|
Кыргыз гезиттери Кыргызский газеты |
Кыргыз китеп |
Кайрылуу каттары жана келген каттар:
ДҮЙНӨКҮН Түрмөдүйнө. Массачусетс штатында жашаган кыз-жигит коомдук тартипти бузгандыгы үчүн үйлөнүү түнүн түрмөдө, болгондо да эки башка өткөрүүгө мажбур болушту. Нике үйүнө кирип катталышып, анын урматына бир бөтөлкө шампанды бөлө тартышкан жаш жубайлар ал күндү жакшы эле башташкан. Балээнин баары болочок колукту Путиньяно-Кин күйөө болчу Томити Киндин мурунку көңүлдөшүн көчөдөн кармап алып, жеберине жеткире "алиги сөздөр" менен ашатканынан улам болуп отурат. Полиция мындай жоругу үчүн чекесинен сыламак беле, эки аялдын айтышын "эрмектеп" арткы орундукта жайма-жай отурган жигитин кошуп камап салыптыр. Коңурукдүйнө. Го Ливей деген кытай коңшусун коңурукту кош тартып жатканда видеого тартып алып интернет сайттарга чыгарып жиберген экен, ыза болгон коңшусу келип "эмне үчүн мындай кылдың?" дебейби. Го Ливей "атаңдын башы үчүн" деп туруп бычак менен бышып алыптыр. Фараондүйнө. Байыркы Египет фараону Тутанхамон тарыхка анчалык деле из калтырганга үлгүргөн эмес. 1333-жылы 10 жашында такка отуруп, болгону 9 жыл башкарымыш этип, артына бала же бааланар иш калтырбай о дүйнөгө аттанган. Бирок багы бар экен, жаны кудайга кеткени менен 1922-жылы британ окумуштуусу Говард Картер шимшип жүрүп катырылган сөөгүн таап алган. Азыркы күндө окумуштуулар анын эмнеден өлгөнүн, тирүүсүндө эмне оору менен ооруганынан өйдө изилдеп жатышат. Көрсө, Тутанхамон тирүүлүктүн убайын деле көрбөптүр. Көзү, муундары, жүрөгү ооручу экен. Ал аз келгенсип, эптеген эле эркек экендиги да далилденди. Ошондой эле сөлпү баш, мойну кыйшык, колдору алда немедей узун болуптур. Сыягы, улуу фараондун уулу болуп калбаганда такка жакындатмак түгүл эшикке жолотпой кубалачу "куурагыр" болгон окшобойбу. Сотдүйнө. "Бремен музыканттары" аталган белгилүү мультфильмдин авторлору Геннадий Гладков, Юрий Энтин жана Василий Ливанов "Триумф" продюсерлик борборун сотко беришти. Анткени бул борбор алардын каармандарынын образын пайдалангандыгы мультфильм авторлорунун ачуусун келтирүүдө. Ошондой эле "Триумф" булардын "Жаңы бремендиктер" "Бремен музыканттарынын изи менен" деген кийинки чыгарылган мультфильмдерине да тиш сала койсо керек. Өлүмдүйнө. Вашингтондо өлүм жазасына тартылгандарга сайылуучу ийне дарысынын өлчөмү көбөйтүлдү. Анткени мурунку өлчөмдө киши дароо өлбөй көпкө чейин кыйналып, анан жантаслим болчу экен. Эмки доза сыягы мүрт кетирет окшобойбу. МИҢ ТҮРКҮН АДАМ Топ-модель экенине карашкан жок Буэнос-Айрес эл аралык аэропортунан 21 жаштагы Н.Мария аттуу топ-модель 55 кг кокаин менен колго түштү. Кийин мойнуна алгандай, мынча кокаинди жай гана чемоданга салып баратып, мени ким тосмок эле деген ойдо болгонун жашырган жок. Анүстүнө "Монстр" аталган мыйзам уурусу менен кокаин сатуу жагынан "чыгармачыл" карым-катнашта болгондугу да аныкталып отурат. Тарканды "такалап" жатышат Белгилүү түрк ырчысы Таркан (Таркан Теветоглу) гашиш менен кармалып, кайгырып турган чагы. Түркия полицейинин баңгиликке каршы жүргүзгөн рейдинде ошол күнү белгилүү бизнесмендер, жогорку кызматтагы саясатчынын уулу, дагы бир чыгаан журналист кайырмакка илиниптир. Таркандын үйүн текшергенде 12,5 гр. марихуана табылып, азыр сотту күтүп камакта. Орустун байы ким? "Финанс" журналы 53 жаштагы олигарх Владимир Лисинди орустун эң байы деп тапты. "Новолипецк" металлургиялык комбинатынын ээсинин бүгүнкү күндөгү байлыгы 18,8 миллиард АКШ долларын түзөт. Алтын жазданып, акчага бөлөнгөн В.Лисиндин көзгө атар мергендик да жайы бар. Ошондон уламбы, Орусиянын аткычтар союзун жетектейт. Олигарх бош убактысын Москванын алдында "Түлкүнүн ийини" аталган эң мыкты жабдылган ок атар жайында өткөрөт. Колунда болгондон кийин аянмак беле, мындай ок аткыч комлексти Липецк шаарына эбак эле куруп койгон. Дагы бирин Санкт-Петербургда ачсамбы деп туру. Ууруну "укукчулар" качырышкан Орустун мыйзамдагы уурусу Владимир Вагин Дубайдагы түрмөдөн качып кетти. Анткени аны жакында түпкү мекенине жөнөтмөкчү болуп жатышкан. Иликтей келгенде, буга анын адвокаттары жардам бергендиктери белгилүү болуп калды. Алар жалган медициналык справкаларды көрсөтүп, түрмөчүлөрдүн башын айланта салып чыгарып кеткенге үлгүргөн. Белек деп ушуну айт 83 жаштагы америкалык бизнесмен Боб Мур өзүнүн бир нече миллион турган "RFD MiIIS NaturaI Foods" компаниясын анда иштеген жамаатка белекке кармата берди. Бизнесмендин айтымында, компаниясын жакшы баада башка бирөөлөргө деле сатып ийгенге мүмкүнчүлүгү болгон. Бирок, ал компаниянын ишин анда иштегендерден ашык ким билмек эле деген принципти карманган. ![]() Айланбас жердин айланма жаңылыктары Кара көз айнек "карошо" эмес Канада. Кадимки төө куш катуу чочуп кеткенде кумга башын тыга салып көзү көрбөй калып, башкаларды да өзүндөй көрбөй калды эсептээри эбак далилденген. Ал эми Торонто университетинин окумуштуулары кара көз айнек тагынган адамдар да жосунсуз жоруктарга көбүрөөк бараарын аныктап чыгышкан. Көрсө, айлана-чөйрөсүндөгүлөр аларды байкаган жок деген алдамчы ойго алдырып коюшат экен. Балээ баладан башталды Орусия. Орусия менен Финляндиянын ортосу бала талаштын айынан сууп баратат. Жети жаштагы Роберт Ранталанын энеси орус. Анын ата-энесин Турку шаарынын соту күчкө салып ажыратып жиберип, бала атайын жайга жайгаштырылып мамлекеттин көзөмөлүндө. Аягы кандай бүтөөрү азырынча табышмак. Аюуга аял табылбай Германия. Жан-жаныбарлардын укугу үчүн күрөшүүчүлөр Берлин зоопаркында кармалган ак аюну бычып салууну талап кылышууда. Анткени жанында ургаачысы жок бул аюу "жаман" кыйналып жаткан имиш. Көрсөтсөң көрөсүң Афганистан. Афган бийлиги журналисттерге талибандардын согуштук аракетин түз алып көрсөтүүгө тыюу салды. Бийликтин пикири боюнча мындай көрсөтүүлөр талибандарга бекер реклама катары кызмат кылып, террористтик иштерин шыктануу менен уланта берүүгө негиз болуп жатыптыр. Дүйнөлүк жана афган маалымат булактары бул чечимге нааразылыгын билдирди. Жасалма картөшкө жагып калды Германия. Еврокомиссия гени өзгөртүлгөн жасалма картөшкөнү кеңири масштабда айдап өстүрүүгө уруксат берди. Бирок өздөрү жейби-жебейби, айтышкан жок. Буга чейин мындан 12 жыл мурда жасалма жүгөрүгө да уруксат берген. Ал жүгөрү аалам кезип өстүрүлүп жатат. Андан жасалган тамак-ашты Европа керектебейт. Сыягы, өңгөлөр эмне болсо ошол болсун, өзүбүз өлбөсөк болду дешкендей. Маа десең, Кудайдын уулу бол Америка. Сот Американын экс-президенти Рейгандын небереси Кэмэрон Рейганды камаганга ордер берди. Себеби, бул жигит өткөн жылы марихуана сактагандыгы үчүн кармалган. Бирок белгиленген күнү сотко келбей койгондугу аз келгенсип, ата-энесин алка-жакадан алып чатак чыгарган. Акыры сот камап тынды. Аларда атасы ким экенине карабайт экен. WWW булактарынан даярдаган Төлөгөн КАРЫКЕЕВ
Тагыраак көрсөткүчтөрдү Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >> Макала, чыгарма, жарнама...
Алексей Рощин
Назаралиев Ж.
Турсунбай Бакир уулу
Назаралиев Ж.
Кызык макала
|
|
|
| ||||||||||||||