Кыргыз гезиттер архиви

  Бириң кайың, бириң тал...

Санааркаткан кресло кумары

Ак үй, Көк үйдөгү айрым билермандардын кебин тыңшасак, ушу тапта эки генплан даярдалып атыптыр. Эгерде, ал жүзөгө ашчу болсо, келаткан жылда министрлердин көпчүлүгү ээрден шыпырылып, март айында парламенттик шайлоо өтүшү ыктымал экен.
Октябрдын жыйырмасында мамлекеттик башкаруу системасын реформалоонун аркасы менен И.Чудиновдун өкмөтү отставкага айдалган. Премьер-министрликке Данияр Үсөнов келгени менен, министрлердин басымдуу бөлүгү ордунда калды. Жооптуу кызматтарга жаңы адамдар, жаш кадрлар дайындалбады. Кыскарта чапканда, реформалоонун алгачкы кадамы элдин купулуна толгон жок. Ашыкпай туруңуз. Бизге жеткен маалыматка ишенсек, чыныгы жаңылануу жолборс жылынын алгачкы айында жүзөгө ашат экен. "Андай болсо, ошондо эле бардыгын баштабайт беле?" деген суроо жаралары калетсиз. Биринчиден, президент Курманбек Бакиев 1-сентябрда Жогорку Кеңеште кайрылуу жасап, бийлик түзүмүн өзгөртүүнүн долбоору даярдалып атканын, ал жакынкы аралыкта коомчулукка жарыяланарын билдирген. Эл алдында берген убадасынан тайбаш үчүн өлкө жетекчиси Чудинов өкмөтүнүн отставкасын шашылыш кабыл алгандай…
Ошол эле маалда өкмөт жыл жыйынты-гын чыгарып, эмдиги жылдын бюджетин кабыл алышы керек. Министрлердин басымдуу бөлүгү кайрадан өз ордуна келгендигинин башкы себеби ушунда. Алар өз миссиясын аткарып бүткөн соң, ордуларына жаңы адамдар келет дешет.
Ырынан да чыры көп ЖоКе
Кечээ жакында комитеттердин саны 12ден 9га чейин кыскарып, алардын төрагалары жана орунбасарлары шайланганы жалпыга маалым. Бирок, "комитеттердин санын кыскарттык" деп өпкө каккандары менен, тескерисинче, "ачендиктердин" карааны арбыды. Анткени, мурда комитет төрагасынын бирден орун басары болсо, азыр алардын саны экиге жетти. Бул, үч жетекчи кыскарганы менен, дагы кошумча 9 аткаминер "төрөлдү" дегенди түшүндүрөт. Бир ажыдардын башын кыя чапсаң, анын ордуна үч баш өсүп чыккан жомоктогудай эле көрүнүш эмеспи бу?! Анда неге: "Биз реформалоону жүда-а жүргүзүп жатабыз. Натыйжада, мамлекет капчыгы үнөмдөлүүдө" деп президенттин, элдин кулагына "кесме" илип атышат? Табышмак…
Буга кенен токтолгонубуздун жөнү бар. Парламентте көпчүлүктү түзгөн "Ак жол" фракциясынын депутаттарынан ынтымак кетип, таасирдүү үч топ жаралганын кезинде жазганбыз. Комитеттердин санын кыскартуу "оюнунун" артында дал ошол үч "кочкордун" "мүйүзү" оркоюп турат. Бу саам ийгилик ташы Улугбек Ормоновдун "группировкасына" оогонун баса белгилесек. Себеби, жаңыдан креслого көчүк баскан комитет анабашыларынын көпчүлүгүн Улугбек Зулпукаровичтин кишилери түзөт. Бирин-сериндерин гана Кубанычбек Исабековдун командасындагылар ээлеген. Ошондой эле вице-спикер Азизбек Турсунбаевдин "группировкасынан" бир да депутаттын жоктугу таңгалычтуу… Бул маселенин бир жагы.
Экинчиден, парламентте маркум Медетбек Садыркуловдун кадрлары отурат. Учурда аларды партиялаштары "жетим баладай" өгөйсүнүп, парламенттен сүрүп чыгуунун жол-жобосун издеп атыр. Мунун алгачкы белгиси катары Эрик Арсалиевдин эл аралык иштер жана парламенттер аралык кызматташуу боюнча комитет жетекчилигинен жылмышканын айтса болот. Мындай саясый оюндар күчөгөндөн күчөй берсе, ЖоКенин өмүрүнө чекит коеру айтпасак да түшүнүктүү.
Жогорку Кеңешти мөөнөтүнөн мурда таратууга себеп барбы?
Чындай келгенде жок. Кыргыз парламенти Ак үйдүн айтканын "кыңк" этпей аткарган органга айланды. Мындай ийкемдүү депутаттарды Марстан да издеп таба албайсың. Анда неге ЖоКе "садага" чабылышы мүмкүн? Көрсө, мунун өзөгү быйылкы президенттик шайлоого барып такалат имиш. Тагырагы, экинчи мөөнөткө шайланган президент К.Бакиев беш жыл тактыда отурушу керек. Ал эми мыйзамчы аке-эжелердин өмүрү бүтөрүнө дагы үч жыл калды. Ага чейин саясый кырдаал кайсы багытка өзгөрөрү бүдөмүк. Шайлоонун шарапаты менен оппозиция элдин колдоосуна татып, мөөрөйгө жетиши да ыктымал. Азыркы бийликке мындай "сүйрүприздин" кереги жок.
Бүгүнкү күндө оппозициядан оомат кетип, карапайым калктан колдоо таппай калганы жашыруун эмес. Андыктан, ыңгайлуу учурду колдон чыгарбай, парламенттик шайлоо өткөрүүгө неге болбосун? Кийинки президенттик шайлоо үчүн 5-чакырылыштын депутаттары (эгерде, шайлоо өтсө) ыңгайлуу шарт түзүп берет эмеспи. А балким, кыргыз бийлиги орус бийлигинин жолоюна түшүп, экинчи Путин-Медведев системасын түзөттүр?..
45+25=70
Март айына пландалып аткан парламенттик шайлоо ушундай системада жүзөгө ашышы ыктымал. Тактап айтканда, 45 орун партиялык негизде, калганы бир мандаттуу округдан келмекчи. Мындан улам, эл өкүлдөрү эмитеден камылга көрүп, чөнтөктү камдап атышат. Бирок, алардын мындай аракетинен жарытылуу майнап чыгары күмөн. Анткени, бу саам мандатка олигархтар эмес, иштин көзүн билген тажрыйбалуу адамдар жана жаштар ээ болот имиш. Айтор, келерки жылдын жазында жаңы "сценарийдин" негизинде түзүлгөн "спектаклдер" коюлмакчы. Ошондо кимисинин ташы өйдө кулап, кимисиникин ит жыттабай каларын, кимиси саясый шоулардын "курмандыгына" айланарына күбө болобуз…

Талантбек СЫДЫКОВ





  ЖоКе чапкан жолдордо

Элдин бактысына жаралган эки "азамат"
Жогорку Кеңештеги мандатты бизнести коргоочу куралга айланткан депутаттар туурасында тынбай жазып келебиз. Мына ошондой "мыйзамчылардын үйүрүнөн" "ак жолчу" Арзыбек Бурканов менен Азамат Арапбаевди да кездештирүүгө болот…

Эл өкүлү Арзыбек Бурканов 2005-жылдагы парламенттик шай-лоодо бийликчил "Алга, Кыргызстан!" партиясынын атынан мандат алган. Орозмат аксакалдын уулу Арзыбектин айлакерлигин ушундан билиңиз, бүгүнкү бийликтин да тилин таап, "Ак жол" партиясынын аркасы менен экинчи ирет бакыйган депутатка айланып отурат.
Бурканов 1993-жылы Ленинграддагы айыл чарба институтун аяктап, бирок, дипломун сандыктын түбүнө катып, ушу кезге чейин ишкерликтин казанында кайнап келет.
Азыркы "ак жолчу" берендин "ити чөп жей баштаган" мезгил 1995-жылга барып такалат. Ошол жылы "Омат" аталыштагы ишкананын директорлугуна бекип, эки жыл ээрден түшкөн эмес. 1998-2000-жылдары "Лифтинг-Азия ЛТД" ЖЧКсын, 2000-2002-жылдары "Тезаурус" ЖЧКсын жетектеп, андан соң "Русоптторг" фирмасынын башкы директорлугуна дайындалган. Бул эл өкүлүнө таандык расмий бизнес булактарынын чети гана. Ал эми бейрасмий маалыматтарга ишенсек, Арзыбек мырза Майлы-Суу лампа заводун банкрот кылган "азаматтардын" бири имиш. Ошондой эле энергетика бизнесинин ичегисине кан куйганынын натыйжасында "энергобарон" каймана атка ээ экендиги тар чөйрөдө көп айтылат.
Депутаттын иши үчүн эки жыл азбы, көппү?
Кечээги "алга, кыргызстанчы!", бүгүнкү "ак жолчу" Бурканов депутат катары өзүн көрсөтө алган жок. ЖоКедеги эки жылдык дооранында бир дагы мыйзам долбоорун жазбаптыр. Анын парламентте эмне менен алектенип атканы өзүнөн башкага табышмак.
Жарытылуу мыйзам жаратпаганы менен, депутат мырзанын төртүнчү бийлик өкүлдөрүн төпөштөп коймой өнөрү бар. Кезегинде, өкүртө сындап койгону үчүн эркин журналист Нургазы Анаркуловду көчөдөн кармап алып, жети атасын "тааныткан". Бул окуя учурунда чоң чууга айланып, эл өкүлүнүн чоң муштумдугу коомчулукка дүң дей түшкөн.

Мыйзам керекпи, же "бөдөнөнүн сүтү" керекпи?
39 жаштын ашын жеп аткан Азамат Арапбаев да "балык" депутаттардын катарын толуктайт. Карапайым калк бу жакта калсын, анын жүзүн журналист журтчулугу жакшы тааныбайт. Азамат Абдуллажановичтин депутат экенин төшүндөгү жаркыраган "значогу" эле айгинелебесе... Анткени, ал "классташы" Арзыбек Бурканов сыяктуу эл өкүлү атыккандан бери бир дагы мыйзам жазууга "колкабыш" кылган эмес. Болгон өнөрү ушул - зарыл маалда "кнопка" басканды мыкты өздөштүргөн. Ошондой болсо да Азамат мырза эки дипломдун ээси. Алгач, К.И.Скрябин атындагы айыл чарба институтун (1993-жылы), андан соң Тышкы иштер министрлигиндеги дипломатиялык академияны аяктаган. 1996-жылы "Ош-Интур" туристтик фирмасында директордун орунбасарлык кызматын аркалоо менен эмгек жолуна чыйыр салган.
Арапбаевдин бизнесинин негизги өзөгүн арак, курулуш материалдары түзөт. Алсак, 2000-2002-жылдары "Ош-Арагы" ЖЧКсын, кийинчерээк "Алтын-Суу" акционердик коомун (2003-2004-жылдары) жетектесе, 2005-жылдан тартып "Южный комбинат строительных материалов" ЖЧКсын башкарган. Мындан сырткары, Ош облустук жана шаардык кеңешине депутаттыкка шайланган. Ажерде кандай демилге көтөрүп, кандай саамалыктарды жүзөгө ашырганы белгисиз. Анүстүнө, ЖоКеде ишин жөндөй албаган адам облустук кеңеште нени кыйратты дейсиң... Кыскарта айтканда, эл өкүлүнүн болгон-толгон таржымалы ушунакай. "Кнопка" баскыч депутат туурасында мындан башка сөз да кыла албайт экенсиң…



Дүнүйө дегенин жердешчиликке карабайбы?
Парламентте Аскарбек Салымбеков жана Нарынбек Молдобаев аттуу "ак жолчу" берендер бар. Экөө тең Нарындын кулуну. Бизнестин миң түркүн сырын мыкты өздөштүрүшкөн. Бирок, жердеш экенине карабастан, мамилелери начар. Учуру келгенде бири-бирин тамаша-чынга сала мазактап, керек болсо буттан чалууга аябай аракет жасашат. Мындай "ысык" мамилесине караганда ортолорунда бөлүшө албай аткан дүнүйө, же башка бирдеке бардай. Гезитибиздин келерки санында Салымбеков-Молдобаев мамилесинин чыныгы сырын ачыкка чыгарабыз…

Нурканбек КЕРИМБАЕВ