Кыргыз гезиттер архиви

 20 жылдык жыйынтык

"Улуттун жүзү - тил, адамдын жүзү - сөз"
Т.Сыдыкбеков
23-сентябрда "КР мамлекеттик тили жөнүндө" мыйзамдын кабыл алынганына 20 жыл толот.

Жакында КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы кыргыз тилинин үч айлыгын өткөрүү боюнча жобо кабыл алды. Төмөндө жобо менен тааныштырабыз.
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын чечимине ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында 2009-жылдын 1-сентябрынан 1-декабрына чейин мамлекеттик тилдин үч айлыгы белгиленет. Иш-чара республиканын бүт аймагында - райондордо, облустарда, шаарларда, билим берүү мекемелеринде, ишкана, уюм, мекемелерде (менчигинин түрүнө карабастан) бекитилген иш пландарга ылайык өткөрүлөт жана алардын аткарылуусун камсыздоо жергиликтүү жетекчилерге жүктөлөт. Максаты: "КР мамлекеттик тили жөнүндө" мыйзамдын (мындан ары - мыйзам) кабыл алынганынын 20 жылдыгын (1989-2009) белгилөө менен, алдыдагы иш пландарга багыт алуу; мамлекеттик тилдин конституциялык даражасын чыңдоо, анын социалдык-коомдук маанисин жогорулатуу; рухий дөөлөттөрдү, маданий-тарыхый мурастарды кеңири даңазалоочу иш-чараларды жандандыруу.
Шарттары, талаптары:
1. Ишкана, уюм, мекеме, маданий борборлор аткаруучу иш-чаралар:
Мамлекеттик тил мыйзамынын 20 жылдыгына карата мамлекеттик тилдин үч айлыгын өткөрүүнүн планын иштеп чыгуу;
Көрнөк-жарнама, жазуу-сызуу, иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү;
Иш кагаздары, тил үйрөнүү курстарын уюштуруу жана тастыктамаларды тапшыруу;
Мамлекеттик тилдин үч айлыгына арналган бурчтарды (такта) уюштуруу;
Мамлекеттик тилге арналган макала, баяндама, ырларды маалымат каражаттарына жарыялоо;
Мыкты мазмундуу дубал гезиттерди чыгаруу;
Семинар, конференция, тегерек үстөл, талкуу, жыйын ж.б. уюштуруу;
Улуттук үрп-адат, каада-салттарга (бабалар мурасы, улуттук оюндар, кол өнөрчүлүк) байланыштуу көргөзмө өткөрүү;
"Ырдайлы кыргыз ырларын", ыр кесе, элдик, атуулдук ырлар, улуттук аспаптарда чебер аткаруу ж.б. сынак, фестивалдарды уюштуруу;
Мамлекеттик тил кабинеттерин уюштуруу жана аны улуттук өзгөчөлүктөгү жасалгалар менен жабдуу;
Мамлекеттик тил маселесин көтөргөн маалымат каражаттары, журналисттер, теле-радио берүүлөр, редакторлорду аныктоо;
"Мыкты мекеме", мамлекеттик тилде иштей билген мыкты кызматкер, адис, бөлүм башчыларды аныктоо, сыйлоо;
Мыкты айыл өкмөтү, бөлүм, район, шаарларды белгилөө ж.б.у.с. ар кандай, ар түрдүү формада иштерди да өткөрсө болот.
2. Билим берүү мекемелери
аткаруучу иш-чаралар:
Мыйзамдын кабыл алынганынын 20 жылдыгына карата мамлекеттик тилдин үч айлыгынын иш планын иштеп чыгуу;
Мамлекеттик тилдин үч айлыгына арналган бурчтарды (такта) уюштуруу;
Китепкана фондун кыргыз тилиндеги китеп, гезит-журналдар менен толуктоо;
Мамлекеттик тилди окутуу боюнча жаңы усулдуктардын бет ачарын өткөрүү;
"Үлгүлүү кыргыз тилчи", "Үлгүлүү бала бакча, мектеп", "Үлгүлүү кыргыз тили кабинети" сынактарын өткөрүү;
Семинар, конференция, жыйын, тегерек үстөл, диспут, талкуу ж.б. уюштуруу;
Олимпиада, викторина, таймаш, дебат ж.б.
Белгилүү инсандар менен жолугушуу, чыгармачылык, автордук кечелерин өткөрүү ж.б.
Мыкты дубал гезит, макала, баяндама, ырлар ж.б. жарыялоо;
"Мамлекеттик тилдин келечеги - жаштарда" аттуу мыкты дилбаян, эссе, реферат, альбом, буклет ж.б.
Бабалар мурастарынан сахналаштыруу (көрмө, укма тасмалар), улуттук оюндарды алып чыгуу;
Элдик, атуулдук ырлар, улуттук аспаптарда аткаруу ж.б.
Сүрөт, китеп, кол өнөрчүлүк көргөзмөсү ж.б.д.у.с. ар кандай, ар түрдүү формадагы иштерди өткөрсө болот.
Жыйынтыгы
Жобонун талап, шарттарына ылайык өзгөчө артыкчылыкка ээ болгон катышуучулар, эмгектер облустардан, шаарлардан, республикалык мекеме, уюмдардан тандалып алынып, сыйлыкка сунушталат. Мамлекеттик тилдин үч айлыгынын жыйынтыгы тууралуу маалыматтар 2009-жылдын 10-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияга жөнөтүлөт. Бишкек ш., Киев көч. 96Б тел. 667503, 627929, факс: 667501 (04).
КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы




Оп, майда
Кыргызстандык жана кытайлык окумуштуулар Кыргызстандын кен байлыктарын изилдөө боюнча кызматташат.
***
Кыргызстанда кылмыш-процессуалдык кодекси кайра каралмакчы.
***
Жогорку Кеңеште журналисттердин жакшы иштөөсү үчүн бир катар шарттар түзүлдү.
***
31-август эгемендүүлүк күнүндө төрөлгөн наристеге жалал-абаддык ата-эне Эгемен деген ат койду.
***
Эсеп палатасы тарабынан 2009-жылы 215 финансылык тартип бузуулар катталган.
***
КМШда беш өлкөдө ИДПнын өскөнү байкалган. Анын ичинде Кыргызстан да бар.
***
Шаар мэри Нариман Түлеев маршруттук таксилер өз доорун бүткөндүгүн билдирди.
***
Президент К.Бакиев жаңы автобустар үчүн кытай өкмөтүнө ыраазылык билдирди.
***
Кыргызстандын ички иштер аскерлеринин бардык бөлүктөрүндө ок атуучу 20 куралдын уурдалгандыгына байланыштуу текшерүү жүрөт.
***
Ош шаарынын мэриясында коррупцияга каршы билдирүүлөр үчүн ишеним телефону иштей баштады.
***
Айдаркен сымап комбинаты мыйзамсыз ишкерликти жүргүзгөндүгү боюнча айыпталууда.
***
Турсунбай Бакир уулу Малайзиядагы Кыргызстандын элчиси болуп дайындалды.
***
Азия өнүктүрүү банкы Ысык-Көлдүн санитардык абалын жакшыртууга 30 млн.доллар бөлмөкчү.
***
Дүйнөлүк банк Кыргызстандын Эсеп палатасына 370 миң доллар бөлүү келишимин ЖК ратификациялады.
***
Кыргыз-индиялык картошканы кайра иштетип чипсы чыгаруучу заводдун долбоору 1155 тонна чийки картошканы иштетүүгө ылайык курулмакчы.
***
ЖК тиешелүү комитети 1992-2005-жылдардагы бюджеттик карыз кредиттерди жоюуга макулдук берди.
***
Кыргызстандык Дмитрий Ли Түштүк Кореянын ачык чемпионатында таэквондо боюнча алтын медалга ээ болду.
***
2009-жылы кесиптик-техникалык окуу жайларында 35 миң окуучу билим алууда.
***
Космонавт Салижан Шарипов Ош университетинин студенттерин эгемендүүлүк майрамы менен куттуктады.
***
"Кыргызгаздын" баасын "Газпром" ушул айда бекитет.
***
Россия менен Казакстанда буудайдын баасы күн сайын ылдыйлап жатат.
***
Сырткы соода-сатыктын жүгүртүлүшү 22,1 пайызга арзандаган.
***
Өлкөдө сырттан автоунаа ташуу 66 пайызга кыскарган.
***
Кыргыз өкүлчүлүгү Үрүмчү шаарында өткөрүлө турган экономикалык форумга катышат.
***
Москвада Кыргызстандын беш жаранын өлтүргөн "такырбаштар" соттолууда.

"Агым пресс"