Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери
   Кыргызский газеты
Кыргыз китеп
ggle_v

Жанызакка келген каттар жана Жанызактын кайрылуулары
email  •  архив
Кайрылуу каттары
жана келген каттар:

Россиянын жарандыгын алган кыргыз патриот болбой калабы?...
Орус атуулдугун алган кыргыздар кийин Кыргызстанга келсе киргизеби?...
“Учур” гезитине айтып койгулачы...
Айгүл ШАРШЕНдин китептерин кантип сатып алам...
“Колжазма терем” дегендерге жумуш бар...
Кыргызча китептерди окугум келет, бирок тамгалар башкача чыгып калып жатат...
Кайсы диндесиз? Сайтка китеп чыгарса болобу?
Ушул сиздин сайтыңыздагы рекламалардан канча акча табасыз?
Жибербеген тыйынды “жибердим” дебегиле...
Бермет менден бир китеп сураптыр...
Жанара бизден “Тамчы” гезитиндеги материалды сураптыр...
Арабаев университетинен Жанызакка кат келиптир...
Адабий китептин биринчи бетине жаш жубайлардын ажайып сүрөтү керек......
"Кытайлык деле эмесмин, кыргызстандык элемин" деп жазыптыр Нурзада...
"Текебаевдин видеосу бар дебедиңиз беле..." деп сураптыр Меймансаптан бирөө
"Мидиндин эшек дептеринде" эмнеге "Мидин" дегенибиз "Жапар" делинип калган" дейт...
"Кыргызстанда кайсы мектеп жакшы, кызым быйыл мектепке барат эле" дейт...
Жуңгодогу “Актилек“ сайтынын ээси кечирим сурады...
Супсулууну кой, "Обонду" таппай жатыптыр...
Жуңгодогу (Кытай) “Актилек“ сайтынын “ууру“ кыргыздарына эскертүү...
Жуңго кыргыздарынын “Актилек” сайтына..
"Заман Кыргызстан" гезитине тергич тууралуу түшүндүрмө кат..
Реферат сураган экен..
Кытай кыргыздарынан ризограф сурадым эле..
Деректирдин емейл дарегин сураптыр..
Кытайлык кыргыз кызы Нурзада Расул кызы Айгеримге нааразы..
Ашкере динчилден кат келиптир..
Сулуу кыз менен таанышат элем дейт..


Поиск
Керектүү материалды ушул жерден издегиле:
ggle_h

  Бүгүнкүнүн "басмачыларыбы?"

"Басма сөздүн" артында кимдин муштуму турат?
Бир кезде гезит-журналдарды окурмандарга жайылтып келген "Союзпечать" мекемеси кийин "Кыргыз басма сөз" АКсына айланган болчу. 1998-жылы бул акционердик коом карызга белчесинен батып, кызматкерлерине маяна төлөп бере албай калат. Акыры коомдун жетекчиси Садык Турсуналиев Бишкектеги "Кыргыз басма сөзгө" караштуу 150гө жакын күркөнү өз акционерлерине 30 миң сомдон, кээсине 3 миң доллардан пулдаган. "Союзпечатта" 20-30 жыл иштеген акционер-ардагерлер кредит алышып, кээси үйлөрүн күрөөгө коюп, күркөлөрдү сатып алышкан. "Мындай суммага ал кезде 2 бөлмөлүү квартира келмек. Бирок, биз үй-бүлөбүздү багуу үчүн аргасыз күркөлөрдү сатып алууга бел байлаганбыз" дейт бизге кайрылгандар.

Ортодон чыккан "кожоюндар"
2008-жылы күркө ээлери "Басма жаңылыктары" коомдук бирикмесин түзүшөт. Бирикмени Юстиция министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгынан каттоодон өткөрүшкөн менчик ээлери, Жоробек Осмоновду бирикменин жетекчиси кылып шайлашат. Бирикме түзүлгөнгө чейин күркө ээлерине "Басма сөз" АКсы "крыша" болобуз шылтоосу менен ар кандай гезит-журналдарды акысыз саттырып, кийин жумасына 1200 сомдун гезитин сатып берүүгө мажбурлай баштаган. "Буга да кайыл болуп иштеп жүрсөк, жакында "Басма сөздүн" жаңы кожоюну Аскар Нышанов үстүбүздөн тон бычып, айына 8000-10 000 сом төлөө жөнүндө чечимин чыгарып коюптур" дешет арыздангандар.
Буга чейин "Басма сөз" АКсы колдон колго өтүп отуруп, 2008-жылы Нурлан Рахматулла уулу коомго кожоюн болуп калат. Нурлан мырзадан мурун "Басма сөзгө" кожоюндук кылган Эдилбек Нуриев, Замирбек Шаршеналиев 2008-жылы 10-ноябрда "Басма жаңылыктары" бирикмесинин адамдарына "Садык Турсуналиевдин убагында сатылган күркөлөргө дооматыбыз жок" деген кепилдик кагазын беришкен. Муну билип туруп, Нурлан мырза сатылган күркөлөрдү тартып алуу ишине билек түрө киришкени кызык. Катаал заманда эптеп тоокканадай күркө менен үй-бүлөсүн багып жаткан "Басма жаңылыктары" бирикмесинин адамдары Нурлан мырзанын "басмачылыгына" чыдабай, Бишкек райондук сотуна кайрылышкан. 5-февралда ишти караган судья Б.Карагулова "бул маселе толук чечилмейинче "Кыргыз басма сөз" тарабынан күркөлөрдү жылдыруу, ташып кетүү токтотулсун" деген чечим чыгарат. Буга карабай "Басма сөз" милиция кызматкерлеринин жардамы менен бир нече күркөнү күч колдонуп тартып алган. Басмырланган "Басма жаңылыктарынын" адамдары кайра район аралык сотко кайрылып, ишти караган судья Ж. Нурумбетов 7-майда "Басма жаңылыктарынын" ишине сот чекит коймоюнча Бишкек башкы архитектурасы күркө орундарын "Басма сөзгө" чийип берүүнү токтотсун" деген чечим чыгарат. 21-майда Бишкек шаарынын муниципалдык менчигиндеги жер участокторун ижаралоого укук берүү боюнча комиссиясы "бир добуштан" 42 күркөнү "шыпыруу" чечимин чыгарат. Вице-мэр Алексей Филатов төрагалык кылган бул комиссиянын сот чечимин чымын чакканчалык көрбөй, өз мыйзамын токуп жатышын кандай түшүнсөк болот?
Комиссиянын мындай чечимин бетке кармаган "Басма сөзчүлөр" шаардагы күркөлөрдү күч колдонуп четинен көчүрө башташкан. Айласы кеткен "Басма жаңылыктарынын" адамдары кайрадан район аралык сотко арыз менен кайрылышат. Ишти караган судья М. Алымкулов 1-июнда "21-майдагы комиссиянын чечими ишке ашырылбасын" деп чечим кылат да, ушул эле күнү кечинде "комиссиянын чечими ишке ашырылсын" деген тыянак чыгарып, "Басма сөзгө" карматат. Буга шерденген "Басма сөзчүлөр" төрт райондо акимияттын адамдарынын, укук коргоо кызматкерлеринин коштоосунда күркөлөрдү ала башташат. Буга "Басма жаңылыктары" мүчөлөрү каршылык көрсөтүп, ортодо улгайып калган күркө ээлери көк шапкечендерден аеосуз токмок жешкен. Кийин бул соттук медэкспертизадан тастыкталып, бирок Свердлов райондук прокуратурасы муну каакымча да көргөн эмес.
Бизге жеткен документтерде күркө ээлери Бишкек шаардык башкы архитектурасынын, мэриянын Муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчилерине, депутаттарга, ИИМге, прокуратурага, мэрге, Жогорку сотко, айлалары кеткенде президентке да кайрылышканы көрүнүп турат. Тилекке каршы, жабырлануучуларга эч бир орган кол сунбаганы таңгалыштуу. Тескерисинче, Бишкек шаардык башкы архитектурасы менен Муниципалдык менчик башкармалыгы адилеттик "Басма жаңылыктары" тарапта экенин билип туруп, күркөлөр турган жерди пайдалануу кагазын "Кыргыз басма сөзгө" жазып берген. "Басма жаңылыктарынын" адамдары бул жерде жең ичинен пара берүү, жердешчилик бар экенин айтышат. "Басма сөзчүлөр" жабырлануучуларга Бишкек шаардык башкы архитектурасына миллион сом пара бергенин айтып, мактанышканы деле муну айгинелеп тургандай.

Жел кайдан согуп жатат?
Акыйкаттык издеген аялдар Нариман Түлеевге да киришкен. Мэр аларга жогору жактан шамал болуп жатканын айтып алакан жайган. Күркөлөрдү жүктөп кетип жаткан рейдерлер болсо Биринчи Май районунун акиминин орун басарына, каршылык кылгандарга президенттин коргоо кызматынын күбөлүгүн көрсөтүшүптүр. Бул боюнча "Басма жаңылыктары" бирикмеси Жаныш Бакиевге кайрылып, жооп ала албай келишет. "Кийин ал машиналарды тигилер айткандай эле президентти коргоо кызматынын короосунан көрдүк" дейт редакцияга баш баккан аялдар. Бул иш боюнча акыркы сот 1-декабрда болуп, сот процессине "Басма сөздүн" бир да өкүлү, адвокаты келген эмес. Ошого карабай судья Г. Оморова "Басма сөздүн" пайдасына чечим чыгарган. Буга нааразы болгон аялдардын "эми ушул адилеттикпи?" деген соболуна, судья "мага жогору жактан кысым болуп жатат. Мага да жашоо керек" таризинде жооп кылыптыр. Кысымдан уламбы, айтор ушул кезге чейин Оморова сот процессинин протоколдорун күркө ээлерине бербей келет. А эмне, карапайым калкка жашоонун кереги жокпу?

Ойго салган окуялар
Учурда Жоробек Осмонов Аскар Нышановду муунтуп, урду деген жалаа менен СИЗОдо отурат. Кызыгы, Жоробек Осмонов Аскар Нышановго 12-июлда аялдар менен барып жолуккан. Аскар Нышанов болсо соттук медициналык экспертизадан токмок жегендиги тууралуу көрсөтмөнү 27-июлда алып отурат. Күркө чыры боюнча 18 соттук иш болсо, анын 17синде "Басма сөз" бир дагы тастыктоочу документ көрсөтө алган эмес. "Басма жаңылыктарынын" мүчөлөрүнүн айтымында, Садык Турсуналиевдин жубайы Гүлүмкан Турсуналиева документтердин бардыгын өрттөп жиберген. Өлкөдө адилеттик болсо, "Басма жаңылыктарынын" ишеничин өйдө жактагылар өрттөп жибербес.
Мелис СОВЕТ уулу. тел:386713, e-mail:melis@vb.kg








ggle_v

кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
email • архив • редакция 
25-декабрь, 2009-ж.:
1-бет
"Өз элимдин уулумун"
2-бет
Шадиев -
Ормонов тирешүүс

3-бет
Азамат СЫДЫКОВ:
"Өз элимдин уулумун"

4-бет
Жыл сурак
5-бет
Ар бир жылда артыкчылык такталат,
Асылдык бул айылдардан башталат

6-бет
Жылдын…
7-бет
Эгемен ойлордон
8-бет
Энергетиктердин эле эмес, элдин кубанычы болду
9-бет
Элдик саясат
10-бет
ОМОРДУН ЖАҢЫ "ОМОН" ТОБУ КАНТИП ПАЙДА БОЛДУ?
13-бет
Ырдан чыр чыгарбагыла
14-бет
"Токой чарбасын өнөр жайына айландыруу керек"
15-бет
Кыргыздын рухун көтөргөндөр
16-бет
Урмат жаңы жылды гүлчөтай менен тосот
17-бет
Жаңы жыл жакшылык жышааны
18-бет
Жизнь деген ар кандай
19-бет
"Басма сөздүн" артында кимдин муштуму турат?
20-бет
Жаңы вариант
22-бет
Виталий мыкты европалык боксчу
23-бет
Интернет имне дейт?
24-бет
Айымай
25-бет
Сөзирмемдер
26-бет
ЖОЛБОРС жылынан эмнени күтсө болот?
27-бет
Алмашым, менин Алмашым…
28-бет
Урматтуу окурман!

ggle_v

oh_kaptal
WebMoney кошелек:
Z189154646502
R429713653063

Яндекс цитирования

Орусча - по-русски:
 •  Бесплатные уроки...
 •  Про кырг._раскладку
 •  Про кырг._шрифты
 •  Про меня

Курс валют
Курсы валют к сому


Тагыраак көрсөткүчтөрдү
Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >>


Эркин макалалар
Макала, чыгарма, жарнама...
Алексей Рощин
Лучший Президент

Назаралиев Ж.
Курманбек Салиевич Бакиев, тур ордуңдан, сот келатат!

Турсунбай Бакир уулу
"Мой курс - отстранить родственников президента от власти"

Назаралиев Ж.
Курманбек Бакиев кимди мураскер кылып калтырат?
Кого Курманбек Бакиев назначит преемником?


Гезиттердеги кызык макалалардын топтому
Кызык макала
Курандын да, Манастын да атын булгап...
Өлкөбүз "көкмээлер аралчасына" айланабы?
Дин жана дил:
1-макала
2-макала
3-макала
Чыңгыздын айымдары:
1-макала
2-макала
3-макала
4-макала
5-макала
6-макала


bottom
Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызак:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!