"Агым", 26.12.08 - 24-бет: • Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Кеңеш ЖУСУПОВ

Күү баяны
Мобу комуздун күүсү XIII кылымда чыккан. Күүнү кыргыздар "Кет, Бука" деп атаган. Бука деген кыргыздарды эзген монголдордун ханы болуптур. Кыргыздар ага оор салык төлөгөн. Монголдор шаарларды кара жерге теңеген, эркек аттууну аскан, аялдарына кара кийгизген. Эл азаптуу, кордукта күн кечирди. Монголдорго акарат кылган кыргыздардын башы кеткен.
Күч колдо жокто эл кантип баскынчылар менен күрөшүш керек эле. Ок менен, күч менен кыргыздар душманга теңеше албайт эле. Ошондо эл комуз менен күрөшкө чыкты. Монголдорго каршы күү чыгарды. Чыгарылган күү монголдордун аскериндеги мыкаачы жол башчысын арбаган күү, элибиздин жат душманга болгон каргышы, жек көрүүсү, күрөшү эле.
Элдик күү момундай окуяны айтат.
Бука хандын баласы аңчылыкка чыгат. Ал ойдогу-тоодогу көзгө илинген жерден кийикти калтырбай кырып салат. Акыры ачкөз, таш боор неме кайберенден мерт болгон. Эми каардуу ханга суук кабарды батынып, жандан кечкен кандай пенде угуза алмак?! Угузган адамдын башы кетери маалым эле. Акыры ким болсо да салт боюнча угузуу керек да. Эми бул ажалга ким барат деп элдин шамы өчүп турганда айылдын аксакалы, азиз комузчусу чыгыптыр. Карыя суук кабарды кантип угузду дебейсизби?
Ошондо карыя комузун алып эл жыйынында, хан алдында отуруп күү чертет. Сиз дагы комуз күүсүн бирпаска угуп туруңузчу, мейманым.
…Бейпил жашоого магдыраган талаага бүлүк түштү. Кара ниет киши сулуулукту, тирүүлүктү башкаларга ыраа көргүсү жок. Ал өзүнүн күчүнө дөөгүрсүйт. Көзү эч нерсеге тойбойт, баарын сором, тыптыйпыл кылам деп оолугат. Акыры кара ниет ойлогондой болбоду. Тирүүлүк менен сулуулук кара ниет адамдын өзүн мерт кылды…
Элдин муң-зарын капар албаган мерез, зулум хан ушу саам комуз күүсүнө түшүнгөн экен. Күү менен элдин кайгысын, муң-зарын айткан. Комуз аркылуу баласынын өлүмүн угузган, элдин каргышын айткан комузчуну хан кечирбеди. Ал ого бетер жинденди. Хан эң оболу комузга, андан соң комузчунун кулагына эритип туруп коргошун куйдурган.
Ошону менен комуздун сайраганы жоголмок беле?! Комуздун күүсүн кандай хан акими токтото алат дейсиз!
Запкы чегип, дүлөй болгон азиз комузчу жетелетип айылдан-айыл кыдырып, белден-бел ашып, жер безип, күү тагдырын улам неберелерине чертип берип жүргөн. Комузчунун армандуу күүлөрү чагылган үнүндөй ой-тоого тараган эле.
Ошондо дүлөй комузчу комуз черткенде асмандан учкан куш комузга келип кончу дешет. Соолуган гүл тирилген дешет. Дүлөйдүн коргошун куюлган комузу ого бетер күүгө келип, дагы эле эл ичинде колдон колго өтүп жүрөт дешет.
Замандаш, комуздун тили жетпес, комузга сыйбас дүйнөдө эч бир кубулуш, эч бир окуя жок экендигине ынандыңызбы? Андыктан кыргыздын жүрөгүндө эмне кубаныч, кайгысы, үмүт-кыялы болсо комузга өткөн.




  Тамшанбай, бизге келгиле!

