Депутаттын миң кыял

Мурат ЖУРАЕВ, ЖК депутаты:
"Үйүң караңгы, суук болуп турса, кайдагы идеология?"
Жүр ээрчишип кетели өрүкзарга,
Сунушумду суранам четке какпа.
Сүйүүбүзгө жолугуп айлуу түндө,
Сыйыналы бир келген бактыбызга.


Апас Жайнаковдун ушул мукамдуу ыр саптарын укканда түз эле Баткенди көздөй сызгың келет, эй! Ананчы, толукшуган айлуу түндө жалындаган сезимиңди сүйүктүү периңе билдирип турсаң жаманбы? Бирок, эр ортону элүүнү багындырган депутат Мурат Жураев мындай "илдеттен" алыс экен. Эл өкүлү менен курган маегибиздин өзөгүн өрүкзарлуу дубандагы көкөй кескен көйгөйлөр түзүп, сөз арасында СДПК лидери А.Атамбаевдин ишмердүүлүгүнө баа берүүнү жана идеология туурасында кеп козгоону да унут калтырган жокпуз.

- Баткен облусуна шаар статусун ыйгарып, өзүнчө мэрия ачуу туурасында парламентке сунуш түшкөн. Жеке мен бул маселеге башынан каршы болуп келем. Ага объективдүү да, субъективдүү да себеп бар. Баткен Чүйдөгү Кант шаарынан дагы чакан аймак, борборунда 20 миң гана адам жашайт. Эгерде, өрүкзарлуу аймактын структурасы өзгөрүп, шаар статусун ала турган болсо көптөгөн көйгөйлөр жаралат. Эң башкысы, араң жаңы бар экономикабызга зыян кылгандан башка пайдасы жок. Мэрия болгондон кийин өзүнүн бюджети, кызматкерлери болуш керек. Аларга ким айлык акы төлөп берет? Ансыз деле мамказынанын 30%ы чиновниктердин маянасына кетет экен. Минтип бюджеттен олчойгон акча бөлүп, аткаминерлерин бапестеп баккан Кыргызстандан башка мамлекет жок, дүйнө жүзүндө.
Ошол эле Көк-Жаңгак, Сүлүктү жана Исфанага шаар статусу ыйгарылганы көп жоготууларга дуушар болгонубуз маалым. Элеттегилерге жана район тургундарына үлүш жер бөлүнүп берилет. Эгерде, Баткен дубаны шаар аталса, мындай мүмкүнчүлүктөн куру калышат. Үчүнчүдөн, Баткенди шаарга айлантуу үчүн 36 млн. сом бөлүнөт экен. Бул сумма эчнерсеге жетпейт, болгону бир мектеп курулушу мүмкүн. Ал эми план боюнча 27 мекеме салынышы керек. Аларды кайсы акчага курабыз? Болбоду дегенде 2,5-3 млрд. сом бөлүнсө бир жөн.
- Бирок, шаар атын алгандан кийин завод-фабрикалар курулуп, карапайым калк жумуш менен камсыз болот эмеспи.
- Өткөн жылдын октябрь айында президент буйрук чыгарган. Анда майда райондорду ирилештирип, бир административдик аймакка бириктирүү, облустарды жоюу маселеси айтылган. А биздин аткаминерлер президенттин айткан сөзүн тескери аткарып атышпайбы. Туура, шаар статусун алгандан кийин завод-фабрикалар курулуп, жумушчу орундары пайда болушу керек. Бул жерде мындай маселе туурасында сөз кылган жан жок. Көпчүлүк учурда айткан сөз иш жүзүнө ашпай калат. Маселен, өлкө башчысы октябрь айында элге жасаган кайрылуусунда ноябрдан баштап жарык өчпөй тургандыгын убада кылган. Кайрылуу жасардын алдында тиешелүү министрликтер менен кеңешип, алардын убадасын алгандыр. Бирок, президенттин айткандары суу кечпей калганын турмуш өзү далилдеди. Ноябрь айынын жарымынан тартып свет өчүрүлө баштады. Бул президент К.Бакиевдин эл алдында аброю төмөндөгөнүн айгинелеп турат. Буга биринчи кезекте убадасын жүзөгө ашыра албаган министрлик, өкмөт күнөөлүү. Ошондой эле тагдыр Баткен шаар статусун алгандан соң кайталанышы ыктымал. Себеби, бюджетте акча жок. Анан кантип өрүкзарлуу облус шаарга айланмакчы?
Андан көрө башка маселелерди чечип алсак жакшы болмок. Алсак, Нарын, Чүй, Талас аймактарында чегара маселеси чечилген. Бул жагынан алганда, Баткенде абал кооптуу. Тажикстан менен чегарабызды тактай элекпиз. Маселен, Ворух-Чаркоо деген жерде биздин үч айыл өкмөт бар. Айыл тургундары жакшы билбейт, чегара кайсы жерде жайгашканын. Ошонун айынан тажиктер кирип, жүздөгөн гектар жерибизди алып атышат. Ушуга окшогон маселелер Баткенге мэрия ачканда эле чечилип калбайт да. Ырас, шаар статусун бергенден кийин, ошого жараша шарт түзүлүшү керек. Бирок, убактысы келгенде, экономикабыз оңолсо, бул максатыбыз ишке ашат. Азырынча шашылбай турганыбыз оң.
Турмушуң эшек араба
- Минтип жашоо-шартыбыз оорлоп, экономикалык, энергетикалык жана саясый кризиске кабылганыбызга кандай шарт түрткү болду? Биринчиден, башмыйзамыбыздын иштөө жөндөмдүүлүгү начар. Бул конституция жашап турганда криминал, коррупция улана берет. Не дегенде, бизде көзөмөл жок. Башмыйзам президенттин, өкмөттүн жана парламенттин ишин көзөмөлдөп турушу керек. Тактап айтканда, бийлик структурасында тең салмактуулук сакталган эмес. Өткөн чакырылыштагы парламентти мисалга алалы. Ө.Текебаев, Б.Шерниязов, Т.Сариев баштаган оппозициячыл топ менен бийликчил А.Келдибеков, К.Ташиев өңдүү депутаттардын ортосунда айыгышкан кармаш жүрүп, тең салмактуулук бар эле. Мындай шартта атаандаштык күчтүү болуп, иш алга жылат. Маселен, премьерликке Ф.Куловдун кандидатурасын өткөрбөй койдук эле, жыйынтыгында кызматтан кетти. Же болбосо "президент парламентке келсин, үнүбүздү уксун" десек, талабыбыз аткарылчу. А азырчы? Энергетика кризисине министр Балкыбеков кептегенин документ жүзүндө далилдеп атсак да, креслосунда "былк" этпей отурат.
- Демек, ээлеген кызматыңыз көңүлүңүзгө толбойт турбайбы? Андай болсо кесиптешиңиз Рахатбек Ирсалиевдин салтын улап, депутаттык мандатты тапшырып кетип калбайсызбы? Анүстүнө, парламентте социал-демократтардын добушу чечүүчү мааниге ээ эмес.
- Маанилүү маселелерге келгенде чечүүчү добушка ээ болбосубузду билем. Бардыгы бийликчил "Акжол" партиясынын чечиминен көзкаранды. Бирок, "акжолчулар" парламенттин 80%ын ээлегенден эмне пайда тапты? Болгону бийликтин аброюн төмөндөтүп атышат. Башта айтып өткөндөй, Жогорку Кеңеште тең салмактуулук жок. Эгерде, бийликчил партиядан 45-50 депутат, калган орундар эки партияга (СДПК, "Коммунисттер") бөлүнсө, абал таптакыр башкача болот эле. Жашоо бүгүнкү күн менен эле бүтүп калбайт. Өмүр бою депутаттык креслодо чалкалап жата бербейбиз. Тарых алдында, келечек муундардын алдында жооп берчү мезгил келет. Ошондо кимдин ким экени, азыркы аткаминерлердин чыныгы жүзү ачылат.
Жеке мен кызматка көзкаранды болбойм. Бирок, жөндөн жөн эле депутаттык мандатты таштап кетүү туура эмес. Парламентте бийликтин катачылыгын көзгө сайып көрсөтүп турган бир күч керек. Депутаттык креслону таштоочу да мезгил келет. Ошондо биздин партия бир бүтүмгө келип, тарыхый чечим кабыл алабыз.
- СДПК лидери Алмазбек Атамбаевдин позициясы көпчүлүккө түшүнүксүз. Убагында оппозицияда жүрүп, күтүүсүздөн премьер-министрлик кызматка отурганы маалым. Дегеним, социал-демократчыл депутаттардын позициясы лидерге көзкарандыбы?
- Көпчүлүк: "Алмаз Шаршенович позициясынан тайып, бийликке сатылып кетти" деп ойлошу мүмкүн. 2006-жылы саясый кырдаал кандай эле? Кыргызстан граждандык согуштун босогосунда турган. А.Атамбаев көпүрөлүк милдетти аткарып, өлкөнү оор кырдаалдан кан төгүүсүз алып чыкты. Сегиз ай өкмөттү жетектеп, алгылыктуу иштерди аткарды.
- Мисалы?
- Өткөн жылы депутаттар каникулга чыгар алдында өкмөт бюджетке 3 млрд. сом ашыкча акча түшкөнүн маалымдаган. Аны биз керектүү тармактарга бөлүштүрдүк. Ал эми А.Атамбаев кызматтан кетерде мамбюджетке 7 млрд. сом акчаны ашыкча калтырды. Ал эми быйыл каникулга кетип атканда өкмөттөн бюжет көлөмүн 15-20%га азайтуу сунушу түштү. Ушул факты гана Атамбаев өкмөтү Чудинов өкмөтүнөн төөчөлүк өйдө иштегенин айгинелеп турат.
Бейкуттукту берет кыргыз жерине
- Бейкут - тажиктердин сөзү экенин, ал тескери маанини билдирерин айта берип тилим тешилди. Болгондо да бул сөздү гимнибизге кошуп ырдап атабыз. Кыргыз кыргыз болгондон кийин нукура сөзүн колдонушу керек да. Ушул маселени көтөрөм деп көпчүлүгүнө жаман көрүндүм. Же мен айтканымдан кайтпайм, же алар мени түшүнүшпөдү? Ушул маселе козголгондон бери биртоп кырсык болуп кеткени маалым. Бейкуттуктун тагдырын тез арада чечпесек, арты жамандык менен коштолушу ыктымал…

Замандан артта калбаган "бөрүлөр"
- Жаштыгыбыз Совет доорунда өттү. Агезде пионер, комсомолго өтүп, кандайдыр бир духта, идеологиянын астында тарбияланганбыз. Карапайым калк Кудайга ишенбесе дагы, Совет өкмөтүнө ишенчү. Не дегенде, айлык акы стабилдүү, эртеңки күнү оокат-аштан өксүп калбайм деген ишеним бар эле? А азырчы? Бизде идеология жок. Элдин оппозициядан да, бийликтен да көңүлү калган. Башкасын билбейм, жумуштан үйгө кайтып баратканда "свет өчпөдү бекен?" деп санааркайм. Жарык бар экенин көргөндө, кадимкидей сүйүнөсүң, "жок дегенде онго чейин телевизор көрүп, жуунуп-таранып аламын" деп. Мурда электр энергиясына зар болобуз деп ойлончу белек? Башка өлкөлөр экономикабызды өнүктүрөлү, спорт, маданият тармагына көңүл буралы деп жанталашышат. А биздин кейпибиз болсо бул: сууга бай өлкө аталганыбызга карабай, энергетикалык кризиске тушугуп отурабыз. Үйүң караңгы, суук болуп турса, телевизор көрүп, радио уга албаган шартта кантип алдыга жыласың? Анан кантип идеология пайда болот?
Кыргызстандын келечеги аталган жаш муун кайсы духта тарбияланып атат? Алардын ою айтпаса да түшүнүктүү: "Бир кесиптин ээси болуп, жакшы жумушка орношсом. Же болбосо, Россия, Казакстанда иштеп, бутуман туруп келсем…" Болгону ушул. Эгерде, коррупцияга малынбай таза иштейм десе, өмүрү жарыбасын билет. Биздин бүгүнкү коом ушундай оор кырдаалга кептелди. Келечек ээлери "Заманың бөрү болсо бөрү бол, түлкү болсо түлкү бол" жашоо формуласын туу тутушат. Мамлекетимдин өнүгүшү, эртеңи үчүн иштейин деген жаштарды кезиктириш өтө кыйын. Буга ким күнөөлүү? Албетте, биз, бийлик төбөлдөрү, мыйзам жазып, бирок, анысын иш жүзүнө ашыралбаган эл өкүлдөрү. Ойлогон оюбуз, айткан сөзүбүз менен кылган ишибиз дал келбегенине кайгырам. Түшүнгөн адамга мындан өткөн өкүнүч болбосо керек.
Келечегиң кеңби, Кыргызстан?
- Учурда коңшуларыбыз сүйүнүп атат. Не дегенде, биз өтө оор кырдаалда - мамлекет катары жок болуу коркунучунда турабыз. "Кыргызстан эгемендүүлүгүн жоготсо, түштүк регионун, анын ичинде Токтогул суу сактагычын алабыз" деп алакан ушалап туру, өзбек туугандар. Бул жактан казактар кереметтүү Ысык-Көлүбүзгө, жайыты кенен жайлоолорубузга көз артып атыр. Тигил жактан тажиктер турат, Баткендин кен байлыктарына, алтынга, нефтисине кызыгып. Ушунун баарына ким баш оорутуш керек? Акүй, Көкүйдөгү үлкөн чиновниктер, журт башчылары. Мамлекети жок 40 млн. күрттөр жүрөт тентип. Ушундай тагдырга туш болгон 15 млн. уйгур бар Кытайда. А биздин өлкөдө болгону 5 млн. калк жашаса, анын ичинен ашып кетсе 3 миллиону кыргыз. Түшүнгөн адамга, кыргыз - бактылуу улут. Аз санда экенине карабай эркин мамлекет аталып, өзүнүн территориясы, улуттук тили, тарыхы бар. Жаратканга тобо келтирип, Кыргызстан деген чакан мамлекетибизди көздүн карегиндей сактабасак болбойт.
Нурканбек КЕРИМБАЕВ













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan