email • архив • редакция • меймансап 
Башбарак



Дардаңдаган Давыдов, үшүк жүргүзгөн Үсөнов

Бүгүн коомчулукту электр энергиясына жана жылуулукка болгон баанын кескин көтөрүлүшү дендароо кылып туру. Азыркы жаңы өкмөттүн учурдагы тариф саясатынын "жемиши" февраль айында бышып жетилет. Башкача айтканда, эл февралда январда жаккан электр энергиясы менен жылуулукка болгон төлөмдөрү жазылган чекти алганда гана бул саясаттын маани-маңызын толук түшүнөт. Айрыкча, басымдуу бөлүгү бюджеттик мекемелерде иштеген жана социалдык жактан аялуу шаардыктар үчүн кайсы жагынан эсептесең да, бир бөлмөлүү квартирага жалпы коммуналдык төлөмдөр үчүн айына 4 миң сом, 2 бөлмөлүүгө 6 миң, 3 бөлмөлүүгө 8 миң сом төлөмөр болуу оюнчук эмес.
Анүстүнө өкмөттүн мындай кадамга барышы канчалык какшанышса да ынанымдуу болбой туру. Так маалыматка таянсак, Кыргызстан жыл сайын 14,5 млрд. кВт/саат электр энергиясын өндүрүп. 7 млрд. кВт/саатын пайдаланат. 2 млрд кВт/сааттан ашуун энергия жоготууга учурайт, калган энергия кимдин чөнтөгүн жылытып жатканын эч ким билбейт. Экинчиден, эмне үчүн энергетика системасынын жыртык-тешигин буга чейин сатылган жана азыр сатылып жаткан энергиядан түшкөн каражат менен оңдоп-түзөгөнгө болбойт? Же буга чейин энергетикага жумшалды делген жүздөгөн миллион доллар чет элдик инвестиция кайда кеткен?
(Уландысы 3-бетте)