presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Талкууда танапис болбойт

"ШЕРИНЕ"
(Башы гезиттин өткөн сандарында)

08.10.2009
Абыл мырза, "орхон-енисейская письменность" деп интернеттен издесеңиз бар. Албетте ал азыркы кыргыз тилинин талабына толук жооп бере албайт. Сөзсүз түрдө кайра иштеп чыкса болот. Белгилүү болгондой, дүйнөдө 20га жетпеген улут өз алфавитине ээ. Орхон-энесай тамгаларын өзүнө ыйгарып алыш үчүн кээ бир эл ачык эле аракет кылып атышат. Бирок бул тамга кыргыздар жашап өткөн аймактарда көп табылган. 250 эстеликтин ичинен 200гө жакыны Хакасияда, Алтайда, Таласта. Ошон үчүн бул биздин тилибиз жана аны биринчи болуп колдонууга моралдык, тарыхый негиз бар.
С.Жоробаев, РФ

08.10.2009
Дал ошондуктан өткөөл доордо латын жана кирилл жазмаларын бир арабага чегилген кош аргымак сымал чогуу пайдалануу керек. Ошол эле учурда мектептерде орхон-энесай, араб жазмаларын үйрөтүп коюу абзел. Ал эми кирилл жазмасынан латынча текстти ооштуруу үчүн компьютердик программалар иштелип жатат. Алар алеки заматта тексттерди бир жазма түрүнөн экинчисине ооштуруп берет.
Биз, кыргыздар, баары бир англис (француз, немис, түрк ж.б. латын ариптүү) жана орус тилдерин үйрөнө беребиз да, демек кирилл жазмасынан латынга өтсөк эле кирилл жазмасы жаатында түркөй болуп калабыз деген туура эмес. Евразиянын түндүк-чыгыш мейкиндигинде лингва-франка - баарлашуу тили катары орус тилин жериштин эч кажети жок. Андыктан, азыркы кыргыздар болочокто деле кирилл жазмасы жаатында сабаттуу бойдон кала беребиз.
Маселе - өткөөл доордун кош жазмасына өтүүнү расмий жарыялоонун кечеңдеп жатканында. Кыргыз бийлиги латын арибине өтүү жаатында алгачкы расмий жыйналышын тээ 1992-жылы эле өткөргөн, ошондон бери бул маселе жарга такалган бойдон турат.
Т.Чоротегин

10.10.2009
Орхон-энесай жазуусун азыркы кыргыз тилине ылайыкташтырып кыргыз арибин калыбына келтирүү ою абдан туура. Латын же араб ариптеринин негизинде кыргыздаштыруудан тамгаларды тез өздөштүрө албайбыз деген өтө жаңылыштык, 37 арипти үйрөнүүнүн эмне кыйынчылыгы бар? Каалооң болсо бир күндө эле үйрөнүп алсаң болот. Нечен он миндеген тамгаларды кытайлар деле үйрөнүп жатат го, биз эмнеге 30 чакты арипти үйрөнүүдөн коркобуз? Казак болобу, хакас болобу же татар болобу, түрк элдеринин кайсынысы болсо дагы орхон-энесай жазуусун пайдаланууга акысы бар. Ал биздин орток байлыгыбыз. Биз бир ата-бабанын балдары экенибизди унутпашыбыз керек. Ал эми орхон-энесай жазуусун жандандырып, кайрадан өз ариптерибизди калыбына келтирүү - биздин дүйнөдөгү аброюбузду андан бетер көтөрүп коймок.
Кыргызбай, Бишкек

10.10.2009
Урматтуу С.Жоробаев мырза, сиздин жазганыңыз калетсиз. Эгерде кыргыз элиндеги коомдук пикир жөөт элинин улуттук мүдөөгө жеткениндей шымаланып аракеттенүү менен коштолсо, анда орхон-энесай жазмасын калыбына келтирип пайдаланууга сырттан эч ким тоскоол кыла албайт. Бүгүнкү монголдордун бир даары эски жазмасына кайтып, бир даары дагы эле кирилл жазмасынан чыга албай жатат. Бул да турмуш чындыгы. Ал эми мураскордук жаатына келсек, Энесайда калган боордош хакас, тыва калктарын "силер кыргыз этнонимин жалпы улуттук аталыш катары сактап кала албадыңар, ошондуктан руна сымал жазманын мураскору катары силерди атай албайбыз" деп кантип айта алабыз? Орустар "силер киевдик Рустун мураскору эмессиңер" деп украиндерди айталбагандай эле кеп да. Андан көрө, орток асыл-нарк, орток мурастарды чогуу сактоого жана иликтөөгө аракет кылалы десек башка чыгыш түрк элдери да орток мурасты биз менен биргелешип, көңүлдөнүп иликтер эле. Кандай дейсиз?
Т. Чоротегин

10.10.2009
Урматтуу Т.Чоротегин мырза, сизди кыргыздын көрүнүктүү окумуштууларынын бири деп билебиз. Дагы бир жолу орхон-энесай ариби тууралуу. Бул тамгаларды көп окумуштуулардын эмгектерине карасак, V кылымдын аягында биздин ата-бабаларыбыз колдоно баштаптыр. Алардан түрк каганатына, андан ары уйгур каганатына тараган экен. Ошол кездеги таш эстеликтеринде жазылып калган түрк урууларынан азыркы кезде кыргыз жана уйгур улуту гана калбадыбы. Бул арипке дагы кайсы түрк элдери ээлик кыла алат эле? Башка түрк элдери кыргыздын ариби бар экенине сыймыктанышка толук акысы бар, колдонушса да болот. Бул арипке өтүү албетте кыйын. Жөөт мамлекети иврит тилин кайра түзүп, 200 жыл мурдагы арибин кайра калыптандырбадыбы. Азыркы технология, техника латын арибинде жазылган, ошон үчүн ошол арипке өтүү керек деп айтып жүрүшөт. Менимче, кыргыз тили, салты жана маданияты кыргыздар үчүн түбөлүктүү нерсе.
С.Жоробаев, РФ

10.10.2009
Өкмөт бул алфавитти киргизүүнү азыр ойлоно элек. Анткени ал экономика менен алпурушуп атып, кыргыз элинин адабий, маданий, рухий өсүшүн кароого чолосу тийбей жатат. Ошондой болсо да интернеттеги башаламан колдонулуп аткан кыргыз-латын тексттерин патриоттор токтотуп, кыргыз тили үчүн өзүбүз кам көрүшүбүз керек. Анүстүнө кириллица менен кыргыз тилин үйрөнүү оңтойсуз. Анткени ал кыргыз тилинин бардык тыбыштарын өз касиетинде берүүгө алы жетпейт.
Ошол себептен көптөгөн сунуштарды, сындарды эске алып, www.Literatura.kg сайтына кыргыз-латын арибин илип койдук. Бул алфавит колдонула берсе, бара-бара эл көнүп, кыргыздар телефондорун, компьютерлерин "русификация" кылып кор болбойт эле деген ниет.
Аsке

10.10.2009
Асыке, ойлондурчу маселелер бар экен. Эгерде каткалаң Г тамгасын латынча Gh деп берсек, анда Ш тамгасын Sh деп эки тамга менен берүүгө неге болбосун, Ш тамгасын S деп ансыз деле эки ариптик белги аркылуу сунуш кылып жатпайсызбы, апострофко (!) караганда (h) даанарак көрүнөт го? Өзүңүз мурдарак жазгандай, латын арибинин эң соңку вариантын тандоодон оболу тилчи жана тилмеч адистерди кеңири катыштыруу менен бул маселе тууралуу шашпай талкуу өткөрүү абзел.
Т.Чоротегин
"Шеринени" гезит үчүн даярдаган Шайлообек ДҮЙШЕЕВ




Кыскартат десе эле "кыра" бересиңерби?

Ыры менен чыры бүтпөгөн радио

К
ыргыз радиосу менен телевидениеси кайсы бир деңгээлде жаңылангандыгын көрүп да угуп да жатабыз. Жаңыланууга массалык маалымат каражатында чыгаан реформатор атыккан М.Эшимкановдун КТРга келиши менен түздөн-түз байланышы бар экени талашсыз. Буга теледеги "Кош жылдыз", "Балдар сынагынан сынбайсыңбы?", эстрада жылдыздарынын цирк аренасындагы оюндары, "Ала-Тоо" программасынын жаңыланып чыгышы ж.б. айныксыз далил. Ал эми радиодо "Кабарлар" жана "Кыргыз радиосу" болуп экинчи каналдын ачылышы жакшы жышаанын берип турат. Мындан сырткары радио менен теледеги кызматкерлердин санын кыскартуу жаңылануунун дагы бир кадамы болуп жатканы менен, ушул жаатта көп алешемдиктер кетирилип, ызы-чуу басылбай келет. Андай каталардын катарына радионун алдындагы А.Жумакматов атындагы академиялык симфониялык оркестрди "кууп чыгууну" жана радионун көзгө басар сыймыгы болгон чоң жана кичи студиясынын үн режиссерлук штаттарынын жоюлушун, эки жылдан берки радионун Көркөм Кеңешинин ишинин токтоп калуусун айтсак болот.


Акустикасынын эң мыктылыгы менен кезинде Москвадан келген адистерди тамшандырган Улуттук телерадионун чоң студиясы мурдагы СССРдин аймагындагы теңдешсиз, эң мыкты студия болуп эсептелет. Кыргыз радиосунун алтын казынасынын 85 пайызы ушул студияда жазылган. Көлөмдүү опера, хордук, симфониялык чыгармаларды башка жерден жазууга мүмкүн эмес. Б.Миңжылкыев, К.Сартбаева, Д.Жалгасынова, К.Турапов сыяктуу көптөгөн эл артисттери (бардыгын санап отурсак барак түтпөйт) ырларды, романс, арияларды чоң студиядан жаздырып, радионун алтын казынасын байытып келишкен. Коңшу Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, атүгүл алыскы Алтайдан келип жаздырышчу. СССР урап, айлана-чөйрөбүздү жеке менчик студияларда жазылган жеңил-желпи эстрада, шоу-моулар тебелеп кеткени, КТРдин студиясындагы жаздыруу мурдагыга караганда алда канча кыскарып калган. Мына ошондон улам музыкалык искусстводон алыс турган, бардыгын акча менен өлчөгөн азыркы жетекчилер студияны оркестри, хору, үн режиссерлору менен кошо кыскартууну чечишиптир. Муну кыргыз музыкалык маданиятына кылган кыянаттык, келечекке балта чабуу, керек болсо кылмыш десек болот. Ал эми жогорку квалификациялуу үн режиссерлор, кырк жылдан ашык ушул кесипте эмгектенишкен КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер В.Ваныкин менен Т.Темиркуловдун кыскаруунун кесепетинен жумуштан айдалып калышы, мыйзам чегинен да чыгып кеткендей. Алар азыр акыйкаттык издеп ар жерге арызданып жүргөн кези. Симфониялык оркестрдин музыканттары: эл артисттери, эмгек сиңирген артисттер, бардыгы болуп 62 адам кол койгон кат турат алдыбызда. Алардын күйгөнү музыкалык чыгармалар сактала турган алтын казынанын, деги эле майдаланып, мааниси кетип бара жаткан маданияттын келечеги.
Студияны, оркестрди сактап калууга биринчи кезекте ондогон жылдар бою чыгармаларын жаздырып, эл сүймөнчүгүнө айланып, ар кандай наамдарды алып жүргөн аткаруучулар, обончулар, композиторлор кызыкдар болуш керек эле да. Унчугуша элек. Айрымдары кызмат абалынан кыйшайгандан корксо, кээси көр оокаттын айынан быкшып жаткан маселени да көрмөксөн болушат. Кайран Шакем (Ш.Дүйшеев) зар какшаган кайдыгерлик бул маселени ырбатып, акыры жүрүп түбүнө жеткирбесе болду.
Турдубек Чокиев, композитор







кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
email • архив • редакция 
20-ноябрь, 2009-ж.:
1-бет
Дардаңдаган Давыдов, үшүк жүргүзгөн Үсөнов
2-бет
Аялың барда кызмат тааны…
3-бет
"Кансыз согуш"
4-бет
Өлгөндүн үстүнө көмгөн
5-бет
Сая-саалы
6-бет
Коркунучтуу бирок...
7-бет
Бириң кайың, бириң тал...
8-бет
"Пенсияны чектөө, төлөө борборлоштурулбаса, башаламандык токтобойт"
9-бет
Лас-Вегас болуп кетпесек болду
10-бет
Селдеге түшкөн чок
13-бет
ЭКИ ДӨӨНҮН КҮРӨШҮ
14-бет
Бүгүн кыргызда эмнеге жигит калган эмес же кыргыз болуунун эрежеси кандай?
15-бет
Миллионер айымдар
16-бет
Dairy Spring. Сыр - чеберчилик татымы
17-бет
БҮГҮНКҮ ТҮН УЙКУ КЕЛЕР ТҮН ЭМЕС!
18-бет
Шоу - ньюс
19-бет
"ШЕРИНЕ"
20-бет
МИҢ ТҮРКҮН АДАМ
22-бет
БЕКЧОРО:
"Эки жылда 200 көз айнек алмаштырдым"
23-бет
Тууру жайылган тукум же Алыкулдун үйлөнү тою
24-бет
Э.Сатыбалдиев менен Ж.Алиевага "ысык" салам!
25-бет
Сөзирмемдер
26-бет
Боздогон бороондуу тыңшап, бугуларды ырдаткандар
27-бет
"Пейджер" - Сиздин үнүңүз!
31-бет
Касиеттүү оюулар





??.??