Кыргыз гезиттер архиви

  Төбөсү менен төркүнү

Эсенгул Өмүралиев, коомдук ишмер:
"Башкаруудан акча үнөмдөгөн туура эмес"

Эсенгул Өмүралиев кезинде вице-премьер-министр, губернатор жана башка бир топ белдүү кызматтарды аркалаган. Бул ирет ал биз менен азыркы башкаруу системасын реформалоо боюнча ой бөлүштү.
- Президенттин өлкөнү башкаруу системасын реформалоо боюнча кайрылуусуна сиздин пикириңиз кандай?
- Негизинен бирин-бири кайталаган структураларды жоюу туура. Окшош, бирин-бири кайталаган структуралар президенттин да, өкмөттүн да аппаратында көп. Ошол эле мезгилде министрликтердеги функциялар толук кандуу колдонулса, анда булар туура эле болот. Буга чейин биз ар бир министрликтин ичинде эле кыскартуу жүргүзүп өзгөртүп койчубуз. Азыркы боло турган өзгөрүүлөр чындыгында функционалдык реформа болгону турат. Эгер чын эле президенттин бул багытта айткандары ишке ашса, анда бул жакшы жакка алып келиши мүмкүн. Бирок бул жерде бир гана бийликтин жогорку тепкичиндеги реформалар айтылып, облустук, райондук деңгээлдеги өзгөрүүлөр жөнүндө айтылбай калыптыр. Себеби, бизде үч деңгээлдүү бюджет боюнча мыйзам кабыл алынган. Бирок төрт деңгээлдеги башкаруу системасы азыркыга чейин келе жатат. Мунун да аягына чыгыш керек. Эгер башын эле өзгөртүп, калгандары сакталып калса, анда башкаруу деңгээли мурдагыдай эле натыйжасыз болуп калышы мүмкүн. Менин байкоомдо кайрылууда бир топ эле реформалар айтылган. Алардын катарына президенттик администрациянын реформасы да кирет.
- Мамлекеттик катчы институту жоюла тургандыгы жөнүндө да айтылды. Чындыгында акыркы мезгилде бул кызматтын деми басаңдап кеткен эле.
- Бул эми жекече маселе. Эгер мамлекеттик катчы иштейм десе, ал жерде жумуш толуп жатат. Бирок бул институтту иштеткенге азыр шарт жок. Ошондуктан мамлекеттик катчы кызматынын жоюлушу туура эле.
- Президент системаны өзгөртмөйүнчө кадрларды алмаштырган менен пайда жок деп айтты.
- Реформанын схемасы кандайча жүргүзүлө турганы азырынча белгисиз. Мен тыянактарымды президенттин сөзүнөн улам эле чыгарып жатам. Айтаарым структуралык өзгөрүү болбосо, андан эч жыйынтык чыкпайт. Президент бийлик менен башкарууну бөлүш керек деп айтып жатат. Ал кандайча бөлүнөт? Ушул жактары ачылган эмес, Кыргызстанда бийликтин башы президент деп айтылып жатат. Анда президент жооп береби? Эгер президент жооп берсе, анын астындагы структура кандай болот? Эгер президент бийлик болуп, өкмөт башкаруу болсо, экөөнүн ортосундагы байланыш кандай болот? Бул жерде жанагы Конституциялык реформанын аягына чыгыш керек. Анткени, башкаруунун моделине толук кандуу жол берүү зарыл. Эгер президенттик башкаруу болсо, анда президенттик, ал эми парламенттик-президенттик болсо ушундай эле атына ылайык болуш керек. Азыр биздеги Конституцияда булар кичине аралашып калды. Өкмөттүн башчысын парламент сунуш кылат. Эгер бул өңүттөн алганда парламенттик-президенттик болуп эсептелет. Мунун өзү парламент биринчи, президент экинчи орунда деген сөз. Бирок иш жүзүндө бизде президент биринчи орунда. Демек, классикалык схемадан алып караганда бизде бул нерселер аралашып кеткен.
- Президент биринчи этаптагы комплекске өкмөттү реформалоо да кирерин айтты. Мунун мазмуну кандайча болмокчу?
- Өкмөттүн ичиндеги чарбалык ресурстарды бөлүү функцияларын алып салуу керек экени айтылды. Бул туура. Эгер бул жоголсо анда өкмөт мамлекеттин стратегиясын, келечегин аныктай турган орган болуп калат. Болбосо, бүгүн аны менен алагды болгон киши жок. Баары эле акча бөлүш, бир нерсеге уруксат бериш ж.б. ушунун тегерегинде эле иш болуп жатат. Мындайда коррупция да өкмөттүн тегерегинен чыгып жатпайбы.
- Эгер реформа терең жүргүзүлсө, мындан казына үнөмдөлүшү мүмкүнбү?
- Жарытып деле үнөмдөлбөйт деп ойлойм. Деги эле башкаруудан каражат үнөмдөгөн туура эмес. Эгер чындап казынаны үнөмдөө максатында реформа жүргүзүлсө, анда ири структуралык өзгөрүүлөрдү жасаш керек. Ал үчүн жергиликтүү өзүн-өзү башкарууну толук кандуу киргизиш керек. Алардын баары өзүн-өзү каржылагандай болсун. Жанагы республика, облус, район, айыл өкмөтү деген төрт деңгээлдин ордуна эки деңгээл киргизилиши зарыл. Убагында ушул максатта иштелип чыккан концепция бар болчу. Анда республика жана 21 кантон каралган. Ошондой реформалар жасалганда гана каражатты үнөмдөөгө болот. Азыр бизде 7 облус, 44 район, 470 айыл өкмөтү бар. Ошонун баары бюджеттен каржыланат.
Келдибек НАЗИРОВ




  Ишенсең, ишенбесең да эрк өзүңдө

Жаңыланууну президент өзүнөн баштады
Ошентип, өлкө президенти Курманбек Бакиев 1-сентябрда мурда убада кылган башкаруу системасын реформалоону баштарын жарыялады. Алдыдагы кайра түзүүлөрдүн мааниси жана урунттуу учурлары тууралуу Президенттин Катчылыгынын өкүлү Султан ЖУМАГУЛОВ "Агымга" берген маегинде кеп кылды.


- Мамлекет башчысы өз администрациясы мурдагыдай иштөөгө тийиш эмес деди. Кыязы, өзүнчө эле өкмөт болуп алган бул структура кыскарат өндөнөт. Ошондой эле мамлекеттик катчы, мамлекеттик кеңешчилер жоюлат экен. Бирок алардын ордуна Жогорку Курултай, Президенттик кеңешме өңдүү жаңы органдар пайда болгону жатыптыр. Анда кыскартуунун мааниси эмнеде?
- Реформанын максаты адамдарды ары-бери которууда же кыскарта чабууда эмес. Анын максаты - башкаруу системасынын маңызын өзгөртүү. Президент буга чейинки сөздөрүндө советтик башкаруудан мурас калган буйрукчул-тескөөчүл ыкмадан бара-бара диалог жолоюна өтүп, өлкөнү башкарууга коомдун ар кайсы топторун тартуу зарылдыгын айткан эле. Жогорку Курултай, Президенттин кеңешмеси - булар кеңири коомчулуктун өкүлдөрүнөн, ар кайсы чөйрөлөрдө жана тармактарда иштин көзүн мыкты билген, беделдүү адистерден куралат. Демек, экөө тең коомчулуктун ар түрдүү катмарынын мүдөөлөрүн коргойт десек болот. Президент өз баянында айткандай, мындан ары чечимдерди ушул эки органдын акыл-кеңешине таянып кабыл алмакчы. Эл өкүлдөрүнүн акыл-кеңеши Президенттин саясатына тике таасир этип, ушундай жол аркылуу мамлекетти башкарууга тартылышмакчы. Буга чейин көбүнчө кабинеттерде отурган администрация же кеңешчилер мамлекеттик чечимдерди кабыл алууга таасирин тийгизип келген эле да.
Мындан тышкары кайталанма структураларды кыскартуу жана кошуу сунушу айтылды. Чынында мамлекеттик башкаруу органдарында алакандай бир документ колдон колго, кабинеттен кабинетке "айылчылап" жүргөнү көпчүлүккө маалым. Эми, кыязы, мындай тажрыйбанын күнү бүттү көрүнөт.
- Эмне себептен реформа, айталык, министрликтерден, облустук же райондук структуралардан башталбай, жогорудан башталып отурат. Мурда демилге ылдыйдан болсун деген ураан өкүм сүрүүчү эмес беле?
- Мамлекет башчысы, менимче, саясый эркин көргөзүп, реформаны Ак үйдөн, дал өз администрациясынан баштап, башкаларга өрнөк болоюн деген ниети байкалат. Президенттин буга чейинки программалык сөздөрүндө турмуштун бардык чөйрөлөрүндө сөз жок жаңылануу жүрөрү айтылган. Демек, Ак үйдөн башталган жаңылануу жышааны айыл-апага чейин жетет деген ишеним бар.
Реформа дегенди көбүбүз жалаң гана кадрдык ооштуруулар же кайсы бир саясый иш-чаралар маалындагы популисттик кадам деп түшүнөбүз же түшүндүрүп келатабыз. Албетте, кадрлар да маанилүү дечи, бирок, азыркы туташ глобалдашуу, ресурстар үчүн кыл чайнашкан заманда оболу сапаттуу башкаруу системасын табуу өтө эле маанилүү болуп турат. Система өзгөргөн соң, ошого жараша кадрдык саясат өткөрүлөт.
- Бийлик оппоненттери президент жаңы жар салган реформалар буга чейин деле айтылып келаткан убадалардын бири, алтурсун көз будамайлоо деген пикирди таратууда. Бул кадамдар ар кандай себептер менен аксап же такыр токтоп калбас бекен?
- Арийне, ишенүү же ишенбей коюу - ар кимдин жеке иши. Плюралисттик коомдо ушундай көп түрдүү ойлор, шектенүүлөр өкүм сүрөт эмеспи. Мамлекет башчысынын парламенттеги баянын угуп, анын артынан кагазы жок кайрылуусун уккан адам өзү деле жыйынтык чыгарса керек. Президент буга чейин айтып келаткан убадаларын ар кандай шартка жараша эртеби же кечпи сөз жок аткарып келатканын, бул жолу да сөзүнүн өтөөсүнө чыгарын өктөм билдирди. Ал тургай жаңылануу процессинин мөөнөтүнөн бери так айтып, реформанын алгачкы этабын жарым жылда, бардык реформаларды эки жыл арасында өтөөсүнө чыгарын жарыялады. Башкаларды айта албайм, бирок жеке менин ишенбей коюуга жүйөө жок.

Келдибек НАЗИРОВ