Кыргыз гезиттер архиви

Ат жалында маек
Амангелди МУРАЛИЕВ, коомдук ишмер:
"Ишеним оту канткенде жанат?"
- Мамлекеттик башкаруу системасын реформалоонун башталышы купулуңузга толдубу?
- Президенттин мындай демилгесине көзкарашым түз. Башкаруу системасын жаңы нукка буруп, чиновниктердин жоопкерчилигин арттырайын дегени жакшы жышаана. Бирок, маселе башкада. Өлкө жетекчисинин айткандары канчалык деңгээлде жүзөгө ашат? Эгерде К.Бакиев баштаган ишинин аягына чыкса, элдин бийликке болгон ишеним оту жанат. Кыргызстандын жаркын келечегин түптөй турган система жаралат. Тескерисинче, реформа ара жолдо калчу болсо, анда ал бийликке аброй алып келбейт…


Алманбет ШЫКМАМАТОВ, "Ата Мекен" социалисттик партиясынын аппарат жетекчиси:
"Чудинов накта комсомол экенин көрсөттү"
- Экс-премьер-министр И.Чудиновдун ишмердүүлүгүн кандай баалайсыз?
- Бийликтин баары президенттин колуна топтолгондуктан, кандай гана гениалдуу премьер-министр келбесин жигердүү иштей албайт. Мамлекеттик бийликтеги терс көрүнүштөрдүн бардыгы анын мойнуна жүктөлүп, отставкага айдалып турчу персонага айланып калган. Ал эми 2005-жылдан берки өкмөт башчыларын алып караганда, президенттин башын оорутпаган жалгыз премьер - Чудинов болду. Себеби, ал клан аралык интригадан алыс, урук-тууганы аз, комсомолдук тарбиядан өткөн. Ар кандай буйруктарды түз жана так аткаргандыктан К.Бакиевге жагып келген. Кыскасын айтканда, И.Чудинов алгылыктуу иш жасай алган жок. Бирок, президенттик шайлоодо республикалык штабды жетектеп, болуп көрбөгөндөй фальсификациянын башында турган киши катары элдин эсинде калышы ыктымал.


Жамин АКИМАЛИЕВ, Кыргыз илим изилдөө дыйканчылык институтунун башкы деректири, академик:
"Оозу менен орок оргондор көп болду"
- Сиздин баамыңызда, отставкага айдалган министрлердин кимиси жакшы, кимиси начар иштеди?
- Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев, Каржы министри Марат Султанов жана мамлекеттик бажы комитетинин төрагасы Нурлан Акматов өздөрүнүн профессионалдуулугун көрсөтө алды. Ал эми Энергетика министри Ильяс Давыдов, мамлекеттик Туризм агенттигинин жетекчиси Турусбек Мамашов, вице-премьер-министр Өктөмкан Абдуллаева оозу менен орок оргондон башка иш кылышкан жок.


Айылчы САРЫБАЕВ, экономика илиминин доктору, профессор:
"Мамбюджетти жегендерди азайтканын колдойм"
- Бири-бирин кайталаган структураларды жоюп, аткаминерлердин санын кыскартуудан өлкө бюджети үнөмдөлүшү мүмкүнбү?
- Президент өз сөзүндө министрлик, аппарат кызматкерлеринин саны азаярын айтты. Мен бул демилгени колдойм. Мамлекет башчысы белгилегендей, ири жана майда чиновниктер 40-50%га чейин кыскара турган болсо, мамбюджеттин чыгаша бөлүгү азаят. Мындан сырткары, орундун аздыгына байланыштуу кадрлар конкурстук негизде кызматка алынып, аларга коюлган талап жогорулайт. Натыйжада, аткаминерлердин ишмердүүлүгү, акыл көрөңгөсү дүйнөлүк стандартка жооп бергидей деңгээлге көтөрүлөт.


Марс САРИЕВ, саясат таануучу:
"Жазында Жогорку Кеңешке шайлоо өтүшү мүмкүн"
- Президенттин администрациясы жоюлуп, анын ордуна президенттик институт түзүлдү. Өкмөт структурасында да өзгөрүүлөр арбын. Ошол эле маалда мыйзам чыгаруу органы да жаңыланууга муктаж дешет. Сиздин пикир?
- Эл өкүлдөрү өздөрү демилге көтөрүп, парламентти таркатууга даяр турушат. Андыктан кышка жакын же болбосо жазында Жогорку Кеңешке шайлоо өтүшү мүмкүн. Себеби, мындай тилалчаак депутаттар менен иш арбыбасын президент деле жакшы түшүнүп калды. Менимче, парламенттин эмки курамын бийликчил партиядан сырткары, ортомчул позициядагы бир нече партиянын өкүлдөрү түзөт.


Жаркынбек КАСЫМБЕКОВ, коомдук Ордо кеңешинин мүчөсү:
"Министрликке ылайыктуулар аз"
- "Экс-премьер-министр И.Чудиновдун командасындагылардын басымдуу бөлүгү кайрадан ордуна келиши ыктымал" имиши желдей тарады. Андай болсо, мамлекеттик башкаруу системасын реформалоонун зарылчылыгы бар беле?
- Мамлекеттик башкарууну жаңылоонун маңызы - системалык өзгөрүүлөрдүн киришинде. Жаңы системага мурдагы тажрыйбасы мол, дасыккан адистердин келип иштеши азыркы шартта өтө зарыл. Өткөн курамдагы кээ бир министрлер жаңы өкмөттүн курамын толукташына кошулам. Анткени, Чудинов өкмөтү жаман иштеген эмес. Анүстүнө алардан башка министрликке ылайыктуу кадрлардын саны оголе аз… Реформанын эмки кадамы катары министрлерден кийинки деңгээлдеги адистерди жаңы көзкараштагы жаш кадрлар толукташы керек. Ошондо өткөөл кырдаалдан оңой өтүп кетебиз.


Асланбек САРТБАЕВ, "Учур" гезитинин башкы редактору:
"Карьера жасоодо өтө чебер"
- Өкмөт башчылыгына Данияр Үсөновдун келгенин колдойсузбу?
- Данияр Үсөнов бактысы зор киши экен. Учурунда чоң кызматтардан четтетилип, коомчулук алдында уятка калган жайы бар. Бирок, болбой эле көшөгө артынан жол таап, карьера жасоо чеберлигин тастыктап келет. Табиятынан аткаминерлик жөндөмүнө караганда, бизнесмендик өнөрү күчтүү. Сыртынан көп билинбегени менен интригага жакындыгын айтышат. Өзүнүн деңгээлине жараша сынды көтөрө албайт, сын-пикир айткандарды душман күтүп алат. Данияр мырзанын басып өткөн жолун карап көрсөк, көзгө басарлык иш жасаганын байкабаптырмын. Карапайым калк ичинде Үсөновду мактаган адамдарды дээрлик кездештирбейсиң. Мындай инсандын өкмөт башына дайындалганы Кыргызстандын өнүгүшүнө кандай пайда алып келерин көрө жатарбыз.


Мирослав НИЯЗОВ, коомдук ишмер:
"Кыргызстан өлкө катары сакталабы?"
- Президенттин мамлекеттик башкаруу системасын жаңылоо саясатынан алгылыктуу өзгөрүүлөр болоруна ишенесизби?
- Буга чейин Башмыйзам бир нече ирет өзгөрүлдү. Мамлекетти башкаруунун дүйнөдөгү бардык классикалык моделин басып өттүк. Тилекке каршы, кыргыздар реформа деген сөздүн түпкү маңызын түшүнбөйт экенбиз. Бийликке жакпаган өкмөттү, чиновниктерди садага чаап, алардын ордуна башкаларды алып келүүнү өнөкөткө айландырдык. Ак үйдөгү билермандар ушуну жаңылануу дешет. Бул болгону элдин көзүн будамайлоонун жападан жалгыз амалы. Реформа мындай өңүттө жүрбөшү керек. Ушуга окшогон "реформалардын" натыйжасында Кыргызстан кризистик өлкөгө айланды. Кандай гана тармакты алып карабагын, абалыбыз чеке жылытарлык эмес. Суу башында туруп энергетика каатчылыгына тушуктук. Айта берсе арман көп. Мындан улам, "Кыргызстан мамлекет катары сакталып кала алабы?" деген суроо жүрөктү өйүп турат.
20-октябрда президент К.Бакиев тарабынан жарыяланган жаңылануу саясаты - мышык-чычкан оюнунун уландысы. Болгону президенттик администрация, мамлекеттик катчы кызматы жоюлуп, өкмөт түзүмү кыскарды. Мындай реформадан эч кандай майнап чыкпайт. Анын ордуна, Кыргызстандагы көкөй кескен көйгөйлөрдү жамы журт алдына жарыялап, андан чыгуунун жол-жобосун сунуштаса, ошол чыныгы жаңылануу болмок. Менимче, "реформачылардын" башкы максаты - бир адамдын, үй-бүлөнүн көзүн караган бийлик структурасын түзүү болсо керек.

Нурканбек КЕРИМБАЕВ, тел.:38-67-19, e-mail:kerimbayev@mail.ru