Кыргыз гезиттер архиви

  МИҢ ТҮРКҮН АДАМ

Барак Обама
АКШ лидери император Акихитого таазим кылып, саясатчы-консерваторлордун аеосуз сынына кабылды. Алардын айтымында, америкалык президенттин чет өлкөлүк лидерге таазим этиши уят, кечирилгис ката. Анын мындай жоругу императордун астында АКШнын алсыз экендигин көрсөтөт. Консерватор Билл Беннет Обаманын кылыгына жийиркенип, "бул болбогон жорук. Муну көргүм да келбейт" деген. Анын пикиринде, АКШ королдордун, императорлордун кадырлуулугун тааныбашы керек. Муну айтуу менен сынчылар АКШ вице-президенти Дик Чейни эч качан императорго тизе бүкпөгөнүн белгилешет. Апрель айында да Обама Сауд Арабия королу Абдуллага таазим кылган. Президенттин администрациясы болсо таазим этүүнү кадимки протоколду сактоо деп сыпатташат.

Николас Кейдж
Голливуд актеру октябрь айында өзүнүн финансы иштерин башкаруучусу Сэмюэл Левинди алдамчылыгы, көңүлкоштугу үчүн күнөөлөп, андан 20 миллион доллар талап кылган эле. Буга жооп катары Левин Кейджди ири финансылык чыгымдардан сактап, Англия, Бавариядан сарайларды сатып алуудан баш тарттырып келгенин айтып, тосмо арызын жазды. Кейджге акча коротпоону эскертип, тиешелүү нукта иш алып барганын, ал кызматы үчүн ашыкча акча албаганын айтат. Мындан сырткары, Сэмюэл кетерде аткарган кызматы үчүн актердон 129 миң доллар сураган. Николастын адвокаты анын талабын акылга сыйбаган жорук катары баалап, башкаруучуга акыркы бир жарым жылда 1,3 млн. доллар төлөнгөнүн, ал буларды сыртка чыгарууга укугу жок экендигин билдирди.

Мэрайи Кэри
Өзүнүн келишкен келбети, үнү менен коомчулукту суктандырган ырчыны кара теке сүздү. Жакында эле клипке тартылып, ипичке белин жарнамалаган Кэри учурда 80 килограмм салмакка чейин семирди. Өткөн жылы өзүнөн 10 жаш кичүү жолдошу менен кол кармашкан Мэрайинин салмагы 61 килограмм эле. Үйлөнүү тою болгондон тарта ырчы үй-бүлөлүк жашоого балкып, диета кармап, бассейнге сүзгөндү таптакыр таштаган. Ал балык, жер жемиштерди майлуу тоок этине, икра, камыр тамактарга алмаштырды. Мэрайинин жолдошу Ник жубайын арыгында да, семизинде да сүйөрүн билдирип, бирок отуруштарда аны ден соолук үчүн аз жегенге үндөп келет.

Михаэль Шумахер
Дөөтү жарышы боюнча "Формула-1" классынын дүйнөлүк чемпионуна Россиянын жол коопсуздук департаменти МАИнин биринчи даражадагы орденин тапшырды. Тапшыруу шаршембиде глобалдык жол коопсуздугу боюнча эл аралык комиссиянын Москвада болгон отурумунда болду. Комиссиянын курамында болгону менен Шумахер отурумда болгон жок. Департаменттин жетекчиси Виктор Кирьянов бул сыйлык менен Россия милициясы Шумахердин жол коопсузудугун сактоого кошкон салымын баса белгилегенин билдирди.

Дэвид Хэй
Оор салмакта WBA дүйнө чемпиондугуна жаңы гана ээ болгон Дэвид Хэй мурдагы айтканынан баш тартып, бул титулга дагы бир талапкер, атаандашы Жон Руиз ага олуттуу коркунуч жаратканын билдирди. "Руиз менин эң кыйын каршылашым болот. Ал идеалдуу мушкер эмес, бирок анын мушташуу стили жакшы. Баарынан да анын жаагы бекем" дейт Дэвид.





ДҮЙНӨКҮН

Сандүйнө. ViON компаниясы дүйнөдөгү сыйымдуулугу эң чоң маалымат топтогучту(флешка) чыгарды. Топтогучтун сыйымдуулугу 100 терабайт. Бул жаңы буюм секундасына беш миллион операцияны иштетип, секундасына 60 гигабайт маалыматты өткөрүп бере алат. Топтогучтун артыкчылыгы - маалымат алууда каталарды да таап чыгат. Азырынча мындай "кең пейил" топтогучтун баасы так көрсөтүлө элек. Айрым маалыматтарда жабдыктын баасы алты цифрадан турары айтылат. Баасына жараша бул топтогуч корпорацияларга, тергөөчүлөргө, өкмөттүк эмес уюмдарга абдан пайдалуу дешет компания өкүлдөрү.

Урукдүйнө. Немис дарыгерлери "флибансерин" деген аялдардын сексуалдык табитин калыптандыруучу дары чыгарышты. 1 378 аял катышкан изилдөө тажрыйбасында дарыны кабыл алган аялдарда 22 пайызга көп моокум кандырарлык сексуалдык окуялар болгон. Эркектердин виаграсынан айырмаланып, "флибансериндин" таасири 3-6 жумада гана билинет. Бул дары 1990-жылдары депрессияга тушуккандарды дарылоо үчүн чыгарылган. Эми минтип анын аялдын жыныстык жумурткаларына таасир берээри аныкталып отурат.

Баадүйнө. Жакында бир бөтөлкө сыра рекорддук баада - 16680 долларга сатылды. 1937-жылы 6-майда "Гинденбург" дирижабли "Лейкхерст" аба станциясына конуу учурунда жарылып, 35 адам каза болгон. 72 жыл мурун күйүп кеткен "Гинденбург" дирижаблинин калдыктарын изилдеп жүргөн Лерой Смит учактын сыныктарынын арасынан 6 бөтөлкө "Ловенброй лагери" сырасын таап алат. Төртөөнү досторуна берген Лерой бирөөсүн "Ловенброй" сыра чыгаруу заводуна берген. Сыранын алтынчы бөтөлкөсү аукционго коюлуп 8 миң долларга кетет деп болжолдонгон эле. Бирок аукционго ар кайсы өлкөнүн жарандары катышып, сыранын баасы 16680 долларга жетти.

Жашдүйнө. Америкалык демократ, 92 жаштагы Роберт Берд 18-ноябрда парламенттеги ишмердүүлүгүнүн узактыгы менен рекорд койду. Берд өкүлдөр палатасында, сенатта жалпысынан 20774 күн иштептир. Ушул куракка чейин кабагым-кашым дебей иштеп келген сенатор "менде силерге дагы 56 жыл 320 күн кызмат кылууну каалайм деп айтуудан башка арга калган жок" дейт күлүп. Виржиния штатынан чыккан демократ 1953-жылы 3-январда АКШ Конгрессинин төмөнкү палатасына шайланган. 2006-жылы ал сенатта көп добуш бергендиги менен рекорд ээси болгон. 57 жыл ичинде Берд болгону отурумдун 2 пайызына гана катышпай калган.

Пулдүйнө. Россия пенсия фондунан 1 миллиарддан ашык рублду сыртка чыгарып кетүүгө аракет кылган алдамчылар кармалды. Борбордук банк алдамчылар Россиядан чыгып кетерге төрт-беш саат калганда акча которууну токтотуп калган. Аты-жөнү белгисиз эргул 13-ноябрь күнү борбордук банктын кызматкерине эки төлөм тапшырмаларын берген. Документте 1,25 млрд. рублду пенсиялык фонддун инфраструктурасын оңдоочу фирмалардын эсебине которуу көрсөтүлгөн. 16-ноябрда акчанын которулгандыгы тууралуу документтер пенсиялык фондго түшүп, буга таң калган фонд борбордук банкка мындай көрсөтмө болбогондугун дароо билдирет. Текшерүүдө төлөм тапшырмалары жасалма экендиги аныкталып, которуу токтотулуп, акча алуучулардын эсеби жабылды.





 Айланбас жердин айланма жаңылыктары


ТАЖИКСТАН. Өлкө Сангтудин-1 ГЭСине болгон карызын жакын арада төлөбөсө, 1-декабрда электр энергиясын берүү токтотуларын Россия билдирди. ГЭСтин башкы директору Тажикстандын премьер-министрине энергияга болгон карыз 9,7 млн. доллар болгонун тастыктаган кат жолдогон. Анда "эгер карыз чукул арада төлөнбөсө, станция жетекчилиги электр энергиясын өндүрүүнү токтотууга аргасыз" деп айтылат. Мындай талаптан улам "Барки Точик" тажик мамкомпаниясы карызды аз-аздан бөлүп төлөөгө убада берди. Жыйырма жыл мурун башталган ГЭС июль айында ишке кирип, станциянын 66,4 пайызы Россия өкмөтүнө, тажик бийлигине 16,45 пайызы, 14,9 пайызы россиялык федералдык тармактык компаниясына тиешелүү болгон эле. Бул ГЭСтин жардамы менен Тажикстан быйылкы кышта 4 млрд. кВт/саат дефицит энергияны толуктамакчы.
ШВЕЙЦАРИЯ. Өлкөдөгү ири UBS банкы дагы 2500 кызматкерин кыскартарын билдирди. Эске салсак, апрель айында эле банк чыгымдарды азайтуу максатында 8700 адамды кызматсыз калтырарын маалымдаган. Ошентип, жалпысынан алганда банк жыл аягына чейин 11,2 миң жумушчуну кыскартат. 2009-жылдын сентябрь айында аталган мекемеде бардыгы 69 миң адам иштеген. Быйылкы жылдын үчүнчү кварталында банк чыгашасы 373 миллион еврону түздү. Швейцария өкмөтү акцияларын сатарын АКШ өкмөтү менен болгон келишимден кийин билдирген. Себеби, келишим боюнча банк АКШ салыкчыларына 4450 америкалык кардарларынын эсептик документтерин берет.
ЛАТВИЯ. Ригадагы туристтик кампаниялар үчүн чыгарылган плакаттар эми мааниси жагынан карама каршы сөздөр менен чыга баштады. Жарнактардагы "келүү жеңил, таштап кетүү кыйын" деген сөздөрдү "келүү жеңил, жашап кетүү кыйын" дегенге алмаштырып, бир көздүү жүрөктүн жанына Латвиянын бренддери же символу тартылган. Бул чет өлкөлүк туристтерге багытталган маркетингдик кампания 23-ноябрдан башталат. Жалпы суммасы 500 миң евро туруп, бир жумага созулган кампания Риганы рождество балатыларынын мекени катары көрсөткөн баяндар менен толукталган. Кампаниянын негизги максаты - Риганы түнкү эс алуулардын борбору образынан ажыратуу. Акыркы кездерде Латвиянын экономикасы биртоп начарлап кеткен.
ЭСТОНИЯ. Өлкөнүн борбору Таллинде квартиралар бекер бериле баштады. Ижарачы айына батирдин 45-50 доллар өлчөмүндөгү коммуналдык кызматын төлөп коюп каалагандай жашай берсе болот. Мындай батирлер косметикалык оңдоодон толук өткөн, эмереги, муздаткычы бар. Сентябрь айында 32 чарчы метр турган батирин кожоюн болгону 0,09 долларга бергени жарыяланып, элди таңдандырды. Эстондуктардын буга барбаска аргасы жок. Себеби, кышкысын коммуналдык кызмат баасы 76 долларга чыгат. Эстонияда ижара акысы 40 пайызга төмөндөп, батирчилер азайган. Бир бөлмөлүү үйлөр 100, эки бөлмөлүү батирлер 200 доллар гана турат. Бир айга бир бөлмөнү 65 долларга да тапса болот. Айрым учурларда батирдин ижара акысы аз болгону менен, коммуналдык кызматы жогору.
WWW булактарынан алып даярдаган Мелис СОВЕТ уулу