05.03.10 - 15-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

Эне - улук,.. жөнөкөйлүк,.. шаң дагы,
Жаз эненин, эне жашоо майрамы!
Умай эне
"Санитар кыз"

Мындан 30 жыл мурун өзү да, халаты да сүттөй аппак 22 жаштагы мөлтүрөгөн кыз 1979-жылы ошол кездеги мединститутту аяктап, борбордогу №1 шаардык ооруканага жумушка орношту. Алгачкы күндөрдөн баштап эле өз ишине батыл киришкен кыз бат эле оозго алынып, тажрыйбалуу устаттардын сүймөнчүктүү шакиртине айланды. Улуулардан билбегенин билип, окуганын иш менен айкалыштырып, кийин өзү да оорулууларды дарылоо менен бирге кийинки муундун устатына айланды.
Ар бир тармак мезгил өткөн сайын илимий ачылыштарга негизделип жаңыланып турат эмеспи. Биздин каарман мединститутту бүткөндөн кийин да билимин өркүндөтүп турду. Көрсө, биз сөз кылып жаткан Бегайым ИСАКОВА кокусунан эле медик болуп калбаптыр.
- Мен 3-4-классымдан эле дарыгер болууну максат кылып келгем. Бирок эмнегедир анда адамдарды дарылагандар санитарка деп аталат го деп ойлочумун. Ошондуктан чоңойгондо ким болосуң дегендерге санитарка деп жооп бергеним эсимде, - дейт ак халатчан айым.
Анткен менен дарыгер айымдын санитарка болом дегени деле жөн жерден айтылбаса керек. 1941-1945-жылдарда согуш талаасында мөндүрдөй жааган октон коркпой, жарадар болгон жоокерлердин жаратын таңып, майдандан сүйрөп чыккан дарыгер кыздарды санитар кыз деп коюшкан эмеспи. Чамасы, балалык кези ошол согуш жылдарынан анчалык деле алыс эмес мезгилге туш келген Бегайым Исакова кенедей кезинде кинодон көргөн санитар кыздарга шыктанып, алардай каарман, алардай баатыр дарыгер болгусу келгендир.
Бегайым эжеге Бишкектеги ?1 шаардык бейтапканасынын ар бир чекити тааныш. Себеби, анын ушул жерде иштегенине быйыл 31 жылга аяк басты. Күлгүн курак жаш чагы ушул Фучик көчөсүнүн боюнда жайгашкан бейтапканада калды. Алгач он жыл бул оорукананын кардиология бөлүмүндө өз адистиги боюнча эмгектенген. 20 жылдан бери аталган бейтапкананын тез жардам терапия бөлүмүндө иштейт. Башкача айтканда, "дарак бир жерден көгөрөт" дегендей, бир гана жерде иштеп, бир гана кесипти аркалап келет. Учурда тез жардам терапия бөлүмүндө үч врач бар. Орто эсеп менен мында жыл сайын миңден ашык оорулуу дарыланат.
Бүгүнкү күндө дарыгер айымды кейиткен маселе - калктын социалдык жактан теңсиздиги.
- Элдин кедей, бай болуп бөлүнгөнү, айрымдардын эң жөнөкөй эле дарыларга акчасы жетпей, дарыланбай жүрө берип оорусу өтүшүп кеткени жүрөгүмдү сыздатат. Социалдык абалдын начарлыгынан улам ар кандай оорулар пайда болду. Кээ бир илдеттер күн сайын тамырлап жатат. Эң өкүндүргөнү - сыркоологондордун көпчүлүгү калктын жакыр катмары. Тилегеним - элибиз тынч болуп, калкыбыз байып, витаминдүү азыктарды ичип-жеп, оорулар азайып, турмушубуз бейпил болсо, - дейт.
Муну менен бирге Бегайым Исакова өз кесибин ар дайым сүйүп келгенин, замандын оош-кыйыштарында айлык акынын аздыгына жана башка ар кандай кыйынчылыктарга карабай дарыгер боюнча гана калганын, Кудай ден соолук берсе дагы да 30 жыл иштеп берүүгө даяр экенин жашырбайт. Учурда Бегайым эже жүздөгөн студенттердин устаты. Миңдеген бейтаптардын өмүр улоочу Умай энеси.
Зайырбек АЖЫМАТОВ




  Эне дүйнө

Периштелер уясы

Бишкектеги №111 бала бакчада 22 жылдан бери үзүрлүү эмгектенип келаткан Завида КЕЛДИБАЕВАнын жандүйнөсүнө баш бактык. Негизи наристелер менен иштеген адамдардын мүнөзү, жандүйнөсү башкача болобу, айтор, Завида айымдын көңүлү дайыма жаш баланыкындай жайдары.
- Балдардын жүрөгү кандай таза, алар менен баарлашып бүт кайгы-капаң, чарчап-чаалыкканың унутулуп, жүрөгүң тазарып, кадимкидей көңүлүң көтөрүлүп, жаңы күч, жаңы дем менен кайра ишке киришесиң. Турмушта ар түрдүү кыйынчылыктар болду. Маянанын аздыгынан кээде соода-сатык иштерине кеткенге да шарт болду. Бирок балдарды, сүйүктүү эмгек жамаатымды кыя албадым. ?111 бала бакчасын кут конгон бакча деп ойлойм. Бул жерден сулуулук, тазалык, периштелер уялаган ынтымактын илеби уруп турат. Балдарга жүрөгүңдү арнап, чыгармачылык менен эргип иштөөгө бардык шарттар түзүлгөн.
Ар бир баланын өзүнчө кыял-жоругу, фантазиясы болот. Жаңы тамтуң басып, тили чыгалек балдардан баштап, мектепке чейинки балдарды тарбиялоо өзүнчө бир чоң эмгек. Бакчага келген бала көпчүлүккө аралашып, ата-энеси бералбаган тарбияны бул жактан алышат. Учурда төрт жаштагы балдар менен иштейм. Аларды тили жаңыдан чыгып келаткан кезинен баштап тарбиялап келатам.
Жакында 8-март майрамына карата гүлдөрдүн түрүн үйрөттүм. Эркек балдарга карап: "Балдар, силер чоңоесуңар, анан кыздарга гүл бересиңер. Ошондуктан гүлдөрдүн аттарын билип алгыла. Кийин гүлдү билбей, чөптү берип койбогула" десем, эркек балдар түшүнгөнсүп, бирин-бири карап чоң жигиттердей мыйыгынан жылмайып коюшат. Бая күнү кызык окуя болду. Балдарга каалаган сүрөтүңөрдү тарткыла деп кагаз менен түстүү карандаш бердим. Ар кимиси өзүнүн оюна эмне келсе ошону тартышыптыр. Кыздардын көбү гүл тартса, эркек балдар машина, самолет... Аңгыча Айсулуу аттуу кыздын сүрөтүн көрүп таңгалдым. Ал кагазды капкара кылып боеп койгон экен. Андан бул эмне деп сурасам, "үй" дейт. Эмне үчүн үйдүн эшик-терезелери жок дедим. Ал дароо эле "эжеке, свет өчүп калбадыбы" деп коет. Баарыбыз күлдүк. Ушул сыяктуу кайталангыс, күлкүлүү окуялар көп болот.
Кудай өмүр берсе кийин улгайып, пенсияга чыгып басалбай калганча бакчада балдарды тарбиялап иштесем деп ойлойм.
Былтыр менин тобумдагы балдар үч жашта эле. Бир кызыма "Манас" эпосунан 20 сап жаттатып, кыргыз тил күнүнө карата алып чыктык. Мотурайып, кыргыз кийимди кийип, "р" тамгасына тили келбесе да манасты кырааты менен айтып берип, көрүүчүлөрдү аябай таңгалдырды, атүгүл кээси толкунданып көзүнө жаш алды.
Балага төрт жаштан баштап тамга үйрөтсө болот. Ушул жаш алардын эске тутуусу мыкты өрчүп турган кези. Азыр менин тобумдагы төрт жаштагы балдардын көпчүлүгү тамга таанып, онго чейин санаганды билип калышты. Балдар дүйнөсү өзүнчө эле керемет.
Жалпы эле гүлдү сүйгөн аялзатын жаз майрамы менен куттуктайм! Эң биринчи ишеним, үмүт, сүйүү, иштеринде кооздук, кубаныч, изденүү болуп, ар бир үйдө наристенин күлкүсү чыгып, аялзаты эне болуу бактысына бөлөнүп турсун!
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА





  Билим бешигинде

Ал сегизинчи класстан эле сабак бере баштаган

"Мугалим мөмөлүү дарак" деп айтып келебиз. Аныгында эле тарбия-таалимин, билимин берген, адам болушуңду ата-энеңден ашса ашаар, асты кем каалабаган асыл журт булар. Бирок, моюнга алып койчу нерсе, бир жагынан рынок маселеси, бир жагынан айлык акыларынын төмөндүгү, коомубуздагы мугалимдин ордун басынтып, баш көтөртпөй тургансыйт. Мындай шарттарда бул кесипсиз жашай албаган, келечек муундардын өсүшүндө өзүнүн ролун жакшы билген, нукура падагогдор гана катарда калып, мектептердин түндүгүн түшүрбөй көтөрүп келишүүдө.
Заманга жараша мектеп турмушу да жаңыланууну көксөп турат. Сабак берүүдөгү жаңы ыкмаларды, мугалимдерден тынымсыз изденүүнү, педагогдук табылгаларды талап кылууда. Дал ушундай изденүү, чыгармачылык менен иштеген борборубуздагы ?20 окуу-тарбия комплексинин кыргыз тил жана адабият мугалими Зейнегүл БАЙСАЛБЕКОВАны учурдагы кыргыз педагогикасынын жаркын жылдызы деп атаар элем. Өткөн жылы "Жылдын мыкты новатор мугалими"
наамын жеңип алган Зейнегүл айтылуу педагог, кыргыз эл мугалими Бектур Асановдун көздөй шакирти. Кезегинде республикага аттын кашкасындай таанымал мугалим Зейнегүлдү 5-6-класстардан баштап эле бул кесипке кызыктырып жүрүп, 8-класска келгенде облустук, республикалык эксперттик класстарга сабак бергенге чейинки деңгээлге жеткирген экен. "Ошондо өзүм курдуу же менден да жогору класстарга кыргыз тил, адабияттан сабак өтүп жүрдүм. Чыканактай болгон секелек кезим. Облустун, республиканын булуң бурчунан келген курбуларым алгач мага ишенбегендей, теңсинбегендей мамиле кылса, сабактын жүрүшүндө кадимкидей сыйлап каларын байкаар элем" дейт Зейнегүл Байсалбекова.
Ал орус мектебинде кыргыз тилинен сабак берет. Орус тилинде окугандарды кыргыз тилине кызыктыруу үчүн өзүнүн педагогдук жаңы методдорун иштеп чыккан. Учурда бардык эле окуучу компьютерге кызыгары белгилүү. Зейнегүл балдардын дал ушул кызыгуусун өз пайдасына чечиптир. Чечкени ушул, өзүнүн сабагын толук компьютерлештирип, андан тышкары, көрсөтмө куралдарга басым жасап, сабакты дифференциалдуу ыкмада өткөндүктөн, окуучуларынын да кыргыз тилине болгон кызыгуусу күч. "Шаардык орус балдарды кыргыз тилине тартуу оңой эмес. Алардын кыргыз турмушу, тили, адабияты боюнча чөйрөсү тар болгондуктан, курулай сөздүктү жаттатып, кыргыз тилинде канкакшап түшүндүрүү жакшы натыйжа бербейт. Ошондуктан ар бир окуучунун жеке мүнөзүнө, психологиясына жараша мамиле кылып, өтүүчү теманын мазмунун кыскача түшүндүрүп, темага жараша сүрөт тарттырып же компьютер аркылуу практикалык көрсөтмөлөрдү өтүүгө аракет кылам" дейт Зейнегүл. Ооба, Зейнегүлгө педагогикалык изденүүсү өз жемишин берип келет. "Жүрөгүмдү балдарга арнаймын" аттуу былтыркы жылы болуп өткөн райондук (20 миң сом), шаардык (60 миң сом), республикалык (100 миң сом) конкурстардын баш байгелеринин жеңүүчүсү болуп дал ушул З.Байсалбекова табылып отурат.
Ал өзү да үч баланын энеси. И.Арабаев атындагы педагогикалык университетти бүтүргөн. 15 жылдан бери мугалимдик кесипте эмгектенип келе жатат. Жадыраган жаз майрамында анын ишине албан-албан ийгиликтерди каалайбыз.
Темирбек АЛЫМБЕКОВ