|
Кыргыз гезиттери Кыргызский газеты |
Кыргыз китеп |
Кайрылуу каттары жана келген каттар:
Сөзирмемдер Жардынын курсагы жерге жарык кирелекте ойгонот. Кейибе бака, сөз биздики болот! Акылы чолок буту чолокко сынтагат. Таяк башка тийгенде угулган бакырык чын жүрөктөн чыгат. Дат баскан кылычыңды Кытайга өткөз. Мурду кыйшык болсо да, муштуму чоң сүйлөсүн. Кирпик-кашы коюу заманда аягы суюк көбөйдү. Аткаминер азайсын, шахматкаминер көбөйсүн. Мыкты "баа" алгың келсе, жаназасын жакшы оку. Сууга аккан тал кармайт, майга аккан диета кармайт. Бүгүнкү убакытты күн тийген жердин күкүгү билдирет. Касың берген капкандын тишин ачпа. Жаңы жыл түнү Акүйдө иштеген эки аткаминер жаңы жылдык түнгө деп эки жаш кызга сүйлөшүп коюшат. Квартирада койкоюп күтүп отурушса телефон шыңгырайт. Бирөөсү сүйлөшүп бүтүп: - Шерменде болдук! Тигилериң келалбай калдык дейт?! - Эмне дейт! Мен деген бир кил сабиз жеп, беш жумуртканы чийки жутпадым беле?.. - А мен болсо колдон алган "Виаграны" эслишто кайра өткөзөм деп койгом… Итаяк бошпу, ыя?! Үйгө келген конок: - Итиңиз мени жаман көзү менен карайт да, каап албайбы? Үй ээси: - Коркпо, каппайт. Итаягынан чоочун бирөө тамак ичип койсоле ушинтип калмайы бар. Жуубасаң, башың жулам!.. Кабылдамага башбаккан хирург: - Кана, бүгүн күнгө абал кандай? - Эки жеңил жаракат: автокатастрофа жана өндүрүштүк травма, анан оор жаракат алган бирөө түштү. - Эмне болуптур? - Катыны идиш жуу десе баш тарткан экен, бечара… Өлбө жаным, өлбө… Табыпмын деген бирөөнү соттоп атышат: - Ошентип, сизди көзбоемочулук менен шугулданганыңыз үчүн күнөөлөп жатышат. Мүрөктүн суусу деп сатканыңыз чын беле? - Ооба, саткам. - Деги мурда соттолгон жок белеңиз? - Соттолгом. 1590чу, 1652чи, 1812-жылдары… Этикеткаңды көрсөтчү Чиновниктин эң баалуу сапаты - анын оңой менен сатылбагандыгы… азыраак акчага, албетте. Суу - өмүр булагы Врач палатага кирип: - Белди бекем бууңуз, - дейт оорулууга. - Эмне болду, ичээр суум түгөндүбү? - Түгөнөлек. Мен сизге өтө кымбат дары жазып берем, артынан сууну каалашыңызча ичиңиз. Апа-а!.. Үйгө ууру кирет. Терезеден түшүп караса, бурчта килейген ит жатат. Тигиге көңүл да бурбайт. Жоош ит көрүнөт деп ойлогон ууру үйдүн ичин тинтип баштайт. Колго тийгенин сумкага салып атса, капыстан үн чыгат: - Уурдап атасыңбы? Эки жакты караса эч ким көрүнбөйт. Сумкага дагы салып атса, кайрадан үн чыгат: - Уурдап атасыңбы дейм? Үн чыккан жакка барса, парданын ары жагында тотукуш отурат дейт. - Башка сөз үйрөнгөн жоксуңбу? - дейт ууру какшыктап. Тотукуш: - Эмнеге билбейм, билем: "Ал, Балтек!.." Субай саптар Эгерде сен пивону бөтөлкө ачкыч менен ача баштаган болсоң - бул карылыктын белгиси. * * * Эгерде арак ары жакка жакшы кетпей атса, анда ал көп узабай бери жакка жеңил кетет. * * * Үстөлдүн астына шыпырылып түшүп баратып, тегерегиңде отурган коноктор менен коштошо кетүүнү унута көрбө. * * * Арактын артынан буламык менен винегрет жеш керек. Анткени, буламык кайра жеңил чыгат, ал эми винегрет көздүн жоосун алып өтө көркөм түшөт. * * * Артисттер эмне үчүн көп ичет деп ойлойсуз? Туура, алар самогон менен көп репетиция кылышат. Анан барып арак ичишет. Искусство! * * * Эгер сенден тааныбаган эле бирөө аты-жөнүңдү сурап калса, жаткан жериңден өйдө туруп, кийимиңдин чаңын күбүй электе: "Мен жер тыңшаар Маамытмын!" деп ташта. * * * Колуңан келип турганда колуңа эмне тийсе ошо менен ур! * * * Өмүр өтүп кеткиче четте турба, кошо жарышып жаша! * * * Анклав түзүү үчүн ылайыктуу жер табылбай атат. Кудай үчүн болбосо да Кытай үчүн жардам берип койгула! * * * Эки буттун айрылышына келгенде эмне кылыш керек?! Көп делдиребей, "түз" эле кете бериш керек, жигит!.. * * * Кантейин, мен бактысыз киши экемин: эртең менен жумушка шашпайм, кечинде үйгө шашпайм…
Тагыраак көрсөткүчтөрдү Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >> Макала, чыгарма, жарнама...
Алексей Рощин
Назаралиев Ж.
Турсунбай Бакир уулу
Назаралиев Ж.
Кызык макала
|
|
|
| ||||||||||||||