Кыргыз гезиттер архиви

  Мээнет жалпак, дөөлөт тоголок

Миллионер айымдар

Акыркы 15-20 жыл ичинде кыргыз аялдары ишкерлик, соода-сатык, бизнес чөйрөсүнө кенен аралашты. Айрымдары эркектерден ашып түштү десек да болот. Совет жылдарында, андан мурда кыргыз аялдары эркектердин алдында ыйбаа кылып келсе, бүгүн көпчүлүк айымдар баарын өз колу менен жасап, өз дүйнөлөрүнө ээ болушту. Анан жүрүп олтуруп миллионер айымдар деген түшүнүк чыкты. Аларды биз миллионер айым деп атап, баланча банкта түкүнчө акчасы же алтыны бар дегенден
алыспыз. Тек гана жалпы дөөлөтүн эске алып, Кыргызстандагы он миллионер айымды төмөнкүлөр деп таптык.


Бермет Акаева
Мекенден алыс сүрүлгөнү менен Бермет айым Кыргызстандын атуулу. Атасы өлкөнү башкарып турганда казак күйөөсү Адил экөө акчалуу жердин баарын баса калган деген күнөөдөн арылбай келишет. Бир мисал, Россиянын бир телеканалынын кайсы бир программасынын башкы каарманы болуу үчүн миллиондорду садага чапкан экен. Кезинде азыркы "МСН" гезити Акаевдерге тиешелүү деп, өлкөдөгү кырктан ашуун кирешелүү ишкананын атын атаган. Азыркы күндө Бермет Акаеванын бизнеси Казакстан менен Москвада экендиги айтылат. Өзү Москвада кафе, ресторандарды иштетсе, күйөөсү Адил Тойгонбаевдин дүнүйөсү Алматы менен Астанада экени белгилүү. Мындан тышкары, чет өлкөдөгү Акаевдердин мүлкү да Бермет айымдын ысмына жазылган деп жүрүшөт. Демек, дагы эле Кыргызстандагы эң башкы миллионер айым деп Бермет Акаеваны атаганга толук негиз бар.
Чолпон Султанбекова
Маркум депутат Баяман Эркинбаев тирүүсүндө кыйла байлык топтогон. Кара-Суу базары, Алай мейманканасы, Оштогу палван сарай, Баткен облусундагы кичи базарлар Баяман мырзага тиешелүү болчу. Эми ошонун баары жубайы Чолпонго калган. Күйөөсүнүн ишин улап, "Алыш" күрөшүнүн өнүгүшүнө салым кошуп, бизнести да жакшы алып кетүүдө. Чет өлкөлөргө көп чыгат. Күйөөсүнүн ордуна депутат болом деген мүдөөсү орундалбады. Парламенттик шайлоодо "Ак жол" партиясына чуркаганы менен, түшүнүксүз себептерден улам тизмеге кошулган жок.

Динара Исаева
Жогорку Кеңештин депутаты Динара Исаеваны көпчүлүк бай аял деп таанып калды. Аны күйөөсү Данияр Үсөновдун арты менен ушул даражага жетти деп жүрүшөт. Жарыгы тийсе тийгендир, бирок жакындан билгендер Динара өз маңдай тери менен ушул абалга жеткенин айтышат. Себеби ал токсонунчу жылдын башынан тарта ишкерлик менен алектенет. Жадагалса Данияр Токтогулович учурунда Акаев бийлигинен куугунтук жеп сызга олтурганда да ага Динара айым жөлөк болуптур. Соода-сатык бизнестен тышкары "Асман Тур" коомунун президенти болгону маалым.

Шарипа Садыбакасова
"Кыргызстан" банкын башкарып, Жогорку Кеңештин депутаты болуп турганда Шарипа эже күүлүү эле. Банкты өткөрүп бергенден кийин бир аз кайратынан жана түшкөндөй сезилет. Өмүр бою банк тармагында иштеген Садыбакасова эгемендүүлүктүн башынан бери дөөлөттүү айымдардын катарынан түшпөй келет. Анын бир катар кыргыз ишкерлерине колдоо көрсөтүп, насыя берип каржылаганы көп айтылат. Өз алдынча бизнеси да кудайга шүгүр. Ысык-Көлдө пансионаттары жана бир катар каражат берчү түйүндөрү бар.

Чолпон Абдуллаева
Төө буурчактын ханышасы аталган Чолпон Абдуллаева айыл чарбасынан да миллионер айым чыгарын ырастады. Кыргыз буурчагын чет өлкөлөргө таанытты. Мунун айынан түркиялыктар Таластан кетпей койду. Буурчак айда деп дыйкандарга колдоо көрсөтүп каржылаган да Абдуллаева болгон. Мунусу аз келгенсип, алыскы-жакынкы чет өлкөлөрдөн товар ташып, материалдык абалын эбак эле оңоп алган. Келечекте тигүү тармагын жакшыртып, ушундан ийгилик жаратуу максатын көздөп жүрүптүр. Жакынкы келечекте курулуш материалдары менен шугулданар ою бар экени дайын болду.

Зулхабира Бекенова
Медицина тармагында эмгектенгени менен бизнес жагын мыкты жолго койгон Бекенова да миллионер айымдардын катарында. Кичи мекенине заңгыраган тамдарды куруп, материалдык абалын жакшыртып алган. Негизги алектенгени чет өлкөдөн товар ташып, ири базарларды камсыз кылат. Айрыкча өсүмдүк майын дүңүнөн сатуу боюнча Ош базарына жакын жердеги точке да Зулхабира айымга таандык. Өзү канчалык жупуну көрүнүүгө аракеттенбесин, аны жакындан билген жердештери эженин байлыгы чирип жатат деп айтышат.

Токон Шайлиева
Чыпалак чыры менен белгилүү болуп "Зенит" дүкөнү менен элге таанылган Токон Шайлиеванын байлыгы да эски бийликтин тушунда жетиштүү топтолгон. Анткени депутат, район акими, губернатор болуп иштеген. Пайда түшүрчү түйүндөрү бир эле дүкөн менен чектелбейт. Борбордо, Чүй боорунда, Ысык-Көлдө кафе, ресторандары бар экени белгилүү. Бирок Токон эже миллионермин деп эч качан кол куушуруп отурбайт. Өтө эле түйшүкчүл.Токуганды, ийригенди эле эмес, там шыбап, кыш кынаганды билет. Анан кантип мындай айым миллионер болбосун.

Дамира Ниязалиева
"Аманат" коомунун генералдык директорлугунан ЖК депутаты болгон Дамира Ниязалиева ишкерлик чөйрөсүндө 20 жылга жакын эмгектенген. Негизги алектенгени - Кыргызстанга дары-дармек алып келүү. Бул бизнестин кайтарымы мыкты болгондуктан Дамира айым чынында да миллионер. Ошондуктан майып балдарга колдоо көрсөтүп келет. Ниязалиева акыркы кезде азык-түлүк коопсуздугун көп көтөргөнүнө караганда, бизнестин жаңы түрүн баштайт шекилди.

Угушубузча, дан иштетүү үчүн жаңы тегирмен салууну ойлонуп жатыптыр.
Тажиниса Абдурасулова
Оштогу "Тажмахал" соода комплексинин ээси. Борбордук базардын жанында тамеки саткандан баштап, көп тармакта бизнестин битин сыгып, жоктон барды жасаган да Тажиниса айым болгон. Акчасы арбып келкели келип турганда менменсинген далай эркектерди жолго таштап, ЖК депутаты болду. Бизнесин бир эле Ошто эмес, Бишкекте жүргүзгөнү да айтылат. Чекене соодадан ири соодага көп басым жасайт.

Элвира Сурабалдиева
Маркум ЖК депутаты Жыргалбек Сурабалдиевдин кызы атадан калган байлыкка толугу менен эгедер болду. "Азамат" автобазарын бирөөлөр саткан деп айтса, бирөөлөр жөн гана башка бирөөгө каттатып ижарага берип койгонун айтат. Эң башкысы, Ж.Сурабалдиев өлкөдөгү эң бай кишилердин бири болчу. Азыркы күндө Элвира Сурабалдиева атасы жүргүзгөн ири иштерден баш тартып, өз алдынча чакан бизнес жүргүзгөнү маалым.

Аскул КЕНЖЕБАЕВ