Алкым ариясы

Бизнес жыттанган мандат

Креслодо олтурган Жогорку Кеңештин депутаты бизнес иштери менен алектенишине мыйзам да, депутаттык этика да жол бербейт. Ал мыйзам чыгаруу бийлигинин өкүлү катары Конституциялык ыйгарым укуктарын туура пайдаланып, аны абийирдүүлүк менен аткарууга тийиш. Эгер парламенттин азыркы курамына көз чаптырсаңыз, эл өкүлдөрүнүн 90 пайызы депутат болгонго чейин бизнестин битин сыгып, ишкердик менен алектенгенин эч кайда ката албайсың. Дал ошол кирешелүү кесиптин шарапаты аларды Жогорку Кеңешке алып келди. Депутат болгон соң ал иштер токтоп калган жок. Тескерисинче, бизнести калкалоочу мүмкүнчүлүгү артып, огобетер өрчүп жаткан кези. Болгону директорлук же төрагалык ордун инисине, аялына, же жакын туугандарына өткөрүп беришти. Андыктан депутаттарга баланча бизнесиң бар деп доомат кое албайсың. Кагаз жүзүндө далилдеп берүүгө болбойт. Болгону, эл өкүлү болгонго чейин кайсы тармакта алектенип жүргөндөрүн айтсак, эл өзү таразалап алат. Анда тамгалык катар менен бысымылда деп баштай берели.

Чолпон Абдуллаева
Депутат болгонго чейин Талас айыл чарба кооперативин түптөп, төө буурчакты чет өлкөгө экспортоо менен бизнес жүргүзгөн. Элдерге пайыз менен акча берип, анысын кредит деп атап, дыйкандардын күздөгү түшүмүн акысына жакшы эле пайызын сыдырып алган. Ал эми арзан алган төөбуурчакты Европага чейин жөнөтүп, наркы доллар түрүндө колуна тийген.
Эрик Арсалиев
Кесиби да, кызматы да жалаң коммерция менен байланышкан депутат. 1996-жылдары менчиктештирүү тармагында эмгектенгени эле көп нерселерден кабар берет. 1999-2001-жылдары авиабизнес менен шугулданып, "Аэролипкс" ЖЧКсын башкарган. "Манас" эларалык аэропортунун президенттигине чейин көтөрүлгөн. Депутат болгонго чейин "Кыргызалтындын" вице-президенти кызматынын өзү эле, бизнестин кайсы түрү менен алектенсе да чоң өбөлгө болорунан кабар берет.
Асанбек Байтиков
Электр жабдыктарын Кыргызстанга ташып келип бизнес жүргүзгөн. Албетте, бул "мамлекеттик" өтө ири бизнес экендиги талашсыз. Депутат болгонго чейин америкалык "Бизнес-Лайт" компаниясында, "Түндүкэлектродо" материалдык-техникалык камсыздоо директору болуп иштеген. Андыктан азыр дагы Сапарбек Балкыбековду жандап жүргөнү бекеринен эмес.
Арзыбек Бурканов
Электр жабдууларын Кыргызстанга ташып келүү боюнча бизнес жүргүзүп, "Лифтин-Азия ЛТД", "Тезаурус", "Русоптторг" ЖЧКларында директорлук милдетти аткарган. 2005-жылдагы шайлоодо Баткенде байлыгын армансыз чачып, "Алга, Кыргызстан" аркылуу депутат болуп келген. Парламентте электр маселеси каралса унчукпай олтурганы ошондон улам.
Сергей Ибрагимов
Эң алгачкы бизнесин "Эридан" ачык акционердик коомунда иштөө менен баштаган. Компания "Бакай", банк "Бакай" Сергей Ибрагимовго тиешелүү. Шампан комбинаты, "Криссталл" сыяктуулар да ушу кишинин атына байланыштуу. Учурда Өзгөндөн мрамор ташын сатуу менен бизнес жүргүзүп турган чагы. ЖК кен байлык боюнча комитеттин төрагасынын орун басары болгондуктан келечекте кыргыз жаратылышынын кайсы бөлүгүн соодалап ийет, аны мезгил көрсөтөт.
Бактыбек Иманалиев
Туризм менен бизнес жүргүзгөн. "Кыргызтур" акционердик коомунун, "Саякат" мейманканасынын директору болуп иштеген. Угушубузга караганда, Ысык-Көлдөгү бир топ эс алуучу жайлардын, тейлөө имараттарынын ээси. Ошол кирешелүү булактарын таштап, депутат болду дегенге акылы тунук киши ишенбейт.
Динара Исаева
Ири бизнесмен, бир канча жеке фирмалардын негиздөөчүсү. Чет өлкөлөргө товар ташуу, товар алып келүү сыяктуу иштер менен алагды болот. Коомчулук аны ири авиабизнес жүргүзгөн айым катары да жакшы тааныйт. Динара Шертаевна ал иштерин азыр да ийгиликтүү улантып жаткан чагы. Депутаттык мандат бизнесине өбөлгө гана болмокчу.
Жаныш Кудайбергенов
Жаныш мырзаны бизнесмен деп атоо туура эмес болуп калат. Ал "Кудайберген" базарынын ээси. Мындан бөлөк бир нече дүкөн, кафе, май куюуучу станциялары бар. Депутат болгонго чейин финансы тармагында иштеген. Акча киреше булагын эбак эле түзүп койгон. Андыктан, эл өкүлү кызматын таяныч катары пайдаланат.
Нурлан Койчубаков
"Азия Транссервис" ЖЧКсынын аткаруу директору, "Унаа-нан" акционердик коомунун төрагасы, ТПФ "ДМК" ЖЧКсынын генералдык директору. Банк иштери, айыл чарба кредити боюнча алектенген. Кайсы жагын карабагын жалаң акча жыттанат. Андыктан депутаттын маянасын арзуу кылып келген жери жок.
Нарынбек Молдобаев
"Руланд Бишкек" акционердик коомунун түзүүчүсү. Мунай менен алектенип, Бишкек шаарына 1 млн.долларга 8000 тонналык резервуар салдырган. Өз каражатына алган троллейбустары бар. Депутат болгонго чейин ишкерлик жана бизнес менен алектенген. Мекенге кызмат кылам деп түр көрсөткөнү менен, өздүк мүдөө оркоюп көрүнүп туру.
Мелисбек Мырзакматов
"Мигрант Сервис" ЖЧКсынын негиздөөчүсү. Карасууда базары бар. "ЮГ Керамзит строй" кирпич заводу, курулуш материалдарын чыгаруучу бир канча ишканалары бар. Түштүк жергесиндеги бай адамдардын бири. Депутаттык мандат мурда чечилбеген маселелерин бир мүнөттө чечүүгө кудайдын амириндей кызмат кылып турган кези.

(Уландысы 10-бетте)













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan