Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери
   Кыргызский газеты
Кыргыз китеп
ggle_v

Жанызакка келген каттар жана Жанызактын кайрылуулары
email  •  архив
Кайрылуу каттары
жана келген каттар:

Россиянын жарандыгын алган кыргыз патриот болбой калабы?...
Орус атуулдугун алган кыргыздар кийин Кыргызстанга келсе киргизеби?...
“Учур” гезитине айтып койгулачы...
Айгүл ШАРШЕНдин китептерин кантип сатып алам...
“Колжазма терем” дегендерге жумуш бар...
Кыргызча китептерди окугум келет, бирок тамгалар башкача чыгып калып жатат...
Кайсы диндесиз? Сайтка китеп чыгарса болобу?
Ушул сиздин сайтыңыздагы рекламалардан канча акча табасыз?
Жибербеген тыйынды “жибердим” дебегиле...
Бермет менден бир китеп сураптыр...
Жанара бизден “Тамчы” гезитиндеги материалды сураптыр...
Арабаев университетинен Жанызакка кат келиптир...
Адабий китептин биринчи бетине жаш жубайлардын ажайып сүрөтү керек......
"Кытайлык деле эмесмин, кыргызстандык элемин" деп жазыптыр Нурзада...
"Текебаевдин видеосу бар дебедиңиз беле..." деп сураптыр Меймансаптан бирөө
"Мидиндин эшек дептеринде" эмнеге "Мидин" дегенибиз "Жапар" делинип калган" дейт...
"Кыргызстанда кайсы мектеп жакшы, кызым быйыл мектепке барат эле" дейт...
Жуңгодогу “Актилек“ сайтынын ээси кечирим сурады...
Супсулууну кой, "Обонду" таппай жатыптыр...
Жуңгодогу (Кытай) “Актилек“ сайтынын “ууру“ кыргыздарына эскертүү...
Жуңго кыргыздарынын “Актилек” сайтына..
"Заман Кыргызстан" гезитине тергич тууралуу түшүндүрмө кат..
Реферат сураган экен..
Кытай кыргыздарынан ризограф сурадым эле..
Деректирдин емейл дарегин сураптыр..
Кытайлык кыргыз кызы Нурзада Расул кызы Айгеримге нааразы..
Ашкере динчилден кат келиптир..
Сулуу кыз менен таанышат элем дейт..


Поиск
Керектүү материалды ушул жерден издегиле:
ggle_h

Элдик саясат

Саналуу күндөн кийин Жолборс жылына кадам таштайбыз. Ошентип, жашоонун жаңы барагы ачылат. Бирөө байлык-бийликке жеткенине сүйүнсө, дагы бири арзып жүргөн махабатына баш кошуп, кээлери жакынынан айрылып сай-сөөгү сыздайт дегендей. Жашоонун ары жөнөкөй, ары татаал көрүнүшү ушунакай. Айрым адамдардын сапары карып бараткан жана келаткан жылга карата пикирин гезит бетине чагылдырууну эп көрдүк.

Жазгүл САДЫРБЕКОВА, төлгөчү-көзачык:
"Айыл чарбасын азыртан ойлонгула"
- Жолборс жылына карата божомолуңуз кандай?
- Кудай буйруса, келаткан жыл тынч өтөт. Саясатта олуттуу өзгөрүүлөр болушу күмөн. Бардыгы өз нугу менен кетет. Электр энергиясы, жылуулук жана ысык суу наркынын көтөрүлгөнүнө байланыштуу эл нааразычылыгын билдирип чыгышы ыктымал. Оппозиция мындай кырдаалды өз кызыкчылыгына пайдаланууга аракет жасары калетсиз. Бирок, андан майнап чыкпайт.
Жаз жаанчыл, жай кургакчыл болот. Дыйкан бабанын эмгегинин акыбети кайтпай, чыгым тартып калабы деп корком. Жогору жактагылар айыл чарбасына азыртадан кам көргөнү оң.
- Парламент тарашы мүмкүнбү?
- Жок. Эл өкүлдөрү мөөнөтү бүткөнчө иштейт. Эмки чакырылышта жаш, ишин мыкты билген адамдар депутаттыкка шайланат.

Мирлан УРАИМОВ, айдоочу:
"Өкмөт көпкө узабас бекен?"
- Узап бараткан жыл эмнеси менен эсиңизде калды?
- Быйылкы жыл окуяларга бай болду. Президенттик администрациянын экс-жетекчиси Медет Садыркулов, ЖК депутаты Санжарбек Кадыралиев чын дүйнөгө аттанды. Ал ортодо эл өкүлү Руслан Шаботоевдин, Жусупжан Жээнбековдун уулу Бактияр Амиржановдун сөөгү табылды. Мурда ушуга окшогон кылмыштар ачыкка чыкчу эмес. Андыктан, Ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин ишине жогору баа берсе болот.
Карапайым калктын эсинен өчпөй турган окуя катары "ильич шамынын", жылуулук жана ысык сууга болгон төлөмдүн жогорулаганын айтсак жарашат. Муну кыргыз өкмөтүнүн өз элине жасаган жаңы жылдык "белеги" деп баалайм. Ансыз деле жакырчылыктын кучагынан чыга албай келебиз. Жамы журт менен эсептешпей, өз алдынча чечим чыгарган өкмөт көпкө узабас бекен…

Айбек УМАРАЛИЕВ, актер:
"Ташиев менен Бешимовду ойномокмун"
- Жыл ичинде жүрүм-туруму, күтүүсүз кадамы аркылуу көпчүлүктү таңгалдырган саясый ишмердин образын жаратууга туура келсе, кимди тандайсыз?
- Кызык суроо экен… Экс-чиновник Камчыбек Ташиев, оппозиция лидери Бакыт Бешимовдун образына "жан" киргизмекмин. Камчыбек мырза депутаттык дооранында агездеги Өзгөчө кырдаалдар министри Жаныш Рүстенбековдун былыгын чукуп атып, анын ордун ээлеген. Ташиев коррупционерлик жагынан Рүстенбековдон ашса ашарын, асти кем калбастыгын маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Ошондой эле оппозициячыл саясатчы Б.Бешимов гезиттерге байма-бай интервью берип, "элим, жерим!" дечү эмес беле. Анын дарамети канчалык экенин президенттик шайлоодон кийин көрдүк. Мекенин, элин, санаалаштарын таштап, Американы көздөй сызып кетти. Менимче, оозу менен орок оргондон башканы билбеген инсандар туурасындагы тасма көпчүлүктүн бүйүрүн кызытса керек.

Алымбек АЙТБОСУНОВ,
Нарын облусунун тургуну:
"Жаңы жыл майрам эмес"
- 31-декабрды майрам катары эсептейсизби?
- Кыргыздар кызык калкпыз. Бөлөк улуттагылардын маданиятын, салт-санаасын өзүбүзгө сиңиргенге далалат кылабыз. А чындыгында биз кимбиз? Улутубуз кыргыз, тутунган динибиз ислам эмеспи. Ал эми жаңы жыл - христиандардын майрамы. Ошондуктан бу күндү шаан-шөөкөтсүз, кадимкидей эле өткөрөм. Жеке мен үчүн чыныгы майрам - курман айт жана орозо айт.

Дайырбек ЧЫНАЛИЕВ, сатуучу:
"Жардыргычтарды неге саталбайбыз?"
- Жаңы жыл алдында соодагерлердин күнү тууп атса керек?
- Кайдан, ошондой болсо гана… Былтыр жардыргыч заттарды пулдап, капчыкты итабар кампайткам. Быйыл, тилекке каршы, фейерверктерди сатууга тыюу салынды. Анын кесепетинен канчалаган соодагер пайдадан куру калдык. Жеке мен буга караманча каршымын. Алардын үй-бүлөсүн ойлогон жан барбы? Анткени, жогору жактагылар казаныбызга аш салып берген жок. Өзүбүздүн арбайыбызды өзүбүз согуп жатканда, тийишпей эле коюшпайбы десең.
- Ак үйдүн алдында пикет уюштурбайсызбы анда?
- Кокуй, кайдагы жомокту айтасың?! Митингдин "соодасы" бүткөнү качан. Тынч жүргөндөн башка арга жок…

Айгерим АБДЫЛДАЕВА, студент:
"Эч кимге пара бербейм"
- Жаңы жылда каалаган тилегиң аткарылып, ой-максаттарың жүзөгө ашат дегенге ишенесизби?
- Албетте. Эмдиги жылы окуу жайды аяктап, дипломго ээ болом. Бөлөктөргө окшоп жумушка пара берип орношпойм. Себеби, менин кесибим - журналист. Төртүнчү бийлик өкүлдөрү акыл көрөңгөсүнө, эң башкысы, тил байлыгына, калемине гана таянат. Башка тармактарда дагы журналистикадагыдай табигый талап болсо, Кыргызстан эбак өнүкмөк.

Алайбек АЛЫМБАЕВ, ЖК кызматкери:
"Келерки жылдан үмүт чоң"
- Ушу кезге чейин бийлик элдин үмүтүн актабай келет дешет. Карапайым калктын купулуна толуш үчүн аткаминерлер жаңырган жылда кантип иштеши зарыл?
- Жаманбы-жакшыбы, бийлик колунан келген аракетин жасап атат. Мурдагы жылдарга салыштырмалуу өлкөдө саясый стабилдүүлүк орноду. Экономика тармагы да өнүгө баштады. "Москва бир күндө курулбайт" демекчи, бир заматта өнүккөн, ири державалардын катарына кошулуу өтө кыйын. Ага көп убакыт, талыкпаган эмгек талап кылынат.
Бийлик коррупция менен ачык күрөшө баштады. Коррупцияга тиешеси бар делген чиновник, прокурорлордун кызматтан алынганы мунун айкын далили. Келаткан жылы дагы ушул жөрөлгө уланып, эл үчүн эмгектенген бийликтин аброю артарына ишенимим зор.

Фатима АХМЕД кызы, 5 жашта:
"Аяз ата бөбөгүмө көйнөк алып келсин"
- Аяз атадан кандай белек сурадың?
- Момпосуй, шоколад, апельсин, анан куурчак. Баса, унутуп калган турбаймынбы. Жакында апам мага бөбөк төрөп берем дейт. Аяз ата бөбөгүмө көйнөк алып келсе жакшы болмок.

Даярдаган Нурканбек КЕРИМБАЕВ, сүрөттөр автордуку




ggle_v

кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
email • архив • редакция 
25-декабрь, 2009-ж.:
1-бет
"Өз элимдин уулумун"
2-бет
Шадиев -
Ормонов тирешүүс

3-бет
Азамат СЫДЫКОВ:
"Өз элимдин уулумун"

4-бет
Жыл сурак
5-бет
Ар бир жылда артыкчылык такталат,
Асылдык бул айылдардан башталат

6-бет
Жылдын…
7-бет
Эгемен ойлордон
8-бет
Энергетиктердин эле эмес, элдин кубанычы болду
9-бет
Элдик саясат
10-бет
ОМОРДУН ЖАҢЫ "ОМОН" ТОБУ КАНТИП ПАЙДА БОЛДУ?
13-бет
Ырдан чыр чыгарбагыла
14-бет
"Токой чарбасын өнөр жайына айландыруу керек"
15-бет
Кыргыздын рухун көтөргөндөр
16-бет
Урмат жаңы жылды гүлчөтай менен тосот
17-бет
Жаңы жыл жакшылык жышааны
18-бет
Жизнь деген ар кандай
19-бет
"Басма сөздүн" артында кимдин муштуму турат?
20-бет
Жаңы вариант
22-бет
Виталий мыкты европалык боксчу
23-бет
Интернет имне дейт?
24-бет
Айымай
25-бет
Сөзирмемдер
26-бет
ЖОЛБОРС жылынан эмнени күтсө болот?
27-бет
Алмашым, менин Алмашым…
28-бет
Урматтуу окурман!

ggle_v

oh_kaptal
WebMoney кошелек:
Z189154646502
R429713653063

Яндекс цитирования

Орусча - по-русски:
 •  Бесплатные уроки...
 •  Про кырг._раскладку
 •  Про кырг._шрифты
 •  Про меня

Курс валют
Курсы валют к сому


Тагыраак көрсөткүчтөрдү
Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >>


Эркин макалалар
Макала, чыгарма, жарнама...
Алексей Рощин
Лучший Президент

Назаралиев Ж.
Курманбек Салиевич Бакиев, тур ордуңдан, сот келатат!

Турсунбай Бакир уулу
"Мой курс - отстранить родственников президента от власти"

Назаралиев Ж.
Курманбек Бакиев кимди мураскер кылып калтырат?
Кого Курманбек Бакиев назначит преемником?


Гезиттердеги кызык макалалардын топтому
Кызык макала
Курандын да, Манастын да атын булгап...
Өлкөбүз "көкмээлер аралчасына" айланабы?
Дин жана дил:
1-макала
2-макала
3-макала
Чыңгыздын айымдары:
1-макала
2-макала
3-макала
4-макала
5-макала
6-макала


bottom
Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызак:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!