен.
- Аял менен эркек эң жакын дос болушу мүмкүнбү?
- Ооба. Мисалы, Анарбек Сардарбеков экөөбүздү көптөр сүйгүзүп да, жүргүзүп да, жабыштырып да коюшту. Бирок, канча жыл өттү, биз чыныгы достордонбуз, үйбүлөлүк катышыбыз бар. Ага болгон сырларымды ачык айталам. Ал жакшы кеңешин айтат. Анча-мынча тийишкен кишилерди акырын барып өзүнчө сүйлөшүп, мени коргоп да коет.
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА















Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan