Кыргыз гезиттер архиви

  Күлазык

Асанкул ОСМОНОВ, КР эл артисти:
"Брежневди 95 жолу кыргызча сүйлөткөм"
Театрдан ушул кишини көбүнчө бакай калпак кийип, сакалы чубалган аксакал, ал эми "Бөбөк, сенин жомогуң" берүүсүнөн дайыма хандын образында көрөр элем. Балалыкта жаралган көзкарашымда бул киши боорукер чоң ата катары калыптанып калган. Жайында Кырдрамдын жанындагы бозүйдөн бир кезигип, узакка баарлашканбыз. Сааты азыр чыктыбы, кагазга эми түшүрүп отурам. Балким ал киши баарлашканыбызды эсинен да чыгарып койгондур. Мейли, жаңы жылдык белегим болсун.

Театрга кантип келди?

...Туура элүү жыл толду театрдын босогосун аттаганыма. Кыргызча эле өзүбүзчө белгилеп койдук. Көзү өткөн актер аксакалдарыбызга куран окуттум. Өзүмдүн театралдык билимим жок. Айылдан эле келгем. Энем каза тапканда шаарда турган сиңдисинин колуна келдим. Ал Кыргыз драма театрынын актрисасы С.Балкыбекова, КР эл артисти Абдыашым Көбөгөновдун жубайы болчу. Ошол кишилер мени театр дүйнөсүнө аралаштырган.
… Таажездем менен таежемдин колунда чоңоюп, ?5 мектептен билим алдым. Апас Жумагулов, Аскар Какеев классташтарым эле. Алар чоңоюп кетти, мен бар болгону артист болдум. Азыркыга дейре катышыбыз бар. Бирок, эч качан турмушум антип калды, минтип калды деп кайрылганым жок. Баягы эски классташтык гана мамиле сакталса жетиштүү мага.
Учуп көрбөгөн учкуч
…Жеңил атлетика боюнча спорт чеберимин. Киевде авиацияда жүргөндө алгам. Өзүм учкучмун. Бирок, бир да ирет учуп көргөн эмесмин. Томугума эле бир кичине жара чыгып, медиктер учкучтукка жаратпай коюшкан. Реактивдүү самолетту тейлөөчү мастер болуп жүрдүм. Бокска да катышып, катуу утулгам. Ал туурасында кеп салгым келбейт. Азыр шаардын ичинде автобус, троллейбус дегенди билбейм. Шаардын четиндеги 5-кичирайондон театрга дейре жөө келип, жөө кетем.
1-майда үйлөнгөн
… Дасторконум кенен. Маянам жетиштүү. Байбичем, бала-чакам бар. Уулум полковник, бир кызым врач, экинчиси чет өлкөлөрдү кыдырып жүрөт. Кызымдын улуу кызын да өзүмө таандык кылып алгам. 73 жаштын тамагын татып отурам, байбичем менден бир жашка кичүү. Апам 34 жашында 1-майда каза болгон эле. Апамдан калган биртууганыма да эне ордун бассын, майрам күн азадан шаңга өтсүн деген тилек менен дал 1-майда үйлөнгөм. Өзү уз, театрдын бардык костюмдарын тигет. Алгачкы ролду ойноордо костюм ченеткенге барып, таанышып калгам. Азыр "Бакен Кыдыкеева, Даркүл Күйүкова, Сабира Күмүшалиева, Гүлшара Дуулатова эжелерим менин колумдан гана чыккан костюмдарды кийишчү" деп сыймыктанып калат.
Ыр-чыры жок театр эле
…Театрда алгач Дүйшөндүн образын жараткам. Ошондо Чыңгыз Айтматовдун аялы Керээз келип, мага калпак кийгизген. Жазуучу менден кайсы окууну бүткөнүмдү сурайт, билимим жок, айылдан ата-эне издеп келип актер болуп калгам дедим. Элдер мен-мен деген актерлордун катарында Москвадан бүтүп келген деп ойлошчу экен. Армияга кетердин алдында бухгалтердин окуусун бүтүп, айылда жети ай иштегеним болбосо, башка билим албадым. Азыр да кыбырап, театрга кирип-чыгып турам. Репертуарда 33 спектакль болсо, анын 21инде ойнойт экенмин.
…Бир эле өкүнгөнүм - канча залкарлар менен иштештик, театрда былтыркыдай ыр-чыры жок эле жашап келдик эле. Мурда классташтар, тааныштарым репертуарды сурашса, эми "Чырыңар басылдыбы?" дешчү болгон.
Айтматов "Дүйшөн сага окшогон сөлдүрөгөн киши болчу" деген
… Рыскулов, Жаманов, Көбөгөновдор мени өз баласындай көрүшөр эле. Рыскулов мени "Чолпонум, эркем" дечү. Эгер Рыскулов, Көбөгөнов, Күйүкова, Боталиев, Жаманов, Кыдыкеева, Күмүшалиева, Балкыбекова болбогондо ушул деңгээлге жетеримди бир Кудай билет. Окуу жайдан албаган билимди театрдан ошол адамдардын таасиринде үйрөндүм. Ошолордун көзү барда мен "Сталинди" ойнободумбу десең. Ашыкем Боталиев ошогезде Ленинди ойночу. Анын катчысында мен, гримди жасап, мурут койсом Сталинге окшоп калчумун. Баары эле Сталин го деп ойлоп, мен чыккан сайын залда кыраан каткырык жаңырар эле.
