Чыйырчык кыз Чолпонай
Балачак жана
"Акшоола"
- Балдар ансамблине кандайча болуп кирип калгансың?
- Жаңыдан биз окуй баштаган кезде "Акшооланын" базасы "Сейтектен" чыгып, №64 мектепке карап калыптыр. Музыка сабагынан берген эжейибиз ырдатып, угуп көрүп, мени менен дагы 3-4 баланы хорго сунуштаган. Кийин биздин класстан Төрөкул аттуу бала экөөбүз гана уланттык.
- Хор жетекчиси Гүлмира Эсенгулова менен алгачкы жолугушуу эсиңдеби?
- Алгач даярдоо бөлүмүндө Салтанат эженин жетекчилигинде болчубуз. Ал эми Гүлмира эже менен алгач жолукканым эсимде жок. Ошондо 7-8 жашта болсом керек.
- "Акшоолага" киргендеги эң алгач ырдаган ырың кайсы эле?
- Биринчи күндөрү хор курамында гана болчумун. Алгачкы жеке аткаруумдагы ыр "Уя жасап береличи" деп аталчу. Театрлаштырылган оюнда ырдагам. Ошондон улам, азыркыга дейре хордогулар мени Чыйырчык деп калышат.
- Балалыкты эскергенде кандай жагымсыз нерселер ойго келет?
- "Акшоолага" апам барба деп урушчу. Билгизбей даярданып, акырын каалганын жанына жеткенде "Апа, мен кеттим" деп чуркап кетчүмүн.
- Кайсы окуя сүйүндүрөт?
- Баары "Акшоола" менен байланышкан. Гастролдоп көп чыкчубуз, ал жакта өзүбүзчө КВН ойночубуз. Биздин команда көп учурда жеңип кетчү. Ал эми азыркы продюсерим Эрнистин командасы утулуп калганда кадимкидей бизге кыжырданышар эле. Бир ирет Таласка барып, "Манас ордого" кирмек болдук. Гүлмира эже: "Бул ыйык жер, ойногонуңарды токтоткула" деп калды. Бала болсок да, чоңдорчо олуттуу болууга аябай аракет кылганбыз. Кароол чокуга чыкканда Гүлмира эже Манастан бизге айтып берсе, биз аны кино көрүп аткандай элестетип укчубуз.
- Балабакчага бардың беле?
- Ооба. Бирок, аябай жаман көрчүмүн. Апам, таежемдер бакчанын жанынан ишке өтүшөр эле. Короого чыккан сайын аларды качан өтүшөт деп күтө берчүмүн. Кээде ыйлап атканымды көрүп, алып кетишчү.
- Эң жакшы көргөн оюнчугуң азыркыга чейин сакталганбы?
- Сапсары куурчагым бар. Апам жакшы түйөт, 5 жашымда түйүп берген тумагын азыр дагы ар модага салып кийип жүрөм. Ошол куурчагыма да жашыл көйнөк тигип берген, азыркыга дейре ошол кийими чечилбеген боюнча сакталып жүрөт. Көздөрү гана түшүп калыптыр. Дагы бир Буратино оюнчугум бар, тишим чыга баштаганда мурдун кемирип салыпмын.
Мүнөз, адат,
сезимдер…
- Мүнөзүң тууралуу сага көбүнчө кандай сын айтылат?
- Курбуларымдын айтуусунда, эмоцияга тез берилип, айрым учурда кежирлигим да бар экен.
- Өзүң кайсы кемчилигиңди жеңе албай жүрөсүң?
- Жалкоолук кармап кетмей жайым бар. Сабактан чарчап келгенде чай куюп, печеньеден коюп алып, китеп окуганды жакшы көрөм. Андай кезде кандай концерт, иш-чара пландалган болсо да, үйдөн чыккым келбей калат.
- Адамдын кемчилигин бетине айталасыңбы?
- Эгер жакын адамым болсо, сын айтуунун беш алтын эрежесине салып, кемчиликтерин санап беришим мүмкүн. Таптакыр эле көңүлүмө туура келбеген адам болсо, баарлашуудан качканым жакшы.
- Эмнеден аябай коркосуң?
- Караңгыдан, андан да белгисиз-диктен…
- Эркесиңби же тил алчааксыңбы?
- Аябай эркемин.
- Таарынычың узакка созулабы же бат жазыласыңбы?
- Сатып кеткен учурлар болсо, таарыныч көпкө созулушу ыктымал. Кек сактабасам да, ыгы келгенде көңүл чөгөргөн учурларды ээсине айтып коем.
- Сүйүү дегенди канча жашка келгенде түшүндүң?
- Азыркыга дейре түшүнбөйм. Балким, 60 жашка келип калганда маанисин аңдайттырмын. Азыр бул гормон, эмоция же жөн гана бир адамга көнүп алуубу, айтор, эмне экенин билбейм. Мен Ромео менен Жульеттанын ортосундагыдай махабатка кабылгым келет.
- Эң алгач жигит сезимин билдирген кездеги абалыңды азыр сүрөттөй аласыңбы?
- 14-февралда кыздар арасында ким көп кат алат деген өзүнчө эле "мелдеш" болчу. Айрымдары өздөрүнө өздөрү кат жазышчу. 6-класста көп открыткалар арасында бир чоң кат келгени эсимде. Ушунча катасы көп, бирок, чын дилден жазылган экен. Катар окуган класстардан экенин түшүндүм, бирок, азыркыга дейре кайсы бала экенин билбейм. Кат азыр да сакталуу. Кат жакканы менен, мени ушунча сабатсыз бала жактырабы деп да аз-маз ардангам.
Сөз
- Апаңдын эркелеткен сөзү кайсы?
- Көп эркелетпейт, анткени, бөбөктөрүм бар. Мени же урушат, же кеңеш айтат, же сындайт. Өзгөчө кайсы бир концерттен кийин, сахнадагы ар бир кыймылым анын сынына кабылат. Аябай жакшы көрүп кеткенинде гана "Чолпонайка" деп калмайы бар. Кичинемде таежелерим "жөжө" деп чакырышар эле.
- Лексиконуңда кайсы сөздү көп колдоносуң?
- Паразит сөздөрүм көп деле эмес. Келечектеги журналист болгондуктан, пайда боло калса, аларды дароо жоготконго аракет көрөм. Мурда "короче" дегеним бар болчу.
- Аябай кыжырың кайнаганда, толкунданганда оозуңдан кандай сөз чыгат?
- "Черт, я волнуюсь" деп калсам, анда чындап эле мен аябай толкунданып аткан кезим болот.
- Кандай сөз менен көңүлүңдү көтөрүүгө болот?
- Чын дилден айтылган комплименттер.
- Философ, ойчулдар тарабынан айтылган кайсы сөздү жактырасың?
- "Бир дарыяны эки ирет кечүүгө болбойт" деген сөз бар. Башта маңызын түшүнчү эмесмин. Көрсө, убакыт суу агымындай агып кетет да, ошол эле дарыяны кечсең да, биринчисиндей болбойт тура.
- Өз ысымыңа, мүнөзүңө кайсы фразаны тууралайсың?
- Бир фраза мени толугу менен мүнөздөй албайт го. Бирок, ойлонуп көрүш керек экен.
- Макалдаштырып сүйлөйсүңбү? Кайсы макал жагат?
- Жагдайларга жараша. Эки жыл мурун "Өз башындагы төөнү көрбөй, бирөөнүн башындагы чөптү көрөт" деген макалды жактырчумун.

Собол салган
Айнагүл САПАРБЕК кызы












Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan