Таарыныч таржымалы Темир САРИЕВ, "Акшумкар" партиясынын лидери: "Жең ичинен эч кимди саткан эмесмин" "Акшумкар" партиясынын лидери Темир Сариевдин "Кыргыз демократиясынын шахы" аттуу китеби коомчулук арасында зор кызыгууну жаратты. Китепке сын айткандар да жок эмес. Көп жери чындыкка дал келбейт дегендери да бар. Бирок автор жалаң фактынын негизинде жазылган деп ырастайт. Темир мырзадан айрым пикир келишпеген санаалаштары жөнүндө собол узатсак, адатынча сыпайы гана жооп берди. - Кубатбек Байболов азыркы оппозиция башчыларынын көпчүлүгүнүн президент болуу ниети бар экенин айтып, алардын аракетинен эч бир натыйжа чыкпай турганын белгиледи. Алардын ичинде сиз дагы барсыз шекилди? - Чынында, Кубат Калбекович такшалган саясатчы. Мен ал кишини аябай сыйлайм. Биз баарыбыз чогуу бир партияда жүргөнбүз. Ага-инилик жакшы мамиледебиз. - Бирок ал киши мени жакын санаалаштарым сатып кетти деп жүрбөйбү? - Кубат Калбекович менин позициямды жакшы билет. Кимди ким сатканы - бул өзүнчө чоң саясат. Дагы бир жолу айтам, мен жең ичинен эч кимди саткан эмесмин. Бул сөздөр акыркы убактарда чыгып жатат. Мен расмий адамдар менен жолуккан болсом, бул жөнүндө санаалаштарым ар дайым кабардар болуп турган. - Феликс Шаршенбаевич сиздин китебиңизге ынанбагандай пикирин билдирип, сын айтты. - Мен китепти жазайын деген ой толгоо болуп жатканда, бирөөнү таарынтайын же капа кылайын деген ойдо болгон эмесмин. Китеп баштан-аяк фактылардын негизинде жазылган. 2005-жылдын мартынан кийин Феликс Куловго элдин ишеними аябай жогору болгон. Экинчи жагынан ошол ишеним эмне үчүн аткарылбай калды, мен ушул жагына гана токтолгом. Ар бир саясый учурдун өзүнүн жоокери, баатыры болот. Ошолордун бири Феликс Шаршенбаевич. Ал айрым позицияларда күчтүүрөк, туруктуурак болгондо саясаттын багыты өзгөрүлмөк. Ал эми анын "мамлекеттик резиденциясынын "стекляжка" деп аталган жеринде жолугушуу болгон эмес" деп айтканын силердин гезитиңерден окуп калдым. Ал жолугушуу болгон. Маалымат каражаттарына да чыккан. Ал жерде танып кеткидей эки киши эмес, алты киши болгон. Мен ошол күндүн датасын саатына чейин көрсөтүп айтып атам. - Алмаз Атамбаев менен пикир келишпестиктер жөнүндө маалыматтар бар. Деги эле Атамбаевдин акыркы эки жылдагы аркетине кандай баа бересиз? - Ал мезгилдеги кырдаал таптакыр башка болчу. Мен муну өз китебимде да жаздым. Биз ошол мезгилдеги кырдаалды туура колдонуп, саясый акыбалды өзгөртүп алсак болмок. Бирок биртоп окуялар себеп болуп кетти. Бирөө өкмөткө барып, ошол жактан абалды өзгөртөм дегени туура эмес болду. - Сиз азыркы кырдаалды апрель окуясындай эмес деп бааладыңыз. Бирок азыр деле оппозиция арасынан бирөө чыгып Атамбаевдин жоругун кайталасачы? - Азыр негизги багытыбызды тактап алышыбыз керек. Ал Кыргызстанды өнүктүрүү багыты болушу керек. Мен кандайдыр бир адамдарга кепилдик бере албайм. Бирок, кырдаалга жараша мамиле кылыш керек. Былтыр март айында президент менен кенен сүйлөштүм. Ошондо мен Кыргызстанда болуп аткан саясатты өзгөртүү, жаңы саясат, жаңы бийлик маселелери боюнча айткам. Эгер президент экономиканы өнүктүрүү, коррупция, жат көрүнүштөрдү түп тамырынан бери жоготуу чакырыгы менен элге чыгып, ошого жараша аракеттенсе, бүгүн акыбал башкача болмок. Ошондуктан бийликке он акылдуу адам келсе да, эч нерсе өзгөрбөйт. Эгер оппозициядан акылдуу бирөө-жарым чыгып өзгөртөм десе, аны да көрө жатарбыз. - "Жаңы Кыргызстан" партиясынын жаңы жетекчиси Исмаил Исаков менен Марат Кайыпов бийликке сын айтышып, көп өтпөй тескери ырдай башташты. Муну кандай түшүнсөк болот? - Булар өз ойлорун жарым жартылай айтып жатышат. Биз алардын пикирлерин толук билсек, баа бергенге жеңил болмок. Кээ бир учурда алар да курч сөздөрдү айтып жатышат. Ошол Коопсуздук кеңешинин катчысы Исмаил Исаковдун президентке "сиздин жүргүзүп жаткан саясатыңыз менен макул эмесмин" деп тике айтканы көп нерседен кабар берет. Бирок бийликти сындап атып, президентке каршы эмеспиз дегени түшүнүксүз болуп атпайбы. Балким, алар "керегем сага айтам, келиним сен ук" кыязында сүйлөп жатышкандыр… Келдибек НАЗИРОВ Сымбат ШАБАТОЕВА, Руслан Шабатоевдин эжеси: "Суталинов менен тууган экенибиз чын" - Сиз Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Мурат Суталиновду иниңиз Руслан Шабатоевдин ар-намысына шек келтирди деп айыптадыңыз. Себеби, М.Суталинов жашыруун кеңешмеде "мен аны көп жаңжалдардан сууруп чыккам, ал баш-оту менен криминалда" деп айткан экен. Сиз бул маалыматты кайдан алдыңыз жана башкы чекисттин айтканында чындык барбы? - Мени ошол Жогорку Кеңештин жашыруун кеңешмесине катыштырышкан жок. Ал жерде эки саат күтүп отургандан кийин Роза Отунбаева чыгып, "Мурат Суталинов менен туугансыңарбы?" деп сурап калды. Чынында Мурат Абдыбекович менен тууган болуп кетебиз. Анткени, чоң энелерибиз биртууган. Кийин энелерибиздин бири кайтыш болуп кеткенден кийин катташпай калдык. Аны менен иним сүйлөшүп жүрчү. Мурат Суталиновдун сөзүн мага Роза Отунбаева айтты. Мен Суталиновдон инимди кайсы криминалда турат, кайсы жерден чыгарган деген суроолорду берейин десем, жолугушуудан качып жүрөт. Азыр мен стенограмманы таппай жатам. Мага айткан сөзүн Роза Отунбаева да танып кетиши мүмкүн. Зайнидин КУРМАНОВ, ЖК депутаты, Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, адам укугу жана мыйзамдык комитеттин төрагасы: "Мунун айынан согуш чыгышы мүмкүн" - Депутат Роза Отунбаеванын жашыруун кеңешмеде каралган маселени, айтылган сөздөрдү дароо эле кызыкдар адамдарга жайып жибергени - депутаттык этикага туура келеби? Себеби, ал Шабатоев жөнүндө өткөн кеңешмени жарыя кылып жиберген имиш? - Биринчиден, Жогорку Кеңеште жашыруун кеңешмелер өтпөшү керек. Баары ачык болгону жакшы. Бирок мамлекеттик зарылдык болуп калса, андагы маалыматты сыртка айтып чыгуу регламентке каршы, депутаттык этикага туура келбейт. Мунун айынан чоң согуштар да чыгып кетиши мүмкүн. Демократиялык өлкөлөрдө тергөө жүрүп жаткан маселеге депутаттар улам эле кызыгып орто жолдо табылган маалыматты элге ашкерелей бербейт. Азыр бизде ушундай болуп жатат. Укук коргоо органдарын бат-бат чакырып, тергөөнүн жашыруун сырын ашкерелеп жатабыз. Башкача айтканда, артык кылабыз деп тыртык кылып алдык. Тергөөнүн ийне-жибине чейин териштирип, маалыматты элге жайбай аяктагандан кийин биротоло отчет алышса болмок. Башка өлкөнүн парламентинде мындай тажрыйба жок. Мураталы ажы ЖУМАНОВ, Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийи: "Хизбутчуларды" колдобойбуз" - Мусулман жамааты, анын ичинде муфтият "Хизб-ут Тахрир" диний саясый партиясынын мамлекеттик саясаттан айбыккан үчүн эле колдобойбуз деп айтышат. Түпкүлүгүндө алардын исламдагы идеяларын колдошот. Ошон үчүн мечиттерде, мусулман жамааты чогулган жерлерде үгүт иштерин жүргүзүүгө жол берет деген маалыматтын чындыгы барбы? - Бул маалымат туура эмес. Бир эле Кыргызстан эмес, мусулман өлкөлөрүнүн баары бул партияны колдошпойт. Эч жерден колдоо тапкан эмес. Бардык жерде "Хизб-ут Тахрирди" адашкан уюм деп баалашат. Биринчиден, булар жалпы мусулмандардын кызыкчылыгын ойлобостон, өздөрүнүн халифат куруу мүдөөсүн ойлошот. Биз башынан эле облус, райондордогу өкүлдөрүбүзгө аталган партиянын өкүлдөрү мечитте үгүт иштерин жүргүзбөсүн деп тапшырма берип, ага тыюу салганбыз. Кыргызстан мусулмандары жана анын ичинде муфтият диний партияны колдойт деген туура эмес. Келдибек НАЗИРОВ |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|