Айтыла турган сырлар бар...

Кыргыз эл артисти Ашыр ЧОКУБАЕВ:
"Театрдан Сатыке көргөндү көрбөйүн деп кеттим"
Театрдын да, кинонун да айтылуу актеру Ашыр ЧОКУБАЕВ ага менен Эркиндик бульварында маектештик. Көптөн бери айтайын деп бук болуп жүрдүм эле дейт.

Өзү жөнүндө

- Мен артисттин баласымын. Абдубачаевдин, Рыскуловдун, Көбөгөновдун балдары менен чогуу өстүк. Илимдер академиясынын маңдайындагы мурдагы үйдө Сарбагышев, Шабданбаев, Борончиев, Көбөгөнов, Иванова, Мадемилова, Чодронов, Кытаев, Өмүрканова сыяктуу залкарлар менен жашадык. Атам Назарбек Чокубаев да чоң артист эле, апам да театрда иштечү. Сахна артында жүрүп жетилип, Москвада ВГИКтин актерлук факультетинде атактуу Борис Бабочкинден окуп калдым. Бала бакчада, мектепте, Москвада орусча окудум. Ошого карабай, 1970-жылы Жалил Абдыкадыров мени Кыргыз драмтеатрына чакырды. Театрга келип, отуз жылдай иштедим. Буларды айткан себебим, менин кан-жаным театр менен байланышкан. Кийинчерээк артисттер, режиссерлор да дүйнөдөн өтө баштады. Карасам, мен жалгыздап баратам. 90-жылдардан кийин театрга жаштар келе баштады. Чын дили менен келгендери да, эч жакка өтпөй калып, анан театрга окуп келгендерди да көрдүк. Алар театрды ээлеп, талаптарды чоң коюп, үндөрү да катуу чыга баштады. Заары да катуу болот экен. 1999-2000-жылдары "мобу чалдар качан кетет?" дегенди угуп, айланамды карасам, тигилер: "Ашыке, сени айткан жокпуз, башкаларды айтып жатабыз" дешти. Ошондон кийин өзүмдү басынтпайын деп театрдан кетип калдым. Азыр Сатыбалды Далбаевди кор кылышты. Эң жаманы, жанында бирге болуп, сахнада чогуу ойногондору аны сатып кетишти. Менин эмне айтып жатканымды театрдагылар жакшы билишет. Ошолор үчүн мен Сатыкеден кечирим сурайм. Кечир, Сатыке... Артист - негизи көзкаранды адам. Ал чыгармага, режиссерго көзкаранды. Мен да Сатыке көргөндү көрбөйүн деп кеттим.
Бообек Ибраев менин режиссерум эле, ал өткөнү артында эч ким калбаптыр. Ошентип театрдан кеткениме он жыл болду, ичим күйөт. Андан кийин ар кандай иштерде иштөөгө аракет кылдым. Россия телеканалы Леонид Филатовдун артисттер, алардын тагдырлары жөнүндө көрсөткөн "Чтобы помнили" деген көрсөтүүсү бар эмес беле. Мен да ушундай көрсөтүү жасайын деп жүргөндө, ошо тушта Бакен эже өтө трагедиялуу кайтыш болбодубу. Бул мага катуу таасир берди. Ушу жөнүндө тартып, кыргыз телевидениесинин чоңдоруна келдим. Момундай ойлор бар, айына 20 мүнөттүк көрсөтүү жасап турайын десем, үстөл, монтаж үчүн акча тап дешти. Эшик алдынан эле ушундай кагуу жеп, ичим күйүп кетип калдым. Кийинки көрсөтүү Асанбек Кыдырназаров жөнүндө болмок. Көрсөтүүлөрдү аракет кылып чыгарсам болот эле, бирок биринчи айтылган нерсе канатымды кести.

Кино тууралуу
Ошондон кийин Казакстанда иштеп калдым. Жок дегенде жылына бир киносуна тартылам. Айта турган нерсе, 1980-жылдарда Мар Байжиевдин биртоп спектаклдеринде ойнодум. Анын каармандары мага ылайык болуп, үч-төрт спектаклди Бообек Ибраев койду. Мисалы, "Кожожаш" спектакли сахнада он жети жыл, мен таз болгончо жүрүптүр. "Ак илбирстин тукумун" Төкөм (Төлөмүш Океев - А.С.) тартарда мага "Ашыр, арыктачы" деди. Бир жумада 9 кг арыктадым. Бирок мен ошондо эле отуз бешке келип калгам. Төкөм "мага тактекедей ойногон жаш бала керек" деп, Доктурбек Кыдыралиевди Кожожаш кылды. Ал сонун актер, тасма да мыкты чыкты. Ал тасмадагы Касендин ролун Мар мага атайын жазып берди.
Казактардын "Көчмөндөр" тасмасын тартуу үчүн актерлорду чоң тандоодон өткөрүштү. Казак актерлордун бардыгы баатыр болуп кетишип, мага баатырдын ролу жетпей калды. Султан Вали деген кичинекей роль беришти, анүстүнө мен бир аз англисче сүйлөйм. Режиссер баатырлардын бардыгын башында өлтүрүп, Султан Валинин ролун чоңойтуп койду. Ошондо казактардын ичи күйгөнүн айтпа... "Абылайдын акеси кыргыз болгон соң, өлгөнүбүз ушу" деп сыздашат. Мен "өлбөй кое тургула, Аблайды деле кайдагы бир латинец ойноп атпайбы, ага караганда жаныңардагы кыргыз тууганыңарды көралбайсыңарбы" дейм. "Көчмөндөрдө" менин фактурам, тил билгеним жеңип кетти. Андан мурда америкалыктар тарткан "Чыңгызханда" Али деген соодагерди ойнодум. Булардан кийин "Мухаммеддин кылычы", "Бейиш чымчыктары" аттуу тасмаларга тартылдым. Калп эле долбоорлор бар деген менен, азыр "Кыргызфильмде" эчтеке жок. Ошон үчүн "Кандуу сүйүү", "Министрдин кызынын махабаты" сыяктуу кинолор чыгып атпайбы.
ШКУ өлкөлөрүнүн экинчи Ысык-Көл кинофестивалы жөнүндө
Ушу кинофестиваль өтөрдөн мурда тандоо комиссиясынын мүчөлөрү болуп, 2-3 ай бою 300дөй кино көрүп, тандадык. Кинофестиваль ошо тандалган кинолор боюнча болмок. Уюштурулушу абдан начар болду. Фестиваль директору Тынай Ибрагимов, көркөм жетекчиси Нуртай Борбиев, башкы директору Абибилла Пазылов. Кинофестивалдын иши өтө кыйынчылык менен жүрүп атты, уюштуруучулар чоңдорго көзкаранды болуп калышты. Эң өкүнүчтүүсү, кинофестивалда биз тандаган тасмалар эмес, башкалар көрсөтүлдү. Анын жабылышында "Гүлсары" мыкты тасма деп тандалганын билдим. Биз "Гүлсарыны" тандаган да эмеспиз. Бу кандай деп уюштуруучулардан сурасам, "фестиваль Айтматов жылынын алдында өтүп атат, ошон үчүн киргизип койдук" дешти. "Чыкенин жылы башка, бу жерге анын тиешеси жок, ал түбөлүктүүлүккө аттаган адам, биздин колдоого муктаж эмес" десем, "Ашыр, бул сенин ишиң эмес, жогортон ошондой көрсөтмө келди" дешти. "Гүлсары" конкурстан сырткары чакырылган тасма эле. Эгерде чоңдор өздөрү каалагандай кыла турган болсо, анда тасмаларды тандоонун кандай кажети бар эле? Буларда художник, режиссер деген такыр жок болуптур. Эң башкысы, кинофестиваль өз максатына жеткен жок. Ал көрүүчүнү сыйлаган жок, алар менен жолугушуулар болгон жок. Тасмасын конкурска катыштырып аткандан кийин Танабайды ойногон Доктурбек Кыдыралиев, анын аялын ойногон актриса жүрдү, ошолорду көрүүчүлөргө алып чыгышса болмок беле? Марк Дакаскос жүрдү, эшикте "Көчмөндөр" элүү сомдон сатылып атат. Анда ойногон Дакаскосту, мени элге алып чыгышпайбы. Жок, болгону Марк Дакаскосту марионетка кылып алып жүрүштү. Ошондо Марк мага "Ашыр, мени эмнеге кайтарасыңар, өзүңөрдү эмнеге сыйлабайсыңар, деги эмне болгон элсиңер?" дебатпайбы. Бизде маданияттуулук, тартип, таалим дегенден эч нерсе калбаптыр. Азыр жулуп алайын, азыр албасам эртең болбой калат дегендер эле калыптыр. Ошон үчүн алардын эртеңи жок. Себеби, эл менен байланышы жок. Кинофестивалдын жабылышы өтө начар болду. Министр Раев да кимге эмне берерин билбей, сахнага чыгып алып өзү да кызарып кетти. Орус, казак досторум "кыргыздар, силер эмне болуп калгансыңар?" деп күйгүзүп да, шылдыңдап да айтып жатышты. Кинонун негизин түзгөн документалдык тасмаларга берилүүчү сыйлыктар ашканадан, үстөл астынан суурулуп берилип жатты. Ушу кинофестивалдан кийин абдан түңүлүп калдым.
Тилек
Театрда Гүлайым Каниметова, Назира Мамбетова деген улуу актрисалар бар. Каниметова трагедиянын чокусуна чыгып ойносо, Мамбетова трагедияны да жаркыратып ойнойт. Жамила Сыдыкбаева деген сонун актриса бар. Ушулар менен иштешким келет. Бирок режиссер да, материал да жок. Артист катары пластиканы жакшы көрөм. Пластика менен сенин нервиң бирге болгондо гана көрүүчү сени түшүнөт. Асанбек Кыдырназаров унчукпай ары карап турганда эле көрүүчүлөр анын эмне болуп атканын түшүнүшчү.
Акаевге "бизнес ачып бер" демек белем
- Иниңиз, белгилүү актер Эдил Чокубаев эмне иш кылат?
- Анын кичинекей бизнеси, анан аттары бар. Аттарын багалбай биртоп кыйналып жүрөт. Атты жанындай көрөт.
- Өзүңүздө бизнес жокпу?
- Кайдагы? Шоу-бизнес жасайын деп бир жылы "А-студиону" чакырдым. Болгону 146 билет сатылды, бирок Спорт сарайдын ичи элге жык толду. Кычык-пычык, жыртык-тешик деген көп экен да. Ошо концерттен 6 миң долларга күйдүм. Бул акчага ошондо 2-3 бөлмө квартира келмек. Аябай кыйналдым. Андан кийин поездде узатуучу болуп иштеген иним экөөбүз Москвага барып, жети сааттын ичинде арак алып, кайра быякка келип сатып, ошондо миллион рубль пайда көргөнбүз.
- Акаевдин канкудасы болсоңуз, чоң бизнес жасаганга мүмкүнчүлүк болбодубу?
- Мен бизнесмен эмесмин. Мен ага бизнес ачып бер деп айтат белем. Кантип айтам?
- Азыркы мамилеңер кандай?
- Жакшы. 10-ноябрда телефон чалгам, а киши 62ге чыкпадыбы. 7-ноябрда биздин Сайкалдын да, Майрам Дүйшөновнанын да туулган күнү. Куттуктаганбыз. Эки неберелүү болушту. Бирөөлөр бирдеме десе, "ии, ооба" деп коебуз. Ал эмес, мага да "тиги дүкөн сеники турбайбы, бу жер да сеники экен" дешет. Биз куда болгондун эртеси эле биртоптор "киностудиянын же театрдын директору болосуң, жок дегенде маданият министри болосуң" дешти. Тууганчылыкты ушундайда колдонгонду кыргызда аябай өздөштүргөн экенбиз да. Дагы жакшы, мен 1994-жылы эле "Эл артисти" наамын алгам. Кокус куда болгондон кийин алсам, сөзсүз "кудасы берди" дегендер чыкмак.
- Азыр бошсузбу?
- Бош эмесмин. Артист деген дайыма атка мингенге даяр болушу керек. Залда машыгып же бассейнде жүрөм. Киного чакырып калышса, мен дайыма формамда болушум керек.
- Ичкиликке кандайсыз?
- Убагында Ашыр жакшы эле иччү. Бирок ичкенди таштабасаң балдарыңа кантип үлгү болосуң? Тамекини таштай албай койдум. Орозодо кечки саат жетиге чейин аябай кыйналып жүрдүм. Ошондо бирөө "түтүн ашказанга барбайт" деп айтып калды. Кудайдан аябай кечирим сурап, чегип алдым.

Аскер САКЫБАЕВА












Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan