Тагдырдын тайгүлүк ташы Көпөлөк учту, бирок ким күнөөлүү? 2007-жылдын 6-сентябрында борбордогу №6 төрөт үйүндө ЖК вице-спикери Кубанычбек Исабековдун жубайы, отуз бир жаштагы Гүлбарчын Исмаилова кыз төрөйт. Төрөт наристе үчүн да, эне үчүн да өтө оор болот. Бирок аз убакыттан соң наристе чарчап калат, энеси болсо ошондон бери ден соолугу оңолбой, ушу кезге чейин дарыгерлерден башы чыгалек. Эмесе, Гүлбарчындын өзүнө сөз берели: "Мага УЗИ көрсөтмөсү боюнча 17-сентябрда төрөйсүң деп мөөнөт коюшкан. Бул эми болжол менен айтылган күн. Август айынын аягында мени караган дарыгер Бурул Досалиевага барсам, ал "кайда төрөйсүң?" деп сурап калды. "Билбейм" дедим. Сентябрдын башында ал мага телефон чалды, "?6 төрөт үйүнө баралы, аякта менин 35 жылдык эмгек стажысы бар жакын подругам иштейт. Жакшы төрөтөт, жабдуулары бүт жаңы. Ошоякка барып, таанышып келели" деди. Ошентип, 6-сентябрда эртең мененки саат 8де алтынчы төрөт үйүнө мени төрөтө турган дарыгер менен таанышуу үчүн Досалиева экөөбүз бардык. Ал "төрөт учурунда эмне керек экенин сен билбейсиң да, тиги дарыгер сага жазып берет" деди. Төрөт үйү биздин үйдүн жанында эле, мен барсам Досалиева күйөөсү менен туруптур. Экөөбүз төрөтканага кирдик. Мени төрөтө турган дарыгерге Досалиева "бул Кубанычбек Исабековдун келинчеги болот, таанышалы деп келдик" деди. Тиги дарыгер "жүрү анда, сени смотровойдон көрөйүн" деди. Ал Минагүл Сулайманкулова деген дарыгер экен. Смотровойдон "креслого чык" деди. Чыктым. Ал колун салып көрдү. Мен биринчи төрөтүм болгондуктан, эчтеке билбейм да, ушинтип көрөт го деп ойлодум. Кийинейин деп атсам, кичине кан кетти. Коркуп кетип, "эже, кан кетип атат" десем, "эчтеке болбойт, мен көрбөдүмбү" деп койду. Экөөбүз Досалиева отурган кабинетке келдик. Сулайманкулова эмне керек экенин жазып берип: "Толгоо башталганда ушуларды алып келесиң" деди. Кетерде суурмасынан жарым таблетка алып мага сунду, "ушуну тилиңдин алдына саласың, эки сааттан кийин калган жарымын саласың" деди. Мен таблетканы колума кармап туруп, "эже, бул вызывающий эмеспи?" десем, "жок, мен сенин маткаңды көрбөдүмбү, ооруп калды дебатпайсыңбы. Бул обезболивающий" деди. Ушундан кийин дарыны оозума салдым. Кийин билсем, ал "мизопростол" деген дары экен. Аны бойдо барда ичүүгө болбойт экен, себеби ал бойдон түшүрөрүн билдим. Үйгө келип, Айгүл эжеме чалып, доктурга барганымды, кан кеткенин айттым. Саат экилерде эмнегедир сийип салгандай болдум. Тура калсам, кроватка шарактап суу жайылды. Аңгыча келиним келди. Ал эртең менен эле "эч жакка барбай эле кой, толгоо келгенде эле бар дарыгерге" деп аябай айткан. Мен аны укпай, Досалиеванын сөзү менен кеткем да. Суу кеткенден кийин Досалиевага чалып, "эже, ушинтип атам, эмне кылайын?" десем, "кокуй, алтынчы роддомго барыш керек" деди. Аңгыча жолдошум келди, дароо эле төрөт үйгө келсек, баягы таанышкан врач, Досалиева экөө күтүп турушуптур. Мени төрөт залдын жанындагы палатагы киргизишти, толгоо башталды. Бир кезде төрөт залга киргизишти, креслого чыктым. Эже "кое тур, ыйынба" деп атты. Ыйынып баштаганда толгоо жоголуп кетти. Ыйынганда баланын башы чыккан экен да, андан ары толгоо жок. Мен көрбөйм да, бала болсо муунуп тура бериптир. Мага капельница коюшту, жардам бербеди. Медсестрадан бир дары сураса, жок экен, аны аптекага жөнөттү. Аякта да жок деп келди эле, баары чыгып кетишти. Эки медсестра калып, ушак айтышып отурушту. Мен кыйналып аттым, капельницаны да туура эмес сайганбы, колум да көгөрүп чыкты. Анан бир врачты издеп келгиле дешти. Анысын 40-45 мүнөттө таап келишти. Мен баягы боюнча жата бердим. Табылган врач келип укол сайып, алдымдан, ичинен, сыртынан кесишти, аны билип турам. Бир маалда чыканак менен ичке басты, анан бала чыкты. Баланы көтөрүп алып баратканда гана ыйлады. Салмагын тартып атканда карасам, көпкөк, көздөрү кыпкызыл. Мени башка жакка алып баралы дегенинен козголсом, денем ушунчалык ооруду, сөз менен жеткирүү мүмкүн эмес. Мен ошондо куймулчагым (копчик) сынганын билген эмесмин. Палатага келгенде аябай ыйладым. Катуу ооруп, белим какшап туралбай атам. Эки сааттан кийин экинчи кабаттагы палатага жатасың деп айтышты. Буттарым шилтенбейт, экөө сүйрөп алып түшүштү. Мени жаткызып коюп, "балаңды эртең алып келебиз" дешти. Эртеси эмизгенге алып келишти. Же эмизгенди билсемчи, же бала эмбейт. Баланы кроватка тизелеп отуруп астын араң алмаштырам, чыдабай ыйлайм. Куймулчагым сынганын бала чарчап калгандан кийин, 20-октябрда өзүм кайра гинекологияга түшүп калып, ошондо билдим. Ал жакта күчтүү дарыларды алып, он күн жаттым. Андан кийин кардиологияда жаттым. Үйгө келгенден кийин бутум иштебей калды. Турам, анан жатам, отурган жокмун. Үчүнчү гинекологиялык ооруканада мени дарылаган Марат Анатольевичке айтсам, "сеники омурткадан берип аткан окшойт, невропатологго көрүнүшүң керек" деди. Эжем Фучик көчөсүндөгү ?1 ооруканада врач, ага барсам, ал невропатологго алып барды. Ал рентгенге салбаса болбойт деп, ага түштүм. Ошондо куймулчак сынганын айтып, "эмне болду эле?" деп сурады. Жакында төрөгөнүмдү айтып, ошондон кийин эле басалбай калдым дедим. 6-сентябрда төрөдүм, куймулчак сынганын 6-декабрда билдим. Ошондон бери башым ооруканалардан чыгалек, врачтар да толтура ооруларды таап чыгышты. Кан басым көтөрүлчү эмес эле, ал пайда болду. Төрөгөнгө чейин бөйрөгүм хронический пиелонефрит, холецеститим да бар эле. Досалиева менен Сулайманкулова менин ушундай болуп атканымды билишти, бирок сурап да коюшкан жок. Досалиеванын күйөөсү Жети-Өгүздүн Саруусунан, күйөөгө тийгиче мен аларды таанычу эмесмин. Алар күйөөм менен тааныш экен. Бурул Досалиева үчүнчү поликлиникага башкы врач болду. Андан кийин мен кош бойлуу болгондо ага кайрылып атпайбызбы. Өзүбүздүн жердеш, башкы врач болсо тажрыйбасы көп деп ойлогонбуз да. Досалиева менен Сулайманкулова экөө мединститутту чогуу бүтүшүптүр. Менин төрөтүмдү экөө эртелеткен себеби, мединститутту бүткөнүнө отуз канча жыл болуп, ошол жакка барышмак экен да. Аны өздөрү кийин айтышты. Андан кийин ичим дагы эле чоң болуп, кирбейт, киндигимди бассам ооруйт. Досалиевага барып айтсам, "төрөгөндөн кийин ошондой болот, балким этек кириң келген аткандыр, эми кайра боюңа болсо боло берет" деп койду. Катуу ооруганынан атайын поликлиникадан "тез жардам" чакырдым. Аяктан врач келип көрүп, "сиздики хирургияга тиешеси жок, гинекологиялык оору" деди. Катуу ооруп, басалбай калдым. Машине чакыртып, кайра Досалиевага келдим. "Кебетең эмне болуп калган? Бар, УЗИге түшүп кел" деди. УЗИдеги врач "азыр барбасаң болбойт, сеники ириңдеп баратыптыр" деди. Кагазды алып кайра Досалиевага келдим. Анан УЗИге, Адыл байкеге кайра келдик. Ал кирип кетип, кайра чыкты. Кийин бул кагаз тергөөгө жетпей жок болгон. Анан мурда мени дарылаган Марат Анатольевичке бардык. Ал "мен мындайды алалбайм, Мамакеевге баргыла" деп койду. Мамакеевдин ооруканасына келдик. Алмалиева деген врач көрдү да, "жаш экен, дагы төрөшү керек, жатынды эки-үч күн дарылап көрөлү, жакшы болбосо, анда операция кылыш керек" деди. Каякка жатуу керектиги жөнүндө сөз болгондо, "үчүнчү гинекологияда эле дарылансын" деди Досалиева. Менин абалым начар болуп, кайра үчүнчү гинекологияга келдик. Аякта дарыланып, күнүгө үч жолудан анализ алып жатышты…" 6-сентябрда төрөлгөн наристе 15-сентябрда улуттук педиатрия жана балдар хирургиясы борборуна оор абалда түшүп, 17-сентябрда чарчап калган. Атайын беш медиктен турган эксперттик комиссия түзүлүп, алар баланын өлүмүнүн түздөн-түз себепкери - "бактериалдык сепсис, септикопиемия, инфекциялык-токсикалык шок" деген диагноз коюшкан. Бул боюнча ушу жылдын 17-апрелинде Бишкек шаардык прокуратурасы кылмыш ишин козгогон. Бир тараптуу болбош үчүн Гүлбарчынды төрөгөнгө чейин караган №3 бейтапкананын директору Бурул Досалиевага да, төрөткөн врач Минагүл Сулайманкуловага да сөз бердик. Бурул Досалиева: "Менин 32 жылдык гинекологдук тажрыйбам бар. Гүлбарчынды тааныш катары карагам. Баланын өлүмүнө менин күнөөм жок. Бала чарчагандан кийин, биртоптон кийин Гүлбарчын "эже, ушинтип ооруп атам" деди. Мен бул жердеги хирургдарга көрсөттүм. Аппендицит го десек, андай эмес экен. Анан Мамакеевдеги кечиктирилгис хирургияга жөнөдүк, балким биздикилер бир нерсени байкабай калышпасын дедим. Мамакеевде септикалык гинекология бөлүмү да бар. Аякка да биротоло көрсөтөйүн дедим. Аны сепсис болгону үчүн эмес, көбүнесе аппендицитке шекшип алып бардым. Аяктан эки хирургга көрсөтсөм, хирургиялык эчтеке жок дешти. Септикалык гинекологияда иштеген Дүрбөлөң Алмалиевнага көрсөттүм. Бизде төрөт болду десе эле сөзсүз сепсисти ойлошот. Гүлбарчынды төрөткөн Сулайманкулованы да чакырдым. Чогуу көрөлү дедим. Дүрбөлөң Алмалиевна кайдан укканын билбейм, "бул жогору жактын кишиси турбайбы, ооруканага алыш керек да, операция жасап, жатынды алыш керек" деди. Мен ага жол берген жокмун. Бул жаш болсо, баласы чарчап калса, кайра төрөш керек, кандай гана болбосун жатынды сактап калыш керек дегенди ойлодум да, дароо эле үчүнчү гинекологиянын башкы врачына чалып, болгонун айтып, дарылатайын дедим. УЗИге салып, сепсиси жок экенин билдик. Ошентип үчүнчү гинекологияга алып келип, аны карасын деп тууганы менен кошо жаткырдым. Өзүм күнүгө кирип карап турдум. Куймулчак сынганы жөнүндө сөз кийин чыгып калды. Ал качан сынганын мен айталбайм". Минагүл Сулайманкулова: "Гүлбарчын баш-аягы эки жарым саатта төрөдү. Суусу кетип, даяр болуп келиптир. Ыйынуу убактысы 25 мүнөт болгон. Ошол убакта баланын жүрөгүнүн согушу даана болбой калды. Төрөттү тездетүү үчүн бала чыга турган жерди кестик. Баланын абалы 6-7 балл болуп төрөлдү. Эртеси эле энесине эмизүүгө берилген. Баланын абалы оор болсо энесине беришпейт эле. Беш күн роддомдо болуп, үйүнө чыгып кетишти. Андан кийин демалыш күнү эртең менен мага Кубанычбек Сатындиевич чалып, "баланын жүрөгүнөн шум угуп атышат" деди. Ошол күнү Светлана Моңолбаевна деген тажрыйбалуу врач дежур болуп атты эле, аны ээрчитип келип текшерттик. Ал текшерип, шум жок деди. Албетте, ушундай эл керегине жараган адамдын баласы ушинтип калганы үчүн күнөөбүз болсо-болбосо да өзүмдү баарыбир жоопкер сезем. Бирок бала төрөлгүчө бойдон беш жолу козголуптур, жүрөгүндө тубаса порогу менен төрөлүптүр. Эгерде тубаса порогу болбосо, кийинки ооруну жеңип кетмек. Балага сепсис кайдан жукканы жөнүндө эч нерсе айталбайм. Ошо күнү бизде он төрт бала төрөлгөн. Алардын бирөө да ооруп, бул жакка кайрылган эмес. Бардык документтер турат. Гүлбарчын бизде жатканда бир да жолу эч нерсеге арызданбаптыр. Отура албай атам, жамбашым ооруп атат деген сөз дегеле болбоптур. Куймулчак сынганда аял бутун сүйрөп, отуралбай калат. Гүлбарчын болгону 25 мүнөттө төрөсө, ал сынды деген сөз кайдан чыкты? Бул сөз кийин чыкты. Буга ишенбейм. Сепсис жөнүндө сөз болуп атат. Аны дарылоонун бир эле жолу бар, инфекциянын очогун, чириген органын алмайынча, ал эч качан жакшы болбойт, бир жума ичинде өлүп калышы мүмкүн. Сепсис - бул канга жуккан инфекция. Отуз үч жылдан бери сепсис болуп ооругандарды күндө көрөм. Мамакеевге Гүлбарчын барганда мен да баргам. Ошол жерден дарылоо жөнүндө сүйлөшкөнбүз. Эгерде сепсис болсо Мамакеевден эле эмес, үчүнчү гинекологиядан деле жатынын алып салмак. Шишик, сезгенгени бар экен, ошону дарылашыптыр. Жатын алынбагандан кийин эч кандай сепсис болгон эмес. Эми кичинекей наристе чарчап калыптыр. Буга ким күнөөлүү экенин сот чечет. Анан төбөбүздө Кудай турат го. Ушунча жылдан бери ыракматтан башка сөз угалек элем. Албетте, өтө аянычтуу иш болду. Ата-энеси абдан куштар болуп, баланы күтүп жүрүшкөн экен". Көрүнүп тургандай, Г.Исмаилова менен дарыгерлердин айткандары бири-бирине карама-каршы. Эгерде баланын тубаса жүрөк оорусу болсо, Г.Исмаилова жети жолу УЗИге түшкөндө, №2 төрөт үйүндө бойдон түшүүдөн сактанып жатканда, дарыгер дайыма көрүп атса, эмне үчүн ошондо билинген эмес? Бул иш боюнча эки жолу эксперттик комиссия түзүлүп, төрөгөн эненин, баланын абалы изилденип, наристе эмнеден чарчап калганы жөнүндө, ага эмнелер себеп болгону жөнүндө кенен айтылган. Мисалы, бала төрөт үйүнөн чыккандан кийин участкалык врач келип баланы бир да жолу көргөн эмес. Бала катуу ооруп, Жалдагы балдар ооруканасына түшкөндө, анын кан группасы белгисиз болгон. Айтор, эне жаштык кылып, дарыгер дыкат карабай, эки жакта тең шалаакылык байкалып турат. Бирок, бир жактуу күнөөлөбөй туралы. Бул иш сотто адилет караларына ишеним чоң. Аскер САКЫБАЕВА |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|