"Агым", 31.10.08 - 12-бет: •

Коомдук-саясый гезит
№67, 31.10.08-ж.



  Көшөгө артында

Кыргыз эл артисти Анарбек ИБРАЕВ:
"Өнөргө өргүү жок"
Айтылуу ырчыны консерваториядан таптык. Бир кездеги жаштыктын, кубулжуган таза үндүн символу болгон, далай кыздардын жүрөгүнө чок салган Анарбек ага ушу тапта алтымышка таяп калды десе ишенүү кыйын экен. Аны менен маегибиз төмөндө.


- Анарбек ага, чыгармачыл адамдар таланты менен атактуу болгондорго жана талантын башкаларды тарбиялоого арнагандар болуп бөлүнүшөт тура. Сиз экөөнө тең кирет экенсиз, өзүңүз кайсынысына маани бересиз?
- Жаш өйдөлөп, тажрыйба топтолуп, чыгармачылыктын үзүрүн көрө баштаганда андан ары билгендериңди башкаларга үйрөтүүгө шарт болот экен. Мисалы, Италияда ырдай турган жана ырдабай турган мугалимдер бар. Өздөрү ырдабаса да кандай ырдоону окутат, үйрөтөт. Анүчүн ырдаган адамдын аппаратын жакшы сезе билүү керек. Негизи эле ырдоого үйрөтүү абдан оор. Инструментте кантип ойноону көрсөтсө болот. Ырдаганды үйрөтүү көзгө көрүнбөгөн, колго кармалбаган нерсе. Үндүн аппараты өзү да абдан татаал организм.
- Кыргыздын бир топ таланттары четөлкөлөрдө иштеп, жан багып жүрүшөт. Мисалы, Төлөмүш Океевдин музыкант баласы Түркияда иштеп жүрөт. Ал жакында Кыргызстанга келбей турганын, себеби чыгармачылыгын күнүмдүк тиричилик деңгээлине түшүргүсү келбегенин, азыр Кыргызстан чыгармачылык үчүн эч нерсе бербей турганын айткан. Сиз кандай дейсиз?
- Бардык чыгармачыл адамдар мекенибизди таштап кетсек, бул жерде ким калат? Муну мамлекет эле эмес, ар бирибиз ойлоно жүрүшүбүз керек. Бирок акыркы кездерде ырас эле колдоо болуп жатат. Айлыктар көбөйүп, биздин ставкалар бир жылда экиден көтөрүлүүдө. Анча-мынча кыйынчылыкка чыдабай баарыбыз чет өлкөлөргө качып кетсек, музыкалык өнүгүү токтошу мүмкүн. Азыркы абалыбызды деле өтө төмөн деп айтууга болбойт, албетте, мындан да жакшы кылууга болот эле.
- Сиздин муундагы адамдардын көпчүлүгү азыркыларды жактырбай, ал турсун чыгармачылыгын кабыл алышпайт. Сизчи?
- Мен бул пикирге кошулбайм. Себеби, турмуш өзгөрүп, музыка да жаңырып, ага улам жаңы толкундар кошулуп жатат. Илгери биз мындай элек, азыр эмнеге андай эмес дегендер артта калгандар. Мисалы, менин учурумдагы ырларды азыркы муунга кантип таңуулайбыз? Бирок азыр ыйык сахнада ашыкча кетип, музыкадан түшүнүгү жок нерселер чыкканын айтып турган оң. Кийинки жаштардан Ома, Омар сыяктуу таланттуу балдар заманга жараша жаңыча чыгып жатышат. Ома Америкадан үч медалды жөн алган жок. Омардын таланттуу экенин көргөн үчүн А.Пугачева өз сыйлыгын берди. Оманын "Саройду" ырдаганын көрдүм. Бул негизи татаал ыр, башын туура эмес баштасаң аягына үн жетпей калышы мүмкүн. Оманын угуу сезими ушунчалык так экен, дем алууну да ырдын обонун да туура кое алган. Мен мисалы, турган эле жерден антип ырдай албайм. Булардан башка да бир топ жаштар эларалык конкурстарга катышып келгенин көрүп жатабыз. Кемчилигин эле айта бербей, жакшыны жакшы деп эле айтса, алар да канат байлап калышат.
- Бирок азыр бир топ жаштар билип-билбей сахнаны тебелей беришип, адамдардын табитин да бир топ түшүрүп жиберишпедиби.
- Ансыз өсүп-өнүгүү болбойт да. Бирок мунун бардыгы өтөт. Мына, чекесинен иргеле баштабадыбы. Азыр өздөрүнө талап кое билип, билими жетпей жатканын сезгендер көп. Ушу себептен жардам бериңиз деп кайрылгандарга мен да колдон келишинче жардам берип жатам.
- Өзүңүз ырдап жүрөсүзбү, акыркы кезде көрүнбөй калдыңыз?
- Операда сезон сайын ачылышта ырдайм. Өзүмдү операда ырдайм деп эч ойлогон жок элем. Институтту бүтүп жатканда, сенин үнүң операга ылайыксыз, ошонүчүн камерага же филармонияга алабыз дешкен. Кийин турмуш өзү операга алып келди. Ырдайын деп өзүм барган жокмун, бирок опера партияларын жаттап жүргөнүмдү аяктагылар угушкан экен. Биринчи, "Акмөөрдө" Болоттун партиясына чакырылып, бара-бара аралашып кеттим. Көрсө, табиятымда опералык үн бар экен, кийин ачылып, калыптанып кетти. Өзүм да көп аракет кылдым. Көп эле операларда башкы партияларды ырдап чыктым.
- Ушу куракка келгени эмнеге өкүнөсүз?
- Эгер кайра окусам, башкача окумакмын. Ырчылардын айта турган, ырдай турган мезгили болот экен. Айталы, 18 жаштан 25ке чейин аябай баш-отуң менен иштеп, билим да алып, колдон келген чыгармалардын бардыгын өз үнүң менен жаздырып коюшуң керек экен. Ушундай ар бир күнү эсептелген учурумду өткөрүп жибергениме өкүнөм. Ошо учурда армияга да алып кетишти. Кийин оркестрде, эстрадада ырдап жүрдүм. Азыр ойлосом, ошо жылдар өтө баалуу экен. Ошо кездеги ырлардан радиого жазылып калгандары бар. Үнүм да уникалдуу болуп, бала кездеги тембр үндүн кооздугу кийин эч кайрылып келбейт тура. Отуздан өткөндөн кийин үн башкача болуп, 40-50дө үн бир калыпка түшүп калат турбайбы. Ыраматылык Асанкан Жумакматов: "Анарбек, сен оркестрге жаңы келип ырдагандагы уникалдуу үнүң азыр жок, мындан ары да болбойт" десе, ыйлагым келчү. Айтканы мага катуу тийчү. Учурунда көп ырларды жаздырып койсом болмок экен деп ойлойм. Чоро Кожомжаров менен "Сары-Челек", "Таң сыры", "Сен менин жазылбаган ырларымсың" деген ырларды биринчи ырдап чыккам. Бирок ушулардын бирөө да Кожомжаровдун ансамбли менен жазылбай калды. Ушуларды жаздырарда армияга алып кетишти.
- Чыгармачылык сизге атак-даңк, наамдан башка дагы эмне берди?
- Наамдарды учурунда эмгегим бааланган үчүн алдым. Бааланбай жүргөн кездерде деле эч кимге ыйлап-сыктап арызданбадым. Адам болуп жашоодо эмнени көрсөм, ошонун бардыгы чыгармачылыктын аркасы менен болду. Азыр жаштарга билгенимди үйрөтүп атканда, өз башымдан өткөндөрдүн туура же туура эмес жактарын мисал келтирип айтам. Ырчылык атак-даңкты эле эмес, чоң түйшүктү талап кылат. Адамды бир жыл ичинде сен ырчы боло аласың, же убара болбо деп айтууга жетерлик тажрыйба алдым. Чыгармачылыкка хобби сыяктуу мамиле жасоого мүмкүн эмес. Баш-отуң менен берилбесең, эч нерсе чыкпайт. Антпесе кафе-ресторандардын гана ырчысы болуп кала беришиң мүмкүн. Жалаң ушундайларды чыгарганга биздин акыбыз жок. Өкүнүчтүүсү, айрым чыгармачылыгын жакшы жолго коюп алгандар акчага азгырылып, четөлкөлөргө кетип жатышат. Биз буга тыюу салалбайт экенбиз. Менин эки окуучум ушу кезде Казакстанда ырдап жүрүшөт.
- Өзүңүздү кандай мүнөздөйт элеңиз?
- Мени эмгекчил дешет. Театрда "кыргыздын немиси" деп сөз кылышат. Негизи театрдан мага Светлана Мнацаканова деген мыкты концертмейстер, улуу композитор Калый Молдобасанов экөө көп нерсеге үйрөтүштү. Калый ага: "Анарбек, сага "Севилдик чачтарачтан" клавирден биринчи беттен отуз жетинчи бетке дейре эртеңкиге чейин убакыт берем" деп коюп кетип калчу. Отуз жети бетти бир күндө фортепьяного салып, нотасы менен жаттачумун. Бара-бара көлөм мындан да көбөйө баштайт. Азыр ойлосом, алар мени тезирек жаттап, образга кирсин дешчү экен. Өзүм да ушундай иштегенге көнүп алып, окуткан балдардан да ошону талап кылам. Көп учурда жөө жүргөндү жакшы көрөм.
- Калый Молдобасанов, Асанкан Жумакматов деген эки залкар менен тең иштештиңиз. Эмнеси окшош, эмнеси менен айырмаланышчу эле?
- Экөөнүн тең адамгерчилиги өтө бийик эле. Эмгекчил адамды экөө тең жакшы көрүшчү. Тактыкты, бийиктикти, сыпайыгер ак сөөктүгү боюнча Молдобасанов алдыда турчу. Ишти тез аткарып, оперативдүүлүгү жагынан Жумакматов кыйын эле. Бирок экөө тең жакшыны жакшы, жаманды жаман деп эле айтышчу. Балким, ошонүчүн кимдир бирөөлөргө жаман да көрүнүшсө керек.
- Сиз үчүн жаш кездеги сүйүү эмне эле, азыркы сүйүү кандай?
- Илгери телевизордон түшпөй жүргөн кезде мени жакшы көргөн кыздар ырларымды, чыгармачылыгымды жакшы көрүшсө керек. Кат жазгандар, жолугалы дегендер көп эле болгон. Адамдын өзү менен чыгармачылыгын айрый албагандан улам фанаттар чыгат да. Ырдаган сайын сүйө берсең жүрөк да калбай, өзүң деле түтпөй чачырап кетмексиң да. Ошо кездеги ырларды азыр да жакшы көргөндөрдү азыркы кездин сүйүүсү деп ойлойм. Себеби, биздин концерттерге биздин муундагылар эле келишет. Бирок сахнанын өз жобосу бар. Жөрмөлөп калгычакты сахнада эски авторитет менен жаштарды жөөлөй бергенге болбойт.
- Депутат болууга кызыкпайсызбы?
- Жок. Депутат болуш үчүн ошого ылайык билим, аны жасай турган жумушун билишиң керек да. Өндүрүштү билбесек, мыйзам жазганды билбесек, значок тагынуу үчүн эле депутат болуунун эч кереги жок. Анүстүнө биз эмне иш жасабайлы, эл баары бир бизди ырчы катары гана кабыл алат. Менин опера театрында, филармонияда, анын алдындагы студияда, консерваторияда иштерим турса, окуучуларым момуну үйрөтүп берсеңиз деп аркамдан жүрсө, анан өзүм таптакыр башка нерсеге чарпылсам, туура болбойт да.
- Сиздей эле ырчы кесиптештериңиз депутат болушпадыбы.
- Алар эми иш өтөөсүнө чыкса жакшы.
- Өмүрлүк жарыңыз Тамара эже эмне кылып жатат?
- Филармонияда иштейт. Консерваторияны сырттан окуп бүтүрдү.

Аскер
САКЫБАЕВА










??.??