|
Кыргыз гезиттери Кыргызский газеты |
Кыргыз китеп |
Кайрылуу каттары жана келген каттар:
Үчүнчү пикир Жазуучунун үч шору: жазыш, басыш, сатыш. Анан да, башка шору тууралууӨмүрлүк дагы, кесиптик дагы тагдырым жаш чагымдан китепке, асыресе, кыргыз китебине байланышпаса жана акын-жазуучулардын, айрыкча, соңку мезгилдердеги уу-чуусу, ушак - айыңдары мен иштеген "Нуска" китеп дүкөнүн кыйгап өтсө, бул макаланы убара тартып жазбайт да элем. Чын-чынына келгенде, китеп - адамзатынын ойлоп тапкан кереметтеринин эң башкысы. Баары сөздөн башталганы ырас. Демек, китеп сакталган да, сатылган да жай мечиттей ыйык. Эң маанилүүсү - аларды жазган адамдар абийирлүү жана адилет болушу керек. Алар - тарбиячылар. Тарбиячы адам өзү тарбиялуу болууга тийиш. Жогоруда акын-жазуучулардын уу-чуусу "Нусканы" кыйгап өтсө, иш башка эле деп бекеринен айтпадым. Китеп дүкөнүнө күн сайын жүздөй болбосо да, 60-70тей адам кирип-чыгат. Ошолордун үчөөсүнүн бири "мынабу жайнаган китептерди жазган жазуучулар куруп эле кетсин! Улам бир төрагасы машинени машине бойдон, курулчу үйдү үй бойдон жутуп, союздун мүчөлөрүн колдоого бөлүнгөн өкмөттүн акчасын жымырып, анан сүттөн ак, суудан таза болуп чыга келишип, гезит бетин бербей актанышып, айыптуусу айыпсызынын бетин тырмап жүргөндөрүнө күйөсүң! Булар жазуучу эмес эле, бири-бирине көр казуучулар турбайбы" деп кобураганын угуп, кээде жылмайып, кээде кулагымды жапырып койчу элем. Кай бирде чыдабай кетип, "эй, айланайын кыргыздар, ушак-пушагыңарды башка жерден айткылачы! Ушундай кобур-собур сөздөрдөн биз да тажап бүттүк" деп кагып койгон учурларым да аз эмес. Кээлери күлөт, кээлери таарынат. Акыркы кезде бу сыяктуу кеп-келечтер аябай күчөп кетти. Эзелтен рынок, базар экономикасы менен иришкен Батыш өлкөлөрүнүн эли китеп чыгарарда адегенде аны кайда жана кантип сатарына башын оорутат экен. Чыгаруу алар үчүн экинчи, үчүнчү пландагы иш. Биз болсо алгач нускасын жайнатып алып, анан сатууну ойлонобуз. Мен кантсе да китеп соодасынын, китеп таратуу системасынын казанында эбактан кайнап-бышкан адис катары "прихватташуу" адеп башталганда эле алдыда болчу акыбалыбызды, азыркы таз кейпибизди алдын ала сезип, күйгүлтүккө түшкөм. Республиканын башка район, шаарларындагыларды айтпаганда да, ал жылдарда борбор шаарыбызда 25 китеп дүкөнү болгонун эскерсем, азыркы китепкөй улан-кыздын көздөрү алая түшөт. Алар улам сатыла берип, акырында тогузу калган. Ошолорду биринчи президенттин биринчи ледиси менен анын жан-жөкөрлөрү жайлап тынышты. 1996-жылы баштагы Дзержинский менен Киев көчөлөрүнүн бурчундагы кыргыз китебине адистештирилген "Нуска" аттуу жападан жалгыз дүкөндү кошо сатышып, кызматкерлерин көчөгө айдашканда, болушар бир жан чыккан жок го, чиркин! Кудай акы, айткылачы, азыр төрагалыктын ордуна улам бириңди кудалап, жаштардын колтугуна суу бүркүп, жаамы журтка чуу салып чуркап жүргөн "кыйынбыз" деген акын-жазуучулардан кимиңер ошондо "кокуй, адабиятыбыздын, китебибиздин тагдыры үчүн жалпы аракет кылалы. Улуу урматтуу Аскар Акайычка баралы, сураналы, 9 дүкөндүн жок дегенде бирин сактап калалы!" дедиңер?! "Мен. Биз" деп эч кимиңер айта албайсыңар! Же жалганбы?! Ошондо айлабыз куруп, амалыбыз түгөнгөндө, катуу ооруп, төшөктө жаткан Түгөлбай Сыдыкбеков абабызга бардык. Кайран гана арбагы ыраазы болгур асыл адам! Муңайып бир кейип алды да: "Садага кетейиндерим, менин акыбалым бул. Кантейин? Унчуккан жазуучу жокпу? Дүкөндөрдү бүт жоюшса, алар китебин куржунга салып сатышабы?" дебедиби. Айтканы айткандай келди белем. Китеп жазгандар баш көтөрмөк түгүл, бүжүңдөп, тааныш-туунуш аким, губернаторлордун, ректор, директорлордун эшигин сагалап, "можно" деп калышпадыбы. Таңуулап, мажбурлап, акелеп-жакелеп сатылган китептер авторлордун гана эмес, жалпы эле көркөм адабияттын, жазуучулук өнөрдүн кадыр-баркын төмөндөтөрүн алиге түшүнбөгөндөр бар. Алар чыгармачылыкты чайкоочулук катары көрүшөт окшойт. Адам бөөдө жерден ыза тартканда кайраты артыла түшөт деген чын. Экинчиден, "Нуска" деген акжолтой аты томсоруп, заты жоголгонуна, анан ошол атты өздөрү энчилеп койгон, кийин көздөрү өтүп кеткен аксакал акын-жазуучулардын арбагы алдында карыздар экениме чыйрала түштүм да, Кыргыз энциклопедиясынын редакциясынын жетекчилеринен "биринчи кабаттагы 3-4 кабинеттин араларын кошуп, кыргыз китеп дүкөнүн ачсакчы?.." деп өтүндүм. Оюма тилектеш болуп, сунушумду дароо колдогон агайларыма ар качан ыраазымын. Ошентип, өлгөн тирилгендей, жоголгон табылгандай болду. Энциклопедия редакциясында иштеген элпек жигиттерди ээрчитип барып, "Нуска" деген көрнөктү жулуп келип, жаңы дүкөндүн маңдайына кададык. Андан бери 13 жыл өтүптүр. "Нускадан" башка бир да кыргыз китебин сатуучу дүкөн ачылбады. Кыйналып-кысталып кыйла ишти аткардык. Бирок, көп ой-тилек ишке ашпаган бойдон келатканына бир маал өзүмчө кейийм. Бүт республика үчүн иштеген бул дүкөн учурда аянтынын тардыгына байланыштуу китеп фондун кеңейтмек турсун, авторлордун жыйнактарын албоого мажбур боло баштады. Китеп жазгандар буга капа болуп жатышат. Айла канча? Тагдырдын тамашасын көрүп ал. Китеп дүкөндөрү кыйырсын ургандай биринен сала бири капчыктууларга сатылып, окурмандар дүкөндөрдөн биротоло куржалак калып жатканда, бийликтин майлуу-жайлуу жерлеринде отурган кыргыздын бакыйган жигиттери бүгүн жазган китептерин таңгактап көтөрүп, көчүк айланбаган "Нускага" жылып кирип келишет. Албетте, түштөн кийин өкүнгөн менен азыр алардын колунан эч нерсе келбейт. Купуя уялгандарына да ыракмат. Ч.Айтматовдой, "Манастай" дүйнөлүк даражадагы асыл дөөлөттөрү деле жок казак, өзбек элинин борбор шаарларындагы залдары жаркыраган, көз тайгылткан текчелерге тирелген китептери мол улуттук китеп дүкөндөрүн көргөндө, сыйлык-наамдарын кереги бар жерде да, кереги жок жерде да көтөрө чаап, көкүрөгүн койгулаган бу биздин акын-жазуучуларыбыз кайда деген ойго түшөт экенсиң. Жазуучунун, тактап айтканда, кыргыз жазуучуларынын үч гана шору эмес, төртүнчү да шору бар экен. Ал - бирин-бири көрө албастык, ичи тардык жана көйрөңдүк. Менимче, баарынан жаманы ушул төртүнчүсү. "Өнөр алды - кызыл тил" дегенди кээ бир жазуучулар "кызыл кекиртектик" деп түшүнүп алышкандай. Какшанып сүйлөп эле жатканы. Шүгүрчүлүк, соңку кезде борбор шаарыбыз кыйла өзгөрдү. Жөө баскың келет, кыдыргың келет. 15 жылча мурда китеп дүкөндөрү болуп, эл аягы үзүлбөй турган ошол имарат- жайларды оозубуздан оңой эле жулдуруп, азыр алар эмерек, кийим-кече, арак-шарап саткан дүкөндөргө айланып кеткенин көргөндө ичиң ачышат экен. Алсыздыгыбызга, бечаралыгыбызга ызаланат экенсиң. Учурда Кыргызстан деп аталган санжыргалуу Ата Журтубузда ынтымак курултайы өткөнү жатат. Ал баарыбыздын жүрөгүбүздү жылытып, маңдайыбызды жаркыта турган улуу үмүттүн урааны. Ушундай күндөрдө руханий дүйнөнү тазартып, сөзү менен, жүрүш-турушу менен окурмандарына өрнөк, үлгү болууга чакырылган көркөм сөз ээлеринин жоопкерчилиги эки эсе. Бул парзды алар эч жерде, эч убакта эстеринен чыгарбашы керек. Анаркан Садыкулова, Бишкектеги "Нуска" кыргыз китеп дүкөнүнүн башчысы Даярдан Мыкты манасчыга 1 млн.сом Үстүбүздөгү жылдын мурастарга ыйгарылышы улуттун мекенчил уулдарын шыктантып койгону ырас. Бийлик өзү жарыялаган "мурастар жылын" кантип баштап, кантип аяктайт билбейм, бирок эл ичинен бул жылдын алкагында кыргыздын улуттук намысын ойгото турган тарых-таржымалын өз ордуна коюуга аракет жасагандар чыгып жатканы кубандырат. Биз мындай түйшүктү башына үйгөндөрдүн бири, тележурналист Шайырбек АБДЫРАХМАНга кайрылып, баштаган ишинен маалымат алдык. - Шаке, XXI кылымдын манасчысын тандоо идеясы кантип жаралып калды? - Президент бул жылды "Мурастар жылы" деп жарыялагандан кийин менде кыргыз үчүн эмне эң башкы мурас болуш керек деген ой пайда болду. Албетте, кыргызды манасы жок элестетүүгө болбойт. Кыргыз мурасынын туу чокусу манас да. Андыктан бул жылы улуу эпосубузду ар тараптан көтөрүп алышыбыз парз. Албетте, эң биринчи бул өнөрдү элге жеткирүүчүлөрдү колдошубуз зарыл. XXI кылымдын манасчысын тандоо боюнча идеямды "Айтыш" коомдук фондунун негиздөөчүсү Садык Шер-Нияз, "Манас-Мурас" коомдук фондунун уюштуруучусу Баткен Шер-Нияз жана "Замандаш" ассоциациясынын президенти Мухтар Өмүракунов колдоп, уюштурууга жана демөөрчүлүккө салымдарын кошорун билдирди. Алар бөлө турган каражатты санай келсек биринчи орунга чыккан манасчыга 1 млн. сом байге койсок болот экен. Менимче, бул манасчыларды шыктанта турган эле сумма. Анан Кудай колдо деп ишибизди баштадык. - Сынактын жол-жобосу кандай? - Жобо учурда иштелип жатат. Негизинен эрежебиз кагазга түшө элек болгону менен даяр деп айтсак болот. Себеби, биз буга чейин айтыш өнөрү боюнча бир нече сынактарды өткөрүп келбедикпи. Тактап айтканда, бул сынак 30-апрелге таяп өткөрүлөт. Ага чейин жер-жерлерден келген манасчылар тарых музейинде каалашынча күч сынашып, калыстар алардын ичинен беш манасчыны тандап алат. Мына ушулар апрелдин аягында жалпы элдин жана калыстар тобунун алдында өз өнөрлөрүн көрсөтүп, беш манасчынын бири XXI кылымдын манасчысы наамын алат. - Сөзсүз беш манасчы тандалыш керекпи? - Жок, тандоо бөлүгүнө алтымыш манасчы катышса да андан калыстар тобу нукура манасчыларды гана тандаш керек. Мейли, алар экөө же үчөө болсун. Бирок бештен ашпайт. Эми бир доордо XXI кылымдын манасчылыгына талапкерлер андан ашык болушу мүмкүн эмес да. XX кылымдын гомери Саякбай Каралаев деле жалгыз болуп жатпайбы. - Манасчылар кандай критерийлер менен тандалат? - Биринчиден, ал улуу эпостун баарын билиш керек. Калыстар сынакка катышкандарды берилген тема боюнча айттырат. Экинчиден, албетте, мындай жарышка жаттама манасчылар катыша албайт, бирок төкмө манасчылардын саптарындагы көркөмдүүлүккө көңүл бурулат. Башкача айтканда, маркум агайыбыз Салижан Жигитов айткандай, убактым узун болсун деп эпоско шылдыраган суу кошпош керек. Менимче бул өнөр аян менен келгендиктен ким нагыз манасчы, ким жөнөкөй манасчы экенин аныктоо анчалык деле кыйынга турбаса керек. "Агым" гезити мындан ары да XXI кылымдын манасчысын тандоо сынагы боюнча үзгүлтүксүз маалымат берип турмакчы. Зайырбек АЖЫМАТОВ
Тагыраак көрсөткүчтөрдү Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >> Макала, чыгарма, жарнама...
Алексей Рощин
Назаралиев Ж.
Турсунбай Бакир уулу
Назаралиев Ж.
Кызык макала
|
|
|
| ||||||||||||||