Адемидеги унутулгус кечтер
Адатта "Агым" жаңы жыл алдында атактуулардын ашканасына башбагып, алардын конок күткөнү, жаңы жылдык тамак-ашынан айтып берчү эле. Бу жолу биз борбордун Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан "Адеми" эс алуу борборуна башбагып, анын мейман күтүү салты, тамак-ашы, көңүл көтөрүүчү оюн-зоогу менен таанышып чыктык. "Адеми" эс алуу борборунун жетекчиси Айгүл Токталиевна НОРУЗБАЕВА борборго келген ар бир мейманды тосуп алып, курсагын гана тойгузбастан, көңүлүн да куштар кылып узатат.

- Айгүл, жаңы жыл босогосунда турабыз. "Адеми" эс алуу борборунун жаңы жылдык ашканасында эмне өзгөчөлүктөр бар?
- Биз адегенде келген конокторго жакшы сый көрсөтө алсак гана алардын көңүлдөрү ток болот деп ойлойбуз. Европанын, Чыгыштын мыкты тамактары, кыргыздын чучугу, казы-картасы, бешбармагы сөзсүз бар. Бешбармактын төрт-беш түрүн тартуу кылабыз. Канаттуулардан индюк, тоок жана башкалардын этинен жасала турган түрдүү даамдар мол.
- Койдун ичеги-кардынан укмуштарды жасайт экен дешет го…
- Койдун ичеги-кардынан мойну койкойгон "өрдөк", узун ичегиден "ажыдаар", даамдуу быжы жасалат.
- Тамак-аш баасына жеңилдик-тери бар экен, мындай болушу мүмкүн эмес эле, булар соо эмес дегендерге не дейсиз?
- Ооба, бизде баалар кымбат эмес. Сиз айткандай жеңилдиктер да бар. Эмне үчүн? Себеби, эң кымбат продукт - жылкынын, уйдун, койдун жана канаттуулардын эти. Буларды Нарындагы жана Бишкектеги өзүбүздүн чарбабыздан алабыз. Ошон үчүн баалар кымбат эмес. "Адеми" аттуу өзүбүз атайын жасаган биринчи, экинчи тамактар, салаттар бар.
- Атайын жасалган өзгөчө ичимдиктери да бар деп угабыз…
- Эч кимдикине окшобогон, алкоголдук ичимдик кошулуп жасалган, кошулбай жасалган, курамы ар түрдүү коктейлдер бар. Тамактан кийин жогорку сапаттагы өзгөчө балмуздактардын, бал, варенье, жаңгак, шоколад кошулган түрлөрүн сунуш кылабыз.
- Курсак го тоет экен, көңүлдү кантип көтөрөсүңөр?
- Атайын ырчылар өз үнү менен келген меймандардын көңүлүн көтөрүшөт. Бийлөөгө, ырдоого ылайыкталган кенен залдын жасалгасы да мыкты. Ал эми 31-декабрда Жаңы Жылдык коноктор үчүн атайын шоу-программа даяр. Батыш, Чыгыш бий түрлөрү, ырлар, оюндар, конкурстар, атайын байгелер меймандарды күтөт. Эң башкы сюрпризибиз жаңы жыл түнү болот. Анын сырын ачпай кое турайын.
- Бишкекте кафеден көп неме жоктой. Силер эмне менен айырмаланасыңар?
- Башкалардан тейлөөбүз менен айырмаланабыз. Ар бир мейманга сылык, мээримдүү мамиле жасалат. "Адеми" эс алуу борбору эки кабаттуу, экиден төрт балкону бар. Бири-бирине окшобогон VIP-кабиналар көп. Алар жашыл, сары, кызыл, мала кызыл түстө. Жумшак эмерек, караоке бар. Жарыкты каалагандай күйгүзсө болот. Аларда 4-8 адам кенен эс алат.
- Жаңы жылдык каалооңуз?
- Элге тынччылык, токчулук, ар бир үйгө жакшылык каалайм. Элде болсо, андан кийин бизде болот деп ойлойм. Келаткан Уй жылы бардыгыбызга молчулукту алып келсин.

Аскер САКЫБАЕВА