Токто, көзирмем!

Ырчы, обончу Шеркул ДҮЙШӨНАЛИЕВ:
"Осмонкул оозуңа түкүргөн деди…"
Өткөн кылымдын сексенинчи жылдары "Күнөө сенде эмес, күнөө менде эмес", "Булактагы кездешүү", "Табигат сыры", "Кумар көз", "О, селки" жана башка ырлары менен атагы чыккан обончу, аткаруучу Шеркул Дүйшөналиев акыркы мезгилдерде чыгармачылыктан алыстап, сахнага чыкпай калган эле. Бир кезде жарк этип чыгып, билинбей жок болуп кеткен таланттын учурдагы чыгармачылыгы, үйбүлөсү, сүйүүсү тууралуу кепке тарттык.

- Чыгармачылыктан алыстаган жокмун, ошол жолдо эле жүрөм. Адам баласы убакыттын кантип өтүп атканын билбей калат экен. Айтор, убакытты кармай албай атабыз. Келечекте элге тартуулай турган жакшы, чоң идеяларым, чыгармаларым бар. Мындан үч-төрт жыл мурун ушул идеям тууралуу элге айткан элем. Ошол идеянын убакыт-сааты жакын арада чыгат деген ойдомун. Жалпы журтубузду чогултуп, ыйык адамдардан бата алсакпы деген жакшы тилегим бар. Азырынча аны айтпай турайын.
- Сахнага чыгып, публикада жүргөн адамдар чыгармачылыгын токтотуп койгон кезде сахнаны сагынышат го, сизчи?
- Сахнаны сагындым. Жаңы ырларым бар, ошол ырларым менен чыксамбы дейм, мына чыгам, ана чыгам деп коюп, убакыттын кантип өтүп атканын билбей калат экенсиң. Ушундай заманда бизнес менен да алек болбосоң болбойт. Кээде он күндүк иш сапарга кетүүгө туура келет. Учурда жеке бизнес менен алектенип атам.
- Адам чыгармачылыгы менен жанын багууга болобу?
- Албетте, болот. Кудай жараткан чыгармачылыгы менен адам жашап кеталат. Эл сени кадырласа, аракеттенсең, Кудай сага нурун берсе, ырың көпчүлүккө жакса бир эле күндө адам баласы миллионер болуп калышы ыктымал. Эгер элиң чыгармачылыгыңды жактырбаса бир күндө банкрот болуп калышың мүмкүн. Чыгармачыл адамдын тагдырын эл чечип коет.
- Сизди Шеркул Дүйшөналиев деп элге тааныткан чыгармаңыз кайсы?
- Чынында ар бир чыгармачыл адам бул дүйнөгө жөн келбейт. Ар биринин өзүнүн "чымындары" бар. Алардын Кудайдан келген нуру, келечеги болот. Адам жалкоолонуп, тагдырдын берген насибин алалбай жүрсө, аны Жараткан өзү жазалап, тарбияга салат го деп ойлойм. 1980-жылдары Чоро Кожомжаровдун ансамблинде иштедим. Анда боз улан жаш балдар элек. А чыныгы чыгармачыл жолго 1986-жылы келдим. Ошол кезде ырдаган ырларымдын көбү хит-ырларга айланган. Көп эле ыр жараттым, бирок, элге сиңе турганы саналуу гана болот экен. Ошол ырлар менен элдин жүрөгүндө жашайсың.
- Улуу ырчылардан бата алып, же ошолорго таасирленген учурлар болду беле?
- Кичинекей кезимде ырчылыкка болгон жөндөмүмдү ыраматылык энем байкап, Осмонкул Бөлөбалаев атаңан бата тилеттирсем болот эле деп айтып калчу. Ал кезде Осмонкул Бөлөбалаев улгайып калган кези. Бир жолу кечке маал анын эс алып паркта жүргөнүн энем көрүп калыптыр. Мен ошондо жетиде болсом керек. Апам: "Тигине, Осмонкул атаң турат, барып бата алып кал!" деп мени далыга түртүп, жөнөтүп жиберди. Мен чуркап барып: "Ата, батаңызды бериңиз!" деп сакалынан кармалап, мойнунан кучактадым. Энем: "Ошондо Осмонкул Бөлөбалаев оозуңа түкүргөн" деп айткан. Бата бергенин билем, бирок, оозума түкүргөнү эсимде жок. Мүмкүн келечекте чыгармачыл адам болуп калышыма анын да касиети тийдиби деп ойлойм.
