![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №56, 22.08.08-ж. |
Сейил маек Калемчен парламентарийБул ирет ЖК депутаты, бир кездеги оппозиционер Кабай КАРАБЕКОВ мырзага "Агым" менен "сейилдөөнү" сунуштадык. Бир топ жылдан бери депутаттык корпуста ишмердик улап келаткан калемгер кесиптешибиз турмуш жолунан геосаясатка дейре кеп козгоп берди. Кабай КАРАБЕКОВ: "Мандарин менен шоколадды шаарга келип билгем" - Эл өкүлдөрүнүн эсалуу маалы аяктап баратат. Жакшы эле эсалып алдыңызбы? - Июль айында бардык депутаттар региондордо болдук. Мен Талас облусун кыдырып чыктым. Андан соң, Көлдө 10 күндөй эсалдым. - Депутат Карабековдун эң активдүү эсалганы кандай түрдө өтөт? - Жыл сайын Көлгө барам. Бильярд ойнойм, бирок, азыр бутум ооруп атат, чер жаза ойной элекмин. Негизинен, китеп окуп же спорт берүүлөрүн көрсөм эле эсалып калам. - Олимпиаданын жүрүшүнөн терең кабардар экенсиз да… - Албетте. Өзгөчө биздин эки жигиттин ийгилиги баарыбызды кубандырып турат. Пекинде кыргыздын желеги желбиреп, гимни ойнолгону - чоң сыймык. - Таякчан жүргөнүңүздү көрүп калабыз, бутуңуз катуу ооруйбу? - Врачтардын айтымында, бул спортчулардын дарты. Илгери спорт менен машыкчумун. Эч коркунуч деле жок, муундар гана оорутуп турат. - Каникулдан кайтканда кесиптештериңизди сагынып каласызбы же сагынууга деле мүмкүнчүлүк болбойбу? - Сагынышып каласың. Жумуштан да, эсалуудан да чарчап калат эмеспи адам баласы. - Ушунча жыл депутаттык корпуста жүрөсүз, ишмердигиңиз турмушта жеңилдиктерди бералабы? Өзгөчөлүгү эмне сиз үчүн? - Депутаттык ишмердик журналистика менен бир багытта. Жарандар көйгөйлөрүн кимге айтып келет - журналисттерге, Жогорку Кеңешке. Эл менен иштешебиз, элдин көйгөйүн угабыз, алар койгон талапты аткарабыз. А бизде чиновниктердин көбү кулак жагынан начар, шефти гана угуп, элге кулак салбайт. Элден коркот, эшик алдына күзөт коет да, кабинетке камалып иштейт. Анан кайдандыр алып, "баары жакшы" деген маалымат беришет. - Саясатка келгениңиз кокустанбы же эңсеп, каалап жүрүп келдиңиз беле? - Журналистика - ошол эле саясат. Кесипке киришкенде эле саясатка аралаштым, андан азыр да чыкпай жүрөм. Азыр биз эле эмес, элдин баары саясатчы. - Элдин ашкере саясатташкандыгы сизде кооптонуу жаратпайбы? - Эгер экономикабыз өнүккөн болсо, элдин саясат менен иши да болмок эмес. Айла жок, баарыбыз саясатка киришип атабыз. - Туңгуч президент менен иштешкенсиз. Ал кишинин кайсы сапаты эсиңизде калды? - Эгемендүүлүк алып, жаңы мамлекет курабыз деп турган убак эле. Жалаң жаштардан команда куралдык. Биринчиден, аткаруу бийлигинин ишин көрүп, балакеттер кайсы жактан чыгарын билгим келген. Адегенде, ал киши баарыбызды укчу, кабинетте деле олтурган эмес. Анда үйбүлө деген түшүнүк жок болчу. Баарыбыз бир гана мамлекет үчүн деп иштечүбүз. Анан үйбүлө чыкты, баары ойрон болду. Ошол мезгилде мамлекетти бекем түптөөгө бизге мүмкүнчүлүк берилбеди. Жаштар командасы четтетилип калдык, балким, аябай жаш белек. - Кандайча ошол командага кирип калдыңыз? - Акаев өзү чакырган. 1989-жылдан бери гезитте иштеп келаткам. "Комсомольская правдада" өз кабарчы элем. Жардам бер деди, колумдан келишинче жардам кылдым. Ошол убакта мен ал кишиге ишенгем. Дегеле ага ишенбеген адам болгон эмес. - Сиздин студенттик курак кайра куруу башталган маалга туш келген да, бир эскерип көрөрсүз… - Мен көп деле окуган жокмун. Иштеп жүрүп эле, сессия убагы келип калчу. Биринчи заводдун, кийин райондук гезитте тажрыйба алдым. Мектепти бүткөн соң, Сибирде, Томск шаарында университеттин журналистикасында окучумун. 3-курстан кийин Кыргызстанга келип, мамлекеттик университетке киргем. Анда "Комсомолец Киргизии" болчу, силердин "Агымдын" "агалашы". "Вечерний Фрунзеде" саясый бөлүмдө жүрдүм, андан "Комсомольская правдага" кеттим. Ошогезде анын нускасы 22-23 млн., ал эми биздеги тиркемеси 120 миң нуска эле. Бул басылма өзүнчө бир мамлекет болгон. Жаштыгым негизинен, Сибирде өттү. Агезде ал жакка декабристтерди жөнөтчү эле (күлүп), мен өз ыктыярым менен баргам. Советтик Армиянын катарында кызмат өтөдүм, I стадиядагы старшина болуп келгем. Сибирь, Ыраакы Чыгыш, Москвада иштедим. - Депутаттыктан кетсеңиз, кайра калем кармап, журналисттик ишмердикти уланта аласызбы? - Эмне үчүн уланта албайм, иштей берем. Студенттер үчүн окуу пособиесин чыгаргам, экинчисин жазып атканда революция башталып кетпедиби. Азыр улантып атабыз. - Дегеле, журналисттик кесип турмушуңузга кандай жардамга келет? Балким, дүйнө-тааным, ой-жүгүртүү жагынан… - Ким болом деген маселе чыкканда, дароо эле журналистикага кеттим. Бирден-бир кесибим. Өзүм менен өзүм эсептешсем, балким, өлкөдөгү эң жаман журналист болгондурмун. "Комсомольская правда" гезитине өз кабарчы болуп иштедим, бул үчүн аябай кагылып-согулуш керек болчу убагында. Мен үчүн журналисттиктен өтөр мыкты кесип жок. - Журналистиканын кайсы багыты жагат? Телеби, радиобу же гезитпи? - ММК арасынан эң массалыгы теле менен радио. Мен гезитте гана иштедим. Тилекке каршы, бизде журналистиканын мыкты улуттук мектеби жок. Азыр гана журналисттердин нормалдуу мууну өсүп келатат. Ортодо 7-8 жыл журналистика мектеби жок болуп кеткен. Бирок, азыр да университеттерде эмес, журналисттер гезит, телерадиодо үйрөнүп, өсүшүүдө. - Кызыңыз сиздин жолду улап атыптыр. Көрсөтмөңүз мененби же өзү ошондой чечтиби? - Тескерисинче, мен каршы болгом. Өзү каалаган соң, акыры мейли дедик. 2-курска көчтү. Теледе практика алып, аракетин кылып жүрөт. - Азыркы жаштардын кандай мүмкүнчүлүктөрүнө көз артасыз? - Антип салыштырууга болбойт, анткени, биздин убактын да бир өзгөчөлүгү бар болчу. Идеология башка, баары туруктуу эле. Азыр күн эмес, саат сайын баары өзгөрүлүп атат. Биздин убакта англис, немис же француз тилин окуйбуз деп эч ким умтулган да эмес. Интернет деген балакеттер оюбузга да келген эмес. Мисалы, азыр компьютер бетинен окуйм гана, толук иштей албайм. Басма машинкага көнүп калгам. Бизде анда патриоттуулук күч эле. Азыркыларда барбы-жокпу түшүналбайм. Баары кетип атышат. Жакында бутумду көрсөтөйүн деп Сибирге барып келдим. Томскидеги биздин борбордогулардын айтымында, Кыргызстандан келген жаштардын 50 пайызынан ашыгы Россия жарандыгын алышыптыр. Ушул муунду биз жоготуп алдык. Жылаңач патриоттуулукту эч ким түшүнбөйт. Биздикилер кетип атса, кытайлар бизге келип атат. Эртең эмне болобуз, билбейм. - Кыргыз ММКларынын арасынан кайсынысы сиз үчүн аба менен сууга барабар? - Маалыматты көбүнчө парламенттен алам. Анткени, баары бизге биринчи түшөт. Гезиттерден "Агымды", орусча басылмалардан "Комсомольская правданы" окуйм. Теледен жаңылыктарды, анан спорттук берүүлөрдү көрөм. Эмнеси жакшы - спортто эсеп дайым так болот. Ал эми ММКдан башка тармактар туурасында маалымат алганда төрткө бөлүп, сорттоп алууга мажбур болосуң. - Спортко абдан кызыгат өңдөнөсүз, азыр бир түрү менен машыгасызбы? - Бир бутум темир, экинчи бутумдун муундары ооруп атат. Бильярддан башкага барууга мүмкүнчүлүк жок. - Кабай мырза, саясатта мурдагыга караганда пассивдүү боло түштүңүз, алыша бергенден чарчадыңызбы? - Көчөгө, аянтка чуркай бербей, бир азга токтолуп, ойлонушубуз зарыл. Көпчүлүк эл бизди колдогон жок. Өзүбүздү өзүбүз угуп, өзүбүзгө өзүбүз жаңы программаларды айтып, кыйратабыз дей берген болбойт. Талаптар элден чыкса, аны биз колдошубуз керек. Оппозиция ноябрда эле утулган. Оппозициялык команда ыдырап кеткен. Конституцияны четке кага, бири өкмөткө, дагы бири башкасына кирип кетти. Баарын көрүп-билип турган эл: "Биз өзгөрүүнү кайсы бир адамды өкмөткө олтургузуу үчүн талап кылып атабызбы?" деди. Элди алдай албайсың. Ошол себептен, апрель митинги ийгиликсиз өттү. - Оппозицияда жүргөн күндөрүңүзгө өкүнүп кетпейсизби? - Дайым ушундай абалда жүрө албайбыз. Саясый курс, программа же идея калктын басымдуу бөлүгүнөн колдоо табалбаса, же ушул менен алектенгендерди, же элди өзгөртүү керек. Элди өзгөртө албайбыз, демек, оппозицияны баштагандардын катарына жаштар келгени оң. Балким, алар өлкө эмнеге муктаждыгын бизден жакшы түшүнөр. Жаңы кандын куюлуш зарылдыгы оппозицияга гана эмес, бийликте жүргөндөргө да тиешелүү. Канча болду кадрдык бир колонна менен келатканыбызга. Союз убагында жүргөндөр дале иштеп атышат. Бул менен баарын иштен кетирүү керек дегеним жок. Алардын көбү алдыңкы кызматтарда. Каалайбызбы-каалабайбызбы, жаңы заман келген, башка менеджмент, жаңы технологиялар талап кылынат. Мен теңдүүлөр да өздөрүн көрсөтө алышпады. Эгемендикти жаңы алган жылдарды айтып өтпөдүмбү, жаштарды жөн гана четке ыргытышты. Бизде өлкө бутуна турсун деген гана максат бар эле. Таңдан кечке иштеп, эл жүргөн троллейбус, автобустарда жүрчүбүз. Жалгыз энтузиазм менен иштечүбүз. Анан эле биз четтелип, кайрадан баягы партиялык кадрлар ээлеп калышты. Алардын эң бир "кыйындыгы" - интрига жасоону мыкты өздөштүргөндүктөрү, ал эми максаты - кресло ээлөө эле. (Уландысы 12-бетте) |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|