Өзүбүз курабыз

Камбарата жакшылыктын жышааны
Бир канча кубаттуу ГЭСтерибиз бар экенине карабай энергетикалык кризиске туш болгонубуз жаман иш болду. Абал өтө оор. Өлкө энергиясыз калуу коркунучунда турат. Токтогул суу сактагычы жээктен бир канча метрге тартылып, көзгө аянычтуу көрүнөт. Нарын дарыясынын мурдагыдай айбаты жок.


Ушул кырдаал бизди бир гана суунун кубатына таянбастан, кошумча энергия өндүрүү жолдорун издөөгө үндөп турат. Ошентсе да, 18 жылдык тыныгуудан кийин Камбарата-1 ГЭСин баштаганыбыз оозго аларлык иш болду. Жок дегенде казынадагы акчанын бир бөлүгү келечек үчүн жумшалып жатканына ичиң жылыйт. Болбосо, миллиондогон сомдор ың-жыңсыз дайынын таптырбай жоголчу эмес беле.
Энергетика, отун ресурстар министри Сапарбек Балкыбековдун Камбарата курулушуна жасаган иш сапарына маалымат каражаттары да чакырылды. Адатта мындай жүрүшкө өкмөттүк гезиттер гана барчу. Бул ирет менчик гезиттин кабарчыларын да кошуп алганына бир аз таңыркай түштүк. Көрсө Камбаратада иш жүрүп жатыптыр.
Эгер ГЭС салынып жаткан аймакка жакшылап саресеп салсаң, эч бир өзгөчөлүгү деле жок. Кадимки эле кыргыздын бозоргон дөңсөөсү менен коктусу. Ушундай болгон соң, Нарын дарыясын бойлото дагы ондогон ГЭСтерди курууга болот. Каражат эле болсо арзан энергияга карк болуп, элди жумуш менен камсыздай турганыбызды Камбаратанын мисалы көрсөттү.
Учурда Камбарата-1 ГЭСинде 2000 жумушчу эмгектенет. Жумуш убактысы бир суткада 22 саат, жумушчулар 2 мөөнөт менен иштейт. Айлык маяналары орто эсеп менен 10 миң сом. Буга жумушчулар менен сүйлөшкөндө да ынандык. 2008-жылдын 2-январынан бери 60 миң метр куб бетон төшөлгөн. Кытайдан, Россиядан 40 даана кубаттуу техникалар алынып келинген.
Азыр 100 даана кубаттуу курулуш техникалары иштейт. Мындан тышкары 660 тонна металлоконструкциялар жасалган. Камбарата ГЭСинин өзгөчөлүгү - жер астындагы суу агуучу туннелдердин көптүгү. Алардын жалпы узундугу 14 чакырымга жакын. Азыр ошол туннелдердин бүт тарабын бетондоо иштери жүрүп жаткан кези.
Камбарата ГЭСинин курулушун телевизордон көрсөткөн сайын, "Ай, ушу жадатып жиберди" деп маани бербеген жаным башына каска кийип тыным албай иштеп жаткан жумушчуларды көрүп, келмем оозумдан түшкөнүн жашыргым келбейт. Чындыгында жумуш өтө оор. Балыктын кылканындай тордолуп жыш коюлган темир арматуралардын өзү эле не деген мээнет. Ал эми ага төшөлгөн бетончу. Ошонун баары кызылдай акча. Ташып келүү, кыркуу, ширетүү, бетондоо иштерин ойлосоң, бийликтин кайра-кайра "Камбаратаны өз күчүбүз менен куруп жатабыз" деп айтканында маани бар экенине ынанасың. Башканы билбейм, союз мезгилинен бери Кыргызстанда мындай шаңдуу жүрүп жаткан курулушту көрбөгөн жаным, "биз деле киши экенбиз го, колубуздан бир нерсе келет турбайбы" деген ойду көкүрөгүмдөн сыдырып өттүм.
Учурда ГЭС курулушу бир нече участкаларда кызуу жүрүп жаткан чагы. Күн суук. Дарыянын шамалы тынымсыз согуп турат. Ошого карабай куруучулар күнү-түнү иштейт. Баарынан да жер астында иштегендерге кыйын.
Министр Сапарбек Балкыбековдун айтуусуна караганда, азыр жумуштун 45 пайызы бүткөн. ГЭСтин биринчи агрегаты 2009-жылдын 22-декабрында жүргүзүлөт. Россиядан керектүү жабдыктар ташылып жатат. Аларды Камбаратага жеткирүү да оор маселелердин бири. Анткени жумушчу дөңгөлөктөрдү Төө-Ашуудагы тоннель аркылуу өткөрүүгө болбойт. Азыр кантип алып келүү жактары ойлонулуп жатат. Камбаратанын бүтүү кепилдиги катары бюджеттен 2009-жыл үчүн 1 млрд. 800 млн.сом кошумча бөлүнгөн. Курулушка керектүү материалдар толугу менен камдалып коюлган. Бир гана жумушчулардын ыкчам иштөөсүнөн көзкаранды. Эң негизгиси, курулуш иштеринин баары белгиленген графикке ылайык өз мөөнөтүндө аяктоодо.
Эгер Камбарата ГЭСинин курулушу аяктаса, анын кубаттуулугу 360 мегават болуп, жылына 1 млрд. 100 кв.саат электр энергиясын иштеп чыгат. Бирок Камбарата-2 ГЭСи Камбарата-1 бүтмөйүнчө толук кандуу иштей албайт. Анткени, суунун тундурмалары, негизги тазалоочу көлмөлөр Камбарата-1 ГЭСине курулат. Ошондуктан Камбарата-1 сөзсүз курулууга тийиш. Ансыз мээнеттин баары текке кетет.
Бүгүн "Нарынгидрокурулуш" коому кайрадан жанданып ишке киришти. "Биз бул мезгилди 18 жыл күттүк" дейт андагы жумушчулар. Бирок 18 жылда көптөгөн жабдуулар, станоктор таланып-тонолуп кеткен. Эми баарын кайрадан баштоого туура келет.
Канткен менен Камбаратада курулуш иштери сапаттуу жүргүзүлүп жатат. Темирдин баары Россиядан атайын сертификаты менен келип, бул жерде да текшерүүдөн өтөт. Журналисттерге бетондун бекемдигин текшерүүчү атайын аппаратты көрсөтүштү. Куюлганына жети күн болгон бетон 50 тонналык басымга чыдады. Канттан чыккан цементтин бекемдигине ошол жерде ынандык. Анан да цемент менен темир арматура болсо, ГЭС салуу Кыргызстанда жеңил экенине көзүбүз жетти. Себеби шагыл, кум, таш жеринде бар.
Бизди дагы бир кубандырган нерсе - жумушчулардын маанайы болду. Союз убагында орус жетекчилер эмнени айтса ошону жасап, робот сыяктуу иштесек, азыр Камбаратада мындай эмес. Баары өз менчигин куруп жаткандай жан алекетке түшүп иштешүүдө. Ушунун өзү эле элибиздин эмгекчилдигинен кабар берет. Ошон үчүн миллионго жакын кишибиз бөтөн өлкөлөрдө ар кандай оор иштерди аткарып жүрүшпөйбү.
Бизди курулуштун техникалык инженери коштоп жүрдү. Алдын ала эч нерсе даярдалган эмес. Жумушчулар менен сүйлөшүүбүзгө тоскоол болушпады. Ал эми жумушчулар сурообузга кыска жооп беришти. Көрсө, жумуш көп жерде сөз аз болот экен. Ал турсун Камбарата курулушуна балдарыбыз жумуштуу болду деп жергиликтүү эл да ыраазы. Албетте, айыл жергесинде 10 миң сом маяна алуу бүгүнкү шарт үчүн абдан эле жакшы эмеспи.

Келдибек НАЗИРОВ












Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan