Бокс. Экс-чемпион Эвандер Холифилд (Америка) WBA жааты боюнча чемпион Николай Валуев (Россия) менен таймашка чыкмай болду. Бул беттешүү ушу жылдын 20-декабрында Швейцариянын Цюрих калаасында өтөт. Карадан чыккан эр Эвандер: "Валуевди жеңип эле тим болбостон, керек болсо чемпиондук титулумду коргоп да коем" деди. Эске салып койчу нерсе - Валуев профрингде 49 жолу жеңип, 1 жолу жеңилген. Николайды жеңген мушкер Руслан Чагаев азыр "отпускедеги дүйнө чемпиону" деген наамы менен үйүндө отурат. Ал эми Холифилд буга чейин 42 мушташта жеңип чыгып, 9 жолу жеңилип, эки ирет тең чыккан мушкер. Чемпиондук кемер курду төрт жолу жеңген. Бешинчи ирет эңкейип эңип алайын деп белсенип туру, чемпион болуп кетсем деп эңсейт. Эмне демекпиз, экөөнүн жашында да, боюнда да айырма чоң. Теректей бой утабы же теменедей акыл утабы - аны 20-декабрда Цюрих өзү көрсөтөт! *** Профбокста жеңил салмак боюнча дүйнө чемпиону, филиппиндик Мэнни Пакьяо 6-декабрда Американын Лас-Вегас шаарында атактуу "Алтын уул" Оскар дела Хойя менен беттешет. Оскардын салмак чени экинчи жарым-орто категория болгондуктан, Мэнни тамактан тайманбай сугунуп, толо баштаган кези. Тамаша эмес да, дела Хойяга жетиш үчүн эки салмак ченди аттап өтүшү керек. Шахмат. Германиянын Дрезденинде Дүйнөлүк шахмат олимпиадасы өтүп атат. 6-турдан кийин айрым беттешүүлөрдүн абалы төмөндөгүдөй: Аялдар Австрия 1:3 Россия Армения 0,5:3,5 Украина Венгрия 1,5:2,5 Кытай Грузия 1,5: 2,5 Польша Эркектер Россия 3:1 Англия Украина 2:2 Германия Азербайжан 1,5:2,5 Армения Куба 1,5:2,5 АКШ Румыния 2,5: 1,5 Болгария Филиппин 1:3 Испания Финляндия 2:2 Норвегия Биздин шахматчы жигиттер соңку турда Бельгияга уттуруп койду. Эсеби 1,5:2,5. Аялдар болсо Эквадорго уттурду. Футбол. Россиянын жаңы чемпиону - Казандын "Рубин" командасынын "Дордойдун" төрт оюнчусуна көзү түшүп калганы анык болду. Азырынча аты-жөндөрү айтыла элек. Декабрдын орто ченинде "Дордойдун" делегациясы Казанга учуп барып, кароодон өтүшөт. Төлөгөн УРУМКАЛЫЕВ Шыпаагер Медер БИШКЕК Тай-цзи кармашы (Башы өткөн сандарда) Конфуций: "Жакшылыкка - жакшылык, жамандыкка - адилеттүүлүк кыл" деп айткан экен. Чыныгы күчтүү чебер эч качан болор-болбос нерсе үчүн же акча табыш үчүн, элге өзүн-өзү көрсөтүш үчүн эл арасында мушташпайт. Анык тай-цицюань чебери "бои без правил" мелдешине чыкса, атаандашынын убалына калышы мүмкүн. Себеби, анын ар бир соккусу душманын өлүмгө учуратары талашсыз. Ички "цзинь-күчү" душманга тийгенде адамдын териси, булчуңдары көгөрбөйт, бирок ички органдар, сөөктөр, мээ органдары талкаланып дароо иштен чыгат да, абдан катуу жаракат алат. Ошондуктан тай-цзи-цюанчылар эч качан ички күчүн элге жарыя кылбайт. Эң эле алсыз, мактанчаак, аң-сезим деңгээли, рухий сапаты төмөн адамдар гана өзүн башкаларга көркөткүсү келип жар салып, жарыялайт. Тай-цзицюань чебери бир адамды майып кыла муштагандан көрө ошол күчтү, энергияны дарылаганга жумшаса, жүздөгөн кишинин сообуна калат. Эгер аргасыздан мушташыш керек болуп калса, анда тай-цзинин адиси ички энергияны жумшап, бир же онго жетпеген сокку менен душманынын толук жыгылуусуна дуушар кылат. Улуу устат Вон Кью-Кит чоң чемпионатты жеңип алган чемпионго чакыруу таштап, миңдеген элдин арасында өзүн көрсөтүш үчүн эмес, илимий далил үчүн мушташка чыгып, жаш чемпионду оңой эле кулата согот. Эгерде ички энергияны колдонбогондо кары кишинин жаш жигитке (чемпионго) күчү жетмек беле? Кийинчерек Вон устат джиуджитсунун бүткүл дүйнөлүк чемпионатына чыгып, күчтүү чеберлердин тай-цзинин "таранчынын куйругун сылоо" ыкмасы менен жеңген. Ошондой эле Вон устат каратэнин чемпиондорун да эч кыйынчылыксыз жеңген мисалдар көп. Тай-цзицюань чеберин "темирди сыртынан кебез менен ороп койгондой" деп айтышат. Алар булчуңдуу, күчтүү көрүнүшпөйт, тескерисинче, арыгынан келген кадимки эле адам. Сыртынан спортсменге окшошпойт. Кандай гана спортчу болбосун, жашы өтүп улгайган сайын алдан тая баштайт. Бирок тай-цзицюанда андай эмес. Алсыз көрүнгөн аял же 70ке барып калган эне деле эгерде ички "цзинь-күчүн" топтоп алса, менменсинген палвандарды оңой эле тарбиялап, жолуна салып коет. Мага устаттарым айтып беришти эле, Кытайдын кайсы бир шаарында бир нече жигит жаш кызга кол салып тономокчу болушканда, толугунан келген бир кемпир акырын басып келип, ажыратканга аракет кылат. Жигиттердин бирөө түртө салайын деп, кемпирдин бир соккусунан учуп түшөт. Аны беркилер байкап калып, кемпирге кол шилтеп киришет. Чоң апа ички энергиянын жардамы менен баарын аңтарып салат. Тай-цзицюандын жоокердик аспектисин өздөштүрөм деген адам (15тен 70ке чейинки куракта) адегенде сабаттуу устат таап, туура машыгышы зарыл. Бул жерде ци-гун абдан чоң роль ойнойт. Анткени "цзинь-күчүн" ци-гун аркылуу гана иштеп чыкса болот. Ци-гунсуз тай-цзицюань улуу чеберчиликке жеткизе албайт. Чеберчиликке жетиш үчүн ци-гун, туй-шоу, да-люй, сань-шоу, андан сырткары, тай-цзицюань философиясынын инь-янь принциптерин түшүнүп, практикада колдоно билүүсү абзел. Тынымсыз туура машыкса, чеберчилик беш-он жылда жакшы сезиле баштайт. Кытай, япон жетишкен улуу чеберчиликке кыргыз да жетише алат. Ошондуктан оптимист болуп, эркти бекем тутуп, машыгууларды үзгүлтүксүз уланта берсе, чеберчилик акыры өз каалгасын ачат. Тай-цзицюандын 24-формасы боевой аспектилерин иштеп чыкканга толук жооп берет. Адегенде 24-форманы ар бир кыймылын кое бербей, сабаттуу өздөштүрүү зарыл. Кийинчерек сүкүт абалына кирип, терең дем алуу менен кыймылдарды айкалыштырып жасаганга жетишип, андан соң ци-гун техникаларын же комплексти "ци-энергиясы" менен аткарып, "цзинь-күчүн" башкарып, машыгууга өтүш керек. Эгерде 24-форманы "цзинь-күчүн" иштеп чыгуу максатында машыкпаса, анда тай-цзицюань - "тай-цзи бийи" бойдон кала берет. Бирок бул турмушта сөзсүз эле борец болуш максат эмес, жөн гана ден соолукту чыңдап, стрессти денеден кууп, депрессияны жолотпой, аң-сезимди ашыкча ойлордон тазалап, эстутумду чыңдап, "тай-цзи бийинин" ырахатын алып жашагандын өзү кандай бакыт! Анүстүнө бул кыймылдар жаштыкты жана сулуулукту узакка сактап, өмүрдү узартуучу сапаттары бар экендигин унутпашыбыз керек. (Уландысы бар) |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|