Кыргыз гезиттер архиви

  Ишен, бирок текшер

Өзбек кошунаңды сыйла, бирок атаандаш

Кезегинде абройлуу өлкөлөрдүн серепчилери кокусунан эгемендикке жетишкен Кыргызстанды андан ары жашап кетүүгө жөндөмсүз деп эсептеген. Ырас, Кыргызстан эгемендиктин 18 жылында күчтүү мамлекетке айланган жок. Бирок бул аралыкта эң негизгиси - өз алдынчалыгыбызды сактап, демократиянын аралчасы катары таанылдык. Бирок азыркы планетадагы мен-мен деген өлкөлөрдү кокодон алып, сестентип койгон экономикалык жана энергетикалык кризис учурунда Кыргызстан эгемен болгондугуна сүйүнүп, коңшу-колоңдордун каалоосуна карай түздөнүп жашай берүүсү мамлекет катары жок болууга алып бармак. Бул өңүттөн алып караганда да акаевдик бийлик 2000-жылдын соңунда табийгый түрдө өз милдетин аткарып бүткөн эле. Адамзат айга жеткен күндө да табият таануу илиминдеги "жашоо үчүн күрөш" түйшүгү негизги орунда турарын тана албайт. Жер шары, анын ичинде жашоого ыңгайлуу аймак ченелүү. Ошол эле учурда планетанын өз жандыктарын багуу мүмкүнчүлүгү деле чексиз эмес. Андыктан мамлекеттер арасында да жашоо үчүн күрөш жүрөрү түшүнүктүү. Албетте, бүгүнкү күндө эч ким эч кимди курал көтөрүп барып басып албайт. Бирок, учурда акыл-эс, айла-амалдан курал жасап, күчтүү мамлекеттер алсыз өлкөлөрдүн эсебинен өз территориясын жана экономикалык жайытын кеңейткенге умтулуп турары айдан ачык. Мындай учурда Кыргызстандын тогуз жолдун тоомунда, биз эле эмес бүт дүйнөнү жибек менен муунткусу келген "уктап жаткан ажыдаардын" кошунасы болуп, АКШ, Россия сыяктуу мамлекеттердин кызыкчылыгы кесилишкен жерде жайгашып калуунун өзү өз мамлекеттүүлүгүбүздүн астында чоң жоопкерчиликти талап кылат. Суу башы болуу да оңой эмес дегендей.

Бүгүнкү күндө президент Курманбек Бакиевдин өлкөнү жаңылоо, оппозиция лидерлерин бирге иштешүүгө тартуу, улуттук кызыкчылык, көчмөндөр цивилизациясы, эң негизгиси күчтүү мамлекетке айлануу боюнча көтөрүп жаткан идеялары кокусунан жаралган жок. Аны бүгүнкү шарт, мамлекеттер аралык "жашоо үчүн күрөш" талап кылып туру. Аны айтып, деш бүгүнкү бийликтин шыбагасына туш келди. Бул көтөрүлүп жаткан идеялар канчалык деңгээлде ишке ашат, ал башка маселе. Бирок мындан беш-он жылдан кийин да ушундай эле чек ара аймактарында жашаган өз жарандарын коргой албаган, ич ара бир канча жээктерге бөлүнгөн алсыз мамлекет боюнча калсак, анда колубуздагы токочубузду көрүнгөн түрк, кытай, орус, а тургай өзбектер тартып жеп коюшу толук мүмкүн. Бүгүн мамлекет башчысы Курманбек Бакиев учурда Кыргызстан ар бир мамлекет менен тең ата сүйлөшө аларын айтып калат. Ырас, ага Алматы саммитинде, АКШ авиабазасына байланышкан маселе боюнча сүйлөшүүлөрдү мисал кылса болот. Аралды коргоо эл аралык фонддун жыйынында Өзбекстан Камбарата жана Рогун ГЭСтеринин курулушуна көшөрүп каршылык билдирип, мунусу менен Ташкент өзүнүн күн тартибинде Кыргызстан аркылуу суу этегиндеги тиги жумурияттарды өз тарабына тартууга тырышып келе жатканын сездирген. Россиянын аркасы менен болсо да ГЭС куруу уланып, Каримовдун андай планы четке кагылды. Анысы ал, бирок президент Курманбек Бакиев өзүнүн ушул мөөнөтүндө Өзбекстан менен болгон чек ара көйгөйүн чечсе Кыргызстан сөз жүзүндө эмес, чындап эле иш жүзүндө ар бир мамлекет менен тең ата, ийилгенге ийилип, какайганга какайып мамиле кыла аларын далилдейт эле.
Эч качан кошуна өлкөлөр бири-биринин күчтүү болушун каалабайт. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Анан калса ар бир мамлекет өзүнүн алы жеткен кошунасын басмырлап турууну самайт. Мисалы, Өзбекстан эч качан Казакстандын, ал эми Казакстан Россиянын куурайын сындыра албайт. Каримов мырза келечекте өзүнүн алы жете турган кошуналарына өз таасирин тийгизип турууну каалары жашыруун эмес. Бирок, кийинки кездерде Борбордук Азиядагы эң орчундуу ГЭС, газ сыяктуу маселелерге Россиянын кийлигиши Өзбекстандын баштапкы планын өзгөрткөндөй. Ушул жуманын бейшембисинде өзбек парламентинин жогорку палатасы - Сенат өлкөнүн Шанхай кызматташтык уюму менен кызматташуусу жөнүндө жаңы мыйзам кабыл алды. Бул мыйзам байкоочуларды ШКУнун терроризмге каршы машыгууларына катышуусун чектейт. Жай башында Өзбекстан КМШ өлкөлөрүнүн Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун тез аракеттенүүчү күчтөрүн түзүү тууралуу келишимге кол койуудан баш тарткан. Буга катар расмий Ташкент Жамааттык коопсуздук келишиминен чыгуу ниетин да билдирген. Байкоочулар Өзбекстан быйыл жаздан тарта АКШ жана Европа Биримдиги менен жакындаша баштаганын, аталган өлкө ушундай учурда Россияга, демек, жалпы КМШ өлкөлөрүнө сыртын салып каларын белгилешет. Атап айтканда, өткөн айда АКШ Куралдуу күчтөрүнүн борбордук командачылыгынын башчысы, генерал Дэвид Петреус Ташкенде президент Каримов менен кездешти. Анын артынан эле АКШ-Өзбекстан арасында аскерий-техникалык кызматташуу жөнүндөгү келишимге кол коюлду. Ага удаа эле 2005-жылкы Анжиян окуясынан кийин Карши-Ханабад аэродромунан чыгарылган америкалык аскерлер Өзбекстанга кайра келери мүмкүн деген кеп-сөздөр кайра жанданды.

Зайырбек АЖЫМАТОВ




Кыргыз парламентинин 4-чакырылышынын үчүнчү сессиясы ушул жуманын шейшембисинде жаңы шайланган президент К.Бакиевдин кайрылуусу менен старт алды. Жогорку Кеңеш мыйзам долбоорлорду кароо менен өз ишин нугунда улап отурат.
Депутаттар гимн ырдоо сынагынан өтөбү?

"Парламент таркайт" деген кептерге чекит коюу менен өз кайрылуусун окуп бүткөн президент депутаттардын кол чабууларын өз дарегине колдоо иретинде кабылдады. Алгачкы жыйынга "акжолчулар" жана коммунисттер гана катышып, СДПК фракциясы толугу менен катышкан жок. Себебин алар Балыкчыда камакка алынгандардын соту ошол күнгө белгиленгендиги менен түшүндүрүшкөн.
Ал эми кечээги жыйын Өкмөттүн туруктуу өкүлү Мурза Капаровду эскерүү менен башталды. Соңунан депутаттар генерал-майор чинин алган Алишер Сабировго куттук узатышты. Сентябрь айынын календардык планы кабылдангандан кийин ар кыл маселелер жарым сааттыгында өлкөнүн ар аймагынан көйгөйлүү маселелер көтөрүлдү. Турдукан Жумабекова учактарды жаңыртуу жана аба каттамдары жаатында "кара тизмеден" чыгууга аракет көрүүгө чакырса, Арапбай Төлөнов буудайдын быйылкы баасы төмөндүгүнө көңүл бурдурду.
Депутат Гүлжамал Султаналиева мектептеги акча чогултуулар, биринчи класска тестирлөө жолу менен кабыл алуу аракеттерин кескин сынга алып, Билим берүү министринин бул нерселерге тыюу салган буйругу аткарылбагандыгын белгиледи. Анын айтымында, ички миграциядан улам ата-энелердин катталган жери болбогондуктан, ЮНИСЕФтин маалыматына ылайык өлкөдө 40 миң, ал эми бейрасмий маалыматтарга таянсак, 120 миң бала орто билимден четтеп калган. Ушул эле мектеп тегерегинде бирдиктүү окуучулук форма боюнча Гүлнара Дербишева маселе көтөрдү. Депутат айымдын пикиринде, айрым мектептерде мажбурлоо жүрүп, ал аз келгенсип, сатылып аткан мектеп формасы синтетикалык матадан тигилгендиктен, балдарда аллергия жана тери ооруларын пайда кылууда.
СДПКчы Ирина Карамушкина Балыкчыдагы митингге катышкан адамдарды куугунтуктоону токтотууну талап кылды. "Беш адвокат алардын бейкүнөөлүгүн далилдеп бергени менен айыптоочулардын бир гана сөзү "көзкарандысыз" соттордун чечимине таасир этип" койгонун айтты эле, бирок, президенттин парламенттеги өкүлү Досалы Эсеналиев мындай билдирүүлөр регламентке ылайык эместигин эскертти. Парламентарий Ажибай Калмаматов президенттин катышуусу менен өткөн жыйында гимнди ким ырдап, ким толук ырдабагандыгына байкоо салуу менен гимн жана башка мамлекеттик атрибуттар боюнча депутаттардан экзамен алуу сунушун айта калам деп төрагадан какшык кагуу жеди.
"Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө" жана "Депутаттык статус жөнүндөгү" мыйзамдар кечээги жыйында техникалык өзгөрүүгө дуушар болду. Ага ылайык, депутаттын төрөттөн кийинки жана бала багып алуудан кийинки эмгек эс алуусу үч жылга созулат. Бул айым депутаттар менен катар мырза парламентарийлерге да тиешелүү.
Конфискацияланган баалуу металл жана асыл таштар, ошондой эле мамлекеттик кызматкер баалуу металл жана таштардын үлүшү бар, наркы беш миң сомдон ашкан белек алган болсо, алар Мамлекеттик сактоо башкармалыгынын карамагына өткөрүлөт. "Бейсалык төлөмдөр жөнүндө" мыйзамга ушундай өзгөртүү жана толуктоо киргизген мыйзамдолбоору Финансы министринин орунбасары Арзыбек Кожошев тарабынан корголуп, талкуусуз кабылданды. Кечээ ЖК жыйынында кабыл алынган "Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" КР мыйзамына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" мыйзамдолбооруна ылайык, мындан ары сырттан келген эмгек мигранттары атайын каттоодон өтөт. Парламент жыйыны эртең кайра уланат…

Даярдаган Айнагүл САПАРБЕК кызы