Кыргыз гезиттер архиви

ЭРОДРОМ
Түштөн кийин…

Эгер түшүңө аял кирсе, бүчүңө асылбай кое тур - артынан күйөөсү кошо кириши мүмкүн. Салкын кандуу бол!
* * *
Эгер түшүңө чоочун аял кирсе, "бул кимдин катыны?" деп үч жолу катуу кыйкыр. Акыйкат бол!
* * *
Эгер түшүңө досуңдун аялы кирсе, тишин ачып караба. Достукка бекем бол!
* * *
Эгер түшүңө жылаңач аял кирсе, кайра кийиндирем деп убара болбо. Ага акчаң да, чачың да чак келбейт. Сарамжал бол!
* * *
Эгер түшүңө бир да аял кирбесе… өз аялыңа кире бер. Жубайлык милдетиңди аткарганга дайым даяр бол!


Сапзацтар…

Кыйраткансып 17 жашымда үйлөнүп ийип, 6 айдан кийин ажырашканбыз. 31-август күнү Таластан келип, достор менен майрамдадык. Кечинде Туку жаңы конуштардын бирөөнө алып барды. Үч кыз экен. Бирөөсү оногу менин биринчи аялым болуп чыкты. "Выш-ший класс" дегени ошокен.
Муха, 20 жаш
???
Кытайдын автобустары келип жакшы болду. Маршруткадан кыздардын фигураларын көралчумес элек. Эми арткы сиденияга отуруп алып, шашпай "чечиндирсең" болот. Мисалы мен №7 автобустун кыздарынын эчтекесин калтырбай чечиндирип келем… №7нин кыздарынын фигурасына башка маршруттун кыздары жетпейт экен!
Омуш, 33 жаш
???
Айылдагы классташым келиптир. Экөөбүз эки күн кечке пиво ичтик. Айтып атпайбы: "бир түндө канча жолу жарайсың?" деп. Кебелбей туруп 3-4 жолу дедим. "Шаардыктар дарынын күчү менен киши болуп жүрөсүңөр да, - дейт, - айылдыктар иттин үнү басылганча алтыны айдатып кое беребиз, - деп кашатын карт-карт тырманды, итиң-оой!..
Кумук, 27 жаш




  Гинеколог айтса, калп айтпайт

Сураса болбойбу?!
Суроо:
- Тиштериң түшүп калса, төшөктө ишке жарабай каласың деген чынбы?
Жооп: - Эсеп боюнча эркектаналардын 70 пайызы ар кандай деңгээлдеги простатит менен оорушат. Простатит деген - импотенциянын бирден бир себеби. Импотенциянын дагы бир себеби - лор ооруларынын күч алышы. Импотенттердин 85 пайызы гайморит, чирик тиштүү болушат. Демек, элден мурда тишиңди, мурдуңду, кулагыңды сакта!





Башына тийбе десе болбой…
Кечээкиден башы сынган Шалман аялынан акча сураса бербей коет. Башын мыкчып терезени карап отуруп, өзүнчө сүйлөнө берет:
- Тыкем баратат, тигине, Жакем да баратат. Ойнеңдурайын, тиги Макен чалга эмне жок дебейсиңби…
- Алар кайда баратышат? - деп сурайт аялы кызыгып.
- Кытайлык бир догдур келиптир, каалагандай чоңойтуп берет экен, - дейт Шалман.
- Канчага чоңойтот экен? - дейт аялы ишенбегендей.
- Элүү эле сом экен.
Аялы бир аздан кийин:
- Ме, элүү сом чоңойтконго, бул он сомго башыңды жазып ал.
Кечинде Шалман ой-да кыйшайып үйүнө келсе, жуунуп-тазаланып күтүп отурган аялы:
- Эмне болду, алтыным, кана көргөзчү, - дейт.
- Ой, ошонун энесин… Чоңойторун го чоңойтту дечи, анан башын ийем деп атып сындырып албадыбы!..
Текшердиң беле?!
Тээ илгери союз убагы дейт. Катынынан шекшип жүргөн бир тракторист түнкү айдоого кетип атып, керебеттин асты жагына бир литрлик банкеге белинен каймак куюп, сеткасына жипке байланган картөшкөнү илип коет. Бир киши жатса, картөшкө каймакка жетпейт. Эки киши жатса, сөзсүз малына тургандай кылып илет. Ошол күнү кара басып, коңшу колхозго жардамга айдап жиберет. Командировкага!
Үч күндөн кийин келсе, баягы каймак сарымай болуп калыптыр дейт. Картөшкө катуу бишкектеген экен-с!
Ушул окуя элге жайылып кетиптир. Ошо кезде Токмоктун аэродромунда бир электрик ушуну андан ары өркүндөтөт. Тамдын чатырына лампочка илип, шнурун керебеттин алдына "эптештирет". Керебетке эки адам жатса зымдар тийишип, лампочка күйө турган болот. Муну уккан катыны бар учкучтар үйлөрүнүн үстүнө лампочка илишет. Түндөсү учуп чыкканда үйлөрүн карашса, лампочкалар күйүп-өчүп атат дейт…