Кыргыз гезиттер архиви

  Канданек

Тууру жайылган тукум же Алыкулдун үйлөнү тою

Мөлтүр кашка булактай таза, аруу ырлары менен элибизге сиңип кеткен Алыкул Осмонов, кыргыз күүлөрүн, элдик обондорун оркестрге салып жандүйнөңдү балкыткан дирижер, Кыргыз эл баатыры Асанкан Жумакматов, мыкты үнү менен дүйнөнү дүңгүрөткөн СССРдин эл артисти Болот Миңжылкиев, Кыргыз эл артисти Анвар Куттубаева, атактуу бийчи, Кыргыз эл артисти, СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Рейна Чокоева, Кыргыз эл артисти Берик Алимбаевди билбеген арабызда, айрыкча улуу, орто муундагы адамдар аз чыгар. Мына ушул белгилүү адамдарды бири-бири менен байланыштырып турган Рейна ЧОКОЕВАнын атасы, 1942-1946-жылдары Кыргыз ССРинин эт, сүт өнөр жай комиссары (кийин министрлик болуп кайра түзүлгөн) болуп иштеген Нурманбет ЧОКОЕВдин үй-бүлөсү экендиги жөнүндө жакында маалымат алдым. Ал мага эмес, көпчүлүк үчүн да кызык.

Кыргыз интеллигенциясынын алгачкы өкүлдөрүнүн бири Нурманбет аксакал өткөн кылымдын 30-жылдарында эле Москва, Ташкент шаарларында жогорку билим алган. Исхак Раззаков менен шакирти катары бирге иштешкен. Тилекке каршы, 1946-жылы күтүүсүздөн Нурманбет Чокоев чиедей алты баласын аялы Шайымбүбүгө калтырып, 45 жашында жарык дүйнө менен кош айтышкан. Асанкан Жумакматовдун биртууган эжеси Шайымбүбүгө жардам бере турган ата-энеси кулак катары Украинага айдалып кетишкен эле. Ошондо Асанкан Жумакматов бир жашта экен.
Бирок алты бала менен Шайымбүбү энени совет бийлиги кароосуз калтырбай, балдарынын билим алып, жакшы тарбияланышына камкордук көргөн. Айрыкча И.Раззаков тикелей өзү жардам бербесе да ар кандай мекеме, уюмдар аркылуу Нурманбет аксакалдын үй-бүлөсүн унутта калтырган эмес. Ошондон улам Дамира баштаган алты бала Москва, Ленинграддан жогорку билим алышкан.
Нурманбет Чокоевдин төрт кыз, эки уулу жөнүндө азыноолак окурмандарды тааныштыра кетейин. Эң улуусу Дамира, азыр 76да. "Сыр аяктын сыры кетсе да сыны кетпейт" дегендей, өзүн кадимки жаш кезиндегидей шайдоот, сергек алып жүрөт. 1951-жылы борбордогу №28 орто мектепти бүткөндөн кийин Москвадагы технологиялык институтка өтүп, аны 1956-жылы бүткөн. Эмгек жолун Фрунзедеги сүт заводунда технолог болуп иштөөдөн баштаган. Андан кийинки жылдарда Таласта сүт заводунда технолог-инженер, шаардык аткаруу комитетинин төрайымы кызматтарында иштеп, 1970-жылы Кыргыз ССРинин эт, сүт өнөр жай министринин орунбасарлык кызматына дайындалган. Анда 18 жыл иштеп, 1988-жылы персоналдык пенсияга чыккан.
1957-жылы орто-алыштык Самарбек Мурзаходжаевге турмушка чыгып, эки уулдуу болушкан. "Армансыз дүйнө кимде жок" дегендей, кичүү уулу Асыл 30 жашында кайтыш болгон. Андан Каныбек аттуу небереси азыр Американын Огайо штатында эмгектенип жатат. Улуу баласы Канат канат-бутагы болуп энесинин жанында. Анын уулу Канай Кипрде окуп жатат.
Дамира эжеден кийин элибизге аттын кашкасындай таанымал бийчи Рейна Чокоева. Ал Ленинграддан хореографиялык институтту бүтүп келип, Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрында атактуу бийчилер, СССРдин эл артисттери Бүбүсара Бейшеналиева, Чолпонбек Базарбаев, Кыргыз ССРинин эл артисттери Уран Сарбагышев, Роберт Уразгилдеев менен көп жылдар бирге иштешкен. Ушул жерден Кыргыз эл артисти наамын алып, СССРдин мамлекеттик сыйлыгына татыган. Кийинчерек СССРдин эл артисти, СССР Жогорку Советинин депутаты, СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, атактуу ырчы Болот Миңжылкиев менен Ленинградда таанышып, 1959-жылы Рейна ага турмушка чыгып, Мират аттуу уулдуу болушкан. Тагдырдын жазмышы ушундай экен, Мират толкуп-ташып турган кезинде ата-энесин азапка салып, жарык дүйнө менен кош айтышкан. Бирок, кудай куру калтырбай андан бир кыз бар. Ал азыр Кытайда окуп, иштеп жатат. Рейна Чокоева көп жыл борбордогу хореографиялык окуу жайында директор болуп иштегенден кийин, азыр мугалим катары өнөрүн жаш муундарга берүүдө. Ата-бабадан келаткан эң сонун салтты Мираттын аялы - келини Азиза Миңжылкиева экөө бир үйдө эне-баладай ынтымактуу жашоодо. Азиза азыр кайненесинин ордун татыктуу улантып, хореографиялык окуу жайдын директору.
Рейнадан кийинки Замира да 1956-жылы Ленинграддан жогорку билим алып келгенден кийин пенсияга чыкканча мамлекеттик мекеме, уюмдарда жетекчилик кызматтарда иштеди. Өкмөттүк бир нече сыйлыктардын ээси. Ал дагы бир уул, бир кызынын төрт небересин эркелеткен чоң эне. Алардын ичинен Россияда, башка Европа өлкөлөрүндө окуп, иштеп жаткандары бар.
Кыздардын кичүүсү Гүлнар Чокоева медицина илиминин кандидаты. Кыргыз кыздарынын ичинен биринчи болуп спорттук гимнастика боюнча спорттун чебери деген наамга ээ болгон. Өмүрлүк жолдошу Берик Алимбаев да кайнежесинин жолун улантып, бийчилик өнөрдү кесип кылган. Кыргыз Республикасынын эл артисти. Азыр бул жубайлар хореографиялык окуу жайында бири дарыгер, бири мугалим болуп эмгектенишүүдө. Алардын кызы Бернара энесинин жолуп жолдоп медик.
Уулдардын улуусу Ленар Чокоев дене тарбия институтун бүтүргөндөн кийин БГУда окутуучу болуп эмгектенүүдө. Анын үч уулунун улуусу Асан Чокоев МУКта окутуучу, Ленар да уулунун уулун эркелеткен чоң ата. Андан кийинки уулу Зайыр Чокоев Улуттук банктын төрага орунбасары. Уулу Нурлан банк тармагында иштесе, кызы агартуу тармагында эмгектенет. Зайыр да агасындай эки неберенин чоң атасы.
Сөздүн башында айткандай, атактуу акын Алыкул Осмоновдун эң алгачкы сүйүүсү Зейнепке жолугуусу Нурманбет Чокоевдин үй-бүлөсү аркылуу болгон. Зейнептин атасы ошол кездеги советтик-партиялык белгилүү кызматкерлердин бири, Керим Сооронбаев Нурманбет Чокоевдин аталаш иниси болгон. Алыкул 1940-жылы Зейнеп менен баш кошуп, алардын үйлөнүү тоюна Дамира эже жети жашында күбө болгонун күнү бүгүнкүдөй эскерет. Алыкул кургак учук менен ооруп, Зейнеп андан оолактай баштаганда кайран акын:
"Ак сүйүүдөн көңүл калуу көп экен,
Отуз жаштын улам аркы жагында" - деп ыр жазган тура. Ооба, экөөнөн туяк калбаганы менен, өлбөс-өчпөс ыр, армандуу махабат калды. Ал эми кыргыз артисттеринен алгачкылардан болуп эл артисти деген ардактуу наамга ээ болгон Анвар Куттубаева Нурманбет Чокоевдин аталаш карындашы. СССРдин эл артисти, атактуу дирижер Асанкан Жумакматов анын жубайы Шайымбүбү эненин биртууган иниси. Бай түп чынар дарактай атасын жоктотпой канат жайып, балдарын өстүрүп, неберелерин тарбиялап, чөбөрөлөрүн көрүп Шайымбүбү эне 1996-жылы 86 жашында дөөлөттүү карылыкта көз жумган.
Ошентип, кочкорлук Нурманбет атанын балдары, небере-чөбөрөлөрү өзүбүздө гана эмес, АКШда, Англияда, Кытайда, Россияда кыргыздын тамырын жайылтып, узартып жүрүшкөндүгүн Дамира Чокоева эжеден угуп, сыймыктандым. Элибиз айткандай, "Аккан арыктан суу агат" деген ушул эмеспи.
Жума МАМБЕТОВ




  Жаңырык

Рубриканын мейманы - үнү, стили башкалардан айырмаланган ырчы Эрлан АНДАШЕВ
"60 адамдан төртөөбүз гана окууну аяктадык"
- Дегеле ырдап чыгам деген ой жок болчу менде. Мукаш Абдраев мектебинин элдик аспаптар бөлүмүндө окуп, адистигим баян болчу. Биздин класстын ырчысы эбак бар эле. 10-класста окуп жүргөндө кокусунан мен да ырчыга айландым. Үйлөмө аспапта окугандар концерт уюштурат. "Бишкегим" ырын аткарууга ырчы табылбай, окуучулардын баарын сынамак болушат. Саат бирде баштала турган концертке ырчы эртең менен тандалып атат. Арасынан менин үнүм ылайык келди. Элдик аспаптар бөлүмүндө окуганыма карабай, мен тандалып калдым. Мугалимдерим да, досторум да мага "сен ырдай алат турбайсыңбы, ырдап чыкпайсыңбы?" деп калышты. Бирок, терең маани берген эмесмин. Ал эми акыркы коңгуроого келгенде, кааласак-каалабасак да ырдашыбыз шарт эле. Классташ кызым менен орус тилиндеги ырды дуэт аткардык. Актан Исабаевдин "Ыр майрамын" өзүнчө аткардым. Мектепти бүтүрөрүм менен кафеге ырчылыкка кокусунан орноштум. Менден бир жыл мурда бүткөн Марат деген жигит мага дискти таштап, "жумуштарым бар, сен иштеп тур" деп кетип калды. Ал дискте мен билген үч гана ыр бар экен. Күндө бирден ыр кошом. Ошентип отуруп ошол кафеде үч ай кармалдым. Кафеде иштөө мени сахнага алып келди.
- Чыгармачылыкка конкурска катышуу менен кириштиң. Бул атайын максат беле?
- Музыкалык билимим болгондон кийин, мектептен эле ар кандай сынактарга катышып келгем. Сынак системасынан анча-мынча кабарым бар эле. Ырчылар үчүн сынак эң пайдалуу, себеби, күчүңдү сынайсың, эл аралык сынак болсо, башка улуттардын таланттарына байкоо саласың. Кафеде иштеп жүргөнүмдө мурдагы продюсерим Нурсултан Сыдыгалиев байкап, сахнага кадам таштоону сунуш кылды. Алгачкы аракетибиздин акыбети - 2008-жылы Башкырстанда өткөн "Урал Моңо" сынагындагы 4-орун. Ошол эле жылы Крымда өткөн "Чыгыш базарына" да катышып келдим. Кудай буюрса, репертуарымда бир альбомдук ыр бар. Быйылкы "Жаңы толкун" сынагынын жарым финалына тандалып, тилекке каршы, андан ары өтө албадык. 12 миң катышуучунун арасынан 166 ырчы өткөнбүз. Жарым финалда деле күчүбүздү сынап көргөнүбүзгө каниет.
- Мукаш Абдраев мектебин бүтүргөн балдар-кыздардын көпчүлүгүндө өнөр болгону менен кенебестик күч дешет…
- Башкасы үчүн жооп бербейин, жеке мен аракетимди кыла берем. Бирок, башкалардай жутунбайм. Өнөрлүүнү байкашса жакшы эмеспи. Албетте, өзүм тараптан да активдүүлүк керек. Бул сезимди өзүмдөн ойготуп, өрчүтүп келатам. Өнөр, шык баарына берилет, бирок, музыка өтө кылдат дүйнө. 1-класска 60тай бала тапшырган. Соңунда 4 бала, 4 кыз гана бүтүрүп чыктык.
- Башкача бир стилиң бар, бул атайын тандалганбы?
- Классташ, досторумдун баары музыкант. Чогулганда ар кимибиз ар кайсы аспапта ойноп, ырдап калабыз. Анан өзүнөн өзү стиль жаралат экен.
- Майкл Жексонду бөтөнчө жактырарыңды угабыз…
- Ал киши менен бир күндө төрөлгөм. Бул нерсени сыймыктануу менен айтам. Ал кишинин ыры менен чоңойгом. Кафеде иштеп жүргөндө анын ырларын далай ирет ырдагам. Аны эскерүү кечесинде да анын ырын аткарып чыктым.
- Кайсы аспаптарда ойнойсуң?
- Баян классын бүтүргөм. Фортепиано, гитарада ойнойм. Негизи эле кандай аспапты колго албайлы, ыгын билип алып ойноп кете беребиз. Жеке концертте да жогоруда айтып өткөн дос балдарым менен бирге бардык аспаптарда жандуу ойноп, өзгөчө бир кече өткөрүүнү пландап жүрөбүз. Бирок, албетте, адистик деген адистик. Бир аспаптын артынан түшүп, өмүрүн арнагандар бар. Анткени, музыка чексиз, түбү жок.
Айнагүл САПАРБЕК кызы