|
Кыргыз гезиттери Кыргызский газеты |
Кыргыз китеп |
Кайрылуу каттары жана келген каттар:
Өмүр менен өлүмдүн "жарк" дей түшкөн учкундары… Жандын кайтып келиши Ал биринчи жолу сыртынан өзүн-өзү карап турду. Алгач мындай көрүнүшкө түшүнбөй жатты. Өзү кандайдыр бир керемет менен палатанын шыбында калкып турган экен. Эки жагын байкаса аны кармап турган эч кандай илинчек жок. Кыймылдаса кулап кетчүдөй сезди өзүн. Акырын байкап көрсө андай болчудай эмес. Тескерисинче, төмөн кулаганга караганда жогору көтөрүлүү жеңил болчудай. Жан сыздаткан оорудан дайын жок. Өзүн жөн эле көпөлөктөй жеңил сезет. Ал төмөн жагын карап керебетте колуна асма укол сайылып, кыймылсыз жаткан бир адамды көрдү. Жакшылап карап көрсө, тиги неме өзү экен. Мындай абалына таңданып дендароо болду ал. Түш көрүп жатам го деп ойлоду алгач. Жо-ок, мына, калкып учкан боюнча оорукананын коридоруна чыкты. Алдынан чыга калган ак халатчан кызды көрө коюп коркуп кетти да, шашылыш салам айтты. Бирок тиги байкаган да, айткан саламына алик алган да жок. Таңгалыштуу… Андан ары дарыгерлердин бөлмөсүнө барып, аларга салам айтты. Бирок дагы деле жанагы көрүнүш. Өзү тигилердин сүйлөгөнүн угат, бирок алар анын кайра-кайра салам айтканына көңүл бурбайт. Сыртка чыгууну ойлоду ал. Бекитилген эшикти көздөй калкып келип, бул абалына көнбөгөндүктөн токтоно албай каалгага келип урунганда көзүн жумуп жиберди. Бирок эч жери ооруганын сезген жок. Көзүн ачып сыртты көздөй баратканын көрдү. Артты караса эшиктен өтүп кетиптир. Жана бир таңгалды ал. Бирок бул түшү эмес экенине ынанды. Себеби, адам түшүндө өзүн өзү башкарбайт эмеспи. Мына, кийинки каалгадан да так жанагыдай өтүп кетти. Мындай нерсени кинодон гана көргөн ал. Оорукананын коридорунда ары-бери чуркап жүргөн адамдардын бири да аны байкабайт. Ушул кезде анын көңүлүнө бир ой түшүп, "селт" эте түштү. Ооба, адам өлгөндө жаны ушинтип калкып учат деп окуду эле ал кайсыл бир китептен. Азыркы абалы көңүлүнө жагып турса да, тирүү кезиндеги "өлүм" деген сөздөн сестенген адаты боюнча минтип өзү да күтүлбөгөн жерден өлүп калганына жүрөгү ачышып кетти. Анүстүнө тээ палатада калган денеси менен бириктирген бир көрүнбөгөн жип өзөгүн үзө тартып тургандай. Бул жан менен дененин бир топ жылдан бери чогуу жүрүп бири-бирине көнүшүп калганыбы же толук өлүп бүтө элегиби, белгисиз. Айтор, бир жакындык бардай. Кайра палатага келип, баштапкы абалындай өзүн өзү сыртынан карап турду. Эмнегедир денеси бир чети аянычтуу, бир чети жийиркеничтүү көрүнүп жатты. Буга чейин өзүнүн келбетин мынчалык алсыз, мынчалык көрксүз, мынчалык итиркейди келтирген бир соломо деп ойлогон эмес… Эмне болсо да денесине кайра киргиси келбеди. Бир чети өз келбетине болгон жогорудагыдай сезимдерден улам, бир чети кайрадан буга чейинкидей ар жери зыркырап ооруп, кудайга үнү жетчүдөй кыйналып жаны сыздаарын эстеп, өз денесине жологусу келбей жатты. Анан качан, кантип, эмне себептен өлгөнүн эстөөгө аракеттенди. Эмне болуп өлгөнүн эстеген сайын уялды ал. Көрсө, өзүнүн бул 33 жылдык өмүрүн ит өлүм менен аяктаган экен. Ооба, болбогон бир шылтоолор менен көзүнө карабай ичкен. Анан буга чейин билинбей жүрүп бышып жетилип калган оорулары козголуп, күчөп кетип, көтөрө чапкан. Жетим болгондуктан кенедейинен бир үй-бүлөнүн түйшүгүн көтөрүп, бешинчи классынан баштап ылай тебелеп, үй салып чоңойгон неменин ден соолугу начар экени жаштыктын деми кайта баштаганда билинип баратат. Мурдагы жылы эле "ой, мен деген быкмын" деп мактанып 9-декабрда кар шыбыргактап уруп турган учурда былчылдата ылай тебелеп, үй шыбабадыбы бул эргул. Эми жыргаганынан ошентип өз жанын кыйнады дейсиңби? Айла жоктон жасаган иш да. Кенедей балдары бар инисин кожоюну кыш күрөөдө үй-бүлөсү менен ижарасынан кууп чыгып, анан илмийген инисин аяп ылайга жолотпой, өзүнүн үйүнүн бир бөлмөсүн шашылыш бүткөрүп бергенге туура келип калды. Жилиги какшап жасаган кара шыбакты күпүлдөтө от жагып кургатып, үстүнөн кум шыбагын тартып, актап, жайкысын чолосу тийбей келген ишин түндөп эле бүткөрүп койгон. Ошондон бери буттары какшап ооруйт. … Мен азыр өлбөшүм керек деди жан. Эртең артында калган балдарына ким бирөөлөр "сенин атаң арактын айынан өлгөн" деп айтышын каалабады ал. "Оо, Кудай, мени бир түзүгүрөөк өлүм менен өлтүрө көр! "Жаздыкта өлгөн жаманат, жоодон өлгөн салтанат" дешет. Ал эми ичип алып өлгөн шермендечилик эмеспи. Мен азыр өлбөшүм керек!" деп чечкиндүүлүк менен өз денесин көздөй умтула баштады жан. Бирок жапжакын көрүнгөн денесине бараткан жол улам-улам узара берди… Зайырбек АЖЫМАТОВ гүлчамбар Өмүрдөн өттү Өмүркул… Армандуу дүйнө деген ушул. Акын Өмүркул Кулумбаев ааламдан өттү. Ал 49 жыл төшөк тартып кыйналса дагы, Алыкулдай акындык тагдыры, булуттай көчкөн буулуккан ырлары, кайсы муун болбосун сыймыктанып айта жүргөнгө арзырлык адамдык кайраты менен адабият тарыхында калып отурат. Анын баш-аягы 11 ыр жыйнакка топтолгон ырлары улуттук көркөм сөз өнөрүбүздүн дайрасына Ак-Сай, Арпанын ак мөлтүр булагындай кошулуп агып турары анык. Атаңдын көрү… сыйлык, сыймык демекчи, аны дал ушул Өмүркул Кулумбаев өңдүү адабиятка акыркы деми калганча кызмат кылгандарга берсең жарашпайт беле. Кош бол, кайран талант! Сенин төмөнкүдөй оболоп учкан обондуу ырларың жашоону сүйгөн жаркын элесиңди эске салып турар. Таппай жүрөм Бир гана тамчысындай булагымдын, Бир гана шыңгырындай жылаажындын. Сагындым мөлтүрөгөн махабатты, Сагындым жылмайганын ынагымдын. Бир гана уучтамындай турпагымдын, Бир гана жыттамындай гүлзарымдын. Сагындым асылзаттын жан турпатын, Сагындым, сагынычка мен багындым. Сагынуу бүт уйкумду алып кетти, Сагынуу карегимди жарып кетти. Сагынуу сар жоргосун токуп берип, Нөшөрлөп жамгыр болуп агып кетти. Сагынуу жашыл тоодо аксап жүрөт, Сүйүүсүн сары майдай сактап жүрөт. Энеден эрте калган жаш улактай, Элеңдеп, эрмен терип какшап жүрөт. Эмгекке ак шооласын сүйүп күндүн, Эч жакпай асыл жыты түркүн гүлдүн. Мезгилден издеп жүрөм, таппай жүрөм, Мен бүгүн алп канатын сүйкүмүмдүн. Жанмаанай Үзүлбөгөн үмүттөр... Мына, өлбөгөн жанга жаз да келди. Ушул жазды канчалаган жан күттү экен... Жаз менен оро-пара аялдардын жаз майрамы келет. Ушул күнү канча айым жакын адамынан белек күтөт, кээси жылуу мамиле, кээси сүйүү, кээси өзгөчө көңүл, кээси жөнеле жанында сүйгөн адамынын болуусун каалайт. Бирок каалоонун баары эле ишке аша бербейт. Жашоо жомок эмес... Аялдар кызык эле жанбыз. Дегеним, иллюзияга көбүрөөк берилебиз. Жомокко ишенебиз. Куру кыялдын кучагына тартылабыз. Ошонубуздун айынан канча ирет тагдырдын тар капчыгайына барып камалабыз. Кээде ишке ашпай турган нерселерге да ишенүүгө аракеттенип, жакшылыктан үмүт үзбөйбүз. Балким биздин - аялзатынын шору да, бактысы да ушундадыр? Жакында редакцияга ай-күнүнө жеткен бир айым келиптир. Кыргызстанга белгилүү бир адамдын экинчи аялы экен. Мындайча айтканда, токолу. Бүгүн-эртең төрөйм деп атыптыр. Жандүйнөсү жабыркап, жакыным деп эсептеген адамынан жылуулук, мээрим жетишпей атканы анын көзүнөн эле көрүнүп турду. Алиги мырза буга чейин эки жолу үйлөнүптүр. Анын далай сулуу кыздарды артынан чуркатып, далай көңүлдөштүн көңүлүн алганы коомчулукка маалым. "Бүгүн төрөй турган күнүм. Ал эми жанымдагы адам чоң баласынын үйүндө жашайт. Иним экөөбүздү квартирага чыгарып койду. Ал адамдын сүйүүсүнө, жакшы сөздөрүнө ишенип, жанынан чыккым келбейт. Айланамда мен тууралуу айтылган жагымсыз сөздөргө жаным кейип, канча ирет көңүлүм чөктү. Бирок..." деп ичиндеги бугун мага төгүп-төгүп алды. Анын көңүлүнөн ичиндеги уйгу-туйгу болуп, кызганычтан санаага баткан маанайын байкадым. Ичимден сүйөм деген эркекке чарк айланып, анын эрмеги болуп, боюнда калган баласын кайда катаарын билбей алдастаган аялдар, кыздар канча деп ойлодум. Анан санаама эсеби жок сансыз ой чубап кире баштады... Көчөдө таштанды баланы көрсөк бечара аялзатын күнөөлөйбүз, мунун энеси ким деп. А эмне үчүн мунун атасы ким деп айтпайбыз? Аялдын боюна желден бүткөнсүп. Ошол шордуу аялды боюна кылып ара жолго таштап кеткен ким? Көчөдөгү сойкуларды көргөндө жийиркеничтүү карайбыз. Аларды сойку кылган ким? Заманбы? Жетишпеген көроокатпы? Эркектерби?.. Жооп издеп аттым, мээмди чыңалтып. Бирок, жооп табалбадым... Мага арманын төгүп атса да ал айымдын карегинде үмүттүн оту "жылт" эте калып атты. Үмүттөн күчтүү эмне бар. Үмүт жашоого дем берет. Үмүт адамды алга жетелейт деп ойлодум ичимен. Аялзаты эч нерседен үмүтүн үзбөйт экен. Балким аялзатынын күчтүүлүгү ушунда болуп жүрбөсүн... Ооба, иллюзияга берилип, жомокко ишенип, куру кыялга жетеленгенибиздин сыры да ошол үзүлбөгөн үмүттүн күчүдүр? Жакында майрам... Эшикте жаз... Көздөрдө кусалык... Көкүрөктө арман... Анан, үзүлбөгөн үмүттөр... Назгүл КАЛМАМБЕТОВА
Тагыраак көрсөткүчтөрдү Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >> Макала, чыгарма, жарнама...
Алексей Рощин
Назаралиев Ж.
Турсунбай Бакир уулу
Назаралиев Ж.
Кызык макала
|
|
|
| ||||||||||||||