10.03.2010 12:27
Бакайдан
Жанызак-эскертүү: жалпы темалар боюнча жалаң Меймансапка жазгыла, сураныч. Мына биерде айтылуу Бакай мырзадан кат келген экен: От кого: Бакай Садыров ........... Кому: <janyzak@mail.ru> Дата: 09 Мар 2010 17:56:20 Саламатсызбы Жаке? Иштериниз ийгиликтуу болуп жатабы: Жаке, жанагы котормочу тууралуу кошумча ушул дарекке жазып жиберсениз. Кызыккандар бар. Урматым менен Таластан Бакай Менин жообум: Салам, Бакай. Анын кошумчасы деле жок. Мыкты котормочу, орусчадан кыргызча которсо, азыр жанагы Орусияда дүңгүрөп жаткан Дарья Донцова сыяктуулардын жазгандарын 160 бетке тууралап кыргыз чындыгына келиштирип чакан китептерди чыгарыш керек эле. 160 беттүү китеп Ворд менен 10 өлчөм тамга менен 75-80 бет болот. Кайсы бир ишке киришем дегендер табылса, алды менен беш-он бетти которуп Меймансапка салыш керек. Биз окуп көрөлү. Жараса “жарайт!“ дейли да, алиги котормочуга уруксат берели. Бирок баары бир текшерип туруш керек. Кокус китептен кыргызча жатпаган келегей айкаштар табылып калса, андай китепке акча төлөнбөйт. Мен Меймансапка бирөөнүн которгонун илип койдум, байгандырсың. Саламым менен Жанызак. ____________________________________________________ Деп кат жазып жиберсем Бакайдан дагы бир кат келиптир: _____________________________________ Бакай Садыров ..................... Кому: ”janyzak” <janyzak@mail.ru> Дата: 10 Мар 2010 09:23:20 Тема: Re: Саламматсызбы Жаке! Сурайын дегеним сиздин бир китебинизди толук которгондо 7000 сом алабы? Бакай __________________________________________________ Анда бу катына да ушул жерден эле жооп жазайын: Бакай, ушунун баарын Меймансаптан эле сурасаң болот эле, себеби башкалар да билишет болчу да. Ооба, бир китепти толук которгондо 7000 сом алат. Бирок... 160 беттүү китепти которгондо ошончо болот. Кокус китеп 320 беттүү болуп калса, анда 14000 сом алат. Муну да жакшылап билип алышса жаман болбос эле. Бирок эскертүү: кокус эле которулган китептин кайсы бир жеринен кыргызча тантырак же түпнускадагы мааниси өзгөртүлгөн сүйлөм болуп калса, китептин котормосу сатылып алынбайт. Аны автор кайрадан иштеп чыгышы керек. Дагы бир бирок: китепти которо баштоого уруксат алыш үчүн алды менен ошол китептен кеминде 10 бет которуп, Меймансапка жайгаштыруу керек. Мен окуп көрөм, сүйлөмдөр жатык болсо жана туура которулса, макулдук берем жана тийиштүү келишим түзөбүз. Саламым менен Жанызак....
10.03.2010 11:46
Бакай
Сулуу жана атак-даңтуу жазуучу айым Кейт Харперге ашык болгон режиссер Ник Уотерман башы бош аялдын жүрөгүн багындырууга аракет жазап жатам деп ойлочу. Бирок Кейт Никтин сүйүүсүнө чын дили менен жооп берүүгө аракет кылганы менен анын аялы боло албайт эле. Анткени ал турмушта болчу. Анын турмушу адам чыдагыс катаал болгону менен ачырашып кетүүгө мүнкүн эмес эле. Биринчи бөлүм Туура таңкы алты болгондо саатын коңгуроосу шыңгырады. Ал сел эте ойгонуп , анан төшөктөн колун чыгарып аны өчүрдү. -Каап шайтан алгырдыкы десе деп Кейтлин Харптер төшөгүндө отурду. Анын кечээ кечинде түйүп койгон узун күрөң чачтары ийинине жазыла түштү. Телефон дале шыңырап, ал оор үшкүрүп алып телефонду көтөрдү. Ал өзүн бактылуу сезген күндөрү, анын эрди өтө назик болуп , күлкүсү жылуулук тартуулап тураар эле. Бирок бүгүн анын жашыл көздөрү күнгө күйгөн жүзүнө жарашпай, маанайы суз эле. Мына эми ал ойгонду. Түш көрүп жатып , баарын унуткан кандай сонун! - Салам, Кейт. Ал өзүнө тааныш үндү угар замат күлүмсүрөй түштү. Фелиция экендигин илгиртпей тааныды. Ал каякта экендигин башка эч бир жан билчү эмес. -Бүгүн сени ким мынчалык эртек ойготту? -Жөн эле, маанилүү эч нерсе эмес. Кейт чын жүрөктөн жылмайды. _ Таңкы саат алты?А сен эч маанилүү нерсе жок дейсиң: Ал өзүнүн курбусун эң жакшы биле турган. Феликция Норманн көзүн саат сегиздерде араң ача турган. Ал эми катчы кыз саат ондорго чейин анын тынчын алууга жол берчү эмес. Таң атпай ойгонуу ал үчүн көнүмүш эмес болчу. Демек Кейт үчүн ал ушул кадамга барды. -Сен эмне мага зээрикениңден чалып жатасыңбы Литция? - Ошондой окшойт. Менде эч кандай жаңылык жок. Жаке , Байкап көрсөңүз!...
10.03.2010 09:37
Мурат
Жанызак байке саламатсызбы? Мага Наргозуев менен Ниязалиеванын Служебный романы жазылган макаланы окуюн дедим эле. Кантип тапсам болот? Жардам бере аласызбы?
... Жанызактын жообу: Мен анысын окуган жокмун, билбейт экенмин. Бирок сайттын биринчи бетине жогорудагы эки фамилияны жазып, издєє салыш керек......
10.03.2010 01:35
Таштанай Ибираимова
Ыр жандуу кыргыздын уул кыздары окуп коюнуздар деп Таштанай Ибираимова Буудайчиевна еженерден Ыйык бешигим Кыдырып далай элди жерди Кайра эле өзүңө келем байыр алып Касиеттүү кыргыз элим жерим Кымбатсын өзгөчө маган калдайып. Кубат алат өзүндөн уул кыздарың Көлүбүз да тоолорубуз берекелүү Кубанычта дайыма көркүңдөн Келечекте урпактарга кызмат кылуу. Касиеттүү, берекелүү кыргыз жерим Кубанам дайыма кубат алып Кыргыз жерим, ыйык бешигим Келебиз өнүп, өсүп жыргап жашап. Кыргыз жерим бейиш төрүндөй Кереметтүү тоолоруң аскаларың Көлдөрүбүз коңшуларды суктандыра Келишет эс алууга алыстардан. Кыргыз жерим арча бешигим Кайталасам жарашат миң ирет күндө Кичинемден сыймыктанам дайым Келгениме бул дүйнөдө өзүндө. Чогулталы элимди Балдарды, эне-атаны, үй-бүлөсүн Багайын деп жүрүшөт жарандар Башка өлкөлөргө азап көрүп, жалданып Баш калкалап иштеп акча табар. Ата-журтту унутпайлы эч качан Акчасы, иши көп өлкөдө жүрөсүңөр Ананкысын ойлонолу келечегин Азгырылып акчага калып калбасаңар. Балдардын келечегин унутпаңар Башка жерде, элде иштеп жүрүп Бирок кыргыз тилин унутпа туугандар Бийик тут эртеңин урпактын, улуттун. Ата-энени, ата-журтту таштабаңар Асыл жерди келип гүлдөткүлө Айланып кайра келер үйүн да бар Азыркыдай кут түшкөн жеримде. Ат айланып казыгын табар Акылдуу бала ата-энени багат Ата бабалардан калган сөз бар Ардактуу элимди чогулталы!...
09.03.2010 18:47
кымбат
Айымдар ж-а мырзаларды орифлейм кыргыз компаниясына жумушка чакырабыз.2-3 саат убактынызды жумшап 5минден 10минге чейин,толук алектенуу менен 25минден жогору акча тапсаныз болот.ага кошумча ар кандай белектерди да ала аласыздар.толук маалымат учун телефондор;8903-577-55-74;8926-943-36-48;E-mail;telibaeva2009@rambler.ru...
Меймансаптын материалдарын толугу менен биерден окуйсуз...
Сайт жөнүндө: ► Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат. ►Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген. ► Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте: ► На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты
в виде электронных подшивок данных газет. ► Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции указаны на главной странице конкретной газеты. ►Принимаются заказы на публикацию частных статей.