Кыргыз гезиттер архиви

  Чырпык да чынар болор…

Кылым тогошкондо төрөлгөн талант
Кылымдар АСЫКБЕКОВ 10 жашар комузчу. Бишкектеги №39 мектепте билим алат. Ал эми "Устат-шакирт" мектебинде белгилүү комузчу, эмгек сиңирген артист Нурак Абдрахмановдон күү үйрөнүп келет.

Рубрика меймандары - көчөт таланттар Аима жана Кылымдар. Бири 10, экинчиси 11 гана жашта. Бирок, эларалык фестивалдарда экөө тең Кыргызстандын намысын коргоого жарап келет.

Кылымдар комуз чертүүнү 5 жашынан өздөштүргөн. Борбор калаадагы "Шайыр" клубунда Байызгүл эжейинен майда күүлөрдү үйрөнүп жүрүп, кийин ал устатынын сунуштоосу менен Нурак Абдрахмановго шакирт болгон. 15 күндүн ичинде чоң күүнү толук үйрөнүп, ар айдын аягындагы экзаменди "бешке" тапшырып, комузчулар мектебин таңдантканы бар. Ошондон кийин ага мыкты окуучу катары стипендия чегерилген. Кылымдар азыр да "Агахан" фондусунун "Устат-шакирт" мектебинде эки мыкты комузчу көчөттүн бири.
Францияда өткөрүлчү эларалык фестивалга былтыр Рахат Көчөрбаевдин жетектөөсүндө барып, Кылымдар "талант уялаштары" Канат Токтобек уулу, Адинай Кудабаева менен биринчиликти алып кайткан. Аталган фестивалга 28 мамлекеттен таланттар чакырылган экен. Кылымдардын патриоттугун мындан көрүңүз, ошол фестивалга барган негр балага да кыргызча сөздөрдү үйрөтүп кайткан. Ал эми эларалык балдарды коргоо күнүнө карата уюштурулган "Жаш таланттар" республикалык сынагында гран приге ээ болуп, быйыл жайда Ысык-Көлдө эсалып кайтты.
"Бир жашында эле мандолин чертсем, мени тикирейип карап тура берчү. Көрсө баланын шыгын кичинесинде эле аныктап алсак болот экен. 3 жашында сувенирдик кичи комуз сатып бергенбиз. Ошону чертимиш этип ойной берчү. Азыр кээде мен мандолин, уулум комуз чертип ансамбль курабыз. Мурда мен уулумду эзсем, азыр бул мени эзип калды. Кылымдардын, буюрса, келечеги кең. Жөндөмү, шыгы жакшы. Нурак Абдрахмановго ырахмат, уулум азыр 20га чукул күү билет. Мектептен Нурак атасы күү үйрөтсө, үйдөн мен кайра-кайра кайталатам. Түнгө чейин экөөбүз күү чертип машыгабыз. Эл-жердин тарыхын, улуттардын психологиясынан бери айтып берем. Адабият, тарыхка көп кызыгат. Мурдагы жылы чоң атасы каза болуп, айылга баратсак, Токтогулдун жерлигин сурайт. "Мүрзөсү да ошол жактабы, барып келбейлиби" дейт. Баланын тилегин аткарайын деп былтыр Түгөлбай Казаков аяш атасы болуп Токтогулга барып келдик. Чолпон-Ата деген жерде экен Токтогулдун мүрзөсү. Жанында алма бак өсүп турат. Алма терип атсак, бир алма келип Кылымдардын башына тийсе, көзү жашылданып калыптыр. "Эмне бырылдайсың? Токтогул атаң өз өнөрүн алма аркылуу сага берип атпайбы" десем басылып калды. "Ошентип уулума Токтогул атасы алма менен бата берген" дейт атасы.
Чоң күүлөрдү чертер алдында Кылымдар өз угармандарына алардын ар биринин тарыхынан кеп салып берет. Кылым тогошор маалда төрөлгөн уул экендигиненби, айтор, өз куракташтарынан кругозору кең, музыкалык жөндөмү да өзүнөн бир топ улууларды артка калтырат.
Атасынын айтымында, Кылымдардын автордук "Жайлоо күүсү" аталган чыгармасы бар. Азыр аны эч кимге угузбай, дагы автордук күүлөрү көбөйгөндө сунуштоого катып жүрөт. "Жумамүдүн ата 730 обон жаратыптыр, а мен 600-700 күү чыгарам" деген Кылымдар таланты аркылуу дүйнөнүн тең жарымын кыдырып чыгууну тилек кылат.