Кыргыз гезиттер архиви

  Ааламда

Ойлон, ойгон адамзат
Мелис СОВЕТ уулу

Ар бир адам пендеси Жараткандан коркуп, илгертен ата-бабалары туткан динди тутары турган иш. Советтик доордо 70 жыл бою "Кудай жок" деп үйрөтүп, атеисттик тарбия бергенге аракет кылынганы менен дин учурда постсоветтик мамлекеттерде мамлекеттик, атургай дүйнөлүк чоң маселеге айланды. Айрыкча акыркы он жылда дин дүйнөдөгү таасирдүү күчкө ээ болду.
Учурда Орто Азия мамлекеттери, керек болсо кудуреттүү аталган АКШ, Россия, Европа өлкөлөрү да ар кандай диний агымдарды ооздуктоодо алсыз болуп калды. Билимсиз караңгы адам эмес, жогорку билимдүү адамдар да динге берилип, диний мыйзамдарга баш ийе башташты. Алардын ар биринин дүйнөгө, жашоого болгон көз карашы, ой тутуму ар башка. Албетте, дин тутууда чектөө жок. Көпчүлүк өлкөлөрдүн мыйзамдары да буга жол бербейт. Бирок, мындай эркиндиктин арты кандай болот? Диний агымдарды кантип тыйып, диний эктремизмди канткенде токтотобуз? Бул азыр ар бир мамлекеттин көйгөйү.
Айрыкча, XX кылымдын экинчи жарымында ислам кыймылдары абдан активдешип, акыркы кездерде пайда болгон "Аль Каида", "Хизб-ут Тахрир", "Өзбекстан ислам кыймылы" сыяктуу диний кыймылдар кайсы мамлекетти болбосун ойлондурбай койбойт. Учурда территориясы кенедей Кыргызстанда эле 500дөн ашуун ар кандай диний уюмдар, агымдар бар. Булардын көздөгөн максаты эмне? Учурда Афганистан, Пакистан, Иран, Ирак, АКШда болуп жаткан террордук актылар, бейкүнөө адамдардын өлүмү дин маселесинин дүйнө жүзүндө жылдан жылга курчуп баратканын тастыктагандай. Эларалык ММКларда, интернет сайттарда жер жүзү боюнча күнүнө беш-он киши диний экстремизмдин курмандыгы болгону маалымдалат. Акыркы эки-үч жылда эле Пакистан, Афганистан, Иран, Иракта миңдеген адамдар диний кагылышуулардан, чыр-чатактардан каза болду. Бир динди туткан бир улут, бир эл - шийиттер, сүннүлөр болуп бөлүнүүдөн бейкүнөө кан төгүлүүдө.
Булардан сырткары, азыр кадыр-барктуу ислам агымдарынын арасында суфизм абдан күч алган. Бул диний окуудагылар саясый максаттарды көздөбөгөнү менен ичара лидерлери бар. Алардын пикиринде, бул окуу "Аллахка болгон жол". Мындан сырткары, азыр Фергана өрөөнүндө Ислам Халифатын түзүүнү жамынган уюмдар да бар. Чын-чынына келгенде булардын арасында башка максаттарды көздөгөн уюмдар да болушу толук мүмкүн. Булар азыр Орто Азияда эле эмес, Чыгыш өлкөлөрүндө да терең тамыр жайган. Мындай диний уюмдардын көздөгөнү бир болгону менен көпчүлүк учурда алардын ортосунда оркойгон ажырым, пикир келишпестиктер бар.
Мындай диний ажырымдарды, агымдарды, секталарды саясый максаттарга колдонгон күчтөр да жок эмес. Динди бетке кармап өзүнүн, жанындагы ондогон-жүздөгөн адамдардын жанын кыйган дин адамын акыл-эси ордунда деп айтууга болобу? Кайсы дин адамды ушундай жолго түртөт? Муну азыр ар бир адам, мамлекет, дүйнө жүзү акылга салышы керек.




  Ала-тоодо

Данчиктин "альчиги"
Нурканбек КЕРИМБАЕВ

Жаңыдан премьерликке дайындалган Данияр Үсөновду "отко салса күйбөгөн, сууга салса чөкпөгөн" сыпатында сүрөттөсөк туура болчудай. Себеби, бу киши жашоо кемесинде кыйынчылыкты да, жыргалчылыкты да башынан өткөрдү.
Коомчулукта Данияр Үсөновдун ысымы тээ Акаев заманынан бери белгилүү. Экс-президенттин тушунда эки жолу ЖК депутаттыгына шайланып, вице-спикерлик кызматка да жеткен. Токтогул аксакалдын уулу Даниярдын мурдагы "парталаштары" аны мыкты мыйзамчы катары баалашат. Коррупциясы Ак үйдүн жетинчи кабатына чейин тамыр жайып, бийлик эл үчүн эмес, бир адамдын үй-бүлөсү үчүн иштеп калганын ачык айтып, туңгуч ажонун келишкис оппонентине айланат. Анын айынан куугунтукка алынып, Казакстанда күн кечирүүгө аргасыз болгон. Акаев Үсөновду "сындырууга" миңдеген ыкма колдонуп, бир жылда 200дөн ашуун сотко берген. Алардын бирөөсү да далилдүү фактылар менен тастыкталбаганын акыйкаттык үчүн айтып кетүүбүз абзел.
"Бирде жигит жөө жүрөт…" демекчи, март ыңкылабынан кийин Д.Үсөндун башына бакыт кушу конуп, төө минмейге өткөн кези. Алгач вице-премьер-министрликке, андан соң Бишкек шаар башчылыгынын тууруна конгон. Мэрлик креслодон жыдып, аты бар, заты жок Өнүктүрүү фондунун жетекчилигине, ушул жыл башында президенттик администрация башчылыгына дайындалганы жалпыга маалым. Көрүнүп тургандай, төрт жыл ичинде төрт жолу "ат которуптур". Демек, каалайбызбы-каалабайбызбы, мамлекеттик кызмат жагынан мол тажрыйба топтогонго жетишти. Ошого жараша эл ооздон түшүрбөй айтып жүргүдөй алгылыктуу эмгек өтөй алдыбы? Андай болсо, анын ишмердүүлүгүнө кыскача көз чаптырсак.
2005-жылдан кийин экс-президент А.Акаевдин дүйнө-мүлкүн аныктоочу комиссияны жетектеп, чет элдик Либерман аттуу адвокатка өз капчыгынан 500 миң доллар төлөгөнү көпчүлүктүн эсинде дале сакталуу. Бирок, Данияр мырзанын бул аракетинен жарытылуу майнап чыккан жок. Ал эми Бишкек мэрлигин аркалап жүргөндө Ата-Түрк сейилбагынын жанында аткаминерлерге таандык үйлөр туурасында оюн ачык билдирбей, жарандардын саясый акцияларды өткөрүшүн чектеген. Кийинчерээк лотерея чатагын баштап, мэрликтен акырын "жылт" койгон. Мындан сырткары, 2007-жылдын мартында вице-премьер-министрлик креслого көчүк басуу үчүн депутаттардын оозун 300 миң доллар менен "майлаганын" агездеги өкмөт башчысы Феликс Кулов шардана кылган.
Мына ушундай "образдагы" Данияр Үсөнов өкмөт башчылыгына келди. Өлкө экономикасын гүлдөтүүгө зор салым кошобу же болбосо куру убадаларды берип эле тим калабы - мезгил суроосу. Данияр Токтогулович жел сөздөр менен тил эмизип, карапайым калктын ишенимин актабаса, саясый карьерасына крест койгону ошол. Айтор, Үсөновдун өткөөл мезгилде премьерликке дайындалышы - анын өмүр жолундагы чоң сыноо. Кыл көпүрөдөн буту тайгаланбаса эле болгону. Не демекпиз? Жаңы өкмөт башчынын ишине ийгилик гана каалайбыз.




  Абийирде

Педофилди бычып туруп, атып салгыла
Зайырбек АЖЫМАТОВ

Кечээ жакында Ак-Ордо жаңы конушунда жаңы эле түрмөдөн чыгып келген бир эркек сөрөй 3-класста окуган секелекти зордуктаган. Учурда бул окуя укук коргоочуларга маалым болуп, көчөт кызды чыркыратып баса калган кылмышкер темир тор артында. Күнөөлүүнүн укук коргоо кызматкерлерине берген көрсөтмөсү боюнча, ал түрмөдөн чыгып келгенин жууп, аталган жаңы конушта достору менен арак ичип отуруп, сексеңдеп ойноп жүргөн кызды артынан барып баса калган. Бул жаңы конуш эми эле түптөлө баштагандыктан тегерек чети ээн. Айбан кумарын кандырган зөөкүр эчтеке болбогондой ойноп-күлүп жүргөн жеринен кылтакка илинди.
Буга чейин маалымат каражаттарында көчөт кыздарды зордуктоо боюнча көп эле жолу жазылды. Петровкадагы чатактын жөнү да балакай кызды күрд улутундагы жигит зордуктап койгонунан улам чыккан. Жакында эле "Агым" гезити бир кызды таятасы менен таякеси кичинесинен алмашып зордуктап келгенин, ага улай эле күнүмдүк нан табыш үчүн базарда кайыр сурап отурган майып атанын 11 жаштагы кызын чоочун жигит акча берем деп ээрчитип барып зордуктап, анысы аз келгенсип, кийим кечесин сыйрап ай-талаада калтырганын, бул тууралуу укук коргоо кызматкерлери билип, бирок эч кандай иш-чара кабыл албай жатканын жарыялаган. Негизи эле кийинчерек жаш улан-кыздарды улуулар интимдик максатта пайдаланганы, ар кандай порнофильмдерге, сүрөттөргө тарткандыгы көнүмүш адаттай таасир калтырып келет. Андан улам педофил деген термин кадимкидей эле лексиконубузга кирип калды.
Эң кызыгы, кокус кайсыл бир чиновник кызматтан алынып калса же дагы башка маселерде чуу көтөрүп чыга калчу жайнаган укук коргоочулардын бири да ушундай маселе боюнча күйүп-быша элек. Деги эле бизде балдардын укугун коргоп чырылдай турган уюмдардын бар же жок экени белгисиз. Өлүм жазасын киргизели дешсе ызылдайбыз, ал эми бешиктен бели чыга элек кенедей кыздарыбызды зордуктап жатышса эмнеге унчукпайбыз? Эмнеге "кетсин" деп митин-пикет уюштурганды билебиз да сексейген секелекти баса калып зордуктаган адамды "өлсүн" деп айта албайбыз?
КР Кылмыш-жаза кодексинде мындай айбандык кылган жаран ашып кетсе 20 жылга соттолот экен. Албетте, кармалып, күнөөсү мойнуна толук коюлса гана. Ал эми укук коргоо кызматкерлери тарабынан катталбай же акча берип жабылып калган окуялар канча? Жашы жете элек кызды эч кимге айтпа деп коркутуп же бир нерсе берип алдап жүргөн учурлар да болушу мүмкүн. Айтор, кийинчерек бул тема олуттуу сөз кылууга, мындай кылмыш жасагандар үчүн жазаны оорлотууга мезгил жеткенин көрсөтүп келет.
Психологдор педофилдик дарт эч качан сакайбашын айтышат. Андыктан, дүйнөлүк практикада мындай кылмыш кылган адамдарды химялык жол менен бычып ташташат. Мисалы, бул ыкма Кытайда колдонулат. Эмнеси болсо да кыргызстандык педофилдерди да аесуз жазалоого мезгил жетти. Менимче, балапан бала менен көпөлөк кызды көргөндө делебеси козголгон айры бут, тоголок баш айбандарды бычып туруп, анан атып салыш керек!