ТВ-маек

Зарина УМЕТАЛИЕВА:
"Жаштардын кош никелүүлүккө макул экенине таңгалдым"
Улуттук биринчи каналдын "Ала-Тоо" программасынан жаңылык күткөн, маалымат билгиси келген адам, ал жердеги айчырайлуу алып баруучулардын аты-жөнүн, иш жөндөмдүүлүгүн гана билбесе, алардын ички жандүйнөсүн, жашоого, саясатка көз карашын, жекече турмушун теледен биле албайт эмеспи. "Агымдын" бүгүнкү мейманы - "Ала-Тоо" программасынын орусча чыгарылышынын алып баруучусу Зарина Уметалиеванын сыр сандыгын ачууга аракеттендик.


- Кесибим юрист. Улуттук университеттин юридикалык факультетин аяктагандан кийин Юридикалык академияга сабак берүүгө чакырышкан. Эмгек жолумду мугалимдик кесиптен баштадым десем болот. Ал жерде иштеп жүргөндө Улуттук телевидение алып баруучулукка кастинг жарыялап, биринчи жолу үйбүлөлүк көйгөйлөргө байланыштуу катыша алган жокмун. Экинчи жолку кастингге катышып, өтүп кеттим.
- Эмне үчүн юрист болуп туруп, журналисттик кесипке өтүп кеттиң? Учурда юрист, экономисттерди престиждүү кесип деп эсептешет го?
- Ушул суроону өзүмө бир нече жолу бергем. Учурда УТРКда алып баруучулук милдетти аткарсам, ошол эле учурда Юридикалык академияда окутуучу болуп иштейм. Андан тышкары аспирантурада окуйм. Юристтерди деле чыгармачыл адам десе болот. Телевидениеде иштегенден бери чыгармачылык жакшы идеялар, ойлор келет. Эң негизгиси, чыгармачылык менен иштөө абдан кызыктуу. Мен юристминби же журналистминби, айырмасы жок.
- Мурда эл алдына чыгып, алып баруучулук милдеттерди аткарып жүрчү белең?
- Бишкек шаарындагы ?38 мектепти аяктагам. Окуучулук күндөрдө абдан активист болчумун. Мектептеги ишчараларга катышып, концерттерде алып баруучулук милдеттерди аткарып калчумун.
- Биринчи жолу эфирге чыккан учуруңда толкунданып, сүрдөп, туура эмес сөздөрдү сүйлөп алган учуруң болду беле?
- Ооба, болгон. Адегенде башка чыгармачыл чөйрөдө иштөө, ал жерге көнүү кыйынчылык алып келген. Чыгармачыл адамдарда интригалар көп болот дешет. Бирок, чыгармачыл адамдардын арасында эле эмес, мындай кырдаал башка жерлерде деле бар. Мен бирөөлөргө анча ачыла бербеген адаммын. Ошондуктан көп нерселерге көңүл бөлбөйм. Жаңы иштеп жүргөн кезде толкундануу, чочулоо сезими көп болчу. Жумушка жакшы эле барам, а эфирге чыгарда кадимкидей толкунданып кетчүмүн. Эмнеге мындай деп, өзүмө да таңгалчумун. Кийинчерээк көнүп кеттимби, айтор, ортодогу тоскоолдуктар, толкундоолор акырындап жоголуп кетти. Азыр бардык кырдаалды үстүртөн карайм. Мүмкүн журналистикалык чөйрөгө биринчи жолу аралашып атканга көп нерселерди анча түшүнбөгөн чыгармын деп да ойлойм. Кийинчерээк алар менен аралашып, көнгөндөн кийин бардыгы жеңил болуп калды.
- "Ала-Тоо" программасын алып барган учурда башка журналисттердин сага жакпай калган сюжеттери же тексттери болуп калабы?
- Тилекке каршы, мындай учурлар көп кездешет. Журналисттер даярдаган кээ бир сюжеттер, тексттер жакпай калат. Бирок, программа түз эфир болгондуктан текстти өз убагында берсе, окуп, бир сыйра карап, таанышып чыгабыз. Ошондо көңүлүңө жакпаган жерлерин оңдоп, түздөп, редакциялап алабыз. Кээде тексттерди караганга да мүмкүнчүлүк, убакыт болбой калат. Ошондон улам жакпаган тексттерди айла жок, ыңгайсыз абалда окууга туура келет.
- Теледен өзүңдүн жашыңан кыйла жаш көрүнөсүң. Эки балаң бар деп эч ким ойлобосо керек, жаш кыз деп тийишкендер болобу?
- Телеге жаңы келгенде эки балам бар, жашым мынчада деп айтсам, эч ким ишенген эмес. Жашыма карата көп комплименттерди айтышчу. Албетте, бул мага жагымдуу маанай калтырат. Бирок, мага телефон чалып, чектен тыш тынчымды алгандар болбойт.
- Жаңылбаган адам болбойт эмеспи, ишиңен анча-мынча жаңылып калсаң, сен юристсиң, журналист эмессиң да деген учурлар кездешти беле?
- Адам кесипти тандап, окугандан кийин, анын көкүрөгүндөгү чыныгы каалоосу эмне экенин билбей калышы да ыктымал. Кээ бири көкүрөгүндөгү каалоосун өз убагында ачып алат, кээси ошол бойдон ачылбай кала берет. Ошондон улам кээ бири экономист же программист болсо да, мыкты ыр, же чыгарма жаза алат. Менин тааныштарымдын арасында деле адегенде башка кесипти окуп, кайра таптакыр ага коошпогон ишти аркалап жүргөндөр бар. Эгерде чыгармачылыкка жакын болсоң, эмне үчүн аны андан ары өркүндөтүүгө болбосун. Адегенде журналист болуп иштей баштаганда мага да ошол сыяктуу сын-пикирлер айтылган.
- Улуттук телевидениенин журналисттери чет мамлекеттерге иш сапар менен баргандарын көрүп жүрөбүз. Сен да барып каласыңбы?
- Азырынча чет жактарга иш сапар менен чыга элекмин. Бул жерде иштегениме көп убакыт бололек, ошондон улам болсо керек.
- Чет өлкөгө барууга мүмкүнчүлүк болуп калса, кайсы мамлекетти биринчи көрүүгө ашыгат элең?
- Эгерде ошондой мүмкүнчүлүк болуп калса, Римге бармакмын. Негизи мен тарыхый, эски шаарларды, мамлекеттерди көрүүгө кызыгам. Мисалы, Индиянын тээ илгертен келаткан маданияты, тарыхы кызыктырат.
- Улуттук каналдын алып баруучу сулуу кыздары Кыргызстанга төбөсү көрүнгөн белгилүү бай адамдарга турмушка чыкканын көрүп жүрөбүз…
- Мындай кырдаалга кабылган ар бир адамдын өз ой-пикири болсо керек. Мисалы, алардын биз билбеген сырлары бар. Мүмкүн алардын ортолорунда бийик сүйүү болгондур. Алардын ички жашоосуна, жеке турмушуна кирүүгө акыбыз жок. Эгерде алар бирин-бири сүйүп, жактырышса эмне үчүн баш кошконго болбосун.
- Дегеле, кош никелүүлүккө кандай карайсың?
- Учурда кош никелүүлөр көп. Мен аларга сынтагып, сындаганга акым жок. Ушул маселе боюнча Жогорку Кеңеште да көп жолу талкуу болгонун билебиз, өзүм да көпчүлүктүн оюн билүү максатында сурак жүргүзгөм. Ошондо кээ бир аялдардын айткандарын угуп, алардын оюна кошулгам. Жаңы өсүп келаткан жаштар кош никелүүлүктү туура деп кабыл алышарын угуп таңгалдым. Мүмкүн акыркы мезгилдерде мечиттердин көп салынышы, диндин күч алышынан уламдыр. Алар куран окуп, намазга жыгылып, аң-сезими ушундай ойго калыптангандар деп ойлойм. Мындай маселе Советтер союзунда таптакыр терс көрүнүш эмес беле. Азыр болсо бул маселени кадыресе көрүнүш катары кабыл алабыз. Советтер союзунун тарбиясын алып калган улуу муундун көпчүлүгү мындай көрүнүшкө каршы пикирин билдирген. Ал эми эркектерден ушул тууралуу сураганымда аргументтештирип, ар кандай себептерин түшүндүрүүгө аракеттенишкен. Бирок өзүм бул тууралуу ойлонбоптурмун. Болгону ошол кезде элдин пикирин гана уккам.
- Учурда жаш жигиттердин сакал-мурут коюп, кыздардын хиджаб кийгендерин көрүп жүрөбүз, булар жөнүндө ой-пикириң кандай?
- Сен кайсы динде болсоң да, Кудай бир. Азыркы жаштардын динге өтө берилип кетиши, коомчулукту чочулатууда. Кээ бир кичинекей айылдарда экиден мечит бар экен. Динге берилгендердин көпчүлүгү кыска, бир эле багытта окуп, сырттан эч кандай маалымат алгылары келишпейт. Кээ биринен дин тууралуу сурасаң билими тайкы, башка диндер жөнүндө эч нерсе билишпейт. Ошондуктан бир эле багытты тандап албай, дүйнөдө эл кызыгып, аралашып жаткан нерселерден маалымат алып, башка билбеген неселерге умтулганы жакшы го. Биз XXI кылымда жашап атабыз. Жашоодон артта калбашыбыз керек.
- Адамдын жандүйнөсү жабыркап, жашоосуна кара булут айланып, кайгырган учурлар кездешет эмеспи. Жашооңдун кайсы мезгили кыйналган учурга кездешти эле?
- Жандүйнөм кыйналган учур болгон. Мүмкүн бул менин мүнөзүмөндүр. Себеби, көпчүлүк учурда артка эч качан кылчайып карабайм. Астыга бир кадам басып, артка эки кадам кеткендердин катарына кирбейм. Ошондуктан жашоодо бир нерсеге чечим чыгарарда мага жеңил болушу мүмкүн. Башыма кыйынчылык түшүп, жандүйнөм кыйналганда да мен башка жолду тандаган жокмун. Дайыма алдыны, келечекти гана ойлойм. Жашооңдун ар бир тажрыйбасынан сабак алсаң болот. Менин ар бир кыйналганым, кайгырганым жашоого башкача көзкараш, алдыга умтулууга түрткү берди. Убакыт өткөн сайын көзкарашың, мүнөзүң өзгөрөт, калыптанат.
- Эң алгачкы сүйүү сезимине кабылган кезиңди эстей аласыңбы?
- Биринчи сүйүү жөнүндө айтуу мага дайыма кыйынчылык туудурат. Себеби, сүйүүнү ар ким ар башкача кабыл алат. Кээси эмоциясын сыртка чыгарып, а кээси тескерисинче тымызын, эч кимге билгизбей, ичинен сызып сүйүшөт. Мектепте окуп жүргөндө курбу кыздарымдын сүйүү жөнүндө сүйлөгөндөрүн, алардын ыйлаганын, кубанганын көрүп, баардыгын көз жаздымда эле калтырчумун. Менде алардыкындай учур болгон эмес. Бирок, мектептеги классташ балдар кат жазган учурлар болгон. Мүмкүн мен сүйүүгө ошол кезде анчалык маани берчү эмес белем. Мектепте, университетте окуп жүргөндө анчалык чоң сүйүүнү сезген жокмун. Анткен менен сүйүүнү башыма келгенден кийин гана кечирээк түшүндүм. Албетте, өспүрүм же өтө жаш кезимде эмес, мүнөзүм токтолуп, жашым жогорулаган кезде гана түшүндүм. Бирок, бул сүйүүнү мен алгачкы, биринчи сүйүү деп айталбайм.
- Балдарыңды тарбиялайм деп урушуп, кайра жүрөгүң ооруп калган учур болобу?
- Ооба, андайлар болот. Улуу балам Нурхан 7де, кичүүсү Рамазанга 1 жаш 2 ай болду. Эс кире баштаган балдарды эркелетип, ою менен болуп койсоң, ал кайсы жерде болбосун, каалаганын жасап, сөз укпай калышы мүмкүн. Мисалы, менин улуу балам чоң ата, чоң апасы абдан эркелеткенден пайдаланган учур болуп калат. Бул мага жакпайт. А мен балдарыма катуурак, бекем тарбия бергенге аракеттенем. Баланы тарбиялап, аны адам кылып чоңойтуу - абдан жоопкерчиликтүү жана татаал процесс. Дайыма эле балдарымдын маңдайында отуруп, тарбия берүүгө убактым тар. Ошондуктан убактымдын жетишинче алардын жанында болуп, көңүл бөлүп, эс алчу жайларга алып барып турам.

Назгүл КАЛМАМБЕТОВА













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan