Кыргыз гезиттер архиви

  Көңүл чордонунда

Көз жетпегенге фотокамера жетет
Ысык-Көл облусунун 70-жылдыгына арналган иш-чаралар кербендей уланып, борборго чейин жетти. Көз кумары кангыча Ысык-Көлдүн көрүнүштөрүнө көз жүгүртүүгө ушул күндөрү Бишкектеги Г.Айтиев атындагы улуттук сүрөт музейине чакырабыз. "Ысык-Көл. Жээк кыйыры. Жашоо кыйыры. Жүрөк кыйыры" фотокөргөзмөсүнө келгендер биз сыймыктана алган облустун жаратылышы канчалык көп түрдүү жана кооз экенине өлкөнүн мыкты 18 сүрөтчүлөрүнүн көз карашында дагы бир ирет суктана алышат. Иш-чара "Кумтөр Оперейтинг Компанинин" колдоосу менен уюштурулду.


Жээк кыйыры . Алтындай куму, бешиктей термелткен суусу жана гранит аскалар курчаган Ысык-Көлдү айланган жолдогу ар бир бурулуштан ачылган ажайып көрүнүштөр көптү көргөн туристтерди да суктандыра таңгалдырат. Коюлган сүрөттөрдөн күнүмдүк турмушта биз көрө албаган жерлер менен таанышууга болот.
Жашоо кыйыры. Кен казган компаниянын кызматкерлери айткандай, Ысык-Көл - биз иштеп, үй-бүлөбүздү багып, өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошкон жер. Биздин жашообуз өткөн жер. Жеке эле туристтер келип эс алчу жер эмес. Фотоэкспонаттар да бул сөзгө далил катары эгин бышкан алтын талааларды, алтын казылган, жыл бою кар кетпеген чокуларды, ошол ак кар, көк музда эмгектенген адамдарды да чагылдырышат.
Жүрөк кыйыры . Ысык-Көл аты айтып тургандай, эң суук кышта да тоңбогон, ага ашык болгон миңдеген жүрөктөрдүн ысык нуру менен жылытылган. Көлдү бир көргөн адам эч качан кайдыгер калбайт. Анын шарпылдаган толкундарында сүйүү деми бар. Күндүн кызарып батканында арзуу сезимдерге чулганган жаштардын элеси, 70-жылдардагы атактуу режиссерлор жээкте тарткан тасмалардан учурлар, облус калкынын турмушунан түркүн элестер тартылган сүрөттөр биз билген, биз сүйгөн көлдүн башкача бейнесин тартуулайт.
Фотокөргөзмө чоң мааракеге арналып, республикалык мааниде экени ачылыш аземине чакырылган меймандардан көрүнүп турду. Алардын катарында Кыргызстандагы чет өлкөлөрдүн элчилери, "Кумтөр Оперейтинг Компанинин" жетекчилиги, атактуу журналисттер, ири компаниялардын жетекчилери жана ЖК төрагасынын орунбасары Кубанычбек Исабеков болушту. Исабеков көргөзмөнү Ысык-Көлдө өткөн балалыгы тууралуу сөзү менен ачты.
- Чоңойуп-өскөн жердин тагдыры мени өзгөчө кызыктырат. "Кумтөр" компаниясы иш алып барган жердин жаратылышына зыян тийип жатат деген түрдүү сөздөр жүрдү. Бирок, мен бүгүн ушул жерде "Кумтөрдүн" учурдагы алпарган ишине жана бул көргөзмөнү уюштурганы үчүн ыраазычылыгымды билдирем. Ысык-Көлдү сактап, урпактарга калтыруу биздин жалпы милдетибиз, демек, ал жердеги компаниялар менен биргеликте аймактын гүлдөп-өсүшүнө бардык аракетибизди жумшайбыз.
"Кумтөр Оперейтинг Компанинин" президенти Роберт Вандер өз сөзүн кыргыз тилинде учурашып, "Биздин көлдү анда ыйык үмүттөрү жана ниеттери күзгүдөй чагылдырылган элибиздин жандүйнөсү менен салыштырууга мүмкүн" деген Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынан кыргыз тилинде үзүндү келтирип баштады. "Ысык-Көлдүн жаратылышы кооздугун гана эмес, марттыгы менен да белгилүү. Биз иштеткен алтын кени Кыргызстандын байлыгын көбөйтүүдө. Иш алпарган жылдар ичинде биз бул жер менен боордошуп калдык" деп белгиледи.
- Учурдан пайдаланып, облус губернатору К.Исаевди, орунбасары М.Мукамбетовду жана бардык жашоочуларын облус негизделгенине 70 жыл толушу менен чын жүрөктөн куттуктайм. Ошондой эле бүгүнкү фотокөргөзмөгө катышкан бардык сүрөтчүлөргө да ыракмат айтып, алардын эмгеги жана чыгармачыл демилгеси бул иш-чараны уюштурганга себепкер болгонун баса белгилегим келет.
Роберт Вандер биздин суроолорго ачык, шайыр мүнөздө жооп берди.
- Фотокөргөзмөнү уюштуруу кимдин идеясы болду?
- Бул Ысык-Көлгө арналган алгачкы фотокөргөзмө. Идеяны сүрөтчүлөр көтөрүп чыгышты, биздин компания болсо жөн эле колдоо көрсөтүп, долбоорго өз салымын кошту. Биз музей жетекчилиги жана облус жетекчилиги менен акыл калчап, кандай уюштурууну кеңешип, бүгүн фотокөргөзмөнүн ачып отурабыз.
- Сиз да сүрөт тартканга кызыгарыңыз шексиз деп ойлойм. Сүрөттөрүңүздү койгон жоксузбу?
- Бул менин адистигим эмес да (күлөт). Бул жерден биз өлкөнүн атактуу, өз ишинде чеберчиликке жеткен сүрөтчүлөрдүн эмгегин көргөнүбүз туура деп ойлойм.
- Бул демилге дагы кайталанып, салтка айланабы?
- Жакшы ой экен. Эгер уландысы болсо бардык кыргызстандыктар үчүн кызыктуу жана руханий байлык алып келе турган иш-чара болмок.
Көргөзмөнү уюштурууда кеңешчи катары салымын кошкон өлкөнүн эң мыкты сүрөтчүлүрөнүн бири Алимжан Жоробаев иш-чара тууралуу кеңири маалымат берди:
- Жарыяланган конкурска өлкөнүн бардык сүрөтчүлөрү катышууга чакырылган. 1400 сүрөттүн ичинен 157си тандалып алынды. Айрым профессионалдар эмнегедир катышкан жок. Негизи Кыргызстандагы профессионалдуу сүрөтчүлөрдүн ынтымагы анча эмес. Баарыбызда бирдей кыйынчылыктар бар, койгон максаттарыбыз, идеяларыбыз да окшош, негедир бул бизди бириктирбейт. Сүрөттөр советтик мезгилден тартып, биздин күнгө чейинки 50 жыл убакытты камтыйт. Менин оюмча, башка облустардан да демилгелүү топтор чыгып, ушундай фотокөргөзмө уюштурса, Кыргызстандын жашоосун толук чагылдырган өзүнчө кызыктуу жол ачылмак. Биз сүрөтчүлөр үчүн чыгармачылыгыбызды мекенге арноону сыймык көрөбүз.
Александр Федоров атагы башка өлкөлөрдө да тараган сүрөтчү. Ал өз иштеринде өзгөчө маани бар экенин түшүндүрүп, сүрөттөрдөн көргөзүп жатты.
- Конкурстун башында эле бул жалгыз көл эмес, аны курчаган аймактар, ал жерлердеги элдин турмушу, жалпы облус камтылышы кереги такталган. Сиздер көргөн совет учурундагы кино тартылып жаткан учурларды байкасаңар, Ысык-Көл кино тартуу үчүн эң ылайыктуу жай экенин түшүнөсүңөр. Өзүм 30 жылдай кино тармагында иштедим. Ал убакта бардык тасма Ысык-Көлдө тартылчу. Албетте, туризм да маанилүү, бирок биз Ысык-Көлдү съемка майданы катары да таанытсак болот. Бул кошумча жумуш орундар, дээрлик бардык жанрларга туура келгендей пейзаждар кино индустриясына сөзсүз кызык деп ишенем.
"Миң уккандан бир көргөн" демекчи, Гапар Айтиев музейине келип, өз көзүңөр менен көрүп кетиңиздер.
Нуржан АЛЫМКАНОВА, тел.: 38 67 08,
nurjan@vb.kg
Сүрөттөр "Кумтөр Оперейтинг Компаниге" тиешелү