Кыргыз гезиттер архиви

  Шоу ньюс

Аида КУЛУЕВА "Сагындым сени" аттуу ырын жаздырып, клип да тарттырган. Бул ырды жазганынын себеби, жүрөгүнөн орун алган жигит жакында башка адамга баш кошорун угуп, ушул ыр менен сезимин билдирип, сүйүү күйүтүн ырга салган.


ГҮЛЗИНАТ "Кош жылдыз" телесынагындагы өнөгү Мелис Эшимкановдун белеги менен ноябрдын соңунда Италияга барып, эс алып гана кайтпастан, ал жердеги 18 000 кыргызга Ала-Тоодон салам да айтат. Жолдомо тартуулаган Мелис мырза Италиядагы кыргыздар үчүн Гүлзинаттын концертин уюштуруу жагын да караштырмакчы.


Эрмек МАМАТОВдун "Асыл эркем" аттуу ырына тартылган клип жакында эл сынына коюлат. Клиптин өзөгүн Мырза Айдаралиевдин "Стоп трафик" тасмасынан алынган кадрлар түзмөкчү. Анткени, "Асыл эркем" аталган фильмдин саундтреги катары тандалган.


Айя САДЫРОВА ак жоолук салынды. Мусулманча той өткөнү менен расмий үйлөнүү үлпөтү өтүшү күтүлөт. Шоу дүйнөнүн жаңы күйөө баласы Айянын ата-энесинин алдынан өтүп, келинчегин Алматыдан алып келген. Учурда Айя мыкты үй-бүлөгө туш болуп, жароокер, камкор кайненеге келин болгонуна ыраазы. Башкысы - жолдошу экөөнүн ортосунда алоолонгон махабат.


НЭНА Динара Акулованын репертуарындагы "Жайлоодо" ырын кайталап ырдоого камынууда. Ошондой эле жыл соңуна чейин Армениядагы эл аралык сынакка да катышып келет. Жакында Нэна сахнадан тапкан досторун чогултуп, алыстан келген ата-энеси менен тааныштырууну пландап жүрөт.


Кубаныч САТАЕВ атасынын ырын жалпы казакка сүйдүргөн "МузАрт" тобу менен таанышып, кызматташып турууга убадалашкан. Балким, Чубак Сатаевдин 50 жылдыгына карата уюштурулуучу иш-чарага алар чакырылышы мүмкүн. Айтмакчы, аккордеон көтөргөн Кубаныч эми чопо чоор, чоор аспаптарын да өздөштүрүп калды.


Султан САДЫРАЛИЕВ Орусия жергесин кыдырып, кыргыздарга ыр арнап кайтканы эми күчтөндү. Ыр артынан ыр тандоодо. Арзуу азабын араң артка таштаган бул жигит мындан ары комуз менен домбураны эстрада менен бирдей алып жүрүүнү чечкен.


Айжан НУСУБАЛИЕВА Окуу жайдын биринчи гана курсунда болгондуктан, сабагына катуу көңүл буруп, окуусу менен алек. Жыл соңунда Казакстанда өтчү "Шабыт" сынагына камданып, үнүн машыктырууда. Баса, Айжан бир кезде "На-на" тобу ырдап чыккан түрктөрдүн ырын аткарууга уруксат алды.


Урмат УСЕНОВ "Super star" долбооруна кабыл алынган шыктуу кыз-жигиттер аткарчу ырлардын баарына текст жазып берүү милдетин алгандыктан, уйкуга убакыт таба албай келатат. Ырлардын дээрлик көпчүлүгү махабаттан баян салат.


Даярдаган Айнагүл САПАРБЕК кызы, фото автордуку