- Журтчулукка обондуу ырларыңыз менен таанылдыңыз. Мамлекет тарабынан эмгегиңиз бааланып, сыйлык алдыңызбы?
- Отуз алтыга чыкканда "КР эмгек сиңирген артисти" болдуң деп ыраматылык Асанкан Жумакматов айлыгымды көбөйтүп, сыйлыгымды куттуктап жоро-жолдошторум машине тартуу кылышкан. Ошондо машинеден авария болуп, кырсыкка кабылдым. Кырсыктан кийин ден соолугуман ажырап, наам да, чыгармачылык да калды. Сахнага чыкпай калганымдын бир себеби да ушул болду. Мени операция жасаган хирург да сиздин тирүү каларыңызга ишенген эмесмин деп айтып калат. Машинеде төрт адам элек, Кудайга шүгүр, баарыбыз аман калдык.
- Акыркы мезгилде чыгып аткан ырчылар тууралуу ар кандай сын-пикирлер айтылууда, сиз аларга кандай баа бересиз?
- Сахнадан түшпөй акча табуу, дайыма электеги ырларды ырдап туруу азыркы жаштардын түшүнүгү болуп калды. Көпчүлүгү четтен келген ырларды окшоштуруп ырдашат. Атүгүл азыркы кээ бир ырчылардын ырларында менин ырларымдын кайрыктары жүрөт. Чыгармаңды өз балаң сыяктуу таанып каласың. Угуп алып таңгалдым. Менин эле ырларымдын кайрыктары эмес, Асанкалый Керимбаевдин, ата-тектен келаткан ырлардын кайрыктары бар. Же ошондой ыкманы мода кылып алыштыбы, түшүнбөйм.
- Сизге окшош уулдарыңыздын сахнада ырдап жүргөнүн көрүп атабыз.
- Учурда уулумду күлүк таптагандай эле чыгармачылыгына жардам берип, аракеттенип атабыз. Анын келечеги алдыда. Уулум Бекжандын үнү, өң-келбети, баскан-тургандары, мага куюп койгондой окшош. Аны менен сыймыктанам. Ал өсө турган жигит. Ага көбүрөөк ырдап чыкпайсыңбы десем, сахнага тоюнганча ырдашкандар ырдашсынчы, анан мен чыгайын деп коет. Дагы бир уулум Рустам Астанада лидер ырчы болуп жүрөт деп угуп, сүйүнүп атам. Рустам менен Бекжан бири-бирине абдан окшош.
- Көпчүлүккө сиздин үйбүлөңүз табышмак сыяктуу…
- Ыраматылык апамдын кадырына бир сөз айтып өткүм келет. Аты Чолпон эле. Ал балдарына оор көтөртпөй абдан эркелетип, чыныгы энелик милдетин аткарып өстүрдү. Он жыл бала көрбөй, барбаган доктуру, бүбү-бакшылары калбаптыр. Акыры айылда төрөбөгөн бир келин экөө Арашандагы ыйык жерге барып, зыярат кылып келишиптир. Ыйык жерге жакын суунун так ортосунда таш болуп каткан төө менен катар ыйык китептер бар экен. Анын да өзүнчө бир уламышы бар дейт. Таң атканча жанагы төө озоңдоп, боздоп чыкканы апамдын кулагына угулуптур. Ал эми апам менен барган келинге угулбаптыр. Ошол бойдон алиги келиндин согончогу канабай, апам жети бала төрөдү. Ал эми менин үч эркек, бир кызым бар. Бактылуу үйбүлөбүз.
