Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери
   Кыргызский газеты
Кыргыз китеп
ggle_v

Жанызакка келген каттар жана Жанызактын кайрылуулары
email  •  архив
Кайрылуу каттары
жана келген каттар:

Россиянын жарандыгын алган кыргыз патриот болбой калабы?...
Орус атуулдугун алган кыргыздар кийин Кыргызстанга келсе киргизеби?...
“Учур” гезитине айтып койгулачы...
Айгүл ШАРШЕНдин китептерин кантип сатып алам...
“Колжазма терем” дегендерге жумуш бар...
Кыргызча китептерди окугум келет, бирок тамгалар башкача чыгып калып жатат...
Кайсы диндесиз? Сайтка китеп чыгарса болобу?
Ушул сиздин сайтыңыздагы рекламалардан канча акча табасыз?
Жибербеген тыйынды “жибердим” дебегиле...
Бермет менден бир китеп сураптыр...
Жанара бизден “Тамчы” гезитиндеги материалды сураптыр...
Арабаев университетинен Жанызакка кат келиптир...
Адабий китептин биринчи бетине жаш жубайлардын ажайып сүрөтү керек......
"Кытайлык деле эмесмин, кыргызстандык элемин" деп жазыптыр Нурзада...
"Текебаевдин видеосу бар дебедиңиз беле..." деп сураптыр Меймансаптан бирөө
"Мидиндин эшек дептеринде" эмнеге "Мидин" дегенибиз "Жапар" делинип калган" дейт...
"Кыргызстанда кайсы мектеп жакшы, кызым быйыл мектепке барат эле" дейт...
Жуңгодогу “Актилек“ сайтынын ээси кечирим сурады...
Супсулууну кой, "Обонду" таппай жатыптыр...
Жуңгодогу (Кытай) “Актилек“ сайтынын “ууру“ кыргыздарына эскертүү...
Жуңго кыргыздарынын “Актилек” сайтына..
"Заман Кыргызстан" гезитине тергич тууралуу түшүндүрмө кат..
Реферат сураган экен..
Кытай кыргыздарынан ризограф сурадым эле..
Деректирдин емейл дарегин сураптыр..
Кытайлык кыргыз кызы Нурзада Расул кызы Айгеримге нааразы..
Ашкере динчилден кат келиптир..
Сулуу кыз менен таанышат элем дейт..


Поиск
Керектүү материалды ушул жерден издегиле:
ggle_h

  Интернет имне дейт?

Ачыкка чыккан бен Ладендин балдары,
"фокус" көрсөткөн чечен жигит жана сууга чөккөн 37 адам
Узап бараткан жумада дүйнөлүк маалымат каражаттары Украина президенти менен премьер-министринин тирешине, Россиядагы кызматтык орундарды кыскартуу реформасына, Нью-Йорктогу кечилдин жосунсуз жоругуна көбүрөөк басым жасашты.

Жылт эткен "жылдыздар" жашоосунан
Дайынсыз жоголгон Жим
1969-жылы легендарлуу гитаристчи Жим Хендрикс дайынсыз жоголгон. Айрым маалыматтарда аны бандиттер уурдап кетти делсе, кийинчерээк бул маселеге Хендрикстин менеджеринин катыштыгы бардыгы айтылат. Айтор, ошондон бери табышмактуу окуянын түйүнү чечиле элек. Мына ушул инсандын өмүр таржымалы туурасында "Slide" аталыштагы тасма тартыларын "New Musical Express" агенттиги жарыялады. Басылмага курган маегинде фильмдин режиссеру Ар Эйч Грин:"Чындыгында Жимдин көздөн кайым болушу боюнча так маалымат жок. Андыктан, кинону адабий тилге салып, фантазиямдын жетишинче жаратам" дейт.
Жаңырган жылдан тартып "Angryfilms" жана "Bellport Pictures" компаниялары тасманы тартуу иштерин баштайт. Ал эми башкаарманга ким "жан" киргизери азырынча белгисиз.


Махабат арты сөзсүз ажырашуубу?
21 жылдан бери ынтымактуу жашап келишкен америкалык актер-жубайлар Тим Роббинс менен Сьюзан Сарандон "жылан чакпай, жылкы теппей" ажырашып кетишкенин "Associated Press" агенттиги жазды. Алардын күтүүсүз чечим кабыл алганына кандай жагдай түрткү болгондугу ачыкка чыга элек.
Роббинс менен Сарандон 1988-жылы таанышкан. Эки жаштын сүйүүсүнүн катуулугун ушундан бил, расмий баш кошо электе эле эки наристени "жаратып" коюшуптур. Бүгүнкү күндө искусство чеберлери кинодон сырткары, саясат айдыңында да күч сынап жүрүшөт.


Бейбаштар Москвада да бар
"Кыргызстанда сөз эркиндиги муунтулуп, журналисттерге кол салуу күчөдү…" деп кейийбиз. Антейин десең, бөлөк мамлекеттерде деле 4-бийлик өкүлдөрүн төпөштөмөй көнүмүшкө айланып баратыптыр. Алсак, Россиянын "Литературная газета" басылмасынын башредактору Юрий Поляковдун үйүнө бейтааныш адамдар кирип, жазуучунун аялы менен жардамчысын аеосуз сабаган. Бул туурасында Поляков "Эхо Москвы" үналгысына өзү "сүйүнчүлөгөн". "Кесиптик ишмердүүлүгүмө байланыштуу ушундай окуя болду. Анткени, өткөн жумада жалпы жазуучуларга тиешелүү мүлктү белгисиз бирөөлөр уурдап кеткендигин жарыялаганбыз" дейт ал.


Жаңгак чагып башыга…
Жерлиги британиялык Эми Уайнхаус аттуу ырчы бар. Бу айым чыр-чатак салуу жагынан алдына ат салдырбайт. Маселен, үстүбүздөгү жылдын июлунда Ширин Флэш деген бийчинин башына "жаңгак" чаккан. Ага ыраазы болбогон Уайнхаус эми бейтааныш адамга капилеттен кол салып, коомдук тартипти бузгандыгы үчүн айыпталууда. Полиция кызматкерлеринин кабарлашынча, 26 жаштагы ырчы күнөөсүн мойнуна алган. Соттук териштирүү иштери жаңырган жылда улантылмакчы. Ырынан да чыры көп Эминин жоругун "CNN" телекорпорациясы ушундайча шөкөттөйт.




Майда бирок маанилүү
? Американын федералдык чалгындоо кызматы (ФЧК) музыка королу Майкл Жексонго байланыштуу сырдуу документтерди коомчулукка жарыяламакчы. " Daily Mail" басылмасы ФЧКга шилтеме жасап, Майклдын жосунсуз жоруктары 333 төшөк өнөрүнүн түркүн түсүнөн "сабак" өткөнү камтылганын баяндаган.
? Белгилүү кинорежиссер, продюсер Роман Полански "VSD" "Voicei" жана "Le Journal du Dimanche" аталыштагы басылмаларын сотко берди. "ATS" агенттигинин жазганына караганда, Поланскинин мындай кадамга барышына ММКлардын үй-бүлөсү менен түшкөн сүрөтүн жарыялашы түрткү болгон. Эми "бейбаш" гезиттер Роман мырзага моралдык зыян келтиргени үчүн 75 миң доллар өлчөмүндөгү айыпка жыгылышы ыктымал.
Преснен соту орустун абройлуу актеру Владислав Галкинди "Тики Бар" кафесинде официанттын ээсин оодара койгону үчүн 1,5 жылга темир тор артына тыкканын "РИА Новости" басылмасы билдирет.
? "Polit.ru" интернет сайты дүйнөнүн жети жолку чемпиону Михаэль Шумахер спортко кайтып келерин кабарлады. Аталган сайттын маалыматына ишенсек, Михаэль "Mercedes GP" командасы менен жаңы келишим түзүүгө жетишиптир.
? "Маркум Жон Леннондун Голливуд аллеясында 21 жылдан бери сакталган жылдызы жоголуп кетти" деп жазат "The Guardian" басылмасы.
? Дүйнөнүн үч жолку чемпиону Юлия Чепалова эки жылга чейин спорт дүйнөсүнө баш бакпашы керек. Мындай чечимди лыжа боюнча эл аралык федерациясы кабыл алды. Федерациянын дооматына караганда, 33 жаштагы Юлия допингти опсуз колдонгон. Ушундай эле "белек" россиялык спортчу Наталья Матвеевага да тартууланганын "Весь спорт" агенттиги кошумчалайт.
? Ирландиялык "U2" рок-группасынын музыканты Адам Клейтон өзүнүн экс-жардамчысы Кэрол Хоукинсти сотко берди. Анын айтымында, Кэрол айым Клейтондун 2,5 млн. долларын шыпырып кеткен. Мындай маалыматты "Irish Independent" гезити таратты.
Интернет баракчаларына башбаккандар Нурканбек КЕРИМБАЕВ, Мелис СОВЕТ уулу





Бош жүргөндөр парады
Россияда мамлекеттик кызмат орундарын эки эсеге кыскартуу башталды. Статистика агенттигинин билдиришинче, масштабдуу кыскартууга металлургия, курулуш, өнөр жай тармагы тушуккан. Анын айынан колоктоп бош жүргөндөрдүн карааны арбыды. Саламаттык сактоо министрлиги эмгек биржасына жумуш издеп катталгандардын саны 2,078 миллионго жеткенин билдирсе, Экономикалык өнүгүү министрлигинин маалыматы теңирден тескери. "Тактап айтканда, аталган министрлик өлкө аймагында жумушсуздардын саны 6,5 млн. экенин шардана кылды" деп макаласын жыйынтыктайт "Независимая газета" басылмасы.
Ажо-башбакан тиреши…
Украина президенти Виктор Ющенко премьер-министр Юлия Тимошенкону шайлоо кампаниясынын алдында мамлекеттик казынанын каражатын өз кызыкчылыгына пайдалангандыгы үчүн айыптады. Өлкө башчысы бул ишти тыкыр иликтеп чыгууну башпрокурор Александр Медведкого тапшырган. "Каражаттын максатсыз жумшалганын тактоо иттен оңой. Өкмөттүн мамказнадагы бюджети 1,8 млрд., жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органында бул көрсөткүч 8 млрд. гривен. Ошондо министрлер кабинети 6,2 млрд. гривенди жеке кызыкчылыгына пайдаланганын боолголосок жаңылышпайбыз" деп бакылдайт Виктор мырза. Муну менен эле тим калбастан, Ющенко премьер айым аяз кыздан бетер ар кайсы жерде сайрандап, элге жакшы көрүнүш үчүн мектептерге автобустарды, айрым кембагалдарга квартираларды мамлекеттин эсебинен таратып жаткандыгын ачыкка чыгаргандыгын "zaxid.net." интернет-сайты жазат. Тимошенко буга азырынча жооп кыла элек.
Кечил уурулукка чакырды
"Нью-Йорк кечили Тим Жонс чиркөөгө келгендерди экономикалык каатчылыктан чыгуу үчүн дүкөндөргө уурулук кылууга үндөдү" деп билдирет "UPI" агенттиги. Жекшембилик сыйынууда 41 жаштагы Жонс: "Уурулук, тоноо сойкулукка караганда жакшыраак. Мен христиан кечили катары дүкөндөрдө уурулук жасоону сунуш кылам. Бул аргасыздыктын иши" деген "насаатын" айткан. Ошондой эле уурулук менен майда күркөлөрдө эмес, ири соода түйүндөрүндө шугулданууга үндөгөн. Полиция кызматкерлери Тим мырзанын чакырыгы мыйзамга каршы дешет. Баса, 2009-жылы каатчылыктан улам дүйнө жүзү боюнча супермаркеттердеги буюм-тайымдын уурдалышы кыйлага өскөн.
Карганы туурайм деп каздын буту сынды
Чеченстандан Астраханга мейманчылап келген 38 жаштагы адам бирөөнүн денесине атайылап залака келтиргени үчүн соттолууда. Ал шаардык кафелердин биринде болуп жаткан үйлөнүү үлпөтүнө чакырылган эле. Той ортолоп калганда чечен жигит эркектердин баарын чогултуп, алардын көзүнчө курдүрмөткө коюлган тапанча менен өзүн башка атып, "фокус" көрсөткөн. Андан кийин каалоочуларга ошол эле курал менен жосунсуз жорукту кайталоону сунуштаган. Өзүн көрсөткүсү келген бир өпкө жигит тапанчаны чыкыйына такап аткан. "Тилекке каршы, экинчисинде фокус эмес кокус болуп, жигиттин чекесин ок шылып кетти" деп макаланы кейиштүү аяктайт "РИА Новости" агенттиги.
Дайыны чыкпаган 37 адам
Филиппин аралдарындагы Манил куймасында эки кеменин урунушунан улам 37ге чукул адам дайынсыз жоголгондугун "AFP" агенттиги кабарлайт. Филиппин жээк-кароол кызматынын өкүлдөрүнүн айтымында, кечээ 16 балыкчысы бар чакан кеме менен 56 жүргүнчүнү алып бараткан чоң кеме кагылышкан. Учурда 46 адам куткарылып, калгандарынын тагдыры азырынча табышмак. Буга чейин ажерде эң чоң кеме кыйроосу 1982-жылы болгон. Анда 4000 киши көз жумган. 2008-жылы дагы ошондой көрүнүш кайталанып, 800дөн ашуун адам о дүйнөгө сапар алган.
Балдары бар, өзү жок…
"The Times" гезити сенсациялуу макала басты. Анда №1 террорист Усама бен Ладендин сегиз жылдан бери Иранда жашырынып жүргөн жубайларынын бири, алты баласы жана 11 небереси туурасында баяндалат. Ушу кезге чейин алардын кайда экенин дүйнө коомчулугу билген эмес.
Бен Ладендин жакындары 2001-жылдын 11-сентябрындагы терракттан кийин Ооганстандан Иранга журт которушуптур. Бирок, расмий Тегеран Усаманын уул-кыздары өлкө аймагында жүргөнүн четке каккан жайы бар.
"Аль-Каида" лидеринин уулу Омар:"Туугандарыбызды коргоого алганы үчүн Иранга ыраазычылыгыбызды айтабыз. Жакынкы аралыкта кандаштарыбызды жаныбызга алдырабыз. Биз кадимки үй-бүлөлөрдөй чогуу жашагыбыз келет" дейт. Эске салсак, №1 жанкечтинин төрт аялы, 19 баласы бар. Ал эми неберелеринин саны канчага жеткендиги туурасында так маалымат жок.





ggle_v

кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
email • архив • редакция 
25-декабрь, 2009-ж.:
1-бет
"Өз элимдин уулумун"
2-бет
Шадиев -
Ормонов тирешүүс

3-бет
Азамат СЫДЫКОВ:
"Өз элимдин уулумун"

4-бет
Жыл сурак
5-бет
Ар бир жылда артыкчылык такталат,
Асылдык бул айылдардан башталат

6-бет
Жылдын…
7-бет
Эгемен ойлордон
8-бет
Энергетиктердин эле эмес, элдин кубанычы болду
9-бет
Элдик саясат
10-бет
ОМОРДУН ЖАҢЫ "ОМОН" ТОБУ КАНТИП ПАЙДА БОЛДУ?
13-бет
Ырдан чыр чыгарбагыла
14-бет
"Токой чарбасын өнөр жайына айландыруу керек"
15-бет
Кыргыздын рухун көтөргөндөр
16-бет
Урмат жаңы жылды гүлчөтай менен тосот
17-бет
Жаңы жыл жакшылык жышааны
18-бет
Жизнь деген ар кандай
19-бет
"Басма сөздүн" артында кимдин муштуму турат?
20-бет
Жаңы вариант
22-бет
Виталий мыкты европалык боксчу
23-бет
Интернет имне дейт?
24-бет
Айымай
25-бет
Сөзирмемдер
26-бет
ЖОЛБОРС жылынан эмнени күтсө болот?
27-бет
Алмашым, менин Алмашым…
28-бет
Урматтуу окурман!

ggle_v

oh_kaptal
WebMoney кошелек:
Z189154646502
R429713653063

Яндекс цитирования

Орусча - по-русски:
 •  Бесплатные уроки...
 •  Про кырг._раскладку
 •  Про кырг._шрифты
 •  Про меня

Курс валют
Курсы валют к сому


Тагыраак көрсөткүчтөрдү
Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >>


Эркин макалалар
Макала, чыгарма, жарнама...
Алексей Рощин
Лучший Президент

Назаралиев Ж.
Курманбек Салиевич Бакиев, тур ордуңдан, сот келатат!

Турсунбай Бакир уулу
"Мой курс - отстранить родственников президента от власти"

Назаралиев Ж.
Курманбек Бакиев кимди мураскер кылып калтырат?
Кого Курманбек Бакиев назначит преемником?


Гезиттердеги кызык макалалардын топтому
Кызык макала
Курандын да, Манастын да атын булгап...
Өлкөбүз "көкмээлер аралчасына" айланабы?
Дин жана дил:
1-макала
2-макала
3-макала
Чыңгыздын айымдары:
1-макала
2-макала
3-макала
4-макала
5-макала
6-макала


bottom
Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызак:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!