п»ї
  Сая-саалы

Тааныштар эле кайра келген го…
Гезитибиз даярдалып бүтө жаздап калганда, ЖК өкмөт курамын бекитип жатканы маалымдалды. Ал кабарга ылайык, Чукул кырдаалдар министри К.Ташиев, Транспорт жана коммуникациялар министри Н.Сулайманов, Финансы министри М.Султанов, Адилет министри Н.Турсункулов, Саламаттык сактоо министри М.Мамбетов, Айыл, суу чарба министри И.Айдаралиев өз ордуна калып, Эмгек, калкты иш менен камсыздоо жана миграция министри Айгүл Рыскулова, Табигый ресурстар министри болуп Капар Курманов бекиди. Буга чейин эки күч структурасынын башчылары өз ордуларында калганы жана өкмөт башчысынын үч орунбасары бекигени дайын болгон.

Эми жаңы оппозиция жаралабы?
Саясый шоу эми башталат окшойт. Башкаруу системасын реформалоо бирөөнө жакса, бирөөнө жакпай туру. Президенттин айтканына карганда, эми мамлекеттик майлуу кызматтарда жүргөндөрдүн элүү пайызы кыскарууга туш болот. Албетте, алардын көбү ары-бери кагаз ташыгандан башканы билбеген адистер болушу мүмкүн. Анткен менен таза көйнөк кийип, таза жерде иштеп көнүп калган ошончо чиновникчелер эми базарга чыгып тачке түртүп же талаага барып дыйканчылык кылмак беле? Так что, жакында оппозициядан жаңы жүздөрдү көрүп калышыбыз толук мүмкүн. Аларга маяк таштап, БЭКтин уюштуруу штабынын жетекчиси Азимбек Бекназаров "мындан Бакиевдин жеке бийлиги күчөгөнү гана көрүнүп турат" десе, "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев реформа баштала электе эле "бул реформа элдин башын айландырып, чуру-чуунун шылтоосу менен өз максатына жетүүнүн амалы" деп кыйкырып чыккан.

Ишиңер эмне дештиби?
Бириккен Улуттар уюмунун адам укугу боюнча Борбор Азиядагы өкүлү Фиона Фрейзердин билдирүүсүндө, азыр Балыкчы окуясы боюнча соттук териштирүүлөргө аталган уюмдун өкүлү байкоо салып жатат. Сот аяктап чечим чыгарылгандан кийин бул иш-чарага уюм өз баасын берет. Буга чейин БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Нил Волкер өлкөдө адам укугу начарлап кетти деген тынчсызданууларга негиз бар экенин айтып, кыргыз өкмөтүнө Балыкчы жана Ноокат окуясы боюнча кабатырлануусун билдирген. Бирок, экинчи тарап Кыргызстанда адам укугу боюнча абал кыйындады деген дооматтарды четке кагып келет.

Бүгүн жөн гана сакалчан эртең куралчан болбойбу?
Учурда Ички иштер минстрлигинде экстремисттик уюмдардын 1,5 миңдей мүчөсү каттоодо турат. 2009-жылдын тогуз айында диний экстремизмди таратууга байланышкан сексенге жакын факт аныкталып, анын негизинде 110 киши камакка алынган. Ушундай маалыматтары менен учурда ИИМ экстремизмге байланыштуу кырдаал толук көзөмөлдө экенин айтышат. Бирок, жакында эл аралык кризисттик топ Кыргызстанда "Хизб-ут Тахрир" сыяктуу экстремисттик уюмдун жактоочулары көбөйүп, ага динчил аялдар арбын тартылып жатканын жарыялаган. Чынында эле бүгүнкү күндө Кыргызстанда экстремисттик уюмдардын мүчөсү ИИМ белгилегенден беш-он эсе көп болушу толук мүмкүн.




  Крим-аалы

Иштебеген тегирменден салык сурашып…
Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун жашоочусу укук коргоо бөлүмүнө арыз менен кайрылган. Анын айтымында, салык инспекциясынын кызматкерлери үйүнө келип, иштебей турган тегирменге салык төлөөсүн талап кылган. Тегирмендин ээси электр энергиясы кымбаттап, буудай арзандагандан бери иштетпей калганын айтса, 2000 сом берүүсүн талап кылышкан. Эртеси тегирмен ээсинен 2000 сом алып аткан салык инспекциясынын инспекторлору изкубарлардын кылтагына түштү.

Он тонна контрабандалык спирт
Ысык-Ата районуна караштуу Ак-Кудук менен Милянфан айылдарынын ортосунан жүк ташуучу чоң машинени "Ауди" жеңил машинеси күтүп турганын байкашкан изкубарлар алардын жанына барышкан. Чоң машинеден 392 желим канистрге куюлган спиртти "Аудиге" жүктөп аткан жеринен кармашты. Казакстандан контрабандалык жол менен келген спирттин жалпы көлөмү 10 тонна болуп, 800 миң сомду түзгөн. "Ауди" автоунаасынын айдоочусу Нарын шаарынын 29 жаштагы жашоочусу болгон. Ал эми чоң машиненин эки айдоочусу из жашырып кетүүгө үлгүрүшкөн. Учурда иликтөө иштери башталды.

Сак болгула, маньяк!
Сокулук районундагы базардын жанынан 15-октябрда 28-56 жаштардагы европа улутундагы эки кишинин өлүгү табылган. Маркумдарды аеосуз сабап, кыйнап, башка чаап өлтүргөндүгү соттук экспертизадан аныкталды. Аларды текшергенде канынан спирт ичимдиги да чыккан. Эртеси, 16-октябрда Шопоков шаарчасынан улгайып калган адамды кимдир бирөө өлтүрүп кеткен. Изкубарлардын айтымында, карыяны акчасын тоноо максатында өлтүрүшкөн. Бул кылмыштарга тиешелүү кылмышкерлердин ким экени белгисиз. Ал эми жергиликтүү эл маньяк чыккан жокпу деп чочулашууда.

Өмүргө тойгон жигит
Ысык-Көл облусунун 45 жаштагы тургуну М.Русин көчөдө туруп өзүнө-өзү бензин куюп өрттөгөн. Мындай шумдуктуу окуянын күбөлөрү дароо "тез жардам" чакырып, аны оор абалында облустук ооруканага жеткиришкен. Жергиликтүү милиция кызматкерлери М.Русиндин эмне себептен мындай кадамга барганы тууралуу маалыматты жашырууда, бирок, ал эки жолу кан тамырын кесип, өмүрүн кыюуга аракет кылганын айтышты.

Кылмышкер качты
Жайыл айылынын укук коргоо кызматкерлери киши өлтүрүүгө катышы бар деп шектенген Азамат аттуу жигитти кармашкан. Тергөөчү Азаматты соттук биологиялык экспертизадан өткөрөрдө ал качып, из жашырып кетүүгө үлгүргөн. Учурда издөөдө.




  И-тагдаалы

Жаңы мыйзамды жакшылап талдайлы
Жол кыймылы коопсуздугунун башкы башкармалыгынын начальниги Болотбек Борбиевдин айтымында, жол-транспорт кырсыктарынынын жарымынан көбүндө чыгым ордуна келтирилбейт. "Соттук кийлигишүүдөн соң деле жабыр тарткан тарапка эч кандай акчалай компенсация төлөнбөй келет. Бул мыйзамдардын жакшы иштелип чыкпагандыгынан. Андыктан, жаңы мыйзамга керектүү өзгөртүүлөрдү киргизүү керек" дейт Болотбек мырза. Кыргыз камсыздандыруучулар ассоциациясынын президенти Ж.Жапаркуловдун пикиринде, жаңы мыйзамды кабыл алуу эч нерсени өзгөртпөйт. Ал үчүн Жарандык жана Процессуалдык кодексти да өзгөртүү керек. "Келечектеги мыйзамда жоопкерчиликти машине ээси эмес, айдоочу өзү тартары сөзсүз камтылышы керек. Себеби, азыр айдоочулардын көбү ишеним документери менен эле айдап жүрүшөт" дейт ассоциация президенти. Буларды эске алганда, транспорту милдеттүү камсыздандыруудан өткөрүү учурдун талабы дейт мыйзам долбоорун сунуштагандар.

"Кыргызпатент" издөө салат
КР Мамлекеттик патент кызматы "Кыргыз Республикасынын обончулары" аттуу маалымдама китебин даярдап, 2009-жылдын аягына чейин китептин алгачкы долбоор макетин чыгарууну сунуш кылат. Ушуга байланыштуу төмөнкү тизмедеги обончулардан патент кызматы (же үй-бүлө мураскерлеринен) кыскача өмүр баяндарын, сүрөтүн, чыгармаларынын тизмесин тактап, толуктап берүүнү өтүнөт. Бул үчүн төмөнкү дарекке кайрылып же телефон чалсаңыздар болот. Бишкек ш., Исанов көчөсү, 87, тел.: 61-54-13. Асанбек Жантемиров, Кадырбек Кадыралиев, Канымгүл Досмамбетова, Маданбек Алмакунов, Сайыргазы Түркмөнов, Султан Мамбетбаев, Бек Борбиев, Айбек Карымов, Жамийла Муратова, Сыймык Бейшекеев, Тургуналы Нурматов, Темирбек Бердибаев, Есен Исмаилов, Абдыкерим Алымов, Абдыракман Тербишаалы уулу, Кудайберген Темиров, Темирбек Керимбаев, Жекшенбек Тагаев, Кадыралы Артыков, Керим Жакшылыков, Мамат Оморов, Марат Акматов, Сартбай Бөлөкбай уулу, Сыртбай Калча уулу, Үсөн Сыдыков, Эмил Жүзөнов.

Канды кайдан алабыз, ой?
Өкмөттүн маалымат кызматынын билдиришинче, Кыргызстанда акыркы 10 жыл ичинде кан донорлорунун саны 100дөн 26га чейин кыскарган. Мунун аркасында кан топтоо жана аларды дарылыкка колдонуу да кескин азайган. "Мунун баары даярдалган кандын сапатына, дары-дармектерди өндүрүүгө терс таасирин тийгизип, кан менен камсыз кылуу кызматы дарылоо-профилактикалык уюмдарды керектүү өлчөмдөгү компоненттер менен камсыз кыла албай жатат" дейт өкмөттүн басма сөз кызматы.

Жер титиреди… эл битиребесин
20-октябрда түнкү саат 22.44тө 5 баллга жеткен жер титирөө болгон. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдиришинче, жер титирөөнүн борбору Ош шаарынын Суфи Курган айылына туш келди. Бактыга жараша, адам өлүмү, кыйроолор болгон эмес. Эскерте кетсек, буга чейин сейсмология институтунун директору Канат Абдрахманов Кыргызстанда 2015-жылга чейин сейсмикалык активдүүлүк болорун билдирген.





кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
email • архив • редакция 
23-октябрь, 2009-ж.:
1-бет
Даниярдын багы дагы ачылды…
2-бет
Бириң кайың, бириң тал...
3-бет
Сая-саалы
4-бет
Ойлон, ойгон адамзат
5-бет
Жарыкты мөөнөтү менен өчүрүп бергениңерге "ыракмат", Мажит өкмөт!
6-бет
Башы мойнунда, куралы колунда.
Дагы эмне жетпейт?

7-бет
Унчукпагандар ууру боло береби?
8-бет
Камбар-Ата чындыгы кайда?
9-бет
Ат жалында маек
10-бет
Канат БЕКТЕМИРОВ:
"Жаныштын түгөйү Байыш терисинен берип…"

13-бет
Андай эмес, мындай
14-бет
Акын Омордун душманы - гражданин Омор же оморчулук жөнүндө учкай сөз
15-бет
Көз жетпегенге фотокамера жетет
16-бет
Феликс КУЛОВ, коомдук ишмер:
"Келерки жылы бюджеттин тартыштыгы 300 млн. долларга жетет"

17-бет
Бейшенбек АБДРАСАКОВ:
"Кыргызды шаарга жолотпоо саясаты жүргөн"
18-бет
Убактың болсо көрүп кал
19-бет
МИҢ ТҮРКҮН АДАМ
20-бет
Дүйшөн ЖАПАРОВ:
"Калыңым жок, каадам бар,
Кааданы билбес наадан бар"
22-бет
Апта астрологиясы
23-бет
Обон-казына
24-бет
Эргүү чакырыгы
25-бет
Сөзирмемдер
26-бет
Кацудзо Ниши
27-бет
Эрнест АБДЫЖАПАРОВ:
"Уулумдан адам чыгабы деп санаага батчумун"
28-бет
ЭРОДРОМ
29-бет
Пейджер
31-бет
Бегимай ЭСЕНГУЛОВА:
"Сүйсөм, түбөлүккө сүйөм"
32-бет
Шоу ньюс
а ­е¦Є.НҐй«