Апта астрологиясы Кой (21.03-20.04) Турмушта: Шык-жөндөмүңүздү, ушуга чейин топтогон тажрыйбаң-ызды иш жүзүндө сыноого мезгил жетти. Кызмат тепкичинен көтөрүлүшүңүз мүмкүн. саякат, мейманчылоо үчүн ылайыктуу мезгил. Сүйүүдө: Үйбүлө ичиндеги, жеке мамиледеги пикир келишпестиктерди компромисс жолу менен чечкениңиз оң. Акчада: Каражатты максаттуу пайдалануу кажет. Апта аягындагы иш-чаралар биртоп сумманы талап кылат. Букачар (21.04-21.05) Турмушта: Коопсуздук маселеси биринчи планга чыгат. Чыгармачылыкта биртоп алгы ийгиликтерге жетишесиз. Аптанын экинчи жарымы изилдөө иштери үчүн ылайыктуу. Сүйүүдө: Жеке турмушуңуздун активдүү-лүгү байкалат. Чечкиндүүлүгүңүз, өжөрлүгүңүз менен түгөйүңүздү таңгалдырышыңыз мүмкүн. Акчада: Жеке бюджетиңиз туурасында ойлонуп, киреше-чыгашаларыңызга талдоо жүргүзүү керек. Эгиздер (22.05-21.06) Турмушта: Сунуш-демилгелери-ңизди тартынбастан көпчүлүктүн сынына коюу керек. Маанилүү чечим кабыл аласыз. Ийгилик сиз тарапта, демек, айрым тобокелчиликтерге барууга болот. Сүйүүдө: Жеке турмушуңуздун өнүгүшү жубайыңыздын эле эмес, өзүңүздүн да аракетиңизге жараша болот. Акчада: Аптанын экинчи жарымында салык, мураска байланышкан маселелер ийгиликтүү чечилет. Бөйөн (22.06-23.07) Турмушта: Тажрыйба алмашууга, билбегенди үйрөнүүгө мыкты убакыт. Керектүү маалыматка ээ болосуз. Саламаттыгыңызга кам көрүү үчүн ылайыктуу убакыт. Тийиштүү адистерден кеп-кеңеш алууңуз керек. Сүйүүдө: Жеке турмушуңузду жаңылоодон, өзгөртүүдөн чочулабаңыз. Буга аптанын экинчи бөлүгү ылайыктуу. Акчада: Финансылык маселелердин чечилиши өнөктөштөрүңүздүн аракетинен көзкаранды болот. Арстан (24.07-23.08) Турмушта: Чыгармачылыктын бардык түрү үчүн ийгиликтүү апта. Иштеги да, үйдөгү да татаал, жоопкерчиликтүү маселелерди оңой-олтоң чечүүгө кудуретиңиз жетет. Сүйүүдө: Апта романтикалуу маанайда өтөт. Жагымдуулугуңуз, сөз тапкычтыгыңыз менен бир топ жеңиштерге жетишесиз. Жума аягы өзгөчө активдүү өтөт. Акчада: Жолуңуздагы финансылык көйгөйлөр биртоп убакыт талап кылса да ийгиликтүү аяктайт. Бийкеч (24.08-23.09) Турмушта: Апта бою жашоо ордуңуздун ыңгайлуулугун арттыруу менен алек болосуз. Мында чогуу жашаган адамдардын кызыкчылыгын унутпоо зарыл. Чыгармачылык илхам мезгили. Сүйүүдө: Жеке турмушуңузга көбүрөк көңүл буруу керек. Аптанын экинчи жарымы сөйкө салуу, баш кошуу үчүн ылайыктуу. Акчада: Каражат маселеси аптанын башкы көйгөйүнө айланат. Акчаны туура пайдаланууну үйрөнүңүз. Тараза (24.09-23.10) Турмушта: Максатуу сапарлар үчүн ийгиликтүү апта. Достор менен жолугушуңуз мүмкүн. Ишмердикте өз позицияңызды коргоого туура келет. Ачууга алдырбай, сабырдуулук менен оюңузду бетке айтуу керек. Сүйүүдө: Ишке байланышкан ызы-чуу иште калышы керек. Үйбүлөңүздүн, жакыныңыздын көңүлүн оорутпоого аракет кылыңыз. Акчада: Материалдык абалыңыз стабилдүү. Жума аягында жасалган соода-сатык пайдалуу болот. Чаян (24.10-22.11) Турмушта: Бир топ кызыктуу жолугушуулар күтүлөт. Көңүл сүйгөн адамдар менен баарлашуу маанайыңызды көтөрөт. Сунуштаган долбоорлоруңуз мактоого татыйт. Сүйүүдө: Жакыныңыз менен бирге болууга көбүрөөк аракет кылыңыз. Апта аягы көңүл ачуу үчүн ылайыктуу. Акчада. Финансылык пландар түзүлөт. Аптанын экинчи жарымында ойлоруңуз ишке ашып, кошумча киреше булагына ээ болосуз. Жаачы (23.11-21.12) Турмушта: Өз пикириңизди таңуулай бергенден этият болуңуз. Дүйнө сиздин эле кызыкчылык менен жашабасын эске тутуу зарыл. Аптанын экинчи жарымы өткөн-кеткенге саресеп салып, талдоо жүргүзүүгө ылайыктуу. Сүйүүдө: Жеке мамилеге, үйбүлө турмушуңузга кимдир бирөөлөрдүн кийлигишүүсүнө жол бербеңиз. Акчада: Материалдык абалыңызы чыңдоо үчүн аракет керек. Эринчээктик көп нерседен куржалак калтырышы мүмкүн. Текечер (22.12-20.01) Турмушта: Күнүмдүк тиричилик жумуштарынан эс алууңуз керек. Жалгыздык ойлоруңузду ирээтке келтирүүгө, алдыдагы максаттарыңызды тактоого өбөлгө болот. Апта келбетиңизге кам көрүүгө ылайыктуу. Сүйүүдө: Жеке мамилелер дагы бир тепкичке көтөрүлүп, ал эми жалгыз бой адамдар түгөйлүү болушу күтүлөт. Акчада: Аласа-бересеге так болуңуз. Финансылык иш-аракеттериңиз учурда көпчүлүктүн сынында экенин унутпаңыз. Суу пери (21.01-19.02) Турмушта: Жаңы пландар, кызыкчылыктар пайда болот. Кесиптештер арасында лидерлик сапаттарыңыз айгине. Кеп-кеңештериңиз, сунуштарыңыз колдоого алынып, ишмердигиңиздин ийгилиги артат. Сүйүүдө: Жеке мамилелерде ачык-айкындуулук талап кылынат. Сыр катпаңыз, атургай жакыныңызга кеңеш сурап кайрылсаңыз болот. Акчада: Финансылык пландарыңызды иш жүзүнө ашырууга убакыт жетти. Балык (20.02-20.03) Турмушта: Негизги максат-тарыңызды аныктап алуу зарыл. Аптанын экинчи жарымы ишмердүүлүк үчүн ийгиликтүү. Жума аягында мейманчылап же конок күтүүнү пландаштырсаңыз болот. Сүйүүдө: Жаңы түзүлгөн мамилелер үчүн ийгиликтүү мезгил. Анын андан аркы өнүгүшү сиздин аракетиңизге жараша болот. Акчада: Коллективдүү долбоорлор ишке ашып, материалдык абалыңызды биртоп чыңайт. Көптөн эңсеген буюмуңузду жума аягында сатып алсаңыз болот. |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|