Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери
   Кыргызский газеты
Кыргыз китеп
ggle_v

Жанызакка келген каттар жана Жанызактын кайрылуулары
email  •  архив
Кайрылуу каттары
жана келген каттар:

Россиянын жарандыгын алган кыргыз патриот болбой калабы?...
Орус атуулдугун алган кыргыздар кийин Кыргызстанга келсе киргизеби?...
“Учур” гезитине айтып койгулачы...
Айгүл ШАРШЕНдин китептерин кантип сатып алам...
“Колжазма терем” дегендерге жумуш бар...
Кыргызча китептерди окугум келет, бирок тамгалар башкача чыгып калып жатат...
Кайсы диндесиз? Сайтка китеп чыгарса болобу?
Ушул сиздин сайтыңыздагы рекламалардан канча акча табасыз?
Жибербеген тыйынды “жибердим” дебегиле...
Бермет менден бир китеп сураптыр...
Жанара бизден “Тамчы” гезитиндеги материалды сураптыр...
Арабаев университетинен Жанызакка кат келиптир...
Адабий китептин биринчи бетине жаш жубайлардын ажайып сүрөтү керек......
"Кытайлык деле эмесмин, кыргызстандык элемин" деп жазыптыр Нурзада...
"Текебаевдин видеосу бар дебедиңиз беле..." деп сураптыр Меймансаптан бирөө
"Мидиндин эшек дептеринде" эмнеге "Мидин" дегенибиз "Жапар" делинип калган" дейт...
"Кыргызстанда кайсы мектеп жакшы, кызым быйыл мектепке барат эле" дейт...
Жуңгодогу “Актилек“ сайтынын ээси кечирим сурады...
Супсулууну кой, "Обонду" таппай жатыптыр...
Жуңгодогу (Кытай) “Актилек“ сайтынын “ууру“ кыргыздарына эскертүү...
Жуңго кыргыздарынын “Актилек” сайтына..
"Заман Кыргызстан" гезитине тергич тууралуу түшүндүрмө кат..
Реферат сураган экен..
Кытай кыргыздарынан ризограф сурадым эле..
Деректирдин емейл дарегин сураптыр..
Кытайлык кыргыз кызы Нурзада Расул кызы Айгеримге нааразы..
Ашкере динчилден кат келиптир..
Сулуу кыз менен таанышат элем дейт..


Поиск
Керектүү материалды ушул жерден издегиле:
ggle_h

  Эгемен ойлордон

2000-жылы Кыргызстандын ички жана тышкы саясатында бир топ маанилүү окуялар болду. Жыл жыйынтыктап жатып айрым окуяларга токтолууну эп көрдүк. Алар боюнча өз пикирин Темир САРИЕВ менен Кадыр МАЛИКОВ билдиришти.

Темир Сариев,
"Ак шумкар" партиясынын лидери:
"Оппозиция атка салган камчы"

Эгемендүү мамлекет болгон соң, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн тышкы саясатты күчтүү жүргүзүш керек. Биз чоң мамлекет болбосок дагы, айрым мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып күчтүү тышкы саясат жүргүзүүгө толук мүмкүнчүлүгүбүз бар. Суунун башында турган соң муну да тышкы саясатка кеңири колдонушубуз керек. Бирок тышкы саясатта бизге туруктуулук жетишпей жатат. Мисалы буга АКШ аскер базасын кетирүү, кийин калтыруу чечимдери кирет. Бирок акыры келип эл аралык талаптарга жооп бере ала турган чечимди кабыл алдык. Анткени буга Россия, Америка жана Европа биримдигиндеги мамлекеттер кызыкдар эле. Ал эми аны кандай жол менен калтырганыбыз бир топ сын-пикирлерди жаратты. Тышкы саясатыбыздагы чоң окуя катары транзиттик борбордун түзүлүшү болду. Анткени эң ири мамлекет Америка тышкы саясатындагы багытты Ооганстан деп кабыл алып жатат. Ал эми ошол багытта орчундуу ролду Кыргызстандагы транзиттик борбор ойноп жатат.
***
Ички саясатта эң маанилүү окуя катары жайында өткөн президенттик шайлоону айтсак болот. Шайлоо Европа коопсуздук уюмунун баасына татыктуу болбоду. Бул өлкөнүн демократиялык беделине доо кетирди. Ошону менен Кыргызстан ачык, таза, түз шайлоону өткөрө албастыгыбызды дагы бир жолу далилдедик. Буга бир эле бийлик эмес, анын мыйзамсыз аракеттерине туруштук бералбаган оппозиция, унчукпаган эл дагы күнөөлүү. Бул мамлекеттин өнүгүшүндөгү артка жасалган кадам десек болот.
***
Дүйнөлүк кризис кыргыз экономикасынан кыйгач өтпөдү. Экономикалык активдүүлүк азаюуда. Бюджеттик тартыштык чоң. Өкмөт кабыл алган тарифтерди көтөрүү чечими элдин башына түшкөн оор жүк болду. Сырттан келип жаткан каражаттар натыйжалуу колдонулбай жатат. Кыргызстанга алгачкы жолу акчалай түрүндө 450 млн. доллар келди. Анын 150 млн. жардам иретинде берилсе, 300 млн. кредит түрүндө берилди. Бирок биз аны да натыйжалуу колдонуп, жакшы долбоорлорго жумшай албадык. Жыл аяктап баратса да, дайны билинбейт. Сыягы, жеп-ичкенге эле жумшап койдук окшойт. Экономикадагы ушундай окуялар биздин эсибизде калат.
***
Президент реформа жөнүндө айтканда чоң үмүт бар эле. Эми баш мыйзам кагаз түрүндө бекитилип, Конституциялык сотко жиберилди. Аны биз окугандан кийин айтылган сөз менен кылган иштин айырмачылыгын байкадык. Реформа бийликтин тең салмактуулугуна, ачык-айкындуулукка алып келе алган жок. Болгону президент Бакиевдин бийлигин күчөткөнгө, анын ыйгарым укуктарын кеңейткенге түрткү берди. Башында кыскартуу болот деп айтышкан. Президенттик администрацияда 120 киши иштеп, өкмөт менен чогуу Акүйгө батып жатса, азыр реформадан кийин 20 киши катчылыкта, 20 киши аппаратта, 80ден ашуун киши Борбордук агенттикте, 15ке жакын киши Коопсуздук кеңешмесинде иштеп, алардын ар бири кеңейтилген бөлмөлөрдү алып, азыр Акүйгө да батпай калышты. Бул жерде 40 пайызга кыскартуу болду деп айтууга болбойт. Ал эми президенттин иш башкармалыгы Акүйдөн "Ысык-Көл" мейманканасына көчүрүлдү.
***
Кайталанма структураларды жоебуз деп атып, кайра эки баштуу өкмөт түзүп алдык. Алардын ою, көзү, тили, колу-буту башка болгону менен ашказаны бир. Эми кимиси жеп, кимиси жооп берери белгисиз болуп калды. Себеби, негизги чечимди президентке караштуу структуралар кабыл алат. Ал эми жообун өкмөт берет. Көрүнүп тургандай, оптималдуу башкаруу системасы киргизилген жок.
***
Коррупция боюнча биз артынан санаганда бешинчи орунда турабыз. Президент алгачкы жылдарда мага оппозиция тоскоол болуп жатат десе, эки жылдан бери оппозиция жок. Ачык-айкын, таза иштегенге шарт түзүлүп отурат. Эми ким тоскоолдук кылып жатат? Элби? Эгер эл тоскоол болсо, элди алмаштыра албайт. Тескерисинче, эл алмаштырып коюшу мүмкүн. Ошондуктан бийлик жыйынтык чыгарып, саясый күрөштүн цивилизациялуу жолун тандаш керек. Эгер күчтүү оппозиция жок болсо бийлик баспаган кашаң аттай болот. Оппозиция атка салган камчы. Чапса кээ бир жери көгөрөт, эти ооруйт, ачуу болот. Бирок ошону менен ат чуркайт. Бийлик да ошондой. Оппозициянын баарын душман кылсак башкасын каяктан табабыз?
***
Акыркы Конституцияга киргизилүүчү өзгөртүүлөр опурталдуу иштин башы. Президенттик кеңеш түзүп, ошого ыйгарым укук берилип жатат. Эгер ажо ооруп калса, анын ыйгарым укугун эл билбеген бирөө алат экен. Муну менен ак сарай төңкөрүштөрү башталбайт деп эч ким кепил боло албайт. Конституция эки киши үчүн жазылбаш керек. Эң өкүнүчтүүсү - тарых бизди эч нерсеге үйрөткөн жок. 2005-жылкы окуялар ириде бийлик үчүн чоң сабак болушу керек эле.

Кадыр Маликов,
саясый илимдин доктору:
"Мамлекет мүлк үчүн мыкты кепилдик"

Саясый өңүттө жыл жыйынтыгын чыгарса болот. Тышкы саясатта Кыргызстандын өз орду бар. Ал азырынча түрдүү өлкөлөрдүн кызыкчылыгына айланган аянт болууда. Бирок биз ошол кызыкчылыктарды орундатып эле тим болбостон, өз кызыкчылыгыбыз үчүн да пайдаланып калышыбыз керек. Түпкүлүгүндө азыркы көп кырдуу тышкы саясат туура. Биринчиден, АКШ аскер базасынын кайрадан транзиттик борбор болуп түзүлүшү туура чечим болду. Ал улуттук кызыкчылыкка төп келет. Ооганстан тынч болсо, аймак коопсуз болот. Экинчи жагынан - Кытай дүркүрөп өсүп дүйнөнү каптап келе жатат. Биз бир эле улуу державалар Россия жана АКШ менен чектелбей, ШОС алкагында Кытай менен да алакабызды бекем чыңдашыбыз керек. Өлкөнүн экономикасы үчүн ири жардам алсак болот.
***
Эң алды менен өлкөдөгү абалдын туруктуулугу керек. Акыркы жасалган реформалар өз учурунда башталды. Тилекке каршы, 2010-жылга Кыргызстан саясый жактан капиталы жетишсиз барууда. 2009-жылда оппозиция менен бийлик сүйлөшүүлөргө барып тил табышса болмок. Оппозиция таарынган кишилердин курамынан түзүлбөш керек. Бийлик да, оппозиция да улуттук кызыкчылыктын деңгээлинде аракеттенгенде гана иш илгерилейт. Бирок улуттук менталитетке жараша экөөнүн мамилеси кыргызчылык бойдон калууда.
***
Мен баарын жеке колго берүүгө каршымын. Мамлекет начар менеджер болушу мүмкүн. Бирок мамлекет мүлк үчүн мыкты кепилдик. Мүлк мамлекеттин колунда болгондо гана эл анын кайда экенин сурай алат. Азыр бир катар капиталисттик өлкөлөрдө мүлк кайрадан мамлекеттин колуна өтүп жатат. Ошондуктан эң ири улуттук долбоорлордун акциялары мамлекеттин колунда калышы керек. Эгер биз алардан айрылсак, энергетикалык, экономикалык эгемендигибизди жоготобуз. Буларды жоготсок саясый коопсуздугубуз коркунучта калат.
***
Камбар-Ата ГЭСтерине бир катар коңшу өлкөлөр каршы болуп жатканы түшүнүктүү. Мындайда Кыргызстан жакынкы коңшулардан өнөктөш тапканы максатка ылайыктуу. Андай өнөктөш бизге Тажикстан боло алат. Анткени эки өлкөнүн көйгөйлөрү окшош. Азыр Тажикстан баштаган демилгелерди биз деле баштасак болмок. Дүйнөлүк кризистен кийин дүйнө да өзгөрдү. Кыргызстан географиялык аймагы, табияты, суу ресурстары, жер астындагы кен байлыктары бар туруп азыркыдай жакыр болуп калышы мүмкүн эмес.
***
Бизде жаңы коом түзүлүп жатат. Ал өзгөчө мамиле жасоону талап кылат. Келерки жылы көңүлдү ушуларга бурушубуз керек. Реформа башталган менен ал койгон максатына багыт албаса кадрлар орун алмашып, кыскарып, жаңы структуралар түзүлүп кала берет. Ал кайсы бир топтун кызыкчылыгын көздөбөй, элдин кызыкчылыгына багыт алышы керек. Эгер башкаруунун ийкемдүү жолун тапсак ал сөзсүз жемишин берет.
Келдибек НАЗИРОВ







ggle_v

кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
email • архив • редакция 
25-декабрь, 2009-ж.:
1-бет
"Өз элимдин уулумун"
2-бет
Шадиев -
Ормонов тирешүүс

3-бет
Азамат СЫДЫКОВ:
"Өз элимдин уулумун"

4-бет
Жыл сурак
5-бет
Ар бир жылда артыкчылык такталат,
Асылдык бул айылдардан башталат

6-бет
Жылдын…
7-бет
Эгемен ойлордон
8-бет
Энергетиктердин эле эмес, элдин кубанычы болду
9-бет
Элдик саясат
10-бет
ОМОРДУН ЖАҢЫ "ОМОН" ТОБУ КАНТИП ПАЙДА БОЛДУ?
13-бет
Ырдан чыр чыгарбагыла
14-бет
"Токой чарбасын өнөр жайына айландыруу керек"
15-бет
Кыргыздын рухун көтөргөндөр
16-бет
Урмат жаңы жылды гүлчөтай менен тосот
17-бет
Жаңы жыл жакшылык жышааны
18-бет
Жизнь деген ар кандай
19-бет
"Басма сөздүн" артында кимдин муштуму турат?
20-бет
Жаңы вариант
22-бет
Виталий мыкты европалык боксчу
23-бет
Интернет имне дейт?
24-бет
Айымай
25-бет
Сөзирмемдер
26-бет
ЖОЛБОРС жылынан эмнени күтсө болот?
27-бет
Алмашым, менин Алмашым…
28-бет
Урматтуу окурман!

ggle_v

oh_kaptal
WebMoney кошелек:
Z189154646502
R429713653063

Яндекс цитирования

Орусча - по-русски:
 •  Бесплатные уроки...
 •  Про кырг._раскладку
 •  Про кырг._шрифты
 •  Про меня

Курс валют
Курсы валют к сому


Тагыраак көрсөткүчтөрдү
Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >>


Эркин макалалар
Макала, чыгарма, жарнама...
Алексей Рощин
Лучший Президент

Назаралиев Ж.
Курманбек Салиевич Бакиев, тур ордуңдан, сот келатат!

Турсунбай Бакир уулу
"Мой курс - отстранить родственников президента от власти"

Назаралиев Ж.
Курманбек Бакиев кимди мураскер кылып калтырат?
Кого Курманбек Бакиев назначит преемником?


Гезиттердеги кызык макалалардын топтому
Кызык макала
Курандын да, Манастын да атын булгап...
Өлкөбүз "көкмээлер аралчасына" айланабы?
Дин жана дил:
1-макала
2-макала
3-макала
Чыңгыздын айымдары:
1-макала
2-макала
3-макала
4-макала
5-макала
6-макала


bottom
Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызак:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!