…Кимдин ролун аткарсам да, ошол кишиге окшоп калчумун. Дүйшөндү ойногонумда Чыңгыз Айтматов деле: "Ооба, сага окшогон сөлдүрөгөн киши болчу" дегени бар. Осмонкулду Мукем ойночу. Көзү өтүп кеткенде ал роль мага берилди. Козу союп, ал кишиге куран окутуп туруп сахнага чыккам. Азыр да ошол адамдардын арбагына таазим этем. Алардын арасында эң кенжеси мен элем, азыр театрдагы аксакалдардын биримин.
…Мукем да, Сабира эже да "Жолдош Осмонов" деп тамашага сала кайрылышар эле. Азыркы деректирибиз Кыргызбай майда-чүйдөгө чейин баамдап, тескеп турган жигит. Мага окшогон аксакалдарды ээрчитип алып, дайыма Сабира эженин акыбалын сурап, гүл алпарып көңүлүн көтөрүп турчу. Сабира эженин атасы 98, энеси 101ге чыгып каза тааптыр. Анын тукуму ушундай болсо керек, эже да 90дун тамагын жеп, саламаттыгы кыйнап турса да кабагы жаркылдаганынан жазбачу. Кызы Нуржамал өлөр-өлгөнчө эч кор кылбай бакты.
Бакен эжеден сүрдөп…
…"Шырдакбекке" даярданып аткан учур. Бакен эже - Эркайым. Менден бир топ жаш улуу эже мени тике караганда сүрдөп өзүмдү жоготуп, таптакыр ойной албай койдум. Ал мени урушуп, жаактан ары бир койгон ошондо. "Асанкул менден сүрдөй берет экен" деп кийин ролун Таттыбүбүгө өткөрүп берген.
…Татыкем жакшы көргөн карындашым эле. Көп спектаклде ал менин жарым же сүйгөнүм болуп ойноп калчу. Адамгерчилиги күчтүү, татынакай кыз эле. Турмушта ар кыл нерсе болот тура. Жаркылдаган адамды баары талашат экен, бирок, Татыкем периштедей жан эле. Ооруканада жаткан кезинде тааныш врачтар турса да, ден соолугун сураганга кире албай калдым. Аман жүрсө азыр жаркылдап, ашып кетсе азыр араң алтымыштан өткөн кези болмок. Азыркылардан Шайыр, Анара, Вера өңдүү жакшы кыздар бар. Бирок, ал кишинин орду толгус.
Усубалиевге кайра-кайра ыракмат дей берипмин
…Көксөгөн ролдун баарын ойнодум, бирок, бир да ирет роль сураган эмесмин. Кичинекей роль деле ойнобосом керек, Бакайды, Кошойду, Шырдакбек, Исмайылдын образын далай жараттым. Киного да түшүп жүрдүм. Акыркыларынан "Белгисиз маршрут" тасмасында коммунисттин ролунда тартылдым. Бирок, турмушта партиянын катарына да өтпөй койгом. Эч кандай грамота, эмгек сиңирген наам албастан, дароо Эл артистигин алганым өзүнчө бир кызык. Брежневди ойногону үчүн Усубалиевдин тушунда Осмонов наам алат-алат деген кеп жүрүп калган. Кызыгы, СССР ураган соң кийин демократ Акаев келгенде наам беришти.
…41 жашымда Леонид Брежневди ойнодум. Ошондо Турдакун Усубалиев келип: "Кырк жашыңда алакандай кыргызыңды бүт СССРге дүң кылдың" деп куттуктаган. Адаммын да, толкунданып ыракматымды кайра-кайра кайталай берипмин. Ал кишинин сүйлөгөндөрүн деле эч туурабадым. Өмүрү кыргызча сүйлөбөсө, анын несин туурайын. Болгону кыймыл-аракетин гана анда-санда окшоштуруп койсом, залда күлкү жаңырат десең. 95 ирет ойноптурмун Брежневди. Азыр Султан Ибраимовдун 80 жылдыгына карата коюлган спектаклде ойнойм.
Сахнада жашты унутасың…
…Карып баратам. Бирок, сахнага чыкканда жаш да эске келбейт. Кимди ойноп атсам, ошол кишинин гана элесин көз алдыма тартып алам. А турмушта кемпиримдин касиети, балдарымдын урматы менен өмүр сүрүп келатам. Кызым бизге арнап эки кабат үй куруп атат, ошол өргөдө жок дегенде беш-алты жыл жашап калсам деген пейилдемин.
…Нарындын Миңбулак деген айылында эки кабат маданият үйү бар. Эки жыл мурун ошол айылдын кулуну катары атымды ошол маданият үйүнө беришти. Абдан толкундандым, элимден айлансам болот.

Айнагүл САПАРБЕК кызы