- Баардык бала биригип жалгыз эненин сүтүн актоо кыйын дешет, а сиз кичине болсо да энеңиздин сүтүн актай алдым деп эсептейсизби?
- Эненин сүтүн бала эч качан актай албайт. Эне - ыйык. Энени кылымдар бою мойнуңа көтөрүп жүрсөң да анын бир тамчы сүтүнүн касиетин актай албайт экенбиз. Ошондуктан аялзатын, энени сыйлай билсек деген тилектемин.
- Сизди мыкты мергенчи, үйүнө тайгандарды кармайт деп угабыз.
- Мергенчилик ата-тектен бери кан менен келаткан генетикалык жакшы өнөр. Мен таякемди тартып калыптырмын. Ал көзгө атар мергенчи болчу. Албетте, ал таякеме теңеле албайм. Мергенчиликке жоро-жолдошторум менен Нарын, Суусамыр, Аксай, Көл тарапка чыгам. Үйдө тайгандарым бар. Тоого чыгып сөзсүз эле эчки, теке атуу эмес, эс алып, табигаттын сулуулугуна суктанабыз. Тоого чыкканда мөңгүдө уктайбыз, азыр заманбап жакшы чатырлар бар. Мындай чатырлар менен учурда мөңгүлүү аска-зоокада да талаада калбайсың. Жайында көктөмдүү, шибер чөптүн үстүндө балалык кыялдарым тууралуу, чыгармачылыгым жөнүндө кыялданам.
- Жаш кезиңизде ырдаган ырларыңыздын көпчүлүгү сүйүү темасында эле. Дегеле сүйүү эскириши мүмкүнбү?..
- Сүйүү өчпөйт го. Бирок, "колдо бар алтындын баркы жок" дегендей, сүйүүнүн баркын да билбей калабыз. Сүйүү болбосо эч кандай жакшы чыгарма жазылбайт. Мисалы, жолдон сулуу карындаштарды көрсөм, алардын сулуулугуна, келбетине карата ыр жазышым мүмкүн деп ойлойм. Айтор, көкүрөгүмдө эч качан сүйүү өчпөсө экен деп тилейм. Сүйүү - бул Кудай берген өзүнчө касиет. Кээ бир адамда бул сезим тез эле өчүп калат. А сен сезе билсең, демек, чыгармачылыгың дагы бар.
- Бир нече жолу үйлөнгөн адамдарга сүйүү тууралуу суроо бергенибизде "мен сүйүүгө туруктуумун" деп таңгалдыргандар бар…
- Мүмкүн ал адам өзүнүн чыныгы сүйүүсүн таппагандыр. А сүйүү деген кары-жашка карабайт. Балким, адам 60-70ке чыкканда деле чоң сүйүүгө жолугушу мүмкүн. Чыңгыз Айтматовдун "Махабат дастанында" Раймалы аксакалдын жаш кызды сүйүп калганы жазылбады беле. Сүйүүгө чек жок. Адам кечиккен махабатка жеткенде ойлонуп калышы мүмкүн. Асанкалый Керимбаев ырдагандай "Мен жаш кезде кайда элең" деген сыяктуу…
- Учурда чыгармачыл адамдардын арасынан саясатка аралашкандарын көрүп жүрөбүз. Сиз саясатка кандай көзкараштасыз?
- Саясатка көзкарашым түз. Асанкан Жумакматовдун чыгармачыл адам саясатка аралашпашы керек деген тарбиясын алган элек. Биз элчибиз. Ибрагим Жунусов депутат болуп, саясатка аралашып атат. Мен бул ырчыны абдан сыйлайм, жакшылыктарына ыраазычылыгымды билдирем. Ар бир инсанда өзүнчө бир сезим болот. Мүмкүн Ибрагимдин көкүрөгүндө элим-жерим деген сезим ойгонгон чыгар. Эгер ошол сезим ойгонсо, ишин уланта берсин.

Назгүл КАЛМАМБЕТОВА













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan